Китеп - билим булагы
Китеп бизнестин эмес билимдин булагы!..
Бири ток, бири ач калып жаткан бул коомубузда майда маселелер көз көрүнөө эле каралбай келет, тамчыдан дайра куралат дейбиз, бирок келечекке таасир этүүчү "тамчылар" өз кызыкчылыктан көз каранды. Мында окуучулардын наны болгон китеп маселесиндеги эске алынбаган бир абалга атайын көңүл бурууга туура келди.
Аты-жөнүн айтпаган мугалим, өзүнүн берген билдирүүсүндө кесибине тиешелүү маселе катары, жаңы чыгарылган китептердин арасынан Э. Мамбетакунов, Т. Карашев, М.Токтогуловдордун авторлугунда басылып чыккан 9-класстары үчүн физика окуу китебин күнүмдүк сабак үчүн колдонууга дал келбеген ыңгайсыз курал экенин айтып, мамлекет тарабынан атайын сунушталган бул окуу куралы сабак өтүүдө көптөгөн кыйынчылыктарды жаратып жатканын мындайча түшүндүрүп берди.
"…Жыл башында негизги окуу куралы катары берилген китебибиз бар. Бирок ал китепти биз турмушта негизги китеп катары колдоно албайбыз. Чындыгында, кыргызчаланып жаңы түзүлгөн, бул жакшы, бирок кептин баары шартка дал келбегендигинде. Биз бул маселе боюнча тиешелүү жерлерге атайын суранып кайрылуу жасадык, жыйынтыгында көңүл бөлүнбөгөн соң, сабак өтүүнү кайра эле баягы өзүбүздүн көнүп калган ыкмаларга салып, жеке чогулткан материалдарыбыз менен окуучуларга билим берип келе жатабыз.
Бул биз сөз кылып жаткан 9-класстын физика китеби күнүмдүк сабак учурунда бир-бир ачылып окуучулардын алдында максатсыз кала берет, таптакыр жараксыз деп айтуудан алысмын, бирок мурдагы окуу куралдары 7-класстан 11-класска чейин системалуу болуп, башынан аягына дейре ыңгайлуу болуп келген. Ал эми бүгүнкү күнгө жаңыча ылайыкташып түзүлгөн бул китеп жаңы маалыматтарды камтып чыгарылганы менен, мектеп программасындагы ырааттуулукка жооп бербейт, тагыраак айтканда, 8-класста берилген программаны 9-класстын окуу китеби 10-класстын окуу китебине байланыштырып бере албай, ортодо башка багытка кетип калат. Эми ушул китептин мазмунуна карай иш кылсак десек орто мектептер арасындагы дайыма өтүлүп туруучу олимпиадалык сынактарда берилген тапшырмалар да мурдагы көнүп калган эски китептерге ылайыкталып түзүлүп бериле берет. Натыйжада окуучулардын мектептеги бул китептен алган билимдери стандартка жооп бере албай аксап калып жатат. Мындай өзүбүзгө ыңгайлашып түзүлбөгөн китептин бизге зарылчылыгы бар беле? Буга окшогон китептерди жөн эле колдонуп кете берсек ортодо көп маалыматтар окуучунун билим деңгээлине туура келбестен түшүнүксүз болуп, кызыгуусун жоготот. Ушул маселеге карай атайын көңүлүбүздү бөлүп, окуучулардын келечегине доо кетирбейли деген ниетте эптеп өз алдынча татыктуу билим бергенге аракет кылып келебиз, айрым мугалимдер. Эми ушундай үнүбүз тиешелүү дарегине жеткиликтүү болсо ушуну бир эске алып коюшса окуучулар үчүн да мугалимдер үчүн да жакшы болор эле" - деп Билим берүү министрлигине карай сунушун билдирди.
Бул маалыматтын канчалык деңгээлде маанилүү экендигин тактоо максатында дагы башка, өз кесибине тың делген физика мугалимдеринин бирине да кайрылып, аталган китептин абалы боюнча суроо узатсам, "эгер, сен мугалим болсоң, мен ал китептен даярдык ал, же сабакты ошол китептин негизинде өт деп сунуш кыла албайм" - деп кыскача жооп берди.
Мындай маселелерге күбө болуп туруп, арабызда авторлук кылгандар элибиздин келечегине ылайык иш кылбай эле жеке кызыкчылык үчүн эмгек жаратып калганбы деген ой да жаралбай койбойт экен. Бул мектептердеги бир гана предметке тиешелүү, ал эми ушул эле тармакта башка предметтердин жабдылышын тим эле "чики-чики" деп айтууга ооз барбай турат, деги эле коомубузда китепти билимдин эмес, бизнестин булагынан да көрүүгө болчудай.
Темирлан АКНАЗАРОВ