Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

  Төрмаек…

Жумабек Салымбеков, Шаардык кеңештин депутаты:
"Биз өзүбүздү-өзүбүз
багып кетсек болот"
- Жумабек мырза, жакынкы эле күндөрү Шаардык кеңештин төрагасын шайлоодо талапкер болуп өтпөй калдыңыз. Ичиңиз ооруган жокпу?
- Шаардык кеңештин төрагасын шайлоо негизинен демократиялык мүнөздө өттү. Эки талапкер төрагалыкка ат салыштык. Шайлоого чейин депутаттардын баары менен жолугушуп, өзүбүздүн пикирибизди, пландарыбызды айттык. Алардын пикирин да уктук. Шаардык кеңештин статусун көтөрүү зарылдыгын белгилеп, мындан аркы иштөө тартиби тууралуу ойлорубузду ортого салдык. Депутаттар өз тандоолоруна жараша добуш берди. Төрагалыкка өтпөй калганга ич оорутпаш керек. Баары кудайдын буйругуна жараша болот. Мага 22 депутат өз добуштарын беришти. Болгону бир гана добуш жетишпей калды. Ушунун өзүн алгачкы жеңишим деп билем. Андыктан келечекти көздөп иш жүргүзүү зарыл.
- Шаардык кеңеш азыр кандай иштер менен алектенип жатат?
- Учурда жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу мыйзамын Жогорку Кеңеш карап жатат. Ушунун үстүндө чоң группа комиссия иштеп жатабыз. Мурда Шаардык кеңештин депутаттарынын укуктары бир топ күчтүү болчу. Данияр Үсөнов мэр болуп келгенде Шаардык кеңештин укуктарын кыскартып, бизге мыйзам чыгаруу кызматын гана калтырып, мэрдин укуктарын кеңейтип алган. Маселен, мурда мэрияга караштуу кайсы бир департаменттин директору мэрдин сунушу менен Шаардык кеңештин депутаттары тарабынан бекитилчү. Биз өз ишин мыкты билген профессионал кызматкердин иш планы менен таанышып, суроолорубузга канааттандырарлык жооп алгандан кийин колдоп берчүбүз. Кызматка баргандан кийин да иштеген иши боюнча көзөмөлдөп турчубуз. Азыр бизде андай укуктар жок. Ошондон улам "крышасы" барларга кайсы департамент болбосун кызматка отуруп алганга мүмкүнчүлүк жаралып калган. Шаардык кеңеште көзөмөлдөө укугу күчтүү кезде биз эч кандай "крышага" карачу эмеспиз. Азыр болгону бюджетти бөлүп беребиз. Ал акчалар кантип кайда колдонулуп жатат? Максаттуу пайдаланып жатабы, аны биз билбейбиз. Анткени бөлүнгөн каражаттар кайда кетип жатканын биз сурай албайбыз. Комиссия түзүп атайын текшерүүлөрдү жүргүзүүгө да укугубуз чектелүү.
Ошондон улам, бөлүнгөн каражаттын максаттуу жумшалышын көзөмөлдөө үчүн, Шаардык кеңештин укуктарын көтөрүүгө багытталган мыйзам долбоорун жазып, Жогорку Кеңешке киргизели деп жатабыз. Шаардык кеңештин бир топ депутаттары Жогорку Кеңешке депутат болуп барышты. Буюрса, биздин сунушту парламент колдоп берет деген ойдобуз. Биздин мөөнөтүбүз аяктарына бир жыл калды. Эгер парламент биздин демилгебизди колдоп мыйзамды кабыл алып берсе, бизге болбосо дагы, кийинки келе турган депутаттардын иштөөсүнө жакшы мүмкүнчүлүк түзүлмөк. Мындан сырткары азыркы кезде билим берүү жагын анализге алып жатабыз. Эми жаңы төрага шайлап алсак, көптөгөн демилгелерди иш жүзүнө ашырууга аракеттерди көрөбүз.
- Жакында Бишкек шаарынын мэрин шайлоо болуп, бул боюнча түрдүү пикирлер айтылды. Мэрди шайлоо мыйзам чегинде өттүбү?
- Мэр мыйзамдуу түрдө шайланды. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу боюнча мыйзам өз күчүндө болгондугуна байланыштуу, мыйзамга ылайык президент мэрдин талапкерлигин сунуштоого укуктуу. Аталган мыйзам жокко чыкпай күчүндө тургандан кийин, президенттин көргөзмөсүнүн негизинде мыйзамга таянып биз мэрди шайладык. Мэрди шайлоо мыйзамдын алкагында жүргүзүлгөнү туурасында биздин көптөгөн депутаттар массалык маалымат каражаттарына өз пикирлерин билдиришти. Негизгиси биз мыйзамдын чегинде өз ишибизди аткардык. Мындай кадам укуктук боштукту пайда кылбай, мэрдин иши мыйзам чегинде ырааттуу жүргүзүлүшү үчүн жасалды. Албетте, биз парламенттик башкарууга өткөндүгүбүздөн улам, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу боюнча мыйзамга укуктук өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш карап жатат.
- Учурда азык-түлүккө болгон баалар өсүп. экономикалык абал оор болуп жатпайбы. Кырдаалдан чыгуунун жолу барбы?
