mainkaptal
Архив газеты Демо: Всплывающее РѕРєРЅРѕ РїСЂРё загрузке сайта СЃ помощью CSS3 Рё немного javascript
Пользовательский поиск
  Ширин Айтматова, "Ата Мекен" фракциясынын депутаты:

"Менин фамилиямдын
өзү эле чоң саясий платформа"
Элдин жүгүн аркалоо жеңил иш эмес экендигин баарыбыз жакшы билебиз. Өзгөчө саясий чөйрөдө жүрүү бир үйдүн куту болгон аялзаты үчүн төө көтөргүс түйшүк экендигин танууга мүмкүн эмес. Азыркы парламентте элдин жүгүн көтөрөм деп жүргөн айым депутаттарды коомчулук менен тааныштырууну чечтик. Бүгүнкү маектешибиз "Ата Мекен" фракциясынын депутаты, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун кызы Ширин Айтматова болмокчу. Ширин Чыңгызовна менен саясат туурасында гана эмес, коомдогу жөнөкөй аялзаты катары да баарлаштык.

Кыскача маалымат:

Аты- жөнү:
Айтматова Ширин Чыңгызовна
Туулган жылы: 1977- жыл
Билими: жогорку
Кесиби: филолог
Үй- бүлөлүк абалы: бир кыздын энеси
Билген тилдери: англис, орус, француз тилдеринде эркин, немис, япон, итальян жана корей тилдеринде пикир алыша алат. Кыргыз тилин үйрөнүүдө.


