Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Р. Момбеков Мамлекеттик тил комиссиясына барды…
Бакиевдин элге каршы жасалган саясатынан жалтанбай күрөшүп, тактыдан кулатууга чоң салым кошкон, кыргыз деп күйгөн кыргыздын мыкты уулдарынын бири Рыскелди Момбеков Президенттин алдындагы Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы болуп бекитилди. Буга чейин Бакиевдин кыргыз маданиятына жасаган кыянатчылыгынан министрликтен агенттикке айланган Маданият жана маалымат агенттигин жетектеп, кайрадан министрлик кылып түзүп, чоң эмгек жасады. Ар дайым кыргыз улутунун улуулугун урматтап, ишине жоопкерчилик менен мамиле жасаган, беттегенин бербеген, тайманбас мүнөзү бар Рыскелди мырза Мамлекеттик тил комиссиясындагы чечилбей жаткан көйгөйлөрдү жөнгө салуу менен, кыргыз тилинин өнүгүп-өсүшүнө болгон күч аракетин жумшап эмгектенерине толук ишенебиз.


Өз баласы эмес, өкүл баласы экен
Ушул аптада сокулуктуктар удаасы менен жол тосуп, ушундай нааразычылык акцияларын уюштуруп жиберишпедиби. Эмнеге эле алар алынган милиция башчысы Рыскулбек Жапаровду ушунчалык урматтап калышкан десек, көрсө, көшөгө артында башка нерсе жатыптыр. Жаңы дайындалган милиция башчысы кадимки качкында жүргөн Муратбек Суталиновдун көздөй көргөн өкүл баласы экен. Көпчүлүгү ошол жигиттин келишине нааразы болуп, Жапаровго жан тартышкан тура. Жаңы милиция башчысын жаштайынан Муратбек мырза өстүрүп, өтө чоң кызматтарга коюп келиптир. Отуздун кырынан ашкан бул жигит, өкүл атасы сыяктуу орой дешет. Кызматында тың болгону менен, кызыл камчылыгы канында бар имиш. Жоругу көп болгондуктан, жол тосуп жолотпой жатышыптыр да. Колдогон кожосу кыйын окшобойбу, болбой эле отургузуп кетти. Атасы Абдыбектин баласы кыргыз элине колун колтугуна чейин көрсөттү эле, өкүл баласы эмнесин элге көрсөтөр экен. Кыйындык менен отурду, кыйшайып калбас бекен.


Эмилбектин күзгүсү Эшимкановдун үлгүсү
Ажобуздун администрация башчысы Эмилбек Каптагаев эки күн мурун "Кабар" агенттигинде маек берди. Акыркы кездерде анын үй бүлөсүнө карата айтылып жаткан ар кандай ушактарга жооп берди. Мындайча айтканда, каралагандардын катыгын берди. Ал гана эмес, акыркы кездерде актуалдуулукка айланып кеткен ар кандай саясий оюндарга карата өз оюн айтты. Убагында Бакиевге баш ийип, азыр баш көтөрүп калган "башаламан" саясатчылардын өздөрүн тазалоого(жазалоого) эрктери жетпегенине өкүнүп, "булар Мелис Эшимкановдон үлгү алып, үйдө жатып тазаланууну үйрөнүп алышса болмок" деген пикирин айтат. Андан ары барып, Бакиевдин каржы министрлери болушкан Акылбек Жапаров, Марат Султановдордун эки жүздүүлүгүнө карата, "кайсы калың беттери менен бийликти сындаган болуп жатышат, ушундай "укмуш" экен, убагында ушулар кайда эле?", деген кебин улаштырат. Айтор, Эмил Саламатович ал күнү агынан жарылып, айта турган сөзүнүн баарысын айтты, айткандары баарына жакты. Иши кылса, илешкен имиштерди, ээрчиген "экендерди" ит талаган дудуктай кылды.


