Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

МЕКЕНИМ,
ОҢОЛУУЧУ ЖОЛДОСУҢБУ?
Калкыбызда: "Эл дүрбөсө, эшек кошо дүрбөйт"- деген одоно макал бар. Анын каймана мааниси - өз аракетин түшүнүп-түшүнбөй, акыл калчабай, кээде жемкор, мансапкорлордун (колуна 500 сом, же 1000 сом карматса) "куралына" айланган адамдарга айтылгандай. Жакынкы жылдардан бери жаз келсе эле дүрбөй бермей адатка айланып баратат.

Албетте, "тегин жерден өрт чыкпайт" демекчи, коомубуз бийлик бутактарынан карапайым адамга чейин коррупциянын, паракор-арамдыктын чырмоогуна чырмалганы да төгүн эмес. Бала бакчадан жогорку окуу жайларына чейин, мамлекеттик кызматтын бардык тепкичтери паракордукту жашоонун "нормасына" айланткан системаны күнөөлөйбүзбү? "А" дей электе акча сураган, Гиппократтын анты урган - бала өлтүргөн, төрөтө албай эне өлтүргөн, мерез, кайдыгер, чала сабат - билимсиз ак халатчандардыбы, же миллиондорду уурдаган, эр кунуна калгандарды кутултуп, (үйлөрүнө "камап"), тоок уурдагандарды тутулткан сотторду күнөөлөйбүзбү? Кимисин айтсак да, баарысы өзүбүздүн элдин өкүлдөрү. "Заманың бөрү болсо - бөрү бол, түлкү болсо - түлкү бол!"- деп, коомго, системага оодарыш оңой. Күнөөнүн баарысы материалдык көр дүйнө, акча, байлыкты "Кудай" кылып алган көпчүлүк ач көз көрпенделерде десек болгудай. Чөпкө да зыяны жок, адалдыкты, ак эмгекти туу туткан азаматтарды бура бастырбаган арамдыктын анабашы, Бакиев баштаган жексур бийлик кан ичмесин карматып, далайдын убалына, каргышына калып, качып берди. "Алы жетпеген - акыретчил" болуп, сот адилеттигине жетип, көксөөлөрү суубай, мекендештерибиз кала берди. "Акула, киттери" качкан соң, "чабактардын" үстүнөн болуучу сот жараяны да кечеңдеп баратат... (Эл, жерден качкандары менен, Бакиев уюшкан шайкалары болуп, Теңирдин жазасынан эч кайда кача алышпайт!) Эмки келген жаңы бийлик ээлери мурдагылардан сабак алып, өз элине кас эмес, камкор болсо, элди ойлосо экен! Дүнүйөнүн түбүнө жетем деген, дүйнө жүзүнүн теңин ээлеген Чынгызхандан деле ал урунган алтын аяк, алтын так калбаптыр...
Карапайым элди "кекиртектеп", кымбатчылык күндөн- күнгө ашынып баратат. Азыр эл башкаргандарга абдан "жакшы" - "дүйнөлүк кризис" деген шылтоо бар. Бейиштин төрүндөй, мал киндиктүү, кен байлыктуу, жер-жемиши жайнаган, булбулу шакта сайраган, береке-КУТ жылоологон - касиеттүү Ала-Тообузду мекендеп, анан өз колубуз өз оозубузга жетпей, эмнеге эле элибиз каржалышы керек? Дыйкандын маңдай тери, таман акысынын пайдасын "колу ооруп, жону жоорубаган" ортомчу-шылуундар майкандаш керекпи? Өкмөт тез арада баалардын асмандашын токтотпосо, айылда жер айдап, мал баккан адам калбай, эр-бүлөнүн баарысы чет элдиктердин "отун жагып, күлүн чыгарып, кышын куюп", гастербайтер болуп кетишеби? Орусия менен Казакстанга агылып жаткан миграцияны ким токтотот? Бабырбек Жээнбековго окшогон монополияга каршы агенттиктин мамчиновниктери - "Жасалма кымбатчылыкты токтотууга ыйгарым укугубуз жетпейт"-деп актанууда. Анда ал кызматта кайсы эшекти "такалап", элдин эсебинен айлык жеп отурушат болду экен? Калыстык үчүн айталы, Акаевдин учурунда да баалар көтөрүлчү, бирок сезон өткөн соң, кайра түшчү эмес беле? Мисалы, күйүүчү май, кумшекер, цемент ж.