Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Кыргызстан Орусиянын кызыкчылыктары менен ойноп жатат
Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюмунун башкы катчысы (ЖККУ) Николай Бордюжа Бишкек шаарында болуп кайтты.
"Коммерсантъ" гезити №29 (4570) 18.02.2011
Бишкек шаарында ЖККУнун башкы катчысы Николай Бордюжа 3 күндүк иш сапары менен болуп кайтты. "Коммерсантъ" гезитинин билдирүүсүнө караганда, расмий Москва бул сапарга өзгөчө көңүл бурган. ЖККУнун башчысы Бишкекте ал жетекчилик кылган уюм жөнүндө гана сөз кылган эмес. Москва акыркы кезде Орусиянын кызыкчылыктары кыргыз бийлиги тарабынан эске алынбай жатканына кабатыр. Мурдагы президент Курманбек Бакиев да кош көңүл мамиле жасаган. Орусияга жасаган мамилесинин аягы жаман аяктаганы белгилүү.
Бордюжанын сапарын "алдын ала таанышуу сапары" деп атап коюшту. Гезитте жазылгандай, башкы катчы Кыргызстандын бийлигине уюмга мүчө өлкөлөрдүн саясий талаасында "генералдык өзгөрүүлөр" болорун кабарлоо үчүн келген. ЖККУнун күчтөрүнүн негизинде Борбордук Азияда чоң күчкө ээ аскер бөлүктөрү түзүлүү алдында турат. Буга байланыштуу Бордюжа мырза кыргыз бийлигине өлкөнүн аймагында террорчулукка каршы жана тынчтык миссияларын аткаруучу күчтөрдүн окутуу иштерин өткөрүү сунушун айткан.
Аны менен бирге Бордюжа өзүнүн түздөн-түз милдеттерин аткаруу менен гана чектелген эмес. Орусия бийлиги тараптан алардын кызыкчылыгы акыркы кезде Кыргызстанда эске алынбай жатканы боюнча кооптонуулар жаралган. Ага ылайык, кыргыз бийлигине акыбалды түшүндүрүп, расмий Москванын кооптонуусун жеткирүү да анын сапарынын күн тартибинде болгон.
Алмазбек Атамбаев башында турган жаңы өкмөт келгенден тартып Орусияга тиешелүү бизнес тармакка мамиле өзгөргөн. Сөз жүзүндө "колдоо көрсөтөбүз" деген билдирүүлөр иш жүзүндө жолтоо кылууларга айланган. 16-февраль күнү кыргыз парламентинин убактылуу комиссиясы ири уюлдук компания "Альфа Телекомдун" ("MegaCom" соода маркасы) 100 пайыз акцияларын мамлекетке өткөрүп берүүнү өкмөткө тапшырган. Ал акциялардын 51 пайызы орусиялык ишкер Глеб Огнянниковго тиешелүү "Eventus Telekom" компаниясына таандык. Бул убакка чейин ири кирешелүү бул ишканага Каржы полициясы кылмыш ишин козгогон. Бул жалгыз гана мисал эмес. Кыргызстандагы орусиялык ишкерлердин кызыкчылыктарын коргогон тараптын "Коммерсантка" билдиргенине караганда, Москва тараптан сунушталган бизнес-долбоор кыргыз Өкмөтү тараптан колдоо тапкан эмес. Кыргыз Өкмөтү орус ишкерлери тарабынан берилген гуманитардык жардамдарын гана кубаныч менен алуу менен чектелүүдө.
Андан сырткары өлкөдө жаңы өкмөттүн келиши менен түркиялык компанияларга жол ачылган. Акыркы кезде "Манас" эл аралык аэропортунда жайгашкан америкалык авиабазаны күйүүчү май менен түркиялык компания камсыз кылат" деген маалыматтар пайда болгон. Былтыркы жылы бул тармакка АКШнын Коргоо министрлиги 350 миллион доллар бөлгөн. Андан соң президент Роза Отунбаева: "бул тармак боюнча "Манас" мамлекеттик күйүүчү май менен камсыз кылуучу компаниясы менен орусиялык "Газпром" ишканасы тең укуктуулук негизде кызматташы керек" - деп айткан. Ага карабай ушул кезге чейин эч кандай келишим түзүлгөн эмес.
Бирок расмий Москваны тынчсыздандырып жаткан башка нерсе. Бул - "Дастан" коргонуу тармагындагы заводунун 49 пайыз акцияларын Түркия тарапка берүү тууралуу жогорку даражада сүйлөшүүлөр жүрүп жатат" деген маалымат. Мурдагы кезде ушул заводдун акцияларынын айланасында Москва менен Бишкектин ортосунда ызы-чуу чыккан эле.
