Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

  Эс тутум...

Кушчубек Сатаев, Чубак Сатаевдин иниси:
"Байкем мени аябай күткөн экен…"
"Күлүк күнүндө, тулпар тушунда" дегендей, кыргыз эстрадасы жаңы түптөлүп жаткан учурда биздин сахнада саналуу эле жылдыздар боло турган. Мына ошол саналуулардын арасында, терең маанилүү ырлары, уккулуктуу обондору менен башкалардан айырмаланган ырчы, обончу Чубак Сатаев да бар эле. Эгер анын сөзү тирүү болгондо быйыл 50 жашка толмок. Ажалга айла жок экен, ырчы күлгүндөй жаш курагында бул жалган дүйнө менен кош айтышып, ичиндеги далай оргуштаган таланты элине жетпей өзү менен кошо кетти. Бирок анын артында жолун улаган уулу, элдин жүрөгүндө жашаган ырлары калды. Кыргыз элинин сүйүктүү ырчысы болгон Чубак Сатаевдин 50 жылдык эскерүү кечеси 10-мартта жакындары, достору тарабынан борбор калаабызда өткөнү турат. Мына ушул кеченин уюштуруучуларынын бири, жандай көргөн иниси Кушчубек Сатаевди кепке тарттык.

- "Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин" деген жакшы сөз бар эмеспи. Анын сыңары кыргыз эстрадасынын алгачкы ырчыларынын бири болгон Чубак байкемдин ырлары жаш муундар арасында унутулуп калбасын деген максат менен 50 жашка толгон жылына утурлай эскерүү кечесин өткөрөлү деп жатабыз. Аталган кечеге байкемдин жакын достору, кесиптештери, уулу, анын ырын ырдап жүргөн жаш ырчылар катышат. Буйруса, концертти 10-мартта туулган күнүнө карата Цирк имаратында өткөрөлү деп чечтик. Учурда жогорку жактагылар менен сүйлөшүп, бардыгын чечишип алдык. Эми кечени өткөрүү гана калды. Негизи эле Чубак байкем өз учурунда элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан ырчы экендиги талашсыз. Эскерип турбаса, көзү өткөн таланттар унутулуп калат тура. Буга мисал аябай эле көп. Канча деген кыргыздын чыгаандары эскерилбей унутулуп калат.
- Аталган кечени киндик каны тамган жеринен баштаган экенсиздер. Бул иш-чаранын токтоп калуусуна эмне себепкер болду эле?
- Эскерүү кечени Таластан өткөрүп, борбор калаага пландаштырып жатканда Бакиевдин кландык башкаруусуна чыдабаган эл революция жасап, кырчындай жигиттерибиз курман болуп, кан төгүлүп кетпедиби. Анан элибиз кан жутуп, аза күтүп жатса биз Чубак байкемдин эскерүү кечесин өткөрөт элек деп концерт бергенибиз адамдык абийирибизге да туура келмек эмес. Мен жакынымды жоготуп көргөн адаммын. Баладан, бир туугандан, агадан, атадан, жолдоштон айрылган кандай экендигин жакшы түшүнөм. Ошондуктан эскерүү кечесин токтотуп койгон элек.
- Учурунда Чубак ага мыкты ырчылардын бири эле. Көзү тирүү кезинде элден өз баасын алганы менен, бийлик башындагылар өз баасын бере алдыбы? Дегеним, азыркы учурда көпчүлүк таланттар бийлик башындагыларга нааразы болуп, өлгөндөр даңкталмайын тирүүлөр баркталбайт деп келишет эмеспи.
