presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Түркиядан кыймылсыз
мүлккө ээ болуу - учурда жомок эмес!
Инвестициянын эң заманбап тармактарынын бири бул кыймылсыз мүлк. Акчалай каражатты кайда инвестициялоо керек? Валюта, алтын, акция тармагынабы же кыймылсыз мүлккөбү? Ар бир инвестордун айласын алты кетирген бул суроого бүгүнкү күндө жооп табуу оңойго турбастыр. Анткени бул абдан олуттуу маселе, жети өлчөп бир кесүүнү, өтө кылдаттык анализди талап кылат.
Эксперттердин айтымына караганда заманбап жашообузда инвестициянын эң оптималдуу тармагы бул - кыймылсыз мүлк болуп эсептелет. Анткени бул багытка жумшалган каражатты жоготуу коркунучу дээрлик жокко эсе.


Дүйнөлүк инвесторлордун назары Түркияда
Түркияны төрт деңиз курчап турат: Кара деңизи, Жер Ортолук, Эгей жана Мрамор деңиздери. Тарыхта баарыбызга белгилүү болгондой, байыркы Стамбул көптөгөн маданияттардын башын бириктирген, жер шаарындагы эң улуу шаарлардын катарын толуктап келген. Бүгүнкү күндө да бул шаар өткөн кылымдардан калган улуу мурасы жана кереметтүү маданий-тарыхый эстеликтери менен баарыбызды таң калтырып келет.
Акыркы беш жылдык статистикалык маалыматтарга караганда Түркия экономикалык өнүгүү жаатында дүйнөдө үчүнчү орунду ээлеп келатат. Бул көрсөткүчтүн мынчалык жогорку деңгээлге чыгуусуна түздөн-түз туризм жаатында жетишкен ийгиликтерин баса белгилеп кетүүгө болот. Андан сырткары курулуш, өндүрүш жана дыйканчылык чөйрөсүндө да атаандаш өлкөлөрдөн бир топ эле алдыга озуп кеткенин турмуш өзү далилдеп олтурат. Өлкөнүн гүлдөп өсүшү анын экономикалык жагдайы менен түздөн-түз байланышта болгондуктан азыркы тапта Түркияда жумушсуздуктун саны кыскарып, саясий жана экономикалык стабилдүүлүгү менен ири инвестициялык капитал агымдарын өзүнө тартууда.
Бул өлкөнүн артыкчылыгы катары жергиликтүү калктын маданиятын жана менталитетин белгилеп кетүүгө болот. Атап айтканда, башка өлкөлөргө караганда (айрыкча Казакстан жана Россия) Түркия калкынын чет өлкөлүктөргө болгон көз карашы позитивдүү. Андан сырткары ислам дини басымдуулук кылгандыктан, нарк-насил, каада-салтыбызда өтө чоң айырмачылыктар жок. Бардык түрк элдерин (кыргыз, казак, түркмөн, азербайжан) "кардешлер" б.а. "бир туугандарыбыз" деп күлүп-жайнап тосуп алып, колунан келген жардамын аяшпайт.
Түркиядагы кыймылсыз мүлктүн азыркы абалы
Акыркы жылдары Түркия бир гана дүйнөдөгү эң кереметтүү эс алуучу жайлары менен эмес, жигердүү өнүгүп келе жаткан кыймылсыз мүлк базары менен да көптөгөн инвесторлордун назарын буруп келүүдө. Бул өлкөдө кыймылсыз мүлккө ээ болуу бүгүнкү күндө чет өлкөдө үй сатып алууну көздөгөндөр үчүн каражат жумшоонун эң оптималдуу жолу. Европа Биримдигине (ЕБ) кирүү туурасында келишимдер башталары менен, Түркияда акыркы эки жылда кыймылсыз мүлккө болгон баанын стабилдүү жогорулаганы байкалды. Бүткүл Дүйнөлүк Соода Уюму Түркияны жогорку динамикалуу өлкө деп эсептейт. Анткени статистикалык маалыматтарга караганда бул өлкөдө кыймылсыз мүлккө болгон баа жылына 25%га чейин өсөт. Ушундайча жол менен батир, вилла, үй же болбосо, жер участкаларын ылайыктуу баада сатып алып, кандайдыр убакыттан кийин кепилдик кылынган кирешени алуу менен бирге чыгымдын ордун да толуктоого болот. Жыйынтыктап айтканда, чет өлкөлүк инвесторлорду кызыктырган эки негизги фактыны баса белгилеп кетким келет: биринчиси, Түркияда кыймылсыз мүлктүн наркы дүйнөнүн башка ири шаарларына салыштырмалуу бир канча эсе төмөн. Экинчиден, Азия менен Европаны бириктирип турган мегаполис өлкө болгондуктан, бул жерде батирди ижарага берүү орто эсеп менен кыймылсыз мүлктүн баасынан 0.5% - 0.7% (700-2000 АКШ доллары) түзөт. Бирок бул көрсөткүч райондорго жараша өзгөрүп турат, мисалы, "VIP" райондордо батирди ижарага алуу эң арзаны 2000 АКШ долларынан башталат.
