Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

 "Апрель окуясынын" бир жылдыгына карата

Өткөндүн сабактарынын жыйынтыгы чыгарылууга тийиш
Төңкөрүш жасоого эл мажбур болгон
Ар бир болуп өткөн окуянын артында тарыхый чындык бар. Ага адамдардын жеке көз карашы, өзгөчө пикири пайда болот. Ал эми калкыбыздын көңүлүндө түбөлүк сакталып кала турган апрель төңкөрүшүн белгилөө тууралуу жарлыгы бир кыйла талаш-тартышты пайда кылары талашсыз. Ошондой болсо да түз айталы, президент Р.Отунбаева бул күндү белгилөө жарлыгын чыгарбаса да, мурдагы кландык жана үй-бүлөлүк бийликтин кысымында жашаган жана каны-жаны төгүлгөн эл бул күндү унутмак эмес. Бул төңкөрүштү калдайган карапайым калк ишке ашырды, эл буга барууга мажбур эле, эгерде эски бийлик кулатылбаса, өлкөдө репрессия башталмак.
Мансап ээлери сынга алгандарды аёосуз куугунтукка гана албастан, 6-апрелдин түнүндө оппозициянын лидерлерин камакка алышкан, "бийликке каршы пикир айткандардын" калгандарынын тизмелери такталып, аларга "чара" көрүү пландары ишке ашырылмак. Бийликтин мындай өкүм-зордугу астында элибизден чыккан тың жигит-кыздарыбыздын нечендери ак жеринен айыпталып, каяша кылгандыгы үчүн катуу жазага кириптер болушмак. Алар эч кимди аямак эмес. Ошол себептен мамлекет тарабынан апрель окуясынын бир жылдыгын белгилөө жарлыгын кабыл албаса да, калкыбыздын басымдуу бөлүгү ушул күндү өздөрү эскерүү күнүнө айландырып алышмак. Демек, мамлекеттин башчысы Р.Отунбаеванын бул жарлыгы учурдун өзү койгон талабына шайкеш келген десек жаңылыштык болбос.
Азыркы жаңы бийликке каршы тымызын күрөш жүргүзүп жаткан топтордун жана мындан бир жыл мурда мамлекетибиздин ички жана тышкы саясатындагы кырдаалга кайдыгер жасагандардын биздин жогорудагы кебибизге каршы чыгары белгилүү. Алар "бийликти басып алган, же бийлик кулатылган учурларды майрамдай беребизби, эмне үчүн 2005-жылдын 24-мартындагы майрамды жокко чыгарышыбыз керек?" - деген контраргументтерин коюп келишет, бирок бул пикирге кошулууга мүмкүн эмес. Ага башкача өңүттөн саресеп салып карайлы.
Эрте кубанган экенбиз…
Мамлекетибиз эгемендүүлүккө ээ болуп, партократиялык диктатурадан кутулганыбызга кубанган элек. Эрте сүйүнгөн экенбиз, алгачкы мезгилде А.Акаев дурус иштей баштаган эле, аны тана албайбыз. Бирок кийин мансап кумарына берилип, бир чети көшөкөр кошоматчылары андан башка кыргызда акылман адам жоктой таасир берсе, экинчи жактан бийликти колдон чыгарбоо үчүн үй-бүлөлүк башкарууга өттү. Буга эл нааразы боло баштаган. Ошол эле учурда айрым чиновниктер кызматынан ажырагандан кийин өздөрүн ак жеринен күйгөн "периште" катары бийликке каршы чыгууга аргасыз болду. Алардын эл ичинде баркынын жогорку деңгээлге көтөрүлүшүнө ошол кездеги саясий күч катары оппозициянын тажрыйбасыздыгы жана жаштыгы мүмкүнчүлүк берген эле.
Бийликке идеялык жактан туруктуу көз караштагы оппозиционерлер саналуу болгондуктан алар демилгени жалаң мансапка умтулгандарга алдырып коюшкан. Ошол эле учурда оппозицияга кокустан кошулгандар менен бийлик өкүлдөрү региондук карама-каршылыкты күчөтүү менен упай топтоого үлгүрүшкөндүгүн ачык белгилесек болот. Натыйжада, эмне үчүн мамлекет башчысы жалаң түндүктөн, бул мансапка түштүктөн уул-кыздар жокпу? - деген бузукучулук өкүм сүргөн. Аксы окуясы боюнча бийлик реалдуу саясий баа бере алган эмес. Элдин жашоо-деңгээли эң төмөн абалда калып, өлкөдө революциялык кырдаал түзүлгөн. Үй-бүлөлүк А.Акаевдин бийлиги жалпы элдик күрөштүн жемиши болгон менен айрым ээн ооздордун айтымында "түштүк революциясы" катары айтылып келе жатканын эч ким танбас.
