Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

  Дагы бир премьер-министр, дагы бир спикер…

Көөдөнүнө батпаган көмүскө өкмөткө көңүл бурган жан барбы?

Парламенттик шайлоого шатыра-шатман аттанышып, бирок ал аракеттеринен майнап чыкпаган жыйырмага жакын майда-барат партиялар "Улуттук конгресс" деген аталыштагы саясий уюм түзүп чыгышкан эле, ушул эле жетпей жаткансып. Бул конгресстин башында айтылуу саясатчы, "Акыйкат" партиясынын лидери Аликбек Жекшенкулов жана ири бизнесмен, "Замандаш" партиясынын лидери Мухтар Өмүракуновдор турушат. Булар деле парламент менен кошо билек түрүнө ишке киришкендей болгону менен, ушу күнгө чейин парламент дагы, "Улуттук конгресс" дагы жарытылуу бир иш жасаша элек. Айырмасы - парламент расмий бийлик болсо, "Улуттук конгресс" упай топтогусу келген саясатчылардын бейөкмөт уюму деп койсок болот. Ишке болгон дараметин айта турган болсок, экөө тең куру сөздүн кучагынан кутула албай күн кечирип келишет. Азырынча коомчулук тарабынан арзып алган баалары ушул. Башка баа жок.
Кызыгы, "Улуттук конгресс" - деп ураан чакырышкан Аликбек мырза менен Мухтар мырза, кечээ "Ак-прессте" журналист журтчулугуна, бир чети таң калычтуу, бир чети күлкүлүү болгон маалымат жыйынын өткөзүштү. Сөздүн ток этер жерин айтсак, "Улуттук конгресс" азыркы бийликке өздөрү түзүп чыккан альтернативдүү Өкмөттүн түзүмүн жана Элдик кеңешти (парламент) түзүшкөндүгүн жар салышты. Мындай сөз боюнча кала турган "жел өкмөттүн жана парламентти" түзүүнүн себептерин азыркы өкмөттүн начар иштеп жаткандыгына, апрель революциясынын үмүтү акталбагандыгына, бардык нерселерге баалардын болуп көрбөгөндөй кымбаттап жаткандыгына байланыштуу экенин баса белгилешти. Бирок өкмөт менен конструктивдүү негизде иш алпара тургандыктарын да кошумчалашты.
Аликбек мырза укмуш бир ачылыш жасап жатышкандай: "Азыркы өкмөт бизге ушул кадамыбыз үчүн рахмат айтсын!"-деп чындап эле бул аракеттеринен майнап чыкчудай шерденип алыптыр. "Шайлоого аттанган аракетиңерден жыйынтык чыкпаган, ушул ишиңерден кантип аракет чыксын?" - деген суроону кабыргасынан койсок, бул суроого да түзүк жооп бере албады. Болгону: "биз саясатчыбыз, өзүбүздүн ишибизди илгерилете беришибиз керек"-деген чолок жооп айтты. Андан да кызыгы, Мухтар мырза "Бааларды арзандатуу, ж. б. маселелерде алгылыктуу иштерди жасоо боюнча эки-үч жума убакыт беребиз. Ал убакыттын ичинде талаптар аткарылбаса, эмне болуп кетерин биз да айта