Ал эми курулуштун сапаты туурасында сөз кыла турган болсок, 1999-жылы атап айтканда, катуу зилзалага чейин мамлекет тарабынан эч кандай көңүл бурулбай келсе, бул каргашалуу окуядан кийин катуу көзөмөлгө алына баштаган. Заманбап курулуп жаткан үйлөр дүйнөлүк стандарттарга жооп берүү менен бирге 9 баллга чейинки жер титирөөгө туруштук бере алат. Курулуштун сапаты боюнча немецтер алдыңкы орунду ээлеп келсе, бүгүнкү күндө бул позицияны түрктөр өз колуна алышты.
Эмне үчүн Стамбул?
2011-жылы Европада кыймылсыз мүлккө инвестициялоо боюнча Стамбул шаарындагы кыймылсыз мүлк баардык талаптарга жооп берген "эң мыкты кыймылсыз мүлк" деген атка конду. Мында инвесторлор издеген баардык нерселер бар. Жогоруда белгилеп кеткендей, кыймылсыз мүлккө болгон салыктын аз болушу, ижарадан түшкөн кирешенин жогору болушу капиталдын өсүшүнө алып келери талашсыз. Маалыматтарга караганда, Стамбул шаарында бир жылда 250 000 үй курулат. Бирок ушунчалык көп үй курулганына карабастан, куруучулар түшкөн суроо-талаптарды толук орундата албай келет.
Эмне үчүн Анталия?
Ал эми Анталия жөнүндө айта турган болсок, Стамбул шаарынан айырмаланып, мында жашоо арзан болгондуктан, чет өлкөлүк жарандар баш калкалап, туруктуу жашоону макул көрүшүүдө. Айталы, көбүнчө орус жарандары Москва шаарындагы үйүн ижарага 5000 АКШ долларына берип, Анталияда айына 2000 АКШ долларлык чыгымы менен каалагандай өмүр сүрүүдө. Андан сырткары мында отурукташкан орус жана казак жарандары көп болгондуктан, бир нече орус мектептерин да учуратууга болот. Бир гана Казакстан жана Россия тургундары эмес, Европа жана АКШдан келген пенсионерлер да туруктуу жашоо үчүн Анталия шаарын эң ынгайлуу деп эсептешет.
Анталия Жер Ортолук деңизи боюнча эс алуу үчүн эң ыңгайлуу жай катары дүйнөгө таанымал. Мисалы, өлкөбүздө кыш мезгили учурунда -25 градуска чейин түшкөн суукта мештин жанына жылынып отурган учурда, бул шаарда тескерисинче +25 градус ысыкта деңиз жээгинде күнгө кактанып эс алышат.
Кыймылсыз мүлккө ээ болуунун шарттары жана мыйзамдары
Түркияда кыймылсыз мүлккө болгон суроо-талап жогору болгондуктан, бул багытта түрк мыйзамдары туурасында бир канча пайдалуу маалымат алуу ашыкча болбостур. Бул туурасында сөз баштоодон мурун алгач Кыргызстандын бул туурасындагы мыйзамдарын да атап өтүү максатка ылайыктуу. Кыргызстанда Совет доорунан бери келе жаткан мыйзамдарды бүгүнкү күндө да колдонулуп келе жатканы эч кимге жашыруун болбосо керек. Мына ошол мыйзамга ылайык, чет элдик жарандардын Кыргыз жергесинде кыймылсыз мүлккө ээ болуусу мүмкүн эмес (болсо да өтө татаал). Мына ушул мыйзамга жараша "кандай салам берсең, ошондой алик аласың" дегендей, КМШ өлкөлөрүнүн жарандары үчүн Түркияда кыймылсыз мүлккө ээ болуу процедурасы бир топ татаалдаштырылган. Бирок кыргыз жарандары үчүн "бир туугандык" кылып таптакыр эле тыюу салуудан баш тартышты.