Эскерте кетели, төңкөрүш жалпы эл тарабынан ишке ашырылса да, революциянын кыймылдаткыч күчүнүн милдетин "жогоркулар", же кызматтарынан ажыраган ири чиновниктер турганын тарых барактары тандырбайт. "Факт - бул өжөр нерсе" - деп В.И.Ленин айткандай, айрымдарынын аты-жөнүн белгилеп кетели. Эгемендүүлүктүн алгачкы учурунда Ү.Сыдыков Кыргызстан Компартиясын жана "Дан-Азыкты" башкарганын, Ф.Куловдун борбор калаабыздын коменданттыгынан вице-президенттик кызматка чейин аркалаганын, К.Бакиев акимчиликтен премьер-министрликке чейин көтөрүлгөнүн эске алсак, алардын эч качан А.Акаевдин кадры болгон эмеспиз дегени суу кошпогон нукура жалганчылык экенине ким каршы турат? Буга окшогон чиновниктердин оппозициядагы лидерлердин көпчүлүгү А.Акаевди "жалгыз акылман" катары даңазалаганын калкыбыз деле тандырбайт. Алардын майкөл-сүткөл кызматынан ажырагандан кийин "эл камын ойлогон революционер" катары санагандар өздөрүнүн түркөйлүгүн, кошоматчылыгын көргөзүп, чындыкты бурмалап жаткан жокпу? Ачык айтууга туура келет, алар колдорунан чыгып кеткен мансабын элдин күчү менен кайрып алуу үчүн гана оппозицияга кошулушкан жана ошол учурда эле элди жаңы конушка ээ кылабыз, айрымдарыңарды жогорку кызматка көтөрөбүз, ал түгүл максат ишке ашса, борбор калаа силердин колуңарда болот дегенге чейинки убадалардын берилгени эл оозунда бекеринен айтылбаса керек?! Бул 2005-жылдын 24-мартындагы төңкөрүштү ушундан улам "жогоркулардын аргасыз жасаган кадамы", эгерде булар мындай аракетти озунуп жасабаса, үй-бүлөлүк бийликти сактап калуу мүмкүн эместигин жакшы билишкен, бул кырдаал элибиздин "хандын башын хан жутат…" -деген кебинин чындык экендигин тастыктап берди. Ошентип, бул төңкөрүш "жогорку ак сөөктөрдүн" кызыкчылыгын көздөгөндүктөн, калкыбыздын кызыкчылыгына, күткөн үмүт-тилегине шайкеш келбей калган.
Элдин толкундоосуна бийлик себепкер
Үй-бүлөлүк бийлик кулаган менен грек мифиндеги ажыдаардын башын кессе, анын ордуна "эки баш" өсүп чыккандай болду. Үй-бүлөлүк башкаруу өркүндөтүлүп, ага кландык башкаруу айкаштырылды. Бийликти сынга алгандарды атайын тапшырмалар аркылуу "көзүн тазалоо" мамлекетибизде көндүм адаттагы көрүнүш болуп калды. Алар алгач кечээ эле "өнөктөштөрү" болгондордон баштаган эле, себеби бакиевчилер үчүн "чындыкты билген адамдар эң коркунучтуу" болгон.
Өлкөнүн бүтүндүүлүгүнө доо кеткен, Каркыра жайлоосу казактарга кетсе, Арпа жана Ак-Сай аймагында бажыканага шылтоо жасап, кытайлыктар курулуш иштерин баштаган. Ишкерлер эки тараптуу "салык" төлөшсө, стратегиялык маанидеги ишканаларды жең ичинен сатууга камылга көрүлгөн. Ал эми жалпы кыргыз эли саясий-экономикалык кризиске тушугуп, социалдык муктаждык өз апогейине жеткен. Мамлекетти башкаруу мүмкүн болбой калгандыктан, алар бийлигин сактап калууга баарына кайыл болчу. Бийлик реформа жолу менен үй-бүлөлүк жана кландык башкарууну жоюу, же диктатордук зөөкүр бийликти чыңдоо керек эле. Бакиевчилер жана анын саясий технологдору экинчи жолду тандап алышкан.
Өлкөдө революциялык кырдаал бышып-жетилгенине туура баа бере алышпады. Элдин үрөйүн күч колдонуу менен учуруп, "ишеничсиз" күчтөрдү репрессия жасоо жолу аркылуу бийликти бекемдеп калабыз деген жалган ишеними акталган жок. Оппозициянын лидерлерин камап, элдик кыймылды шал канат кылуу үмүттөрү таш капты. Ансыз да бийликтин зөөкүрлүгүнө кыжырланган эл көтөрүлүп чыгууга шылтоо издеп турганда, алардын мындай аракеттери отко май чачкандай болду. Эл лидерлерсиз эле стихиялык мүнөздө күрөшкө өздөрү чыгышты. Ак үй элди мөндүрлөгөн ок менен тосуп алганына карабастан "түгөнгөн сайын түтөп, кырылган сайын күчөп", бийликти тизе бүктүргөн.