б. Ошол кезде Өкмөттө бааларды тескеп туруучу рычагдар болгон экен. Карап көрсөк, 2005-жылдын жазынан тарта "Кыргыз козголсо - кылым козголот" болуп, экономикабызда чындап түзүүчүлүк, жаратмандык боло элек... Акаевдин заманында да Союздан калган экономиканы бүлүнтүү, болгон байлыкты бир ууч алдым-жуттумдардын "жардамы" менен талап-тоноо процесси жүрдү. Деги биз качан башка элдерче өнүгүүнүн жолуна түшөбүз?! Башканы коюп, коңшуларды көрүп, намысыбызга келсек дейсиң. Мамлекетибиз чет элдик гранттарды күтүп, тилемчи болсо, эзели көчөгө алакан жайып чыкпаган кыргыздар - кайырчы! Жаш баласын суукта көк муштум кылып, сыз жерде отурган аялдарды, пенсия жашындагы карыларды көрүп, бир чети зээниң кейисе, кайра туруп, намысың, арың козголот! (Атка минерлер темир тулпарларын зуулдатып жүрүшүп, аларды көрбөй жатышкан го, сыягы? Антпесе, Соцфонд аркылуу бир аракет болбойт беле?) Өз жеринде, өз элинде кыргызды кайыр сураткан, мүңкүрөгөн абалга жеткиргендерге наалат! Калкыбыздын ырыскысынын каймагын калпып, өз элин тоногон арам тамактардын көр дүйнөсү эзели өздөрүнө буюрбай, жакшылык бетин көрбөй, үй-бүлөлөрү менен ооруканадан, казинодон баштары чыкпай калсын!"- деп, каргап ийгиң келет. Кайырчы боордошторубузду көрүп турган өлкөбүздөгү башка улуттар, чет өлкөлүк коноктор кыргызды титулдук, уңгу улут катары сыйлашабы?! Улут жана мамлекеттик Тил саясатын баштан-аяк тескеп, иреттеп алуу зарылдыгы капкачан бышып жетилгенин өткөн жылдагы кайгы-капсалаңдуу иштер далилдеп койду, тилекке каршы.
Тирүүчүлүктө адамдарды алдыга сүрөгөн бир гана түгөнбөгөн - үмүттөр! Жаңы Өкмөт иштей баштаганы элибиз алардын аракетине чоң үмүт артып турат. Өткөн жайда белгилүү окуялардан кийин жашап турган турагынан айрылгандарга үйлөр курулуп, жазгы айдап-себүүгө азыртадан кам көрүлүп, бюджеттин көзүн карагандарга аз да болсо маяналарына акы кошулуп дегендей... "Жаман айтпай-жакшы жок!"- демекчи, мындан ары ушуну менен Мекенибизде жамандыктар, кыргын-сүргүн, тополоң-тоз токтоп, эң кымбат байлыгыбыз - Тынчтыкты, элибиздин Биримдигин, улуттар арасындагы Ынтымагын сактап, бекемдеп, эл башындагы чоңдорубуз аттын башындай дымактарын пастатып, мансап, бийлик талашпай, (мансапкорлор - "Элим менен болом, элим үчүн баарына даярмын!" - деп, кара күчкө калп эле элге "жалынуучу" алдыда президенттик шайлоо келатат! Көзүбүздү чоң ачып, жети атасына чейин сүрүштүрүп, татыктуусун гана шайлабасак, көрбөдүкпү...) калыстык болсо, баарылап эмгектенсек, "эр эмгегин жер жебейт"- эмеспи? Бизде жумуш жок эмес, жумуш өтө эле көп. Ал үчүн Өкмөт башындагылар эмгекти туура уюштура билүүлөрү эле керек! Өндүрүлгөн түшүмдү кайра иштетүүнү, жердин, малдын асылдуулугун арттырууну колго алсак, төмөн пайыз менен кредиттер иштермандарга өз убагында берилсе, алынган түшүмдү ортомчу-пайдакечтер эмес, мамлекет өзү тиешелүү баада дыйкандан сатып алса, тигүүчүлүктү, кол өнөрчүлүктү, куруучулукту өркүндөтсөк, толгон жумуш орундары түзүлөт эле? Куурай басып, айдалбаган жерлер канча? Айыл жеринде тери, жүн деген иштелбей, чирип жатат. Ар күз сайын тонналаган жер-жемиш элибиздин оозуна жетпей, көң болуп кетүүдө... Кайра иштетүү жолго коюлса, кыям, шире, компот кайнатып, консервация колго алынса, атаганат! Чет жерге чыгарбасак да, канча ырыскы элибиздин дасторконуна жетет эле? Теңир берген ырыскыны сарамжалдай албаганыбыз - түз айтканда акылсыздык, кесир эмей эмне? Элибизде: "Ак эмгек гана эрезеге жеткирет! Сооданын түбү - бош, дыйкандын түбү - кенч"-деген накыл кептер бар. Ал эми алдым-жуттумдукту, шылуундукту, алып-сатар