- Кудайга шүгүр, көп эле жерге байкемдин аты ыйгарылды. Айылдык клуб, Боо-Терек айылындагы борбордук көчөгө, Талас облустук депутаттардын чечими менен Талас шаарындагы Шевченко көчөсү да Чубак Сатаев болуп өзгөргөн. Мындан сырткары киндик каны тамган жеринде жаштар арасында футбол, воллейбол турнири өтүп турат. Жыл сайын эскерип турган Талас элине ыраазымын! Ал эми борбор калаага чарбалык эсеп жүрүп жаткан учурда келип, өкмөткө иштебей калган. Бирок мамлекеттин каржы жагына бир топ эле пайда келтирген. Анткени байкем бир айлап концерт берип, өкмөткө акча төгүп турчу. Азыркы артисттер ашып кетсе үч күн концерт беришет. Анан карасаң эле эмгек сиңирген бери турсун, эл артисти наамдарын алып жатышат.
Союз учурунда баарыбызды атеисттик көз караш менен тарбиялаган да. Байкемдин репертуарында ошол кездеги өкмөттүн терс иштерин сынга алган ырлары да бар эле. Ошондон улам, андай ырларын телекөрсөтүүдөн, радиолордон бербей тыюу салып келген. Кийин гана ал көз караштар, кысымдар жоюлгандан кийин гана ырлары телекөрсөтүүлөрдөн, радиолордон кете баштады. Бул менен эмнени түшүнсөк болот? Ошол кездеги өкмөт анын талантын бааламак тургай, бут тосуп, кысымга алган деп билсек туура болот. Анан кайдагы баа?..
- Алган наамдары барбы?
- Жаш кезинде Тургуналы Нурматов байке менен чогуу клубда иштечү экен. Ошол кезде биринчи жолу "Беш-ыргай" фестивалы өтүп, фестивалдан экинчи орунду алып, "Беш-ыргай фестивалынын лауреаты" деген грамота менен сыйланган экен. Андан башка алган наамы жок. Эми ал кезде өкмөткө кызмат кылган адамдарга наам берилчү. Азыр заман башка. Кайсы ырчы мамлекет үчүн иштеп жатат. Ар кимиси өзү үчүн ырдайт. Ошого карабай деле наам алып жатышпайбы. Ушул боюнча маданият министрлигине кайрылып көрөлү деп жатабыз. Кандай жооп айтат билбейм. Көзү өткөндөн кийин деле наам берип койсок, арбагы ыраазы болмок.
- Сиз агаңыз менен бир үйдө чоңоюп, бирге өстүңүз да. Кандай адам эле?
- Мен үйдүн эң кичүүсү болом. Экөөбүз бирге ойноп, бирге гастролго чыгып, бирге ырдап чоңойдук. Ал мага караганда сезимтал болчу. Биз бала кезде, Талас эли Кушчу анан Саруу деп экиге бөлүнүп турчу. Атам саруу, апам кушчудан эле. Мен апамдын боюнда болуп, мына-мына төрөйм деп турган учурунда төркүнүнө кетпейби. Анан жолдо бара жатып, толгоосу башталып үйгө жетпей төрөп койбойбу. Апамдын аталары жолдо төрөлдү, аты Жолчубек болсун деп Жолчубек деп коюп коюшат. Ал кезде телефон да жок. Атамдарга апамдын жөнөткөн каты бир жумадан кийин жетет. Бир жумадан кийин келген атам "Айтканды укпайсың. Силердин койгон атыңар болбойт. Азыр Чубак эмне десе ошол ат болот"- деп байкемден сурап калат. Анда байкем: "Бул кушчулардын айылында төрөлдү. Аты Кушчубек болсун"- деп менин атымды өзү койгон экен. Анан аябай мээнеткеч эле. 8-9-класста окуп жүргөндө эле колхоздун жумушунда иштеп акча таап келчү. Сырттагы иштерди гана жасабастан, үй ичине да кол кабыш кылып, апама да көп жардам берер эле. Өзгөчө белгилей кете турган жагы аябай ак көңүл, жөнөкөй, такыр бирөөгө жамандыгы жок, бардык адамдарды өзүндөй ойлоп, колунан келген жардамын эч кимден аячу эмес.
- Акыркы жолку жолугушууңуз эсиңиздеби?
