Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Улуу Жеңиштин 66-жылы
Анда жаз айы. "Канкор фашисттер талкаланды! Согуш биздин Жеңишибиз менен аяктады! Совет эли жеңди!" - деген кубанычтуу кабарды укканда бүткүл дүйнө эли, ар бир үй-бүлө чын көңүлдөн кубанып, көздөрүнө жаш алышкан. Андан бери арадан 66 жыл өттү. Улуу Жеңиштин алтымыш алтынчы жазы келе жатат. Бүгүн биздин баатыр элибиз эң кымбат жана толкундатуучу майрамдардын бири - Жеңиш майрамын майрамдап отурушат.

Адамзат көп эле согуштарды билет. Бирок фашисттик Германия менен болгон согушта дүйнө жүзүндөгү элдердин андан аркы тагдыры чечилип жатты. Ошондуктан жүзү кара душманга бүткүл элибиз бир адамдай тике туруп, канкорлорго жол берилбестигин, чечкиндүүлүгүн көрсөтө алышты. Мына ошондуктан өзү туулуп өскөн Ата Мекенинин эркиндиги жана көз каранды болбостугу үчүн миллиондогон совет адамдары, канын жанын да аябастан эрдиктин жана баатырдыктын бийиктиктерине карай умтулушкан.
Согуш учурунда көрсөткөн эрдиктери үчүн 10 миңдеген кыргызстандык жоокерлер орден, медалдар менен сыйланышкан. Алардын ичинен 76сы Советтер Союзунун Баатыры деген наамга татыктуу болушкан, 29 жоокерибиз "Даңк" орденинин үч баскычын тең алышкан. Алардын катарында биздин жоокерлерибиз И.В.Панфилов, Дүйшөнкул Шопоков, Чолпонбай Түлөбердиев, Н. Ананьева, Исмаилбек Таранчиев, Сатар Арзыкулов, Аширбай Коёнкөзов, М.Юнусалиев, Дайыр Асанов ж.б. болушкан. Ал эми 90 миңден ашык кыргызстандык жоокерлер согуш талаасында элим, жерим, мекеним деп кайтпай курман болушкан.
Ошолордун арасынан айрыкча токтоло турган адам мекенибиз алдында эмгеги чоң. Улуу Ата Мекендик согуштун алгачкы жылынан тартып, акыр-аягына чейин катышып, Берлиндеги Рейстагдын үстүнө Кызыл Тууну орнотууга катышкан күжүрмөн баатыр Арзыкулов Сатар Арзыкулович жөнүндө баяндамакчымын.
Арзыкулов Сатар 1921-жылы Ноокен районунун Кыла айылында туулган. Ал жаштайынан турмушка сергек карап, зирек, мээнеткеч жана аракетчил болуп өскөн. Ошондуктан 1940-жылы Жалал-Абаддагы педагогикалык окуу жайын ийгиликтүү аяктап, өзүнүн эмгек жолун Кыла мектебинде "мугалим" болуп иштөө менен баштаган. Бирок эртеңки күнүбүз кандай болушун билбейбиз деген да туура экен!
Өзүн мугалимдик кесипке даярдап жүргөн Сатар Арзыкулов, 1941-жылы Улуу Ата Макендик согуш башталып, колуна курал алып, эр азаматтар менен каргашалуу согушка кетет.
Сатар Арзыкулов согуштан кийин жазган күндөлүгүнө каргашалуу согуш жөнүндө мындайча эскерүү жазып кеткен: "…Күтүлбөгөн жерден биздин элдин тынч жашоосуна согуш ачып, бүлүк салды. 1941-жылдын 22-июнунда Улуу Ата Мекендик согуш башталды! Согуш башталгандан кийин билимдүү адамдар биринчи болуп чакырылды. Мен да ушул чакыруунун тизмесине кирген болчумун. Биз жашаган жерден эле 200дөн ашуун кайраттуу, эр жүрөк жигиттер райондун борбору Массыдагы жыйынга бардык. Ал жерден 50дөй аттарды минип алып, Оштогу уюшулган Түштүк Кыргызстан үчүн 109 атчандар дивизиясынын Куршаптагы 87 атчандар полкуна бардык. Ушул полкто элдин кызыкчылыгы үчүн иштеген эр жүрөк Рахманжан Маткалыков да бар болчу. Мен ошол полктун 2-эскадронунун пулемётный взводуна командир болдум.
