Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Билим - ийне менен эмес, акча менен кудук казгандай...
Кыргыз Республикасынын Президенти Р.Отунбаевага,
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаевге,
Билим берүү жана илим министри К.Садыковго,
"Фабула" гезитинин башкы редактору Э. Балбаковго

КАЙРЫЛУУ

Каракол шаарындагы К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин окутуучулар жана студенттер жамаатынын атынан Сиздерге ушул кайрылууну жазууга аргасыз болдук. Канча жылдан бери биздин университеттин айланасындагы ызы-чуу басылбай, анын кесепетинен эмгек коллективинин ынтымагы ыдырап, билим берүүнүн сапаты улам барган сайын төмөндөөнүн гана үстүндө.
Азыр окуу жайыбызда моралдык-психологиялык абал өтө начар. Айрыкча студенттердин нааразычылыгы күчөөдө. "Учкундан жалын тутанбаса" эле болду. 2010-жылдын 7-декабрында университеттин бир топ студенттери ректор К.Абдылдаевге киришип, өздөрүнүн дооматтарын айтышкан эле. Алар: "контракттын баасын эки бөлүп төлөөгө уруксат бериңиз, жаңы жылга чейин аны толук төлөй албайбыз, ата-энелерибиз ансыз да кыйналып жатышат, окуу аяктаганга чейин толук төлөп кутулабыз, биздин шартыбызга түшүнүңүз", - деп жардам сурап кайрылышкан. Студенттердин бул талабы тууралуу маалымат областтык телерадио компаниясы аркылуу эфирге кеткен. Тилекке каршы, К.Абдылдаев жетекчинин этикасына жатпаган сөздөр менен ашата сөгүп, милиция чакыртып, "мен силерди соттотом, силерди түрткөндөр бар" - деп студенттерди кабинетинен кууп салган.
"Ач бала ток бала менен ойнобойт" деген ушул да. Өзү 50 миң сомго чейин айлык алса, анан кантип студенттердин мөгдүрөп жардам сурап келгендеги абалын түшүнмөк эле. Студенттердин укугун көз көрүнөө тебелеген ректордон эмнени күтүүгө болот? Ага каршы сөз айткандарга эле атырылып тиймей адаты бар экен. "Мени эч нерсе кыла албайсыңар. Отунбаева, Каптагаев, Атамбаев турганда итим чөп жегени чөп жеген, мени Роза Отунбаева өзү колдойт. Билген намазыңарды окугула", - деп айткан сөзүн бир эмес, бир нече жолу уктук.
Окуу жылы башталгандан бери билим берүүнүн сапатына көңүл бурулбай деле калды окшойт. Биздин байкашыбызча, ал ушул кезде "эки тизгин, бир чылбырды" колуна бекем кармап, чамгарактап жүрөт. Бир эле учурда эки жогорку окуу жайын жетектейт. Мурда иштеп кеткен К.Алышпаев атындагы кооперация институтунун учредители, демек, ансыз ал жердегилер баш көтөрүшүп, өз алдыларынча иш жүргүзө алышпайт. Ошол жагдайдан улам, ЫМУдан окуудан чыгарылган, же ЫМУга өтпөй калган студенттер менен абитуриенттерди кооперация институтуна жөнөтүп, өзүн-өзү билип өтүгүн төргө илүүдө. Университеттин тарыхында болбогон жок жосунду да К.Абдылдаевден үйрөнсөк болчудай болуп калды. "Каныкей" ресторанынан ректордун ордун майлады.
Коррупция күч алды, эгерде анын терең жайган тамыры кыркылбаса, анда окуу жайдын келечеги кандай болот, түшүнүп болбойт. К.Абдылдаев жанына жалаң тааныштарын, интригандарды топтоп алды. К.Шаршеев, Ч.Ажыбеков, С.Жолдошев, М.Садыров ж.б. коллективди жаатташтыруунун гана үстүндө. Арызчыл, бир жерде туруктуу иштебеген тарых илимдеринин кандидаты С.Жолдошевди К.Абдылдаев экономика жана менеджмент институтуна директор кылып дайындап салды. Экономика, менеджмент эмне экенин эч түшүнбөгөн чала сабат кандидат окуу жайдын жүрөгү болгон институтту кантип башкарат деп башыбыз катат. С.