- Ооба. Каза болоруна аз күн калганда Көлгө гастролго кетмекпиз. Түнкү саат төрттө уктап жатсам чакыртып калды. Таң калып эле барсам, эшиктин алдында ойлуу отурат. Кирип келип эле "Ой, эмне болду. Таң ата электе чакыртып"- десем, "Машинаны чыгарчы"- деди. Эмнеге?- деп кайра сурасам. Чыгар дегенден кийин чыгара бербейсиңби"- деп койду. Машинаны айдап чыктым. "Жүр, базага барып, машинаны каратып алалы. Таласка барабыз"- деди. "Эмнеге Таласка? Көлгө бармак эмес белек"- десем, "Жок Таласка барабыз"- деп калды. Макул деп, базага келип досторуна машинаны каратып жатсак, ары кеткен тааныштары менен, бир аздан кийин келип, "Сен машинаны каратып алып кете бер. Мен башка унаа менен барганы калдым"- деди, "Байке, өзүбүздүн унаа менен эле баралы"- десем, "Жок"- деп көгөрүп койду. Макул деп мен калып калдым. Ал жөнөп калды. 10 метрдей барып, кайра кайрылып келип "Мен сени жакшы көрөм. Сен аккордеондо ойноп жатканда туура ойносоң. Мен сага ишенем"- деп мойнуман кучактап жөнөп кетти. Анда ыраматылык Таалай Бектурганов да бар эле. Ал Сокулукка концерт коюп мени да чакырып калды. Концерттин эң акырында мен чыкмакмын. Чыксам эч ким кол чаппайт. Таң калып эле калдым. Турсам 5-6 аял, эркектер келип "Биз, Чубактын жакын достору болобуз"- деп айтышып кетип калышты. Эсим ооп эле турам. Анан Таалай: "Чубак авария болуп калыптыр. Тез жөнө"- деди. Түз эле жолго чыктым. Барсам, жайга койгонго алып чыгып кеткен экен. Топурак салганга жетишип калдым. Акыркы жолугушуум ошол болду. Мени аябай күткөн экен…
- Байкеңиздин өлүмүнө түрдүү имиштерди айтып келишет го…
- Жакын досу Болоттон сураганда, "Таң эрте клубга барып, эшигин бекиттирип алып пианинодо ойноп отурган. Жимми, уксаң Манастын миң жылдыгына арнап, ыр чыгарайын деп жатам"- деп мага жаңы чыгарып жаткан музыкасын ойноп берип жаткан. Аңгыча эле клубга бир келин кирип келип: "Чубак, жүрсөң, сенде сөз бар"- деп бизден уялбай эле кучактап ары алып кетти. Мен пианиного отуруп калдым. Аздан соң "Жимми" деп кыйкырган үнү чыкты. Барсам дубалга сүйөнүп оозунан ак көбүк агып жатыптыр. Кучактап жерге жаткызып жатсам, ары жактан кишилер кирип келип калды. Ошо менен каза болуп калды"- деп айтып берген эле.
- Орган кызматкерлерине кайрылдыңыздар беле?
- Дарыгерлер мээсин ачып көрүшүп, кан басымы көтөрүлүп кетиптир деген диагноз коюшуптур. Кийин Сыргак байкем прокуратурага кайрылып көрдү. Бирок дарыгерлердин диагнозун көрүп, биз эч кимге күнөө кое албайбыз дешиптир.
- А өзүңүздөр кандай ойдо калдыңыздар?
- Байкемди ууланткан адамдарды колунан кармап албагандан кийин "тиги уулантты, бул уулантты"- деп айта албайбыз. Байкемди чакырып кеткен келиндин ошону менен дайыны чыккан жок. Кумга сиңген суудай жоголду. Анан кимден сурамак элек. Кимдин күнөөлүү экенин жалгыз гана Жараткан билет. Кудайга койдук.
- А эмне Чубак аганын душмандары көп беле?
- Андайын деле байкай алган эмесмин. Баары эле чогуу-чаран, ынтымакта жүрүшчү. Ошол себептен эч кимден шек санай албадык.
Маектешкен
Жаркынай Кадыркулова