Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

  Кеп чынынан бузулбайт

"Сынчылардын" чыры,
чындыктын сыры
Тымызын күрөш күчөөдө
Эзелтеден эски менен жаңынын, ак менен каранын ортосунда келишпестик мүнөзгө ээ болгон курч күрөш жүрүп келген, жүрүп келет. Табигаттын бузулгус мындай мыйзамы түбөлүк болору, себеби "таяктын эки учу бар" дегендей адамзаттын көп учурда кеби менен иши айкашпай келгендигин турмуш өзү тастыктап отурбайбы. Буга айкын мисал катары азыркы учурдагы бийлик бутактарынын ортосундагы жана коалициялык Өкмөттүн курамына кирген топтордун тымызын тирешүүлөрүн келтирсек болот.
ЖоКеге шайлоо өткөрүлгөндөн кийин коалициялык Өкмөттүн курамын түзүү эки этап менен өткөнүн элибиз беш колундай жакшы билет. Алгачкы этабында эски бийликке катуу каршылык көргөзгөн жана аны кулатууга зор салымдарын кошкон КСДП, "Ата Мекен" партиялары жана жаңыдан "көз жарган" "Республика" партиялары элдин үмүтүн таш каптырып, алардын бири-бирине бут тосуусу жана бир ыркка келише албагандыгын пайдаланып, бул шайлоодо да шашылыш түзүлгөн "Ата-Журт" партиясы кырдаалды пайдаланып, экинчи этапта коалициялык Өкмөттүн курамына кирип, парламентте спикерликти гана албастан, кирешелүү тармактарга өз кадрларын жайгаштыра алды.
Тилекке каршы, учурунда "Ак Жол" партиясынын мурдагы мүчөлөрү "Ата-Журт" партиясынын көшөгөсүнүн алдында биригишип, жаңы бийликке элдин ишенимин төмөндөтүү аркылуу бийликти толугу менен колго алуу максатында аракетин күчөтүшүүдө десек ката болбос. Алар коалициялык бул Өкмөт мамлекетибиздин бюджеттин аткарылышына жетише албастагына "олуячылык" жасашып, өздөрү курамына кирген аткаруу бийлигин "сынга" алган түр көрсөтүшүүдө. Натыйжада, парламентте президент Р.Отунбаеваны "кысымга" алып коюуга алгачкы кадам жасалса, мамлекет башчыбыз саясий-шоулар токтолбосо, парламент тарап кетүү коркунучуна дуушар болорун эскертип койду. Алгач апкаарыган депутаттар каяша айтууга чамасы келбей калды, убакыт өткөндө президенттин буга укугу жок деп чыгышты. Бирок булар эми президенттен мурда өздөрүнө моюн бербеген премьер-министр А.Атамбаевге каршы "атаканы" башташты. Бул саясий оюндун артында жашырылган кандай чыр жаткандыгын, анын чыныгы сыры эмнеде экендигин алдын-ала билген А.Атамбаев агынан жарылып, "өз милдетин аткара албаса, өз ыктыяры менен кызматтан кетерин" ачык белгилеп, каршылаштарынын эйфориялык маанайына муздак суу чачып койду. Ал бул аркылуу өзүнүн чыныгы саясатчы жана жетекчи экендигин, буга чейинки мындай "майкөл, сүткөл" кызматтан ажырагысы келбегендерден дагы бир артыкчылыгын көргөзүп койду.
Мансаптын куну, бүтпөгөн чыры
Биз Р.Отунбаеванын президент, А.Атамбаевдин премьер-министр болушун канчалык легитимсиз деп кыйкырганыбыз менен, алардын өлкөдө эң оор мезгилде бийликке келишин зор эрдик катары бааласак болот. Көптөгөн кыйынчылыктарга, бут тосууларга, түрдүү "кара пиарларга" тушугушса да, мамлекетибиздин кызыкчылыгы үчүн келечек карьерасын курмандыкка чалып жатышкандыгын учур өзү тастыктайт. Кыйроо алдында турган, кечээ эле ишенбөөчүлүк мамиле жасашкан мамлекеттер менен мамилени жөнгө салууга сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүп, өлкөбүздүн жоготкон кадыр-баркын калыбына келтирүүгө кошуп жатышкан салымдарын тарыхыбыз тандырбайт.
