Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Сыдыков менен Масалиев сотто "союлбайбы?"
Бакиеви куулгандан кийин аны кайра алып келүүгө эки көзү төрт-сегиз болгон анын кыйышпастары ар кыл аракеттерди жасап турушпадыбы. Ырас эле, ал кез өтө кооптуу кез болчу, Убактылуу Өкмөттүн, аны колдогон эл тагдыры бычак мизинде, туңгуюк кырында эле. Ошол аябагандай кыйын кырдаалда, таптап турган баласы куулган Үсөн Сыдыков контрреволюциячылардын ана башында туруп, "башкы командачылык" кылып, телефон аркылуу кайта-кайта командаларын берип турган. Ошондой сүйлөшүүлөрүнүн биринде Сыдыков компартия башчысы, Бакиевдин ишенимдүү жөкөрлөрүнүн бири Исхак Масалиев менен да сүйлөшүп, жаңы бийликке каршы көтөрүлгөн бакиевчилердин аракеттери кандай нукта уланарын ж.б. талкуулашкан. Сөз кыскасы, жаңы бийликти контрреволюциялык жол менен жок кылмай болушкан. Кийин Сыдыков, андан соң Масалиев камалып, Бекназаров үкөсү тигилерди "үй камагына" чыгарып жиберген. Коопсуздук кызматынын абагында жатканда Сыдыков элден, бийликтен кечирим сурап жибергени да бар… Азыр алар өздөрүн "акактай" таза экендигин айтып жатышат. Телефондон сүйлөшкөн сөз эч нерсеге арзыбайт экен… Айыптоочу тарап Сыдыковду 18, Масалиевди 14 жылга эркинен ажыратууну сурап жатат. Эми аларды же каматат, же үйүн көздөй таратат…


Березовский Бакиевдер менен жешмек экен
Орустардын "Известия" гезити Березовский менен Бакиевдердин байланышын эми бир ирет айтып турат.
Бакиевдер кутуруп турганда, "Кыргызстанга Березовский келип, Максим менен жолугуп кетиптир" деген кеп кеткен. Официалдуу бийлик аны калпка чыгарган. Бакиевдин "чөө гезиттери" Березовский келди деп ак жерден президентти, анын уулун каралап жатат" деп, тилинен чаң чыгып шыйпактап турушпадыбы.
Жогорудагы окуя калп эмес экенин "Известияга" жарык көргөн материал айтып турат. Бу жөөттөрдүн жөөтү Борис Березовский баалуу металлдар чыкчу "Ак-Түз" кени менен "Жерүй" алтын кенин ээлеп алмак экен.
Мурун Березовскийге таандык ЛогоВАЗдын офисин тинтүү учурунда "Ак-Түз" кенин рейдерлик жол менен басып алуу жөнүндөгү документтер табылган. Анда мындай аракеттерди айтат: "Убактылуу администраторду шайлоо үчүн район аралык сотко 150 миң доллар, офиске кирип алуу үчүн МВДга 300 миң доллар, жеке күзөт кызматына 100 миң жана соттук приставдарга 150 миң доллар сарпталат, ал эми Генпрокурорго 1 млн. доллар ыроолошкон экен! Дагы далай соттор болот, ага 7,4 миллион доллар сарпталмак.
Березовскийди тааныбайбыз деп жанын жеген Бакиевдер "куулган жокпуз" деп да айтышы мүмкүн… аларга жараша берет…


Ниязовдун колу анда "таза" беле?
Жыл башынан бери кылмыштуулукка карата аёосуз күрөш жарыяланып, натыйжада ИИМ эки айдын ичинде кылмыштуу топторго мүчө болгон 55 адам кармалганын калкка жарыя кылган эле. Чынында, буга чейин мындай көрсөткүч болбогонун көпчүлүк баса белгилеп жатса, айрымдары бир билгени бар адамдардай эле оңду-солду сынга алып жатышат. Ошондой "чоң сынчылардын" бири кадимки арманы аттын башындай болгон "Эл арманы" партиясынын лидери Мирослав Ниязов экенин эске салгыбыз келди. Мирослав аксакал: "Кылмыштуулук менен таза кол гана күрөшө алат. Бүгүнкү күндө кылмышкерлер бийликке аралашып кеткен, УКК, милиция, керек болсо депутаттардын арасында кылмышкерлер бар. Анын ошол бийлик кылмыштуулук менен күрөшөм дегени жөн гана декларация деп айтар элем"-деп ар ким айтып, жедеп "классикага" айланып бүткөн пикирин айтты. Бир эсептен алганда, күч тармагында көп жыл иштеген тажрыйбалуу инсандын мындай билдирүүсүнө кошулса болот. Бирок өз кезегинде Коопсуздук кеңеши сыяктуу үлкөн кызматтарды мыкчып жүргөндө, эмне себептен кылмыштуулук менен күрөшкөн эмес, дегеле алгылыктуу сөз да айтпаса керек. Балким, күчү жеткен эместир, же ал кезде өзү айткандай "кол таза" эмес беле? Кыскасы, сын айтып коюу бир жеңил иш, а милдетти, ишти ийгиликтүү аткаруу оңой-олтоң эмес.


Пайзуллабек Рахмановго кылмыш иши козголду
Башкы прокуратура апрель окуясынан кийин издөөгө алынган 2008-2010-жылдары Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резерв агенттигин жетектеп турган П.Рахмановго учурда "кызмат абалынан пайдаланган", "ишенип тапшырылган мүлккө кол салган" деген фактылар боюнча айып тагууда. Башкы прокуратурадан маалымдашкандай, Пайзуллабек Рахманов менен кошо Мамлекеттик материалдык резерв фондунун башчысы Үсөнакун Жусуповго жана анын орун басары Александр Шутка да кылмыш иши козголду. Иш козгоого Балыкчыдагы "Ысык-Көл Дан-азык" ишканасына таандык имараттын жасалма документтер менен арзан баага сатылып кетиши негиз берген.