Бизди күздүн акыркы айына чейин б.а., 4,5 ай мыкты даярдап, фронтко Москванын алдында салгылашууга жөнөттү. Ошол айлары немецтер Москванын туш тарабынан басып кирүүгө, аны ноябрь айларына чейин алууга аракеттенген. Маршал Жуков Борбордук фронтко Москвага башкармалык кылып турган экен. Москванын тагдыры өтө оор абалда болгон. Бул жердеги фронттун бардык участкаларында гитлерчилер менен айыгышкан күрөш жүрүп жаткан. Москванын алдында салгылашууда мен биринчи гвардиянын атчандар корпусунун 7-Кызыл Туусу полкунун 2-эскадрондун миномёттук взводунун командири болуп салгылашкам. Немецтер окту мөндүрдөй жаадырып жатты. Биз алардын мизин кайтарып, өлүмгө тике турдук.
Москвада 8-декабрь 1941-жылы Улуу контрнаступление башталып, фронт боюнча немецтерди декабрь 1941-жылы жана 1942-жылдын январь, февраль, март айларында Москвадан 150-200 км кууп талкалап таштадык. Натыйжада Москва, Резань, Тула, Калуга областтарынын элдери бошотулушту. Ронев шаарын бошотууда мага ок жаңылып, мен биринчи жолу жарадар болдум. Ошондой эле Москвадагы партиянын кандидаттыгына өттүм. Каармандыгым үчүн медаль менен сыйландым.
Сталинграддагы салгылашуу 1942-жылдын сентябрь айынан башталып, 1943-жылдын февраль айына чейин болду. Мында мен "3" атчандар корпусунун өзүнчө гвардиялык танкага каршы дивизионунда болуп, салгылаштым. Сталинграддын салгылашуусу 155 күнгө созулуп, немецтердин 300 миңдеген армиясы талкаланып, командачысы Фельд Маршал Паулус колго туткунга түшүрүлдү. Мен Сталинграддагы салгылашууда партиянын мүчөсүнө кабыл алындым. Аскердеги эрдигим үчүн орден, медаль менен сыйландым.
1943-жылдагы жайкы салгылашууда Курск дугасында, Борбордук Фронтто болуп 55 күн согуштум. Курск шаары да бошотулду. Орёл, Белград, Курск шаарларын бошоткон үчүн Москва биринчи жолу жоокер үчүн салют берген.
1943-жылдын кышкы согушунда Белорус фронтунда Маршал Ракосовскийдин жетекчилиги боюнча Белоруссияны бошоттук. Белоруссиянын Витебск, Градно, Молодечно шаарларын бошотууга катыштым. Мен мында 2 жолу жарадар болдум. Каармандыгым үчүн "Кызыл жылдыз" ордени менен сыйландым.
1944-жылдын август айларынын ичинде Батыш чек арабызды калыбына келтирип, Польша шаарына кирдик. Мен 1944-45-жылдары Польшанын, Румыниянын, Венгриянын, Чехословакиянын борбор шаарларынын элдерин бошотууга катыштым. Бул жөнүндө жогорку командачы Сталиндин ыраазычылык кагазын алганмын. (Бул кагаздар азырга чейин түбөлүк эстелик үчүн колумда сакталып турат).
Бул салгылашуулардагы эрдигим үчүн экинчи жолу "Ата Мекендик согуш" ордени менен сыйландым!"
Сатар Арзыкулов кандуу майданда жүргөн кезде өз жерин, өз элин эсинен чыгарчу эмес. Европанын талааларында согушуп жүргөн кезде Ала-Тоонун ак карлуу бийик тоолорун, мекенинин таза сууларын жана абасын эңсечү. Киндик каны төгүлгөн жерге жиберген каттарында "Мен сөзсүз кайтып келем!" Жеңиш менен келебиз!"-деп, үмүттөнүп күтүп жаткан ата-энесинин, сүйгөн кызынын көңүлүн көтөрүп турчу.