Алып көрөлүчү. Эски бийликтин алгылыксыз жана туруксуз ички жана тышкы саясатынан улам Орусия менен саясий жана экономикалык өз ара байланышына доо кеткен эле. Жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, мурдагы келишимдеги токтотулган кредиттерди кайрадан алууга Кыргызстанга шарт түзүлдү. Ошол эле мезгилде айрым керектүү товарларды ташып келүүгө кымбатка турган мамлекеттик пошлинаны алып салууга жетишишин А.Атамбаевдин саясий-экономикалык ири жеңиши катары санасак болот. Ошол эле учурда Казакстан менен байланышыбыз калыбына келтирилүүдө. Мунун натыйжасында каракталып-тонолгон мамлекетибиздин экономикалык абалын көтөрүүгө бир кыйла ыңгайлуу шарт түзөрүн коркпой айтсак болот.
Бир буту Азияны, экинчи буту Европаны басып турган, аскердик-согуштук НАТО блогунун мүчөсү, Орусия менен мамилеси көп тараптан келишпеген Түркияга расмий визитинде Р.Т Эрдоган мырза менен жолугушууда Кыргызстандын Орусия менен мамилесин калыбына келтиргенине А.Атамбаев колдоого ээ болгондугун белгилейли. Бирок бул маселе боюнча анын каршылаштары Орусия менен түзүлгөн келишимди кыйгап өтүп, "Дастан" акционердик коомунун акцияларынын бөлүгүн жана "Манас" аэропортундагы күйүүчү май куюучу комплексти сатууга макулдугун бергендиги куру ушак болуп чыккан. Тетирисинче, Түркиянын премьер-министри менен айрым маселелерди Кыргызстан, Түркия жана Орусиянын өкүлдөрүнүн катышуусу менен чечүүгө макулдашууга жетишкендиги аныкталган. Ошол эле учурда 10 миң тонна төө буурчакты сатуу маселеси да чечилген.
А.Атамбаев 2011-жылдын бюджетин караган депутаттарга анын долбоорун тапшырып, менчиктештирүүдөн улам өлкөбүз 4 миллиард долларга жакын киреше алуу мүмкүнчүлүгүн белгилеген. Ошондой эле "Кыргызтелекомду" сатуунун баасы 100 миллиондон кем болбошун талап кылышы айрымдарга жаккан эмес. Тактап айтканда , Өкмөт башчысынын өз ара аракети айрымдардын тынчын алып жаткан сыяктанат. Кантсе да мансаптын куну, бүтпөгөн чыры менен иштетпей, жооптуу бул посттон кетирүүнү көксөгөн көрүнбөйбү.
Тирешүүнүн арты эмнеге алып келет?
Парламент таркатылабы, же мөөнөтү бүткөнчө ыйгарым укугун аткара береби? - деген темада дебат курч мүнөзгө ээ болууда. Бирок бул маселенин оңунан, же тескерисинче чечилери башкадан мурда ЖоКенин депутат-жепжутаттарынын бийлик бутактары менен таймашынын мүнөзүнө жараша болору жашыруун эмес. Илгери Карл Маркс: "Капитализм өз көрүн өзү казат"-дегендей, азыркы парламенттин басмайылы бошоң экендигин, ар түрдүү саясий шантаж оюндары токтотулбаса, парламенттин таркап жок болору реалдуу мүнөзгө ээ экенин белгилесек болот. Буга айрым аргументтерибизди келтирип көрөлү.