сүткордукту норма катары көрбөй, журтубуздун көзү ачылчу мезгил жетти! ("Коммерция" деген атка жамынган сүткордук элибиздин акча чыгаруучу станогу бардан бетер бааларды көтөрүп отуруп, журтубуздун чөнтөгүн тешип, жакырдантып, жонунан кайыш тилип бүттү! "Акча" дегенде көзү кызарып, эне-атасын, баласын да сатып жиберчү жапайы капитализмдин кылары - ушул! Айланаңды карасаң, алуучудан сатуучу арбын. Ошондо деле соодагердин байпактары манат болуп кеткен жок. Көпчүлүк насыячылардын барымтасында, жүргөндөр. Чөнтөгүңө кол салып, телефонуңду уурдап, Кудайдан "жөө качкандар" андан көп. Телефон уурдагычтардын жолун Өкмөт качан бөгөйт болду экен? Базарлардан көрө ишканалар салынып, иштесе, элибизге олжо болмок)... Рэкет, каракчылык менен көр дүйнө жыйгандарды -"Баланчадай жоксуңбу?"-деп, өз баласына мисал, үлгү кылган карыяларыбыз да эстерине келишсе... "Ээси эки болом дейт, Эгем бир кылат, өзүн, же арамдан жыйганын жок кылат!" - деген сөздөр да бар эмеспи? Келечегинен көптү күттүргөн, жаш, таланттуу акыныбыз Алтынбек Исмаилов өз ырында айткандай:
"Ала кушту атынан аташ керек,
адамбызбы, адамча жашаш керек,
Жакшы турмуш өзү эле келбейт тура,
жан дүйнөгө төңкөрүш жасаш керек!"
Акын бала туура айтат. Ыңкылап, төңкөрүштүн баарын көрдүк. Үчүнчү революция ыйык Мекенибиздин мамлекеттүүлүгүн жок кылбасын десек, эми кедейи байга, байы Айга жетем дебей, пейлибизди оңдоп, улуу-кичүү - баарыбыз жан-дүйнөлөрүбүздү жакшы жагына өзгөртүшүбүз гана калды го?- дейм, кадырман Калкым!!!
Сапарбаева Айканыш Керим кызы




  Окуй жүргүлө!

"КОЛОМТОБУЗ ӨЧПӨСҮН"
Бу балакет баскан поэзия дегениң бир ирет туткундап алса, сазайыңды берер, ошол окуган ырың менен бир болуп, дилиң ошого жетеленип, бирде көңүлүң асманга жете көкөлөсө, бирде кайгыга алдырып көкүрөгүң муңга толуп турар… Анан кезектеги ырды окуп, андагы сүйүү сөзү, сүйүү баяны айлаңды алты кетирип, тээ качандыр жетпей калган сүйгөнүң эсиңе бир келип, аны кайрадан имере тартып кучагыңа алгың келип, саамайынан назик сылагың келип, ушул азыр ошол арзыганыңсыз дүнүйөң туш-тарабы караңгы бир кызыгы качкан коркунучтуу кубулушка айланып, деги койчу, дилиңди кыйнап коет эй! Ии, окубай анан, окуй бересиң, жакшы ыр дегени жанды коймокпу, кой-айыңа койбой окута берет, окута берет…
Анан эмей, Назбүбү эжекенин ыр байлыгында жогорудагыдай жетелеп алчу, туткундап алчу, жаныңды койбой окутуп таштачу ырлары арбын. Анан да философиянын эң башкы закондорунда айтылгандай карама-каршылыксыз өсүү жок, дурустун жанында бурушу жүрүүсү мыйзам ченемдүү көрүнүш. Ушул жагынан алганда Назбүбү эжекенин мыкты ырларынын катарында алымсыз саптары да бар. Ансыз чыгармачылык болбойт, жалаң эле жакшы ырлар жазылса, анда ал акын робот акын, андай болгон соң окурмандары робот болот да. Алыкул де ак эткенден так этебиз, Алыкулубузда да аттиң ырлары кагаз бетинде, Байдылда дейбиз жалпыбыз жактырып, анда да бар ыр атында жазылгандар, ушул азыр бүтүндөй мамлекетибиз "Шакелеп" жаткан Шайлообектин саптарында жок бекен, окубай аттатып кетчүсү…Ушундан улам, кандай акын болбосун мыкты ырларынын жанында начары жүрөт тура деген бүтүмдү чындыктын өзү деп билели.
Жогорудагы ой Назбүбү Эгембердиеванын жаңы эле чыккан "Коломтобуз өчпөсүн" аттуу ырлар жыйнагы менен таанышкандан кийин айтылды… Окуп койсоңуздар болот… жүрөктүү ээликтирип алсаңыз болот…
Баратбай АРАКЕЕВ