албайбыз"-деген кыязда бир балээнин башын кылтыйткандай болду эле, анын сөзүн Аликбек мырза: "Өкмөткө биз сунуш гана кылып атабыз, элди көтөрөбүз деген жокпуз, акылдашып иштешели деп жатабыз"-деп жымсалдап кетти. Экөөнүн сөзү эки башка чыкканы, "Улуттук конгресстин" уюштуруп жаткан бул иши али чийки, жеке гана кызыкчылыкты көздөп тургандыгынан кабар бергенсийт. Кыскасы, "Улуттук конгрессчилер" өздөрүнө саясий упай топтош үчүн гана элдин психологиясына маалымат чабуулун жасап жатышкандай элес калтырышууда. Элди көтөрөбүз, көтөрбөйбүз деген маселеден мурда: "Бизди эл ээрчийби?"-деген суроого жооп издеп көрүшсө болмок экен дейсиң, аргасыздан.
Жыйын учурунда журналисттер Жекшенкуловдон бийлик кайсы кызматты сунуштаганын сураса: "Ачык айта албайм. Чынында, сөз эле болгон. Бирок силер ушак таратып, элдин башын оорутуп жатасыңар"-деп кызаңдап алды. Муну уккан журналисттер жөн турчу беле: "Элдин башын силер, саясатчылар, оорутуп жатасыңар, ошон үчүн ушак көп болууда. А, журналисттер болсо ошол "баш ооруткан" саясатчылардын саясий жүрүштөрүн аныктап бергенге аракет кылып жатабыз"-деген жүйөлүү сөздөрүн айтышты эле, Аликбек мырза сөзгө жыгылыштуу болгондой эле болду. Эске сала кетсек, камакта жаткан Барктабасовдун "Мекен Туу" аттуу партиясы да "Улуттук конгресстин" курамында.
Эми булардын альтернативдүү өкмөтүнүн курамы тууралуу учкай кеп кыла кетели. Маселен: Саламаттыкты сактоо министрлигине белгилүү уролог Акылбек Усупаевди, Маданият министрлигине Улуттук филармонияны 10 жылдан ашык башкарса да, жамаат ичинде жакшы аброй топтой албай, артынан көп сөздөр айтылып жүргөн кадимки Керим Тураповду, спорттун "Айкидо" түрү менен алектенип, коомчулукка аздыр-көптүр таанымал болуп келаткан Гүльмиза Сейталиеваны социалдык тармак боюнча вице-премьер кызматына көрсөтүшкөн экен. Ал эми альтернативдүү өкмөттүн өкмөт башчылыгына албетте, Аликбек Жекшенкулов тандалса, Элдик кеңештин төрагалыгын (спикерликке) Мухтар Өмүракунов бекиген экен. Баракелде, не демекчибиз: "Айдаганың беш эчки, ышкырыгың таш жарат"-дегендей, кыялданган жакшы деңизчи. Бирок ишке ашпаган мындай куру кыялдын "курмандыгы" болуп калуунун канчалык кажети бар эле? Бир караган кишиге Жекшенкулов мырза менен Өмүракунов мырза мындай куру кыялдын деле жетегинде калчу "көөдөнү бош" жигиттерден эмес эле. Же чындап эле бир билгендери барбы? Андай болбой калды го, бир жүйөөсү болсо мындан башкача болот эле…
Айбек Шамшыкеев