Шайлоонун жүрүшүнө кайрылалы. Мандатка ээ болгон бир дагы партия калктын басымдуу добушуна ээ болгонун мындай коёлу, 10 пайызга бир да партия жете алган жок. Ушундай шартта депутаттар кыргыз элинин жалпы шайлоочуларынын атынан сүйлөөгө укугу барбы? Бул жөн эле парадокс эмес экенин кимиси төгүндөй алат? Беш партия биригип шайлоочулардын 51 пайызын ала албаган соң, эмне үчүн аларга берилген депутаттык мандат легитимдүү болуп саналат? Бул калкыбызды маскаралоо, бери караганда деле шылдыңдоо болуп жүрбөсүн? Муну эске алган президент эмне үчүн парламентти таркатуу укугуна ээ боло албайт? Эң кур дегенде абийирдүүлүктү туу тутушса, азыркы депутаттар шайлоочулардын атынан сүйлөөгө моралдык укугум барбы? - деп ойлонушмак. Бирок муну эске алып президент парламентти мыйзамсыз катары тааныган жок. Мамлекет башчысы катары Р.Отунбаева өлкөгө стабилдүүлүктү орнотуу үчүн ушул кадамга баргандыгын белгилесек болот.
Парламент коалициялык Өкмөт түзүү үчүн идеялык жактан карама-каршылыктарына карабай аргасыз биригишти. Бирок көздөгөн мансаптарына ээ болгондон кийин ата-журтчулар президентти легитимсиз катары таанууга чакырык таштап жатат. Ошол эле учурда коалициялык Өкмөттүн курамын өзгөртүүгө умтулушууда. Тирешүүдө чындап эле премьер-министр өз ыктыяры менен кызматтан кетсе, Өкмөт толугу менен легитимсиз деп таанылууга тийиш. Мезгил парламент өзүн-өзү таркатууга милдеттүү. Буга депутаттар даярбы? Жок. Анда парламенттин негизги бөлүгү мансап үчүн баарын сатууга даяр экендигин айкындап койду десек күнөө болбос?
Позицияда турган партиялык фракциялардын көп маселелер боюнча ыркы келишпегендиги эмитен эле көрүнүп калды. Оппозициядагы фракциялардын да идеялык жактан биригиши мүмкүн эмес. Бул көрүнүштөн терең ойлонгон адам бир гана чечимге: Кыргыз парламенти өзүн-өзү өлүм жазасына буюрат - деген тыянак чыгарууга алып келет. Парламенттеги фракциялардын тымызын кармашуусу өз апогейине жетет, коалициялык Өкмөттүн курамындагылардын тирешүүсү өкмөттүн таркашына негиз болот. Өлкөнүн коопсуздугун сактоо максатында бул себептерден улам, парламентти таркатуудан башка мамлекет башчысынын аргасы калбайт. Мына ушуну эске алган президент Р.Отунбаеванын кырдаалга ылайык ачуу чындыкты айтканынан саясий ызы-чуу чыгаруучулардын тескери пикирлерин куру нонсенс катары бааласак болот.
Эртабылды АТТОКУРОВ




Эл өкүлдөрүбүз элге кыянатчылык кылбаса…
Жаңы Өкмөт дыйкандарга жеңилдетилген 9 пайыздык кредитин февраль айынан тартып бере баштайбыз деп убадасын катуу беришти эле. Бирок жаз келээрине саналуу гана күндөр калса дагы ал кредиттен дайын жок, дыйкандарыбыздын санаасы санга бөлүнүп, чый-пыйы чыга баштады. Эмнеге мындай болуп атат деп кызыгып көрсөк, көрсө Өкмөттүн быйылкы жылга болгон бюджетин парламенттеги эл өкүлдөрүбүз улам-улам артка тээп, жаратпай жаткандыгы себеп болуп аткан экен. Укканыбызга караганда, Өкмөттүн аттуу-баштуу бир өкүлү "жаз келатат, убакыт тар, бюджетти эзгилеп, эрмектебей эртерээк кабыл алып бергиле, кредитти бүгүн бербесек, эртең кеч болуп калат, иштегенге мүмүкүнчүлүк бергиле"-деп депуттарыбыздан катуу суранган экен. Ал эми "мекенчилбиз, эл дегенде өлүп тирилебиз"-деп атышкан эл өкүлдөрүбүз теңирден тескери иши менен дыйкандарыбыздын убалына калганы турушат. Амбициясы асманды чапчыган депутаттарыбыз куру дымагын токтотуп, качан эл үчүн иштеп башташат болду экен?