Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

  Төр маек…

Өмүрбек Текебаев, "Ата Мекен" фракциясынын лидери:
"Жазындагы митингдер бийликти
алмаштырууга негиз боло албайт…"
- Өмүрбек Чиркешович, криминалга каршы катуу күрөш жүргүзүү демилгесин алгач "Ата Мекен" партиясы көтөрүп чыкты эле, бийлик азыр аз-аздап болсо да бул ишти баштап жатат, эми бул иш канчалык деңгээлде эффективдүү болот деп ойлойсуз?
- Коомчулукта криминалдашуу чекке жетип, мамлекеттүүлүккө коркунуч туудурган абалга айланды. Криминалдык элементтер реалдуу саясий факторга айланып, шайлоонун жыйынтыгына таасирин тийгизип, жергиликтүү бийликтердин, айрым убактарда жогорку бийликтин чечимине таасирдүү болуп бара жатат. Бул өтө коркунучтуу чек. Ал чектен нары мамлекеттин кыйрашы гана калат. Ошондуктан, криминалга каршы күрөшүү бүгүнкү күндүн негизги талабы. "Ата Мекен" партиясы криминалга карата күрөшүү, коомду криминалдан тазалоону шайлоо алдындагы программасына киргизген, бирок жалпыга маалым болгондой, биз ЖКда азчылыкты түзүп, бийлик биздин колубузда болбой калды. Ошого карабастан, бүгүнкү бийлик биздин ал демилгебизди колдоп чыкты. Ким бийликте болбосун, криминалга каршы күрөш жүргүзүшү керек эле, себеби жогоруда айткандай, биздин өлкөдө криминалдашуу чекке жетип калган. Президент, Өкмөт бул маселе боюнча ишти баштады. "Ата Мекен" партиясы идеологиялык жана саясий планда бул иш-чараларды колдойт. Андан тышкары биз мыйзам чыгаруучу катары бул маселе тууралуу бир нече мыйзамдарды чыгарып сунуштап жатабыз. Ал мыйзамдардын бири Кылмыш кодексине криминалдык идеологияны таратууга тыюу салган статья, бул статьянын маанисин биз: "Криминалдык идеология - коомго каршы кылмыш" деп жарыяладык. Биз адамдардын кылмыш дүйнөсүнүн элементтерин, каада-салт, адаттарын, жүрүм-турумун, баалуулуктарын таратууга болгон аракеттерин "кылмыш" деп жарыялап, эгер кайсы бир адам (жалгыз адам) ошондой аракеттерди көрсө, ал адам 3 жылга чейин эркинен ажыратылат. Ал эми криминалдык идеологиянын негизинде жашыруун уюмдарды түзүүгө аракет кылгандар 10 жылга чейин камакка алынат. Ушул статьянын жардамы аркылуу кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү менен ийгиликтүү күрөшсө болот. Бүгүнкү күндө кылмыш дүйнөсүнүн лидерлери, авторитеттери ээн-эркин жүрүшөт. Мисалы: ачык эле дүңгүрөтө той берип, улак тартышат, ат чаптырышат, мамлекеттин жетекчилери барган жерлерге барып, алар менен чогуу-чаран жүрүшөт. Укук коргоо органдарыбыз болсо: "Биз аларды камай албайбыз, себеби аларга кылмыш иши козголгон эмес" дешип, алакан жайып, тим болушат. Эгер биз сунуштап жаткан мыйзам парламентте колдоо таап, өтүп калса, өздөрүн "криминалдык авторитетмин, криминалдык дүйнөнүн өкүлүмүн"- деген адамдар 3 жылдан 10 жылга чейин түрмөгө кетиши толук мүмкүн. Кыскасы, биз азыр криминал менен күрөшүүнүн жеңилдетилген шарттарын түзүп жатабыз.
- А, эмне үчүн "өтүп калса" деген кандайдыр бир кооптонуу менен айтып жатасыз, бул мыйзамды депутаттар колдобой да коюшу мүмкүнбү?
- Мен азыр ишеним менен айта албайм. Азырынча, өтүп калса деп айта туралы. Эгер өтүп калса, бул мыйзам өз кезегинде жемишин берет.
- Албетте, өлкөнү криминалдан тазалоо шыр кете койбойт деңизчи, бул иште сизди түпөйүл кылган, тоскоол боло турган кайсы көрүнүштөр бар?