Мекен өз баатырларынын эрдигин жогору баалаган. Сатар Арзыкулов Улуу Ата Мекендик согушта фронтто көрсөткөн баатырдыгы жана каармандыгы үчүн бир канча жолу "Кызыл жылдыз" ордени, СССРдин ордендери жана медалдарына татыктуу болгон.
Арзыкулов Сатар 1945-жылдан 1946-жылга чейин Кыла мектебинде директор, 1946-жылдан 1949-жылга чейин комсомолдун Базар-Коргон райондук комитетинин биринчи секретары болуп иштеген. 1949-1951-жылдары республикалык жогорку партиялык мектепте окуган. 1951-1952-жылдары партиянын Жалал-Абад обкомунда бөлүм башчы болуп иштеген. 1952-жылдан 1955-жылга чейин партиянын Базар-Коргон райкомунун биринчи секретары болуп иштеп, иштин көзүн билген, кыраакы жетекчи катары өзүн көрсөтө алган. 1955-1957-жылдары КПСС БКнын алдындагы жогорку партиялык мектепти бүтүргөн.
С. Арзыкулов 1957-жылдан баштап, 1971-жылга чейин партиянын Жаңы-Жол, Баткен, Лейлек райкомдорунун биринчи секретары болуп иштеген. 1971-1975-жылдары Ош облустук социалдык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы болгон. Ал эми 1975-жылдан баштап ардактуу эс алууга чыкканга чейин Ноокен районундагы Рахманжан атындагы колхоздун башкармасынын председатели болуп иштеген. Ал ардактуу эс алууга чыгып эле үйдө отлтуруп албастан, Момбеков айылдык аксакалдар Кеңешинин төрагасы болуп иштеп, элдин арасында таалим-тарбиялык иштерин жүргүзүп, аларды ынтымакка, биримдикке, ыймандуулукка үндөп, өзүнүн баалуу кеңештерин берип турган.
С.Арзыкулов кайсыл гана жерде иштебесин өзүн тажрыйбалуу уюштуруучу, дасыккан жана иштин көзүн билген жетекчи катары көрсөтүп, өзү иштеген райондун гана эмес, жалпы республиканын социалдык жана экономикалык жактан өсүп-өнүгүшүнө, элдин турмушун жакшыртууга жаштарды тарбиялоого зор салым кошкон. Ал ар дайым турмуштук активдүү позицияда туруп, өзүнүн көз карашынын тууралыгын жана принципиалдуулугун жактап келген элдин адамы болгон.
Мамлекеттик жана эл арасында сиңирген үзүрлүү эмгеги үчүн С.Арзыкулов бир нече жолу СССРдин ордендери жана медалдары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамоталары менен сыйланган.
С.Арзыкулов жөнөкөй жолдош, ардактуу аксакал, элге кадыр-барктуу улуу инсан гана эмес, камкор жана боорукер ата, бактылуу үй-бүлөнүн ээси болгон. Ал алты баланы тарбиялап өстүрдү.
Өзүнүн бүткүл өмүрүн кыргыз элинин турмушу, тагдыры менен байланыштырган маркум С. Арзыкулов карапайым калкка жакын, жапакеч, жөнөкөй, боорукер келбетине жараша кең пейил, ак көңүл, бирөөгө жамандыкты ыраа көрбөгөн, адамгерчиликтүү айкөл инсан болгон.
С. Арзыкуловдун жаркыраган элеси аны менен бирге иштеген жолдошторунун аны таанып-билгендердин, тууган-уруктарынын жүрөгүндө түбөлүккө сакталат.
Сатар Арзыкулов "Улуу Жеңиш" менен кайтып келип, советтик партиялык кызматтарда татыктуу иштеп, 6 баланы тарбиялап өстүргөн.
Ылайым, дүйнөдө согуш болбой, элдин жашоосу тынчтыкта өтсүн!
Канышай АРЗЫКУЛОВА,
И.Арабаев атындагы
КМУнун студенти.