Эки төңкөрүштүн өзгөчөлүктөрү эмнеде?
Ушул жерде 2005-жылдын 24-мартындагы төңкөрүштөн 2010-жылдагы 7-апрелдеги төңкөрүштүн өзгөчөлүгү эмнеде? - деген суроолор болушу мүмкүн. Бул жерде айрым сырткы окшоштуктар бар экендигин танууга мүмкүн эмес. Эки төңкөрүштү тең ишке ашырган карапайым калк болгон, бирок экинчи төңкөрүштө гегемондук (кыймылдаткыч) күчү жалпы кыргыз эли болгон. Төңкөрүштү мурдагыдай бир регион өзүнө менчиктеп алган эмес.
Дагы бир эске алынуучу нерсе, өткөндөн тажрыйба алып калган эл борбор шаарыбызда ири морадёрлукка жол берген жок. Ошол кездеги оппозиция эч кимге жаңы конуш бөлүп берүүгө, кызматка орноштурууга соодалашпаган. Бардыгын мыйзам жолунда чечүү зарылдыгын элге жеткирүүгө далаалат жасашкан. Ошого карабастан, көндүм адат менен жер басып алууга аракеттер жасалган, бирок жаңы бийлик буга каршы чечкиндүү чара көрүп, ушундан кийин мындай иш үчүн жоопкерчилик бар экендигине эл ынанган.
Айрымдар Убактылуу Өкмөт жер-жерлерде өз адамдарын ишке жайгаштырууга умтулганын далил катары көргөзүшөр. Бул чындыкты эч ким төгүнгө чыгарбайт, ал эми аткаруу бийлигине ушул жол менен келгендердин басымдуу бөлүгү Убактылуу Өкмөт бийликтен кеткенде кошо кызматтан "шыпырылганын", "атына жараша заты" дегендей алар дагы "убактылуу кызмат" болгонуна күбө болуп отурбайбызбы?!
Мамлекетибиз чыныгы демократиялык жолго кадам жасоого муктаж. Бул багытта даңгыр жолду таап чыгуу азыркы бийлик үчүн оңойго турбайт. Серепчилердин бир кыйла бөлүгү АКШнын, айрымдары Европа өлкөлөрүнүн, кээ бири "чыгыш ажыдаарларынын" үлгүсүндө болушу керектигин белгилеп келишет. Бул багытта Кыргызстандын булардын биринин "клону" катары көргүсү келет. Ушундан улам, мурдагы оппозиция азыркы күндө бири-бирине күндөштөрдүн балдарындай мамиле жасаганга өтүштү. Ушул жерде алар калкыбыздын менталитетине, көндүм адаттарына, үрп-адаттарына, түшүнүк деңгээлине, ишенимине жана дүйнөгө көз карашына баа бербегендигине ынанасың. Кыргызды канчалык таңууласак да алардан орус, англичанин, немец же башка улут кылып кайрадан жарата албасыбызды ачык айталы. Андыктан, ата-бабаларыбыздын демократиялык багыттары менен дүйнөлүк демократиянын сабактарын айкалыштырып, элибиздин табитине, кулк-мүнөзүнө туура келер жолду табуу маанилүү. Бирөөлөрдү туураган элдин өнүп-өскөнүн, мамлекеттердин саясий-социалдык жана экономикалык жактан бийик деңгээлге көтөрүлгөнүн кимибиз тарыхый жактан далилдей алабыз? Бул дегеле мүмкүн эмес. Демек, мыйзамдарыбызды көрүнгөн жерден көчүргөнчө, эң алгач эл мүдөөсүнө жакын улуттук идеологиябызды түзүү жана ага ылайык Башкы мыйзамды кабыл алууну ойлонсок.
Жогорудагы келтирилген айрым аргументтерден улам, президентибиз Р.Отунбаеванын "Апрель элдик революциясынын бир жылдыгын белгилөө жөнүндө" жарлыгы учурдагы туура чечим катары карасак болот. Ошол эле учурда бийликтин бутактары өлкөбүздө болуп өткөн эки төңкөрүш боюнча өздөрүнүн саясий баасын берүүгө тийиш. Ансыз эски бийликтин өкүлдөрү менен жаңы бийликтегилердин күрөшү тымызын жүрө берет, бул "жай жарылуучу бомбадай" эртеби-кечпи, элибиздин ынтымагына терс таасирин тийгизиши мүмкүн.
Эртабылды АТТОКУРОВ