- Биринчиден, криминалга согуш жарыялап коюу менен, ал тууралуу мыйзам жазып коюу менен иш бүтпөйт. Бул иштин башталышы гана. Бул иштин майнабын чыгаруу үчүн туруктуу, күчтүү саясий эрк керек. Ошондой эле бекем ынтымактын жана команданын болушу зарыл. Ошондо гана бул маселеден майнап чыгарса болот. Эгер андай болбосо, ар кандай тоскоолдуктар, саясий факторлор чыгып, бул иш аягына чыкпай калышы толук ыктымал.
- Азыркы өкмөттүн курамына, деңгээлине кандай баа бересиз? Убакыттын өтүшү менен бул өкмөттүн иши натыйжалуу болот деп ишенүүгө болобу?
- Өкмөттүн күчү анын ой-максатында, аны ишке ашыруунун жолун көргөзгөн конкреттүү программасында жана команданын ынтымагында. Баардык эле өкмөттүн ой-максаттары жакшы. Бирок ошол максаттарын кандайча ишке ашыруу жолдорун билиши керек. Азыркы өкмөт бүгүнкү күнгө чейин өзүнүн программасын парламентке бере элек. Ал программа болгондо да, кандай деңгээлде? Ал жарактуубу, жараксызбы? Туура жолбу, туюк жолбу? Эгер программа абдан иш билгилик менен, мезгилдин талабына ылайык иштелип чыкса да, саясий эрк болбосо, анда ал программаны аягына чыгаруу мүмкүн эмес. Жогоруда айткандай, бул иште да, саясий эрк менен команданын ынтымагы болушу зарыл деп эсептейм. "Токмогу күчтүү болсо, кийиз казык жерге кириптир"- демекчи, саясий эрк болсо ар кандай иштен майнап чыгарса болот? Ал эми бүгүнкү күндө өкмөттүн ишине баа бериш али эрте. Өкмөттүн иштеп жатканына бир жарым гана ай болду. Жүз күн толгондо "болор бала богунан" дегендей, кандай иштеп жатканы билинип калат. Ошондо баа берсек болот.
- Тажрыйбалуу депутат катары айтсаңыз, азыркы парламенттин деңгээли төмөн экени байма-бай айтылууда, деги эле ушундай деңгээл, ушундай курамдан турган парламент өлкөнү алдыга сүйрөй алабы? Же…
- Өткөн жыл Кыргызстан үчүн абдан оор жыл болду. Күтүүсүздөн бийлик алмашып, бийлик боштугу (вакууму) жаралды. Мамлекеттик бийликти мыйзамдаштырууда, аны куроо убагында түштүктө улут аралык араздашуу маселелер келип чыгып, оор кырдаал ого бетер оорлоду. Шайлоонун жыйынтыгына улут аралык тирешүүнүн логикасы, түндүк-түштүк көйгөйү, анын карама-каршылыктарынын өсүшү, сырткы саясий күчтөрдүн шайлоого аралашышы, алар шайлоода айрым партияларга саясий көмөк, маалымат жагынан, каражат жагынан колдоо көрсөтүү аракеттери өз таасирин тийгизди. Мына ушундан улам, парламентте ит жыгылыш болду. Бир кылка беш партия келип калды. Алар бири да үстөмдүк кыла албайт. Парламенттин алсыздыгы тууралуу сөз кылсак, мен мына ушуну баса белгилейм. Беш партия бири-биринен көлөмү, саны боюнча да олуттуу айырмаланбайт. Ушул беш партия курамдык өкмөт түзүп, бирге иштөөгө мажбур болушту. Ал эми курамдык өкмөт ар дайым, өзгөчө кыйын кезеңдерде алсыз болот. Анткени ынтымак маселеси чоң көйгөй жаратат. Жоопкерчиликтен качуу маселеси чыгат. Эгер өкмөт бир же эки партиянын өкүлдөрүнөн түзүлсө, алда канча туруктуу, саясий эрки да күчтүү, ынтымагы да бекемирээк болмок.
- "Түркия мамлекетинин бизге берип жаткан жардамынын артында Америка турат"- деп Орусия бийлиги айтып чыкты. Алардын тараткан маалыматынын канчалык деңгээлде чындыгы бар?
