Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

  Баратбай АРАКЕЕВ

Кандуу жылдар
...Эми мындай жигиттердин жылуу кучагы буюрбайт го... Эмнеге буюрбайт экен, эмне өң десе өңү бар, сөз десе сөзү бар... Шалдыраган күйөөгө чыксам эле баамды төмөндөтпөйүнчү..." Сонундун ою улам тереңдеп отуруп бу жолдон көзүн албай тайгак жолдо машинасын зуулдаткан жигиттин койнунда балыктай туйлап балкыган абалына чейин элестеп жиберди. Денесине бир жагымдуу жылуулук, элирүү келди. Дал ошол маалда үн катпай келаткан жигит:
- Эжеке, сүйлөй отурбайсызбы? - деп аны карап жылмайды эле, Сонун шашып калып:
- Сендей татына жигитке сөз сүйлөш кыйын эмеспи, - деп оозуна келе калган сөздү айтты.
- Тескерисинче, сиздей келишимдүү аялзатына сөз айткандан коркуп баратам. Бир көргөндө эле татына келбетиңиз адамды суктандырып салат экен. Жомоктогу периштелерден эмессизби?
Жигит ушул сөзү менен Сонундун мактоону сүйгөн мүнөзүнүн да үстүнөн түшпөдүбү, кудай берип эле салды. Өзүнөн сулуу, жаш кызды көргөндө итатайы тутулуп, өңү сертирек аялзаты менен турса өзүн жылдыз арасынан көрчү, бөтөнчө анын татына өңүн айтып койгон немеге жанын бере жаздачу Сонун жигиттин бу сөзүнөн кийин эрип кете жаздады. Эмне деп сөз улантарын билбей, бу жигит дагы да сүйлөсө экен, жанды койбой тийишсе экен деп самап турду. Жигит анын оюн билгендей:
- Эжеке, атыңызды айтсаңыз, өмүр өткөнчө болбосо да далай жыл суктана айтып жүрөйүн.
- Атым Сонун, а өзүңдүкүчү?
- Менин атым Автандил.
- Затыңа жарашкан жакшы ат экен.
- Меники эмес, сиздин ат затыңызга дал келет экен. Сонун эжеке. Эми чүрөктөй аялзатын көргөндө дайым сизди эстеп жүрмөк болдум окшойт. "Мен да сени эстеп жүрөм" деп айтып ала жаздаган Сонун кайра кармана калды. Сонун өз абалына келди - көздөрү моймолжуп, эрдинин чети аздап тиштелип кайра кое берилип, жигитти жароокер карады:
- Эстеп эле жүрбөй, салам айта да жүр.
- Анда мен сизге чексиз ыраазымын, эжеке.
- Жашырын болбосо, кайда иштейсиң?
- Эмнеге жашыруун болсун. Бизнес жасайм.
- Бүлөң барбы?
- Болчу.
- Ажырашып кеттиң беле?
- Көп жыл болду. Менин миллиондорумду короткондон башка эч нерсе билчү эмес.
Жигиттин жообунан Сонун үчүн эки сонун нерсе бар эле: биринчиден, бу жигит бойдок экен, экинчиден, мурунку аялы миллиондорду коротуп жүрсө чириген бай тура. Ушундай жигитке кайырмак илбесе кимге илет?
- Эжеке, мен сизди кайдан табам?
- Мени издебе, ниетиң болсо адресиңди бер, мен өзүм таап алам. Сенин шагыңды сындырбайын... Байкашымда дурус элесиң го...
- Рахмат, эжеке, - жигит бу жерде жашайм, иштейм деп адресин бербеди.
Аркы-теркиден сүйлөшүп, ал ансайын Сонун жигитке жакын болуп, бериле жаздап калганда шаарга кирип келишти. Жигиттин сунушу менен экөө бир жакшы кафеге отуруп тамак ичишти. Сонун бир-эки ирет арактан да сокту, рулда экенин айтып жигит ичпеди. Эки рюмка ичине кирип көңүлү ого бетер көтөрүлгөн Сонун өзүн бу жигиттин өлө-тала арзыган адамындай сезип каш какканы менен көз сүзгөнү көбөйүп, "кунаажын көзүн сүзбөсө, балээ бука кайдан жибин үзөт" болуп баратты. Жигит рюмканы дагы эки ирет толтурду. Андан кийин экөө ушул күндү бирге өткөрүшмөй болду. Азыр Сонунга баары бир эле, ушул келишимдүү жигиттин жанында болуудан өткөн жыргал жоктой көрүндү. Жигит бу чоң шаардын көптөгөн көчөлөрү менен машинасын зуулдата айдап жалаң жалгыз үйлөрдөн турган көчөдөгү бир үйдүн ачык көк дарбазасын качыра токтоп, сигнал берди эле аз өтпөй дарбаза кенен ачылып машина короого киргенде кайра жабылды.