2009-жылдын февраль айында ошол кездеги президент Курманбек Бакиев орусиялык кесиптеши Дмитрий Медведев менен жолугушкан. Сүйлөшүүдө орус тарап Кыргызстандын 80 миллион доллар өлчөмүндөгү карызын жоюп салмак болгон. Ал эми кыргыз тарап "Дастан" заводунун 48 пайыз акциясын орусияга өткөрүп берүүгө милдеттеме алган. Аны менен катар Орусия заводдун үстүнөн көзөмөлчү болмок. Келишим орус бийлигин толук канааттандырган. Анткени завод өлкөнүн аймагындагы аскер тармагындагы жалгыз жана маанилүү ишкана. Ишкана суу астында жүрүүчү ВА-111 "Шквал" аттуу торпедаларын жана Орусия, Украина, Индия сатып алуучу торпеданын тетиктерин чыгарат. Андан сырткары Ысык-Көлдө тажрыйба өтүүчү полигону да бар. Бирок ага карабай завод орусиялык боло алган жок. Кыргыз бийлиги "бизде 37 пайыз гана акция бар, калганы жеке адамдарга таандык" деп кутулган. Кийинчерээк, "Дастандын" акциялары ал кездеги президенттин кичүү уулу Максим Бакиевдин айланасындагы ишкер адамдарга өткөнү расмий Москвага белгилүү болгон. Бул маалымат орус бийлигинде көптөгөн нааразычылыктарды пайда кылган.
"Коммерсантъ" гезитинин айтуусу боюнча, дал ушул кадамдар Орусиянын чыдамынын чегине жеткен. Ошондуктан "Роза ыңкылабында" орус бийлиги оппозицияны колдоп чыккан. Орусиялык гезиттин маектеши: "Биз Бакиевге "мындай мамиле кылган туура эмес" деп көп жолу эскертүү берип, бардыгын өз колуңарга ала берүү болбойт дегенбиз. Ал Орусияга берген сөздөрүнүн көбүн аткарбады. Бардык чечимдерди керт башынын пайдасы үчүн чечкен",- деп билдирет.
Өткөн жылдын жайында Кыргыз Өкмөтү бир топ ири ишканаларды улутташтыруу тууралуу чечимин жарыялаган. Алардын ичинде "Дастан" ААКсы да бар эле. Бул чечим расмий Москва тараптан жылуу маанайда кабыл алынган. Анткени орус бийлиги улутташтыруу чечилбеген маселелерге чекит коёт жана жаңы ишмердүүлүккө жол ачат деп ойлогон. Бирок "заводдун 49 пайыз акциясы Түркияга өтөт" деген маалымат Орусиянын пландарын толук бузуп жатат. Албетте, бул нерсе да кыргыз бийлиги менен расмий Москванын мамилесине кедергисин тийгизбей койбойт. Ошого байланыштуу Бордюжа Кыргызстанда Коргоо министри Абибилла Кудайбердиев менен гана жолугушкан жок. Андан сырткары ал өлкө президенти Роза Отунбаева, премьер-министр Алмазбек Атамбаев жана ЖКнын төрагасы Акматбек Келдибеков менен да жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Ушул жолугушуулардын жыйынтыгына байланыштуу расмий Москва Кыргыз Өкмөтү менен алакаларын жүргүзмөкчү. Ушул жылдын күзүндө Кыргызстанда президенттик шайлоолор болорун да айта кетүү зарыл. "Коммерсанттын" маалыматына караганда 26-февраль күнү Кыргызстанга Кремлдин дагы бир эмиссарынын келүүсү күтүлүүдө.




УЛУТТАШТЫРУУ КИМГЕ ПАЙДАЛУУ? КЫРГЫЗСТАНГА ЭМЕС…
Улутташтыруу процесстери Кыргызстанда мурунку жылдын апрель айынан башталган. Автоунаадан баштап экономика негиздерин түзгөн "МегаКом" сыяктуу ири компанияларга чейин жеткен. Бардыгы болуп 47 объект улутташтырылса да, бул процесстердин пайдалуулугу кыргызстандыктарга дагы да болсо түшүнүксүз. Мамлекеттик мүлк министри Нурдин Илебаев билдиргендей, Кыргызстанда объекттердин улутташтыруусунан мамлекет бир тыйын да пайда көргөн эмес.

