Шоу маек…
Дмитрий Жумалиев, ырчы:
"Ырчы болууну каалаган эмесмин…"
Кыргыз шоу-бизнесиндеги жаш мырзалардын катарын толуктап, өзүнүн мукамдуу үнү менен аз убакыттын ичинде сахнадан өз ордун таап, күйөрман топтоого жетишкен жаш ырчы Дмитрий Жумалиев менен баарлаштык
- Ырчы болуу бала кезиңден бери келе жаткан тилегиң беле же атаң чыгармачыл адам болгон үчүн эле ыр дүйнөсүнө аралашып калдыңбы?
- Бала кезде адам көп нерсеге жетсем деп кыялдана берет эмеспи. Мен дагы башка балдар сыяктуу эле бала кезимде көп кесиптин ээси болгонду кыялданчумун. Бирок баары адам баласы ойлогондой боло бербейт экен. Кудай кимге кандай талант, шык-жөндөм берсе, ошого жараша кесипке ээ болот экенсиң. Кийин чоңоюп, эс тарта баштагандан тартып, ыр дүйнөсүнө жакын боло баштадым. Ырдаганды аябай жакшы көрчүмүн. Бирок ырчы болууну каалаган эмесмин. Ал эми атамдын оюн айтсам, атам өзү чыгармачыл адам болсо да, менин ырчы болушумду башында каалаган эмес. Анткени өзү чыгармачылыктын түйшүгүн далай тартып калган да. Бирок ичтеги оргуштаган талант, жан дүйнөгө тынчтык бербей, акыры музыка дүйнөсүнө кадам таштоомо түрткү болду. Чынында, музыка укканды аябай жакшы көрөм. Лучиано Паваротти, Андреа Бочелли, Этторе Бастианини, Лео Нуччи ж.б. классиктердин музыкаларын угуп жүрүп, классикалык музыкага абдан кызыктым. Анан кызыгуум күч алып отуруп, А. Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынын солисти баритон Эмиль Өмүров агайдан 15 жолу вокалдан сабак алдым. Эмиль агайдан сабак алгандан кийин менин жан дүйнөм музыка деп согорун түшүнүп, КРПБАдагы окуумду таштап, Улуттук Консерваторияга тапшырдым. Учурда Улуттук Консерваторияда классикалык вокал бөлүмүндө окуйм.
- Сахнада дайым атаандаштык күч болот эмеспи. Өзүң теңдүү жаш ырчылардын көбөйүүсүнөн чочулабайсыңбы?
- Туура. Учурда ыр дүйнөсүнө кадам таштап, өз талантын элге тартуулап жаткан жаштар көп. Менимче, сахнада ар кимдин өзүнүн орду, талантын баалаган күйөрмандары болот. Чынын айтсам, атаандаштык жөнүндө ойлоно элекмин. Менин оюмча, адамдын эң башкы атаандашы ал - өзү…
- Сахнага кандай максат менен кадам койдуң. Атакка жетүү үчүнбү, же акча табуу максатындабы, же ички дүйнөңдөн оргуштап чыккан талантты элге жеткирүү үчүнбү?
- Сахнага өзүмдүн жүрөгүм каалаган ишти аткаруу үчүн кадам койдум десем болот. Менин максатым ырдын арты менен байлык, акча топтоо, же элге көрүнүү, атак күтүү эмес. Бир сөз менен айтканда, жөн гана эл астында ырдагым келет.
- Элдин купулуна толгон, мыкты ырчы болуу үчүн кандай аракеттер керек экен?
- Сахнага чыккан аз убакыттын ичинде бүтүндөй калктын сыноосунан өтүп, купулуна толдум деп айтуудан алысмын. Элибизде: "Бир пайыз талант, токсон тогуз пайыз эмгек" - деген жакшы сөз бар эмеспи. Анын сыңары элдин элегинен өтүү үчүн эң башкысы эмгектенүү керек деп ойлойм. Мен азыр жашмын. Жаңы гана чыгармачылыгымды баштадым. Элиме кыла турган кызматым алдыда. Чыныгы чыгармачыл адам калк таразасынан өмүр бою өтөт деген пикирдемин.
- Бүгүнкү кыргыз эстрадасынын абалына берген бааң?
- Азыркы эстрадабыздын абалына баа бергенден алысмын. Бааны эл берет. Баарына калк тараза, калк калыс. Элдин сынынан өткөн сын жок болсо керек деп ойлойм.
- Өз атың Дмитрийби? Же биздин айрым ырчы мырзалар сыяктуу сахнага чыкканда өзгөртүп алдың беле?
- Өз атым Дмитрий, кыскача Дима. Мен Москвада төрөлгөм. Ал эми атымды болсо, атамдын эң жакын досу, Орусиянын эл артисти, актёр Дмитрий Певцов: "Пусть будет Дмитрий младший"- деп өзүнүн атынан коюптур.
- Кандай мырзалардын катарын толуктайсың?
- Өзүмө өзүм баа бере да, сындай да албайм. Ар бир адам өзүнүн жакшы жактарын көбүрөөк көрүп, жаман жактарын билип турса да мойнуна алгысы келбейт эмеспи. Ошол үчүн менин кандай адам экенимди менин жакындарым, тааныштарым айтса туура болот го деп ойлойм.
Маектешкен
Жаркынай КАДЫРКУЛОВА