Биринчиден "тепки" жеди, экинчиге эмне деди?
Бактыбек Иманалиев деген ак жолчу депутат бар эмес беле, кийин Бакиевдердин "профсоюзу" болгон. Аны жакындан жакшы тааныгандар, "кене" деп тергешет экен. Жармашмай жагынан кыйын болсо керек да, болбосо андай атты ким коймок эле ага. Ошол жигитти Ак үйдүн бир адамы Атамбаевге кайра-кайра кирип, кызматка отургуза албай жүргөнүн укканбыз. Атамбаев деле айтыптыр, "андай ак жолчуну мага жолотпогула" деп. Алмаздын айтканынан кайтпасын байкаганбы же ажобуз Роза Исаковнага киши салышканбы, айтор, ал жигит ажобузга жакындап барыптыр. Эки күн мурун элдин баары көрдү го дейм, эжекенин жанында эңкейип алып бирдемелерди бежиреп жатканын. Айым ажобуз кыргыз хоккейчилери менен жолугушуп, муз үстүндө коньки тепкени барбадыбы, ошондо. Ээги тынбай эле кыбырап атты, же анысын эжеке уксачы. Ары жок неме айтып жүрөт имиш, "Атамбаевди көлдөн мен өткөргөм" деп. Эмне дейли, эркектерибиздин түрү ушундай болсо, элибиздин шору көп тура.


Элдики го мейли, детекторго эмне дейли?
Кадимки Камчы Ташиевдин калпы чыгыптыр, анысы калкып чыгыптыр. Кайдан болмок эле, калпычыларды кармай турган детектордон. "Азаттык" үналгысынын "калп детекторунун" алгачкы каармандыгына Камчы мырза аттанганда чоочуган элек. Эми детекторду жыга теппегей эле деп. Микрофонду кулата тепкен депутат, детектордон тепки жеди. Калп айтып кармалган Камчы мырза, кыйнаган кызыл жарыктан өзү дагы кызара түштү. Кара киши оңой менен кызарбайт эмеспи, бирок, калп кызартат экен. А бирок, Камчыкенин "калпычы" экенине элибиз деле ишенип калса керек эле. Көнүп калганбы, көп айтат эмеспи. Эми детектор далилдеп бергенден кийин, эч ким деле укпай калат го дейм. Ушундан кийин, анын "барсам утам" деген сөзүнө унчукпай эле койсок болот. "Бригаданын" бир мүчөсү "лапшагон" болуптур, калгандары кандай чыгар экен.


Турсунбек менен Турсунбай,Тебишип келет "Кыргыйдай..."
Аз күн мурун башкы укук коргоочу Турсунбек Акун депутат Бекешов башкарган адам укуктары комитетине келип, алардын суроолоруна жооп бере баштаганда эки тараптын "чындыгы" эки жакка кетип чыр чыкты. Ал чырды талдап отуруштун өзү узун сабак…
Ошол эле экен: Акун уулунан мурун омбудсмен болуп "чардап" кеткен, ыр-чыр, сот-пот тарапта көбүрөөк жүрчү Турсунбай Бакир уулу менен андан кем эмес Турсунбек Акундун көптөн келаткан ич күйдүлүк "аласа-береселеринин" көрүнүшү тура.
Комитетке таарынган Турсунбек мырза чыгып баратканда, төрдө эч нерсе билмексен болуп олтурган Турсунбай аны кызматтан кетирүү керектигин айтканга үлгүрүп калды.
Ага-буга тартпай айтсак, жогорудагы экөө тең эле бир сорттогу жарандар, бири-бирине багыштаган сыпаттамаларында калпы деле жок.
Экөөнүн кармашы оңой менен бүтпөс. Колдон келсе тээ алыскы аймактарга бирин молдо кылып, экинчисин айыл башчысынын оппозиционери кылып жөнөтүп таштаса дурус болмок, орундары накта жигиттерге бошойт эле да…


"Фабула" Тышкы иштер министри менен бүгүн 14:00дө түз байланыш уюштурат
"Фабула" гезити окурмандары үчүн бүгүн саат 14.00дө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен түз байланыш уюштурат. Анда эмесе, Руслан мырзага бере турган суроолоруңуз болсо 0312-46-46-82 сандарын териңиз. Ал эми электрондук почта аркылуу суроо бергиси келгендер
forum0312@gmail.com дарегине да жазып жөнөтсөңүз болот. Эске сала кетчү нерсе, Руслан мырза окурмандар каалаган баардык суроолорго, тактап айтканда, ыңгайлуу жана ыңгайсыз (Каптагаевдин баласы же Кайыповдун баласы тууралуу суроо узатасызбы, айтор, чындыктан тартынбаңыз, сурооңуз менен министр мырзаны жарга такаңыз) суроолорго жооп берүүгө даяр. Кызыккандар чамдагыла, курч сурооңорду камдагыла…