Токтайым Үмөталиеваны кимдин акчасы козутат
Улуттук коопсуздук кызматынын анабашы Кеңешбек Дүйшөбаев оозуна келгенди айтпай калбаган ("оттогон" дегенди айтып ала жаздадык о-о!) Үмөталиеваны бирөөлөр шыкактап жатканын айтты.
Коомчулукка белгилүү болбодубу: террористтик топтун мүчөлөрү деген шек менен Эдил Абдрахманов, Руслан Дөөткулов, Кайрат Салиев, Данияр Кадыралиев, Азим Султанкулов, Советбек Исламовдор кармалган эле.
Ошондон соң Абдрахмановдун үйүн текшерүүгө алганда андан аялы аркылуу тартылган кассета табылды. Кассетада Абдрахманов жардыргыч затты кантип даярдоо керектигин үйрөтүп жатат. Жогоруда аталгандардын баары террористтик топтун мүчөлөрү экендиктери четинен аныкталып жатса, четтин акчасына дыңкыя тоюп жаткан Үмөталиева "террористтерди кармадык деп, жаш балдарды кармаган коопсуздук кызматкерлерине жол болсун" дегенди оңду-солду какшанып жаткан кези. Бу Үмөталиева дегениң жаңы бийлик келгени "кудугуна түкүргөнүн" көбөйттү. "Түкүрүгү" кай жерге чейин алып барар экен…
Баңги бизнесин Бакиевдер башкарчу
Байлык үчүн баарына даяр болуп келген Бакиевдердин бийлиги Кыргызстандагы баңги бизнесин колго алып, көзөмөлдөп келишкен. Мындай чуулгандуу маалыматты ОДКБнын башкы катчысы Николай Бордюжа өткөн жумада жарыя кылды. Кыргызстандагы гана эмес, бүтүндөй КМШ аймагындагы көшөгө артындагы көмүскө иштердин баарынан кабардар болуп, иликтеп-жиликтей жүрчү Орусиянын оозун карап иш алып барган ОДКБнын баш катчысы мындай маалыматты асмандан алган эмес. Бакиевдердин баңги бизнесин башкарып, ири суммадагы пайда таап келишкендигин Ак үй менен алакасы бар аттуу-баштуу саясатчылар айтып калышчу. Кийинчерээк, 2009-жылы наркобизнеске каршы күрөшүүчү агенттикти түп орду менен жоюп салып, Кыргызстан аркылуу өтүүчү баңги жолуна ачык эшик ачылган. А түгүл дал ушул баңги бизнесинин айынан Макс менен Жаныштын ортосунда айыгышкан кармаш башталып, үй-бүлөлүк чатак Курманбек Бакиевге кокусунан ок тийген баягы табышмактуу окуядан кийин араң дегенде басылган делинип жүрөт.
Президенттин айлыгы кыскарды
Президенттин иш башкаруучусу Турусбек Коеналиевдин билдирүүсүндө президент Роза Отунбаеванын айлыгы 50 миңден 30 миңге чейин кыскарган. Албетте дечи, Коеналиев өзү билип президенттин айлыгын кантип кыскартмак, президент өзү демилге кылды да. Ошондон улам бардык жетекчилер президенттен үлгү алса, мамлекетибиздин казынасына далай акча топтолбойт беле. Жанагы бажы, салык ж.б. кызматтардагы кулкундары "кернейдей" болгон немелер да айлыгынын үчтөн бирин алып салса кана, атаганат. Антиштин ордуна кайра кулкулдап турушпайбы.
Ошол эле Коеналиевдин айтымында, президент аялзатына тиешелүү жасалга, чач-пачты оңдотуу ж.б. үчүн бөлүнгөн каражаттан да баш тарткан. Жалпыга жакшы мисал… бизде жакшы аз жугат…
Эрке токол чындыкты айтабы?
Тагдырдын жазмышыбы, же жаштыктын "мастыгыбы", акыркы мезгилде мансабы бийик адамдарга "махабатын" арнагандардын саны көбөйгөн сыяктанат. Гендер маселеси кеңири күчөгөн сайын "хан Жантайдын Ак Мөөргө болгон ашыктыгы" күчөп, "Мөөрлөрүбүз" токол болгонуна күйүнбөстөн сүйүнгөнүнө, "качкын" статусуна татыктуу болгон К.Бакиевдин токолу Назгүл Төлөмүшованын "ырахаттуу махабаттын кучагында жашагандыгы" тууралуу ар кыл басылмаларга берген маалыматтарын айкын мисал катары көргөзсөк болот. Алардын ортосундагы "таза" сезимдерин даңазалоонун өзү аял затынын алсыздыгын гана эмес, арсыздыгын көргөзүп жаткан жокпу?