Жолдошев иштин көзүн тааныбаганы менен, паракорчулукту өркүндөтүү жагынан алдына киши салдырбай калды. Институттун сырттан окуу бөлүмүндө окуган студенттерден экзамен тапшырууга, лекцияларга катыштырууга улуксат берүү үчүн алардын ар биринен 500 сомдон чогултууга киришти. Ал эми практикага жолдомо берүү үчүн да ар бир студенттен 500 сомдон чогултуп алышат. Мунун баары ачык эле, көз көрүнөө жасалууда. Тарых сабагынан мамлекеттик экзамендерин тапшыра албай калган студенттер 5000 сомдон беришсе, аларды арткы число менен экзамен тапшырды деп жалган документтерди жасашкан. Мисалы, Азамат Исаев (3фк.-22 группа), Нарынбекова Махабат (3БА-22 группа) ж.б. Жетим балдарга мурда 100 пайыз жеңилдиктер бар болчу, азыр мунун баары толук жоюлду. Күндүзгү бөлүмдөн окуган студенттерден да калтырылган лекциялардын ордун толукташ керек деген шылтоо менен 500 сомдон акча чогултулат. Мындай паракорчулук азыр дээрлик бардык факультеттерде тамырын кенен жая баштады. Мисалы, катары менен 2-3 сабагынан экзамен тапшыра албай калган студенттин ар бир окутуучуларга 2 миң 500 сомдон, ал эми 5 зачетун тапшырбагандар 5 миң сомдон акча санап бербесе аларды окуудан чыгарабыз деп коркутушат. Экономика жана менеджмент институтунун башка факультеттерге которулабыз деген студенттерден С.Жолдошев уялбай эле 3000 сомдон чогултуп алат. Өндүрүштүк практикаларын коргоочу студенттердин ар биринен И.Гулевцов менен Шаршеев Марлес (Шаршеевдин баласы, экономика институтунда сырттан окуу бөлүмүн жетектейт) 500 сомдон чогултуп алууну адатка айлантышып алышты. "Бул акчалардын баарын өзүбүз албайбыз, мен С.Жолдошевге берем, ал ректорго, ректор болсо министр менен бөлүшөт" - дейт И.Гулевцов жана Шаршеев Марлес.
2010-окуу жылында республикалык тестирлөөдөн мүдүрүлбөй өтүшкөн студенттерди бюджетке эмес, контракттык негизде кабыл алышып, алардын ордун акча бергендерге тартып берди, мында да будамайлар көп болду. Ачык айтканда, күндүзгү бөлүмгө контракт аркылуу өткөндөрдөн 10 миң сомдон, ал эми бюджет аркылуу окууга кабыл алынуучулардан 40 миң сомдон акча жыйнап алышты. Республикалык тестирлөө аркылуу жогорку балл алгандарды окууга кабыл алышпай, акча бергендерди кабыл алышты. Ошондуктан былтыркы жылдагы кабыл алуу комиссиясынын ишин кайра текшертип берүүңүздү өтүнөбүз. Будаланган, ал тургай биз билбеген көп фактылардын чыгарына кепил болуп бере алабыз.
К. Абдылдаевдин ректор болгонуна аз гана ай болгонуна карабай, студенттер аны "кетсин!" деп кыйкырып чыгышкандары бекеринен эмес. Мурда студенттер саясатка, окуу жайдын ички, тышкы турмушуна аралашчу эмес эле. Бул фактылардын акыры жакшылыкка алып келбейт. Балким, К.Абдылдаевдин колдогон кожосу күчтүүдүр. Анын нечен түрдүү, акча, кызмат десе жантыгынан жата калган айла-амалдарына ишенсек болот.
Эгерде К. Абдылдаевдин тизгинин азыртан какпасак, анда Ысык-Көлдөгү жогорку окуу жайларынын көч башы болгон университетти жоготуп алабыз. Коррупциянын тамыры улам кенен жайыла берет.
К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин жамаатынын жана студенттердин ата-энелеринин атынан:
Каныметов А., Оморов С., Кожобеков Б., Бейшембиев Р., Аскарбеков К., Чойбеков Р., Кудайбердиев О., Ашубаев А., Шакирова Б., Шаршембиева М., Калдыбаева Г., Макеев Б., Жайнаков М., Кыдыкбаев С., Ташпаева Р., Мукашова К., жана башка 80ден ашык адамдын колу коюлган.






  Жан дүйнө жаңырыгы!..

Кыз текелер
(пародия)
Э.Аттокуровдун "Эркектерге кеңеш" ырына ("Форум №0095)

Эркектерге эркектер кеңеш бербейт,
Эркектерче айтканда себептер көп.
Кеңеш менен жашаган "тебетейлер",
Кемпиринен башка ишке керектелбейт.