- Түркия - бул улуу түрк империясынын мураскери. Бул мамлекет акыркы жүз жылда абдан көп кыйынчылыктарды башынан кечирди. Бирок акыркы жыйырма жылда өнүгүүнүн жолунда келатат. Өткөндө аталган өлкөнүн өкмөт башчысы Эрдоган: "Мен 8 жыл мурун өкмөт башына келгенде, Түркия дүйнөдө экономика боюнча, күчү боюнча 27-орунда эле" -деп, азыр 17-орунду камсыз кылганын айтты. Жогоруда мен империя деп бекер айткан жокмун. Булар өзү менен өзү болбогон эл. Өзүнүн мурунку тууган-достору менен болгон мамилесин андан ары бекемдеп, алардын да өздөрүндөй болуп өнүгүшүнө салым кошууга ниети бар. Демек, алардын бизге жардам берип жатканын: туугандык мамилелер, регионалдык коопсуздук маселелери негиз болууда. Ошондуктан мен Түркиянын артында Америка турат деген пикирге макул эмесмин. Түркиянын артында: анын статусу, улуу тарыхы жана биздин жалпы тууганчылыгыбыз турат.
- Улуттук комиссия: "Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүн Ош окуясына күнөөлүү" деп расмий жарыялады. Сиз ошол кезде УӨнүн мүчөсү катары кандайдыр бир күнөөм бар эсептейсизби?
- Улуттук комиссия ал окуянын бир нече себебине токтолду. Биринчиси: тарыхый жана социалдык себеп. Түштүктөгү улуттар аралык конфликт алтымышынчы-токсонунчу жана өткөн жылы да кайталанды. Бул конфликт боюнча бардык бийлик чараларды көргөн эмес деген жыйынтык. Экинчиси: 7-апрелде Бакиев элине ок атып, анын кесепетинен өзү качты. Ошол учурда Кыргызстан Бакиев менен кошо бийликсиз, парламентсиз калды. Эгер Бакиев Акаевдай болуп, өзүнүн бийликтен кеткенин дароо моюнга алганда, балким, УӨ дароо өзүнүн бийлигин Кыргызстанга бүтүндөй орнотуп, мыйзамдуулукту таратмак. Тилекке каршы, андай болбой Бакиев Ошко, Жалал-Абадга качып барып, өзүнүн статусун сактап калуу үчүн, күрөш жүргүздү. Кийинчерээк, ал өлкөдөн чыгып кеткенден кийин дагы, анын тарапкерлери бийликти басып алуу аракетин токтоткон жок. Укук коргоо органдарынын шайлары ооп, саботаж кылып, "Бакиев келет же келбейт" дегендей, эки тарапта иштеп калды. Мына ошондой кырдаалда түштүктө криминалдык элементтер күчөп, улутчул-сепаратисттик күчтөр да өөрчүп, аягы кыргыз-өзбек ортосунда кагылышууга алып келди. Экинчи себеби ушул. Үчүнчүсү: "УӨ алсыз болсо да саясий жоопкерчиликти алгандан кийин, кырдаалды алдына ала билип, тиешелүү чараларды көрсө болмок" деген негизги чечимди айтты. Акыркы чечим менен мен да макулмун. Окуяны токтотуп койсо да, токтото албаса да, УӨ тигил же бул нааразычылык үчүн кандайдыр бир деңгээлде саясий жоопкерчиликке ээ. "УӨ мүчөсү катары ошондой жоопкерчиликке ээмин"- деп июнь айынан бери айтып келатам. Бирок УӨнүн конкреттүү ар бир мүчөсүнө келгенде, пикирлер ар башка болот. Анткени ар кимдин милдети ар башка болгон. Мага Башкы мыйзамды жазып, референдумга алып чыгуу милдети гана жүктөлгөн. Түндүктө да, түштүктө да кадр ж.б. маселелерди чечкенге аралашкан эмесмин. Бирок ошого карабастан, мен саясий жоопкерчиликти моюнга алам. Саясий жоопкерчилик деген эмне? Бул эл алдындагы, тарых алдындагы жоопкерчилик. Саясий жоопкерчиликке кириптер болгон адам кандайча жазаланышы керек? Ош окуясынын ызасы, кайгысы басыла электе, шайлоо болду. Шайлоого "Ата Мекен" партиясы, анын жетекчиси катары мен да катыштым. Элдин түшүнүгүнө жараша, окуяларга берген баасына жараша, биз өзүбүзгө тиешелүү добуш алдык. Мына ошону менен катар, мен саясий жоопкерчиликти тарттым деп эсептейм. Саясий бааны мына ушинтип алат. Албетте, мен жогоруда биздин партиянын аз добуш алып калгандыгынын себебин ички жана саясий факторлор менен түшүндүргөнгө аракет кылдым. Бирок алар бизге жеңилдик бербейт. Мындан ары биз ушул маселени эсепке алып иштейбиз.