Мындан тышкары "МегаКом" уюлдук операторунун улутташтыруусунун мыйзамдуулугу талаш-тартыштарды жаратууда. Тагыраак айтканда, аны мамлекетке өткөрүүгө кайсы мамлекеттик кызматтар укуктуу жана бул учурда алар кайсы нормативдик актылардын негизинде жүргүзүлөрү суроо бойдон калууда. КМШ өлкөлөрү менен иш алып барган инвесторлордун укугун коргоо тууралуу Конвенциянын 9-пунктуна ылайык, (аны Кыргызстан 2000-жылдын 3-мартында ратификациялаган мыйзамда да көрсөткөн) "Улутташтыруу же реквизиция инвесторго компенсацияларды төлөмөйүнчө жүргүзүлбөйт" деп жазылган. Бирок Конвенциянын күчү "МегаКомду" жана башка объекттерди улутташтырууда байкалган жок. Менчик ээлерине дагы эч кандай төлөм кайтарылбай, сот чечимдери да аягына чыга элек. Бир гана Убактылуу Өкмөттүн декрети негиз болуп кала берди. Ал 2010-жылдын апрель окуяларынан кийин дароо кабыл алынган. Улутташтыруу жөнүндө декреттер тууралуу (аларды мыйзамдуу күчүнө ээ деп санасак да) юрист-эксперт Мурат Мадыковдун ою боюнча, адилеттүүлүктү камсыз кылуу үчүн мүлк рынок наркы менен бааланып, каражатты кайтаруу алып салуу учуруна чейин болуусу шарт. Ошондой эле мүлк ээсин алып салуу фактысын жана алынып жаткан мүлктүн наркын кайра карап чыгуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу зарыл.
"МегаКомду" улутташтыруу коомду эки лагерге бөлдү. Бири: "бул чаралар ишканалардагы каражаттарды уурдоонун схемаларынан арылтат" деген ойдо бийликтин иш-аракетин колдойт. Ал эми экинчи бөлүгү "кай бир чиновниктердин кызыкчылыгын көздөгөн рейдерлик" - деп эсептейт. Кайсынысы чын, кайсынысы жалган экенин тиешелүү органдар чечет. Бир гана нерсе түшүнүктүү - аталган окуялар биздин өлкөгө болгон чет элдик инвесторлордун мамилесине доо кетирип жатат. Кыргызстандын эл аралык мамилелерине дагы таасирин тийгизиши мүмкүн. Өлкөбүздүн инвестициялык климаты күндөн-күнгө начарлап, улутташтыруудан кийин дагы улутташтыруу пайда болуп жатат. Азыртадан эле Орусия Федерациясынын саясий айланасы Кыргызстандагы орусиялык активдер менен тынчсызданууда. "Дастан" заводу жана "МегаКом" компаниясы менен болгон окуя өлкөлөр ортосундагы мамилени муздатты.
Кыргыз Республикасынын Мүлк министрлиги: "МегаКом" Максим Бакиев жана анын айланасындагылардын компаниясы "Альфа Телеком" ЖАКсына тиешелүү" - деп, улутташтырууну колдоп жатат. Чынында эле 2009-жылы алар орусиялык инвесторлордон тартып алып, "БиМоКом" ЖЧКсынан "Альфа Телеком" ЖАКсына катташкан. Бирок орусиялыктар өз укуктарын жана мүлккө ээлик кылууга мыйзам жол берерин жергиликтүү жана эл аралык соттордо далилдешкен. Чындыгын айтсак, алардын "МегаКомдун" 51% пайызын аларга кайтаруу зарыл эле. Бул чечим менен Жогорку Кеңештин улутташтырылган мүлк боюнча комиссиясы макулдугун билдирип, өкмөттү аталган суроодо чечим чыгарып, чекит коюуну милдеттендирген.
Бирок акыркы чечим кабыл алынгычакты, "МегаКомду" бийлик тарабынан көрсөтүлгөн менеджерлердин жаңы командасы басып алган. Бул көрүнүш 2 миллиондон ашык кыргызстандыктарды тейлеген уюлдук оператордун ишине тоскоолдуктарды жаратпай койбойт. Мындан сырткары "МегаКом" компаниясын басып алуу жана мурунку жетекчилерди куугунтуктоо үчүн колдонулган ыкмалары ыплас болгон. Көпчүлүккө Бишкектеги "МегаКом" менен болуп жаткан окуя 2005-жылы "Бител" уюлдук оператору менен болгон рейдерликти элестетти. Улутташтыруу туура жана жакшы ой менен жасалган аракет болгон күнү дагы, бийлик колдонуп келген механизмдер анын бардык жакшы жактарын жокко чыгарууда. Пайдаланылган ыкмалар 1917-жылдагы большевиктердин аракеттерине көп жерден окшошуп кетет. Бир гана айырмачылык бул окуялар бүгүнкү биздин күндөрдө, биздин сыртка айтылбаган макулдугубуз менен өтүүдө.
Эркин жана адилеттүү коомду түзүү үчүн ыплас, күч пайдаланылган ыкмаларды колдонуу туура эмес. Улутташтыруу процессинин ылдамдыгы жана эч нерсеге моюн бербегендиги Кыргызстандын ички жана тышкы инвесторлорун абдан тынчсыздандырууда. Анткени бир күнү алардын бизнесин мамлекеттик түзүлүштөрдүн бири соттун чечими жок жана иликтөөсүз эле "улутташтырып" алышынан эч кандай корголбогон.

Материалдар Борбор Азиялык эркин рыногу институту тарабынан даярдалган