Эркектер эр сайышта, эр эңиште,
Эр жигит дайым жүрөт эрегиште.
Экөөбүз "эркектана" дегенденбиз,
Эгем бир бүдүр берген денебизге.

Жанагы сен эркек деп тергегендер,
"Жепутат" боло калып жем жегендер.
Мырза десе мышыктай керилишип,
"Мыдыры" бары-жогун көрбөгөндөр.

Ажылдашса Ак үйдү үч көтөрө,
Арасында бирөө жок жүк көтөрөр.
Сала албаган турмушту бир нугуна,
Саясатта сасыткы, кыз текелер.

Кадырбек Керимбаев (Саяковский) Токтогул району, Торкен айылы.
Асыл жар
Кадыркеч, сезим ачкычы.
Капкалуу шаар башчысы.
Тагдырга шерик - асыл жар -
Түбөлүк жандын бактысы.
Жароокер, муңдаш, асылың,
Жашоодо жалгыз жакының.
Өчүрбөй өңүн муунуңдун
Өмүргө сүрткөн жашылын.

Бир батып турмуш сазына,
Бир бүрдөп жашоо жазында,
Албетте, ар кыл кыялдуу
Асыл жар - алтын казына.

Аппак бекет
Ээн түздүк.
Элдүү жерден алтымыштай
чакырым.
Көрктүү, бийик,
тоолор курчап,
бул бекетти
бөлүп салган,
жашыруун.

Мына бул - аппак бекет.
үч гана там
төрт үй-бүлө
жолдо иштешет.
Жаз жаанында -
ой чуңкурун түзөтүп,
кышта кардан арылтып,
жолчу жолду -
туруу керек күзөтүп.
Жолдор, жолдор
Кан тамыр.
Бул кан жолдон өтүп турат адамдар
Айрымы ойлойт
көбү болбойт мында ою
Жолдо иштеген сары чапан адам бар.
Мына бул - аппак бекет.
Машиналар жолдон чубап
өтсө көп
Кырсыгы жок,
Кыйшыгы жок
Жетсе деп
Төрт мезгилде,
төрт үй-бүлө
тилек кылат.
Мына бул - аппак бекет.
Касымов Алтымыш,
Кочкор району.

Алдым-жуттум,
"баягы" эле "баягылар"
Тултуйтуп уяты жок бетиңерди,
"Эл шайлады", "Элге иштейм" деп келдиңерби?
Каалаганча кайыш алсам жондорунан
Эл момун, чыдай берет дедиңерби?

Алдым-жуттум, "баягы" эле "баягылар",
Ыйман качкан, бири да жок тобо кылар.
Култулдашат, кулкулдашат кузгундай,
Эл чарчады, сакта элимди о, кудай!

Ыйманы соо элимдин,
Ыйманын таптап бүттүңөр.
Кызарбай да бозорбой,
Түтөттү кытмыр күлкүңөр.
Мадырайып, мансап күтүп турасыңар.
Кайда болсо, бүт жетчүдөй кулачыңар.
Курсак тойсо, курган пенде ушинтет,
Устун болуп, бу дүйнөнүн учугуна ким жетет.

Элимдин көз жашы ай-ааламды чапчыгансып,
Сен каяктан чыктың куюндай,
Куюндап кайра кетсеңчи,
Мушташчудай жулунбай.

Шакардай кайнап өч-кегиң,
Деги ким болот сенин түп-тегиң.
Теңир сүйгөн, тегин эмес кыргыз эл,
Тентектерин терип өтөт болуп сел.

Элди сен ойлобогун оңой деп,
Көнсөң керек, ырыскысын оңой жеп.
Тетирленсең, "пачагыңды" чыгарат,
Конгантиевдей бүт дүйнөгө "атагыңды" чыгарат.

Эй, бийлик үчүн жулунгандар,
Түлкүдөй элди алдап кубулгандар.
Келсеңерчи эсиңерге эртерээк,
Укугун улоо үчүн улуттун.
Ойлонгула! Эң биринчи Эл керек!

Эл чарчады, кеткилечи, кеткиле,
Талап-тоноп, эзе бербей кечке эле.
Эсиңе кел, эл бар үчүн сен барсың,
Эл жок болсо, тентип жүргөн бир жансың.
Кыргыз, Бишкек шаары