  MegaCom: мурдагылар сиз экөөбүздү кантип алдап келишкен?

БАЙЛЫГЫБЫЗДЫ ЭМИ "СААДЫРБАЙБЫЗ"
Менин кошунам саясат, бизнес менен иши жок, өз ишин так аткарып жүрө берген кудайы момун адам. Баягында биринчи жолу абдан каарданганын көрдүм. "Үйүмдө үч чөнтөк телефон бар эле, баары МегаКомдуку. Гезиттерден окуп алып, миллиондогон долларды - биздин ырыскыбызды эл аралык шылуундар канча жылдан бери сыртка чыгарып кетип жатканын окуп алып, аябай жаман болдум", - деп жатпайбы. Анын сыңарындай, байлыгыбызды оозубуздан жулдуруп келатканыбызга жүз миңдеген кыргызстандык жарандар эми гана көзүбүз жете баштады окшобойбу.

Мына, "Альфа Телеком" ЖАКка (соода маркасы MegaCom) жаңы башкаруучулар келгенден тарта бир айдын ичинде сыртка агып кетип жаткан ондогон миллион доллардын жолун бууй алганын далилдеген бир нече эле мисал.
"Альфа Телеком" ЖАК MegaCom деген бренд менен иш баштаган 2009-жылдын августунан 2010-жылдын 7-апрелине чейин Максим Бакиевдин тикелей көзөмөлүндө болгон. Ошондон бери карай былтыркы 22-декабрга чейин
Montgomery Limited компаниясына баш-аягы 14 817 697,32 (он төрт миллион сегиз жүз он жети миң алты жүз токсон жети доллар 32 цент) акча которуптур. Ага кошумча дүйнө картасынан табуу кыйын болгон Белиз мамлекетинде оффшорго катталган далай компаниялар менен жалган келишимдер түзүлүп, кыргызстандыктардын ырыскысын соруп келишкен.
Бул, бул болсун. "БиМоКом Лтд" ЖЧКнын чөнтөгүнө ар кандай махинациялар менен 363,79 миллион сом же 7 миллиондон ашык АКШ доллары түшпөйбү.
Ал аз келгенсип, ишенимдик башкаруу деген көз жазгырма схема менен "MGN Asset Management" компаниясы миллиондогон долларды чөнтөгүнө уруп кеткен.
Дагынкысы дагы бар. Кыргызстандык жөн-жай эки жарандын сыртынан жалган фирмалар ачылып, сегиз айда бирөөнү 68 млн. сом, 36 миң доллар, экинчисине төрт айда 15 млн. сом которулган экен. Экөө кийин суракка тартылганда бул фирмаларга эч кандай катышы жок болуп чыкпайбы!
Айтору, МегаКомду 2005-жылга чейин Айдар Акаев менен кыргыздардын "жалпы" күйөө баласы Адил Тойгонбаев "саап" келишсе, андан бери Максим Бакиев менен анын достору "соруп" келишиптир.
"Альфа Телеком" ЖАКка жаңы башкаруучулар келгенде мурдагылары эмне деген гана чуу салбады! "Басып алышты!", "чет жердиктердин менчигине кол салып жатышат!" деп оңду-солду маектерди таратышты. Анан эле жаңы жетекчилик кыңыр схемаларды четинен таап чыккан сайын анын авторлору акырындан изин суута баштабаспы. Иликтөөлөр көргөзгөндөй, кыйла жылдар бою МегаКомдо көбүнчө чет жердик жарандар иштеп, калың каражаттарга марып келишкен экен. Азыр кадр саясаты түп-тамырынан кайра каралып, ишке жалаң кыргызстандык жарандар алынууда.
Эми кыңыр иштери ашкереленгендер Орусия картасын көтөрүп чыга башташты. Орусиялык сайттарга тындырбай заказ берип, компаниянын 51 пайызына ээлик кылган орусиялык компанияны сүрүп чыгарганы жатышат деп айгай салышууда. А иш жүзүндө "MegaComдун" мурдагы жетекчилери орусиялык инвесторлорду бетине кармап, ар кайсы оффшордук аймактарга каттатып коюшканын көрдүңүз го.
"Альфа Телеком" ЖАКтын жаңы жетекчилиги Орусия инвестициясына каршы эмес. Тек гана азыр жүрүп жаткан иликтөөлөр ал компания да таза эместигин айгинеледи. Ким болбосун, Кыргызстандын мыйзамдарына баш ийип, таза иштөөгө милдеттүү. Кыргызстан акцияларды орусиялык ак ниет инвесторлорго берүүгө даяр. Бирок мындан ары бардык келишимдер Кыргызстандын улуттук кызыкчалыктарын эске алуу менен түзүлмөкчү.
Былтыркы апрель революциясынан кийин Убактылуу Өкмөт өз декрети менен бул эң көп салык төккөн, кызылдай акчалар тегеренген компанияны улутташтыруу чечимин кабыл алган. Бирок эмнегедир ошол кездеги Башкы прокуратура 49 пайызын гана улутташтырып, 51 пайызына тийбегени азыр суроо жаратууда. Кыязы, прокуратура органдарына көп суроолор болчу өңдөнүп калды.
Жогорку Кеңеш "МegaCom" компаниясын толугу менен улутташтырып, аны кайра ачык конкурс аркылуу жеке инвесторлорго сатуу оң болот деген позицияны карманууда. Антпесе, эки миллион абоненттин кыйла акчасы мамлекеттик казынага кирбей, "сол" чөнтөктөргө солоно бериши ажеп эмес.
Бул жерде ачыла элек далай сырлар бар. Бирок жаңы башкаруучулар акыркы бир айда сыртка агып жаткан миллиондордун жолдорун бууп, элдик казынага бура алды. Ушунун өзү жакшы жөрөлгө эмеспи.
Адилет Ишенбаев