- Туура, күндөн-күнгө азык-түлүккө болгон баалар өсүүдө. Бул карапайым элге бир топ оорчулукту жаратууда. Мындай каатчылыктан чыгып кетүү үчүн президент, өкмөт, парламент үчөө бирдикте, ынтымакта тыгыз иш алып барышы зарыл. "Ынтымак бар жерде ырыскы бар" - деп ата-бабаларыбыз бекеринен айткан эмес да. Демек, экономикалык оор кырдаалдан чыгуунун жөнөкөй жолу ынтымактуу биргелешип иш жүргүзүү болуп саналат. Албетте, өкмөттүн шайланганына аз гана болду. Аларга убакыт бериш керек.
- Бийлик башындагы атка минерлерде улуттук сезим төмөн болгондуктан, мамлекетибизде өнүгүү болбой келет деген сөздөр айтылып келет. Сиз буга кошуласызбы?
- Бийлик башында патриоттор бар. Таптакыр жок деп айтуу туура эмес болуп калат. Анткени мамлекет башына келгендерге эл колдоо көрсөтүп, батасын берип жаткандан кийин, аларды патриот эмес деген туура болбой калат го. Албетте, "беш кол тең эмес" демекчи, бийлик башындагылардын баары эле эл деп күйгөн патриоттордон турбагандыгын да моюнга алуу парз.
- Өзүңүздү патриотмун деп эсептейсизби?
- Албетте, эсептейм. Кыргыз болуп төрөлгөн ар бир кыргыз жараны өзүн патриотмун деп эсептеши керек. Өзгөчө улуу муун, башкача айтканда, бийлик башындагылар патриот болушу керек. Жаштарга үлгү көрсөтүү үчүн. Маселен, өзүмдүн Аскар байкемди айтсам, канча тапкан нерселерин кыргыз элине жумшап жатат. Анын артынан биз түздөнүп, колубуздан келген жардамыбызды элге көрсөтүп келе жатабыз. Мына, Күреңкеев округу бизди эки чакырылыштан бери колдоп келе жатат. Ошого жараша элдин ишенимин актоо зарыл. Негизгиси, элим, жерим деген кыргыздын баары эле патриот болсо керек. Эгер мен ошончо акчанын артынан кууган адам болсом, "Жунхайды" толугу менен кытайларга берип коймокмун. Өз элимди ойлогон үчүн мен андай жолго барган жокмун.
- Айрым массалык маалымат каражаттарында сизди "Дордойду" кытайлаштырып жиберди" деген кептер айтылууда. Мындай маалыматтын канчалык деңгээлде чындыгы бар?
- Бул чындык сөз эмес. Мындай сөздөр ошол базарга кызыкдар болгон адамдар тарабынан чыккан. Муну биз такташтырып чыкканбыз. "Дордойдо" "Жунхай" деген базар бар. Аны кытайлар үчүн ачканбыз. Эртеби-кечпи "Дордойго" кытайлар келип соода кылмак. Ошондуктан биз өзүбүздүн алгачкы кадамдарыбызды жасап, "Жунхай" базарын ачып, кытайларга аталган базарда соода кылган кыргыз жарандарына атаандаштык кылбай турган буюмдарды сатууга орун бергенбиз. Учурда "Жунхайда" 400 кытай, 3000 кыргыз иштейт. Миңге чейин кытайларды киргизип жибериптир деген туура эмес. Негизинен, "Дордойдун" тегерегинде 8-9 базар орун алган. Ал базарлардын өздөрүнүн квоталары бар. Ошолордун баары биригип келип миңдей кытайды түзөт. Квота азыр бизнес болуп кеткен да. Андыктан айрым бир махинациялар болушу да мүмкүн.
- Азыркы парламентке купулу толбогондор арбын. Жазында дагы үчүнчү революция болуш мүмкүн деген сөздөр айтылып жатат. Мамлекетибиз дагы бир төңкөрүштү көтөрө алабы?
- Азыркы паламент эң демократиялуу түрдө шайланып келди. Эл өздөрү баасын берип, тандоосун жасады. Андыктан көңүлгө жакпай калды деп эле жылыга революция жасай берсек туура болбойт. Биздин экономика дагы бир революцияны көтөрө албайт. Кайра-кайра төңкөрүш жасоо менен биз мамлекетибизди көтөрө албайбыз. Тескерисинче, мамлекетибиздин экономикасын алсыздандырып, зыянга учуратабыз. Революция болгондо айрым бир шылуундар шаарды тоноп канчалаган адамдардын ишмердүүлүгүнө зыян келтирип жатат. Мындай окуяларды көргөндө, бизге бир да инвестор келбейт. Демек, экономикабыз такыр көтөрүлбөйт. Биздин жерибиз бай. Биз өзүбүздү-өзүбүз багып кетсек болот. Буга биздин күч жетет. Биз сыяктуу чакан мамлекеттер көп. Алар аябай эле өнүгүүдө. Биз ошол мамлекеттерден үлгү алып, экономиканы көтөрүүгө аракет кылышыбыз зарыл. Эми буга чейинки президенттердин кандай иштегенин калк өзү таразалап алды.
Мына азыр элдик курултайлар өтүп жатат. Ошол курултайлар биригип, өкмөттүн парламенттин, президенттин кемчилигин айтып турса жакшы болмок. Президент, өкмөт башчысы, төрага дагы эл аралап, көйгөйлүү маселелерди чечүүгө аракет кылышы керек.
Маектешкен
Алмаз ТЕМИРБЕК уулу