Жигит Сонунду сыпаа, этият колтуктай үйгө киргизип, төркү үйдөгү дивандан орун көрсөттү. Аз өтпөй ортодогу стол тамакка толду. Баарын ташып, кирип чыккан бир сулуу кыз Сонунду столго чакырды. Сыртка чыгып кеткен жигит да келди. Сонун үчүн кафеден башталган жыргалы бу жерден уланды. Жанагы кыз чай, суусундук, арак куюп тейлеп жатат. Бир маалда Сонундун көзү сүзүлүп, отурган жеринен оңкодон сайылмай болду эле, тейлеп жүргөн кыз сүйөй калды. Жигит ордунан туруп кыз экөөлөп Сонунду колтуктап ала сүйрөп короодогу машинанын арткы орундугуна отургузушту. Жанына кыз отурду кийинип чыгып. Шалкылдай наркы-терки оогон Сонунду кучактай кармады кыз. Жигит машинаны айдап жанагы келген жолу менен түз Сонундун айылын көздөй айдап, айылга жете бербеген жолдон жарым чакырымдай обочо жердеги көрүстөндөрдү көздөй бурду да, анын четине барып токтоду. Көрүстөндүн тоо жак четинде бүгүн коюлчу көрдү казып даярдап коюп, сөөк ээси кеңири апкелип берген самогондон айда согушуп бака-шака карта чаап жаткан алты неме келген машинаны байкашкан да жок. Жигит менен кыз Сонунду машиненин ичинен энеден туума жылаңачтап жиберишип, тирүү болгону менен эс оодарчу дарыны жана үйдөн кыздын колу менен чайга кошулуп жакшы ичкен немени суналта сүйрөп эки көрүстөндүн ортосуна алпарып, адамдык кылып кашемир пальтосун алдына сала жаткырышты. Калган кийимдерин жолдо келатып машинадан ыргытып салышты...
Сонун түш көрдү. Кайыкта бараткан. Бир маалда кайык коңторулуп учуп кетти. Суу аябай муздак экен, аябай үшүйт. Жанталашып чабак уруп, жээкке жөнөдү. Жээкте котолоп эл батпайт. Бирдемелерди айтып кужулдашып жатат. Кай бири тилдеп жаткандай да көрүнөт...





Асыкбек ОМОРОВ
УЛУУ ЭМИР ТИМУРДУН ИМПЕРИЯСЫ
...Эмир Камар ад-Дин (?-1390-ж.) Камар ад-Дин 1368-1390-Маймыл, Жылкы жылдарына чейин Моголстандагы абройлуу эмир болгон. Ал бийликте турганда Моголстан аймагын түндүк Кыргызстанды кошуп, батышын Сыр дарыяга чейин, чыгышын Или дайрасына чейин кеңейтүүгө аракет кылган. Ал 1365-Жылан жылы бир тууганы Шамс ад-Дин менен бирдикте Туглук-Тимурдун уулу Ильяс-Ходжаны өлтүрүп, агасы Шамс ад-Динди бийлик тактысына отургузган. Ошол убактан баштап кош бийликти колуна алып Моголстан бийлигин жүргүзө баштаган. Орто кылымдын 1371-Каман жылынан баштап Камар ад-Дин Эмир Темирландын аймактарына жүрүш жасап, ал эми эмир Темирлан Камар ад-Динге каршы жортуул жасап, согуш бир топ жылдарга чейин уланып эч натыйжа берген эмес. Көпчүлүк учурда Камар ад-Дин Темирландан жеңилип бара жатканда кайра чыгышты карай качып кетип, ыңгайы келгенде кайра Темирланга согуш ача берген.
Темирлан Токтомуш ханга каршы согушканда да Камар ад-Дин Ак Ордого жакын жерлерде Токтомушка жардам бербеген. Бирок жалпы жагдай ушундай болсо дагы Темирлан Моголстанга Камар ад-Динге каршы жортуулдарды уюштура берген, натыйжада анын бийлигин бейпил улантууга чоң кедерги болгон.
Темирландын Моголстан мамлекетин багындырып өз ээлигине кошуу жана анын башында турган Эмир Камар ад-Динди баш ийдирүү үчүн жүргүзгөн тынымсыз согуштук саясатынын натыйжасында Моголстан мамлекетинде Камар ад-Диндин бийлиги акырындык менен ыдырап, бүлгүнгө учураган. Мунун натыйжасында айрым уруулар өз алдынча ээликтерди түзүшүп, Камар ад-Диндин бийлигин таануудан баш тартышкан. Ошентип, Камар ад-Дин өзүнүн чыныгы бийлигинен ажыраган жана Темирландын аскерлери жанын койбой, сары изине чөп салып сая түшкөнүнө байланыштуу Эртыш аймагына чегинүүгө аргасыз болгон.