Кыймылсыз мүлккө ээ болуу процедурасынын этаптары
Түркияда кыймылсыз мүлккө ээ болуу сиз ойлогондой өтө татаал эмес. Бул процедура жогоруда белгилеп кеткендей, кайсыл мамлекеттин жаранысыз, мына ушул суроонун жообуна жараша жүрөт. Биз Кыргызстандын жарандары болгондуктан, бул багытта бир аз мүмкүнчүлүгүбүз чектелгени менен, төмөндөгү "текшерүү" этаптары бир нече убакытты гана талап кылат.
1-этап
Сизди кызыктырган кыймылсыз мүлктү тандап алгандан кийин "сатуу-сатып алуу келишими" түзүлөт. Андан кийин ИНН салык номерин алуу жана Түркиядагы каалаган банктан эсеп ачуу керек.
2-этап
Кыймылсыз мүлктү сатып алууга уруксат алуу максатында Түркиянын Мамлекеттик каттоо башкармалыгына керектүү документтер берилет. Бул документтер мамлекеттин борбору болгон Анкара шаарында жайгашкан Куралдуу күчтөрдүн генштабында текшерүүдөн өтөт ( сатылып жаткан обүект саясий стратегиялык жактан таза болушу керек). Бул текшерүүдөн кийин Мамкаттоо башкармалыгында кыймылсыз мүлктү каттоодон өткөргөндөн кийин "ТАПУ" (ТАПУ - бул Түркияда кыймылсыз мүлккө ээ болуу үчүн жеке укугуңузду тастыктаган расмий документ. Бул документ кыймылсыз мүлк туурасында толук маалымат камтыйт) алууга уруксат берилет.
ТАПУну алуу процесси 12-15 ай убакытты талап кылат. Жогоруда белгилеп кеткендей, бул процесс кайсыл мамлекеттин жаранысыз, ошого жараша өзгөрөт. Айталы, АКШ , Украина, Грузия, Россия, Германия, Англия өлкөлөрүнүн жарандары үчүн бул процедура бир нече күндү гана талап кылат. Андан сырткары бул өлкөлөрдүн жарандары үчүн жогорудагы "текшерүү" этаптарынан өтүү милдеттүү эмес.
3-этап
ЖТУну сөзсүз түрдө алыш керекпи жана бул канча убакытты талап кылат?
Түркия мыйзамына ылайык, бул өлкөдө кыймылсыз мүлк сатып алган ар бир чет өлкөлүк жаран "жашап туруу укугу"(ЖТУ) берилгендиги тууралуу күбөлүк алуусу милдеттүү. ЖТУ чет өлкөлүктөр менен иш алып баруу боюнча Жергиликтүү коопсуздук башкаруу бөлүмүндө берилет. ЖТУ алуу үч күндөн он күнгө чейин созулат (сезон мезгилинде мындан да көпкө созулушу мүмкүн). Алты айлык мөөнөткө чейин жарактуу болгон ЖТУга кеткен чыгымдын наркы 300 еврону түзөт.
"Аэлита-Азия" сиздин кызматыңызда
Жогорудагы этаптарды санап олтуруп эмнеден баштаарыңызды билбей жатсаңыз "Аэлита-Азия" фирмасынын тажрыйбалуу жамааты дайыма сиздин кызматыңызда.
Бул багытта биз сизге төмөнкү кызматтарды сунуш кылабыз:
- сизге ылайыктуу баалар: Стамбулда чарчы метр - 850$, Анталияда -600$ дан башталат;
- каржы жана юридикалык жаатында кеңеш берүү;
- түшкөн сунуштарды анализдөө жана жеке бюджетке жараша кыймылсыз мүлктөрдүн түрлөрүн тандоого жардам берүү;
- кыймылсыз мүлк менен жеке таанышып келүү мүмкүнчүлүгүн түзүп берүү;
- Түркияда да сиздин кызыкчылыгыңызды талашуу жана коштоп жүрүү. Сизге тиешелүү маалыматтардын толук конфеденциалдуулугу;
- бардык керектүү документтерди даярдоо жана иш жүзүнө ашыруу;
- ижарага берүү.
Ар бир этапты кылдат түрдө кеңешип, анализдөө менен бул жолго сиз менен бирге аттанууга даярбыз.
Биздин дарек: Киев көчөсү 92/10
Телефон: (0312) 66-02-78, 66-02-79
E-mail: aelitaasia@gmail.com






кыргыз тилиндеги гезит "Форум"





??.??