"Атын атаса, куту сүйүнөт" - дегендей, өз намысын коргой албагандарды "кичи аялы" деп эркелетпей, анын токол экендигин неге ачык айта албайбыз? Айрым калемгерлердин К.Бакиевдин көрөр көз токолунан бул адам жөнүндө мүнөздөмө сурашы жөн эле нонсенс болорун орой айтууга туура келет, кыргыз аялдарынын менталитетинде эринин кылмышын мындай коёлу, күнөөсүн ачык айтканын угуп-көргөндөр бар болду бекен? Айрыкча, мансабы менен байлыгына карап "сүйгөндөр" болгон чындыкты айтарына ишенер адам чыгабы? Айрым маалыматтарга караганда, "апакай аппак" токолдун маектерин кадимки Максим Бакиев уюштуруп жаткандыгы айтылууда. Алардын максаты өз калкынын канын төккөн Курманбек Бакиевдин атын ушундай жолдор менен акырындап "агартып", анан бийликти кайтарып алуу амалы көрүлүп жаткан экен.
Басма сөзгө баскынчылык кайрадан башталдыбы?
Мурдагы күнү 22-февралда "Алмаз" радиосунун журналисти Назгүл Кушназаровага кол салуу болду. Шаардын чет жакасындагы "Ак Тилек" жаңы конушуна бара жатканда артынан белгисиз бирөө кол салып, башка-көзгө койгулап, тумчуктурууга аракет жасаган. 23 жаштагы "Алмаз" радиосунун журналисти Назгуль Кушназарова акыркы мезгилдерде коомдогу жана саясаттагы балит иштерди ашкерелеген "Учкул ойлор" деп аталган берүүнү алпарып келген.
Журналисттин айтымында, бул кол салуу анын профессионалдык ишмердүүлүгүнө байланыштуу, себеби кол салгандар анын жанындагы акчасына, кымбат баалуу уюлдук телефонуна, зер буюмдарына тийишпестен, башка-көзгө койгулап, аны тепкиге алып из жашырышкан. Учурда журналист Республикалык бейтапканада дарыланууда.
Мугалимдер бат эле тунганы тур
Жогорку Кеңеште дурус маселе көтөрүлүп жатат: "Манас" аэропортундагы транзиттик борборду камсыз кылган күйүүчү майдан түшкөн каражат менен мугалимдердин айлыгын 1-марттан баштап көтөрсө болот". Ырасында эле дурус кабар.
Мурдатан эле ушинтип акча издеп "тытмалай" бергенде казынабыз бир топ эле кампайып калмак. Азырынча ал иш азга солгун тартып турат, бирок уламдан-улам күчүнө кирет деп үмүттөнөлү.
Курманжан датка англисче сүйлөйт
Атактуу Алай ханышасы Курманжан датка тууралуу белгилүү кинорежиссер Замир Эралиев өткөн жылы тарыхый тасма тарткан. Өткөн айда Ош шаарында бул тасманын бет ачары болуп, көпчүлүктүн көңүлүнө жаккан. Кыргыздын кыраан инсандарынын бири Курманжан апабызды англис тилдүү дүйнө коомчулугу түшүнүп, билүүсү үчүн "Курманжан датка" тарыхый тасмасын ЖК депутаты Карганбек Самаков өз чөнтөгүнөн каржылап, англис тилине котортту. Кудай буйруса, март айынын башында Курманжан датка апабыздын англисче амандашканына күбө болмокчубуз.
Акматбек акыйкат кеп айтты
Кечээ күнкү парламенттик жыйында ЖК төрагасы Акматбек Келдибеков акыйкат маселе көтөрдү. Былтыркы Ош коогалаңында оттон, октон коркпой эл менен болуп, өзгөчө каармандыгын көргөзгөн Курсан Асановго генерал-лейтенант наамы эмне үчүн алигиче ыйгарылбайт деген маселени кабыргасынан койду. Генералдар менен кембагалдардын өлкөсүнө айланып бара жаткан өлкөбүздө, албетте, генералмын дегендердин эсебине сан жетпей баратат, бирок анча-мынча жыгач-желим генералдарга караганда Курсандын эл үчүн кылган эмгеги опол тоодой эмеспи.