Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Атактуулардын алгачкы кадамынан
Аалы Туткучев,
төкмө акын
Айтыш өнөрүнүн сырларын бир жыл окуган. Негизи Аалыга ушул убакыт жетиштүү болгон. Мектепти бүтүп, эртең мамлекеттик экзамендин экинчиси болот деген күнү атасы 51 жашында каза болуп калган. Ошону менен "үйгө жакыныраак болосуң" деп апасы Аалыны Таластан окутмай болот. Айылындагы колунда бар жигиттер "жардам катары жылына эки окуучуну Талас университетине өткөрөбүз" дешип, "Жакшы окуйт" деп эки баланын бирине мугалимдер Аалыны жазып коюшат. Чындыгында Аалынын ал жакка окугусу келген эмес. Кудай жалгап, тиги кишилер да кандайдыр бир себептерден улам, "окутпайбыз" деп айнып калышат. Ошентип, өзү каалаган багытына жакындап Бишкекке жол тартат. Келсе бардык окуу жайларда документ кабыл алуу аяктап калган болот. Анан филармониянын алдындагы эки жылдык студияга тапшырган. Ал жерден чыгармачылыгынан бир үзүм колдонуп, экзамен алып жаткан бир нече адамдын алдында төкмө акын болгусу келерин айтып ырдаган. Арасында отурган бирөө: "Сен жаттап алсаң керек, бул жерде атактуулар отурат. Ошолорду кошуп ырдачы -дейт, - Башка тема бересиңерби, отургандарды тааныбайт экем, - десе, - Эмнесин тааныбайсың, булар - Самара Токтакунова, Анарбек Ибраев" - деп тааныштырат. Аларды үналгы-сыналгыдан угуп, көрүп жүргөнү менен, бет маңдай келгенде тааныбай калган. Ошентип, аларды жамактап ырдагандан кийин "сенден акын чыкпайт" деп кылкыяк бөлүмүнө өткөрүп коюшкан.
Бул боюнча Аалынын айтымында, алардын айтыш бөлүмүнө өткөрбөй коюшкандыгы, комиссиянын курамында төкмө акындардын жоктугунда болгон.
Кылкыяк чертмек түгүл колуна алып көрбөгөн Аалы бул аспаптан жарытылуу нерсе күтпөй "ушинтип кор болот белем" деп кыжаалаттын кучагында калат. Бирок таланты ташкындап турган неме көп өтпөй кылкыякты да үйрөнүп кетет. Кийин бул аспаптын кылында "Курманбек", "Гүлгаакы" дастандарын ырдап калат. Ошол жылдары аскерге улам-улам чакырта беришкенинен "филармонияда окуйт" деген маалымдама алып барат, мында бул маалымдама аскердик талапка жооп бербей калат. Ошентип, бир жылдан кийин кайрадан Искусство институтунун музыка бөлүмүнө тапшырат. Ал жерде төрт жыл окуп, 5-курста жүрөгү эңсеп келген фольклор бөлүмүнө которулуп, дастан айтуу, айтыш өнөрү боюнча Замирбек Үсөнбаевден сабак алат.

Ильяз Абдразаков,
ырчы
Ильяз Абдыразаков музыка чөйрөсүнө эрте аралашкан. Тагыраак айтканда, 2-класста окуп жүргөн кезинде музыка эмне экенин түшүнө баштаган. Ал мындайча болгон: Мектепте музыка сабагынан мугалим болуп иштеген апасы бир күнү мектептин "ямахасын" үйүнө алып келип калган. Музыкага дээри берилип турган балага бул аспап аябагандай кызык көрүнүп, балалык кыялы менен чукулап ойноп кирген Ильяз баскычтардан ошол кездеги хит ырлардын бири "Ананайын" деген ырдын кайрыктарын чыгарып алат. Ал аспап бир күн гана болот. Ошол күндөн тартып "ямаха" деген оору пайда болгон. Кийин артынан түшкөн Ильяз айылдын музыканттарына барып алып: "Мен "ямаха" ойногонду үйрөнүп жаттым эле, көрүп коёсузбу?" деп ойноп бере берчү. Алгач көргөндө алар "кенедей болуп алып минтип ойногонду кайдан үйрөндүң?" деп таң калуу менен кабыл алышып, өзгөчө көңүл бөлүшүп, өздөрүнө тарта башташат. Ошентип, айылда кимдин "ямахасы" болсо ошону айланчыктап жүрүп талантын өнүктүргөн. Анан баягы үйрөткөн байкелери тойлорго алып бара башташат. "Ямахага" бою жетпеген кичинекей Ильязды байкелери көтөрүп отургучка отургузуп коюп музыканын чордонуна аралаштырып жүрүшкөн. Ошентип, музыка чөйрөсүнө кеткен чыйыр жол дал ошол мектептин эски "ямахасынан" башталган.

Ким Хён Жун,
актер
Кыздардын кыялы, жаш жүрөктөрдүн жаңы каармандары болгон "Мыкты жигиттер" сериалынын актёрлору менен "ооругандардын" саны саат сайын көбөйүп барат. Анын ичинде "красавчик" атыккан Жи Ху (Ким Хён Жун) да бар. Ал бир гана тасмаларда роль жаратпастан, популярдуу ырчы катары да таанымал.
Хён Жун аягы 6 менен аяктаган жылдын алтынчы айынын 6-күнүндө төрөлгөн. Нумерологдордун айтымында, мындай адамдарды дайыма ийгилик коштоп жүрөт. Анын сыңары, Хён Жун тасмага келерден мурун, 2005-жылы беш жигиттен турган "SS501" ырчылар тобун негиздеген. Күйөрмандар балдардын ар бирине лакап ысым арнап, ал эми Хён Жунду "красавчик" деп атап алышат. Бирок өзүнө бул лакап аты жакпайт. "Сырткы көрүнүшүмө гана карап жагымдуу жигиттерге таандык ролду бергендерин туура көрбөйм" - дейт. Топ бат эле Түштүк Кореяда популярдуулукка жетип, акырындык менен коңшу өлкөлөрдү да багынта баштайт.
Хён Жун Кйонгги университетин аяктап, бош убактысында гитара чертүү, пианинодо ойноо жана бийлөө менен алектенген.
Даярдаган Гүлнур НУРКАЛИЕВА