"Ата-Журттун" дымагы, же Абдылдаев, Осмоновдор эски ордуна барабы?
Ак үй тарапта мансап талашкандардын маселеси дагы деле акырына чыга элек экен. Айрым маалыматтарга караганда, "Ата-Журт" ана башчылары эки күндүн биринде эле Өкмөт башчы Алмазбек Атамбаевдин эшигин жыртып, Башкы прокуратура менен Жогорку Сотту биздин балдарга бериңиз деп ачык эле догурунганга өтүшүптүр. "Бул кызматтарды президент дайындайт, бул президенттин ыйгарым укугундагы кызматтар"-дегенине карабай, Алмаз мырзанын айласын алты кетирип атышыптыр. Укканыбызга караганда, Башкы прокурорлук кызматты Мыктыбек Абдылдаевге, Жогорку Сотту Курманбек Осмоновго кандай гана болбосун алып берүүгө катуу белсенишкен экен. "Эгер ушул эки өтүнүчүбүздү аткарганга жардам бербесеңиз, президент сунуштаган адамдарды парламенттен өткөрбөй коёбуз"-дегенге чейин барганын айтышууда. Башкаруучу коалициядагы КСДП менен "Республика" партиялары унчукпай, ажобуздун ыйгарым укугундагы бул кызматтарды дал ушул ата-журтчулардын талашып жаткандыгы да жөн жерден эмес. Себеби дал ушул партиянын көпчүлүк өкүлдөрүнүн артындагы калбыры өтө эле калың. А түгүл, арасында кылмыштуу топтун мүчөлөрү бар делинип жүрөт. Демек, алардын мыйзамды көзөмөлдөөчү бул кызматтарга жулунганын да жөн-жайы ушундан деп билсек болчудай.
А бирок ажо айым мындай былгытмаларга карабай, өз ишин өктөм улантууда. Айтсак, Башкы прокурордун орун басары ошол эле мезгилде Аскер прокурору болуп иштеп келген, эски бийликтин эркеси Айбек Турганбаевди кечээ күнү алып ыргытып, Виктор Иванов менен Эшперов Маратты Байболовдун орун басары кылып дайындады.


Көлбаевге Жаныш жан тартканбы?
Өлкөбүздүн криминал дүйнөсүнүн аталыгы б.а., "вор в законе" делинген атактуу Камчы Көлбаев издөөгө алынганын өткөн жумада президент Роза Отунбаева жарыя кылды. Бирок баарынан кызыгы кызыл шапкечендерибиз Коля-кыргыз деген каймана аты менен белгилүү болгон кадимки Камчы Көлбаевге издөө жарыяланганын маалымат каражаттарынан угуп жаткандыгы болуп атат. Чындыгында, криминалга каршы аёосуз согуш баштадык дешкени менен, айрым милиция кызматкерлерибиз Камчы Көлбаевдин атын укканда жүрөгү түшүп апкаарыбаса дагы, аз-маз тайсалдай түшөөрү бышык. Себеби эл оозундагы кептердин биринде айтылуу апрель окуяларына чейин Камчыга Кыргызстандын бүтүндөй күч структураларын бир муштумга мыкчып алган Жаныш Бакиевдин колдоо көрсөтүп келгендиги айтылып келет. Себеби Рысбек Акматбаев атылардан эки ай мурун 2006-жылдын февраль айында 25 жылга эркинен ажыратылган Камчы Көлбаев Төмөнкү Нооруз кыштагында жайгашкан №48 жаза өтөөчү жайдан эч кандай тоскоолдуксуз качып чыккан. Ошол эле 2006-жылдын май айында калк арасында "Робин Гуд" аталган Рысбек Акматбаев атылып, июнь айында Камчы Көлбаев Москва шаарында КМШдагы бардык "ворлордун" чогулушунда "вор в законе" тагына отургузулган. Бир жылдан соң, 2007-жылы ошол кездеги Башкы прокуратура издөөдө жүргөн Көлбаевге амнистия жарыялап, ошол кезден 2011-жылдын 22-февралына чейин бул адам ээн-эркин өз оокатын кылып келген.


"Иттей кир" экен деп жүрсөк, Бекназаров "аппак" экен
Аны ким изилдеп көрүптүр дейсиң, өзү айткан тура. Бир гезитке берген маегинде Бекназаров: "Мени бай деп айтышат экен. Эгерде кимдир бирөө менин байлыктарымды тапса, анда элдин көзүнчө ошонун баарын берем. Менде үйүм менен машинам гана бар… Кыргызстандагы бир топ саясатчыларга караганда руханий жактан, моралдык жактан, саясий жактан мен эң бир бай адаммын" - деген экен.
Кудай сакта, жогоруда айтылгандар чын чыкса экен. Азыр биздин элдин арасында байлык издеген шимшүүрлөр оголе көп, алар дүйнө кезип, Бекназаровдун байлыктарын издеп кетпес бекен. Ансыз деле чет элге болгон миграция ашыкча кетип жатканда, эми Европаны көздөй байлык издеп самсыгандар ошол миграцияны ого бетер күчөтөт тура!
Экинчиден, урматтуу кыргыз саясатчылары, адамдагы таза сапаттарга умтулуп, Бекназаровго карата кайкайгыла!