- Эл жүгүн аркалап депутат болушуңузга, деги эле саясатка аралашууңузга эмне түрткү болду?
- Рахмат. Бала чагымдан эле саясатчы болууну көздөчүмүн деп айта албайм, бирок мен саясий-чыгармачыл чөйрөдө чоңойгом. Атам экөөбүз маектешкенди жакшы көрчүбүз. Ошондо мен: "Ата, саясатчылар бийликке ашыкча умтулган, өз кызыкчылыктарын гана жактап, элдин камын көрбөгөн адамдар болушат ээ" - деп айтсам, ал мага: "Саясатчы болуу бул - чоң милдет. Эл арасынан тандалган гана инсандар бул кесипти аркалай алат"-деп айтар эле. Атамдын ошол кездеги айткан сөздөрү мени терең ойго салчу. Саясатка аралашууга кадам таштаганга чейин бир далайга чейин өзүмдү изденүүдө болдум. Убакыттын өтүшү менен менин дагы саясатка болгон көз карашым өзгөрүлдү. Атам тандагандай жолду тандап алуудан чочулабайм. Анткени атам саясий жактан мага жакшы үлгү болгон.
- Атаңыздын арты менен депутат болду деген сөздөргө кошуласызбы?
- Албетте, менин фамилиямдын өзү эле эң маанилүү саясий платформа. Ал эми жеке өзүм үчүн чоң жоопкерчилик. Белгилүү адамдардын балдары ата-энесинин тааныштары, байланыштары аркылуу ар кайсыл тармакты тандашат. Саясатка келишиме туугандарым эч кандай көмөк көрсөткөн жок. Курдаштарымдын арасындагы активисттер саясатка жаңы аралаша баштаганымда мага ишенишип, мени абдан колдоп беришти, ушул күнгө чейин колдоп келе жатышат. Элимдин жүгүн көтөрүүгө аттанган оор мезгилде өз жардамдарын аябай, колдоо көрсөткөндөрү үчүн аларга ыраазычылыгымды билдирем.
- Жогорку Кеңештин трибунасында элдин көйгөйүн чечүүгө мүмкүнбү?
- Жогорку Кеңеш бийликтин маанилүү бир бутагы катары ар бирибиздин ишенимибизге ээ болуп турушу керек. Учурдагы парламент жаңы мыйзам долбоорлорун кабыл алуу менен кыргыз жарандарынын кызыкчылыгын көздөп, мындан аркы жашоону жакшыртуу аракетин кылып жатат. Бирок мурунку Совет системасы катуу турукташып калгандыктан, азыркы учурда өзгөрүүлөрдү киргизүү бир канча кыйынчылыктарды туудурса керек. Эгерде "Ата Мекен" партиясы көпчүлүк добушту алганда, Грузия жана Монголия мамлекеттериндегидей элдин кызыкчылыгын көздөгөн көптөгөн реформаларды жүзөгө ашырмакпыз.
- Азыркы чакырылыштагы парламент купулуңузга толобу?
- Ооба. Азыркы чакырылыштагы парламент элдин тандоосу менен келгенден кийин, мен сындагандан алысмын.
- Бүгүнкү азык-түлүккө болгон кымбатчылык сизге да өз таасирин тийгизип жатабы?
- Азык-түлүккө болгон кымбатчылык бүткүл кыргыз элине гана эмес, дүйнө жүзүндөгү бардык калкка өз таасирин тийгизүүдө. Көпчүлүккө белгилүү болгондой, учурда кызымды жалгыз тарбиялап жатам. Ошондуктан азыркы азык-түлүк каатчылыгы өз таасирин биздин үйгө да тийгизүүдө деп айтсам болот.
- "Чет мамлекеттен алган билимимди өз өлкөмдүн экономикалык жактан өсүүсүнө жумшайм"-дегениңизди уктук эле. Кыргыз мамлекетинин экономикасын көтөрүүгө кандай сунуштарыңыз бар?
- Чет жакта окуган кыргыздын улан-кыздарынын жашоого болгон көз караштары, бул жактагы жарандарга караганда бир канча айырмаланып турат. Чет өлкөдөн алган билимимди мен дагы өз өлкөмдүн пайдасы үчүн колдонуп келе жатамын. Биздин экономикабыз өнүгөт. Эгерде паракорлукту жеңип кетсек, азыркы базар экономикасында ишмерлерге болгон тоскоолдукту жайсак жана биздин өкмөттө мыкты экономикалык программалар иштелип чыкса. Кыскасы, "иштеш керек" дейт элем.
- Улуттук тил комиссиясы кыргыз тилин толук кандуу билбеген чиновниктерге кызматтан кетүү талабын коебуз деген пикирлерди айтышууда. Эгер сиз сынактан өтпөй калсаңыз, мандатыңызды тапшырууга даярсызбы?
- Негизги мыйзам боюнча депутат болуп башка улуттун 30 пайыз өкүлдөрүнөн шайланышы керек. Ал депутаттарга кыргыз тили боюнча сынак жүргүзүлбөйт. Кыргызстанда жашагандан бери кыргыз тилин жакшыраак өздөштүрүүгө жакшы шарт түзүлдү. Учурда жумасына 5 жолу кыргыз тили сабагын окуп жатам. Мен үчүн бүгүнкү күндө элимдин мага көрсөткөн ишеничин актап, атамдын татыктуу кызы болсом - чоң жетишкендик болот.
- Ыңгайсыз суроолор берүүсүндө "Мен уурдаган эмесмин" - деп айттыңыз эле. Бул сөзүңүзгө таянсак, мамлекет башында мамлекеттин мүлкүн уурдагандар да бар экен деп түшүнсөк болобу?
- Мен уурдаган эмесмин деген сөздүн төркүнүн сиздер туура эмес талдап алсаңар керек. Ал телеберүүдөгү берилген суроолорго эч кимге тийиштирбей жеке өзүм үчүн гана жооп берген болчумун.
- Сиз атактуу жазуучунун кызысыз. Адабиятка жакынсызбы? Атаңыздан башка кыргыз жазуучуларынан кимдин чыгармасын баалайсыз?
- Менин кесибим адабият менен тыгыз байланышта. Бишкектеги Борбор Азиялык Америка университетинде иштеп жүргөндө студенттерге америкалык жазуучулардын адабиятынан сабак берчүмүн. Өзүм да адабиятка жакынмын. Бош убактым боло калса эле китеп окуганга шашылам. Кыргыз элинин жазуучуларынан Казат Акматовдун чыгармаларын баалайм. Мен аны уникалдуу жазуучу жана кудай берген таланты бар, залкар адамдардын катарына кошом.
- Аталаш бир туугандарыңыз менен катышып турасызбы?
- Аталаш бир туугандарым менен мамилебиз жакшы эле. Бирок күн алыс жолугушуп турууга мүмкүнчүлүгүбүз жок. Себеби ар кимибиз өзүбүздүн үй-бүлөбүз жана жумуштарыбыз менен алекпиз. Иним Элдар экөөбүз абдан жакынбыз. Бири-бирибизди ар дайым колдоп, оорубузду колдон, жеңилибизди жерден алып турабыз.
- Өзүңүздү патриотмун деп эсептейсизби?
- Эң жакшы көргөн өлкөм - Кыргызстан. Өзүмдү патриотмун деп эсептейм. Кыргызстандын келечеги биздин колубузда. Ата-бабаларыбыздан келе жаткан үрп-адаттарыбызды, каада-салттарыбызды азыркы жашоонун талабына ылайык сактап жана мындан ары алып кетиш биздин парзыбыз деп эсептейм.
- Кыргыз беш бармагын жасай аласызбы?
- Албетте, кыргыздын улуттук тамагы болгон беш бармакты жасай алам. Беш бармак кыргыздын эң даамдуу тамагы деп ойлойм. Камыр жайып, гүлчөтай жасаганды катырбасам да, ашканада мыкты эле кожейкемин десем болот.
- Уй сааганды билесизби? Билбесеңиз үйрөнөйүн деген ниетиңиз барбы?
- Уй сааганды билбейм. Шаар ичинде бардыгыбыз эле сүттү сатып алабыз да. Эгерде ошондой шартка туш болуп калсам, тез эле үйрөнүп кетмекмин. Адамзатынын колунан келбеген нерсе аз болсо керек.
- Өзүңүздү ак колмун деп эсептейсизби?
- Мен өзүмдү ак колмун деп эсептебейм. Аялзатына тиешелүү жумуштардын бардыгын жасайм. Бош убактымда ар кыл улуттун даамдардын жасап, кызым Кира Кереметти жана жакын адамдарымды кубантканды жактырам.
Маектешкен
Жаркынай Кадыркулова





кыргыз тилиндеги гезит "Форум" меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
Actionteaser.ru - тизерная реклама
Яндекс.Метрика