Камар ад-Дин 1390-жылкы жылында Темирландын кезектеги аскердик жортуулунан Эртыш дайрасын кечип өтүп, Алтай жергесиндеги Түлөс аймагына качып барып, ошол жерден жарык дүйнө менен коштошкон.
Хызыр-Ходжа хан (?-1399-ж) Кезектеги Моголстан ханын баяндоодон мурун ушул хан көтөрүлгөн аймак тууралуу түшүнүк бере кетели. Моголстандын түштүк-батышы "Мангалай-Сүбө" (Күнөстүү аймак) деп аталып келген. Бул аймак тууралуу Мухаммед Хайдар төмөнкүдөй маалыматтарды берет: "Анын чыгыш чети Кусан (Куча) жана Тарбукур; батышы -Шаш (Ташкен), Газ жана Жакишман, акыркысы болсо Фергана аймагына жайгашкан, түндүк чеги Ысык-Көл, түштүгү Жорхан жана Сары-Уйгур менен чектелет. Эмир Пуладчы ээлеген аймактардын бардыгын жалпы жонунан Мангалай-Сүбө деп атаган. Ошол Мангалай-Сүбөдө бир нече шаарлар болгон. Алардын ичине Кашгар, Хоган, Аксыкент, Жаркен, Анжыян, Аксуу, Ат-Башы кусан шаарлары кирген. Аксуу ордо калаа катары тандалган.
Фергана өрөөнү Темирландын бийлигинен кийин шейбанилердин колуна өткөн. Ташкенге чейинки мейкиндик XIV кылымдын экинчи жарымына чейин Ак-Ордонун, андан кийин Темирландын империясына кирген. Ошентип, Мангалай-Сүбөгө Чыгыш Фергана, Чыгыш Түркестандын батыш бөлүгү, түндүгүнөн болсо Ысык-Көлгө чейин жерлер кирген.
Мангалай-Сүбө аймагынын феодалдык төбөлдөрү жана алардын башында турган мамлекеттин улус беги Худайдаттын, Эмир Темирландын Моголстан эмири Камар ад-Динге каршы жүргүзгөн согушунун натыйжасында алсыраган Моголстан мамлекетинин хандыгына Туглук-Тимурдун уулу Хызыр-Ходжаны дайындашкан.
Мухаммед-Хайдардын маалыматына караганда Камар ад-Дин менен Темирландын согуш убагында ымыркай Хызыр-Ходжа Бадахшан менен Какшаал тоолорунда эч кимге көргөзүлбөй жашыруун багылган. Кийин Камар ад-Дин көз жумгандан кийин эр жетип калганда теги бар дешип Хызыр-Ходжаны хан көтөрүшкөн. Моголстан мамлекетинин эл арасында анча таасири болбосо дагы 1390-жылкы жылынан баштап жамандыр-жакшыдыр өз бийлигин жүргүзгөн. Камар ад-Динге караганда Хызыр-Ходжанын бийлиги эл арасында реалдуу болгон.
Рашид-ад-Дин "Тарих-и Рашиди" деген чыгармасында мындай деп жазып кеткен: "Эл Камар ад-Диндин бийлик учурунда жабыр тарткан, ал эми Темирдин зордугунан жабыр тарткан эл болсо да жалпы элге тартипти орноткон". Ал эми Низам ад-Дин Жаминин маалыматында: "Хызыр-Ходжа таасирдүү аскер күчтөрүнө ээ болуп, акырындык менен аймактагы феодалдык-уруулук төбөлдөрдү өз кол алдына баш ийдире алган" деп айтылат.
Хызыр-Ходжа алгачкы бийлик учурунда Темирланды тааный тургандыгын билдирген эмес. Качан гана Могол улусундагы бийлик толугу менен кол алдына топтогондон кийин, Эмир Темирландын сарайына аманат жиберип анын бийлигин тааный тургандыгын билдирген. Мындай кабар күтпөгөн Темирлан 1390-Жылкы жылдарында Хызыр-Ходжага өзүнүн колдоосун көрсөткөн. Өз ара келишимдин натыйжасында көп элдердин аманчылыгы сакталган жана мал чыгашага учураган эмес. Хызыр-Ходжа дагы Темирландын колдоосуна таянып...
Чыгарма боюнча кызыккан суроолорго: 0772-411-357 байланыш телефону аркылуу автор жооп берет.