- Жаз алды менен өлкөдө чоң митинг-пикеттер болору айтылууда. Эгер андай митингдер боло турган болсо, канчалык деңгээлде реалдуу болушу мүмкүн?
- Өлкөдө экономикалык абал өтө татаал. Бул өз кезегинде калктын жашоосун оорлотууда. Өлкөнүн келечеги күмөн туудурат. Мындай учурда бийликке элдин нааразычылыгы күчөйт. Бирок бул социалдык нааразычылык, социалдык талап. Ошондуктан 2005-жылдын мартындагыдай, 2010-жылдын 7-апрелиндегидей бийлик алмаштырууга жетиштүү, толук шарт боло албайт. Көп адамдар нааразычылык болот деп айтып жатышат. Нааразычылык болот. Бул табигий нерсе. Бирок революцияга негиз боло албайт. Революция болуш үчүн оор экономикалык абалдан башка дагы, бир нече саясий себептер болушу абзел. Коомдо саясий чекке жеткен кризис болушу керек, элдин бийликке болгон ишеними кетиши керек. А бүгүнкү бийликте андай жок. Мурункуларга салыштырмалуу тазараак шайлоо өттү. Кыскасы, эл бийликтен тажап, чарчаган жок. Анын үстүнө быйыл президенттик шайлоо өтөт, айыл өкмөттөрү, акимдер, мэрлер шайлоо жолу менен алмашат. Бул шайлоодо кимдерди, кандай адамдарды тандоо маселесин эл өзү чечет. Кыскасы, жаңы система эл эрки менен иш жүргүзөт. Жазында үчүнчү революция болушу керек, бирок ал бийликти алмаштыруу эмес - кадрдык революция болушу зарыл!
- Президенттик шайлоого "Ата Мекен" партиясы кимди алып чыгат? Же өзүңүз катышасызбы?
- Июнь айынын аягында президенттик шайлоо жарыяланат. Бул шайлоо анчалык катуу болбойт. Себеп дегенде жаңы мыйзамда президенттин ыйгарым укуктары бир топ чектелген. Биздин партия шайлоого сөзсүз катышат. Ал эми кимди алып чыгарыбызды шайлоого жакындаганда айтабыз.
- "Ата Мекен" партиясынын өкүлдөрү жалпысы менен кызматтан алынып жатышына кандай карайсыз?
- Коалиция - деген бийликти бөлүштүрүп алууну эмес, бүтүндөй тармактардагы жоопкерчиликти моюнга алуу дегенди түшүндүрөт. Бизде эскичесинен министрликтерден баштап, райондук деңгээлдеги кызматтарды бөлүштүрүп жатат. Бул туура эмес. Кайсы партиядан экенине карабастан, жакшы иштеп жаткан адис өз кызматында иштеши керек. Анын укугун Эмгек кодекси коргойт. Бирок бүгүн система өзгөргөнү менен, адамдар өзгөргөн жок. "Уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат" - дегендей, бир уядан чыккан адамдар бардык кызматтарды сугалактык менен бөлүштүрүп жатышат. Жакшы жагы, муну элдин баары көрүп жатат. Ачык сын айтылууда. Кээ бир убактарда партиялар жаңжал чыгып кетишинен кооптонуп: "алам" деген максатынан баш тартышууда. Мына ушунун өзү жаңы тартип. Бирок дароо эле мындай көрүнүштөн арыла албайбыз. Дагы бир нече шайлоолор өтүп, өкмөт бир нече жолу түзүлсө, анан күрөш жолу менен барып, жаңы системанын нугуна түшөбүз, кыскасы, акырындык менен оңолобуз деген ойдомун.
Маектешкен
Айбек Шамшыкеев

(Уландысы 10-бетте)