presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Саресеп…

Адалсынган молдонун үйүнөн…
Ажылыкты уюштуруудагы чууга кандай
көз караштасыз?
Учурда мамлекеттин баардык тармагы коррупцияланышып калганы эч кимге жашыруун деле болбой калбадыбы. Жада калса, эң ыйык деп саналган ажылыкты уюштуруу жаатында дагы коррупция күч алып, жыл сайын ызы-чуу менен коштолгон көрүнүш адатка айланып калды. Мына өтүп кеткен жылдагы ажылыкты уюштуруунун тегерегинде чыккан коррупциялык миллиондордун чуусу али басылбай жатат. Буга бийлик сересиндеги чиновниктердин аралашып жатканы айтылууда. Өзгөчө президенттин администрация жетекчиси Эмил Каптагаевдин баласы Кубаныч Каптагаевдин ажылыктагы миллиондорго түздөн-түз тиешеси бардыгы айтылып, шектелүүдө. Жогорку Кеңеш бул боюнча депутаттык комиссия түзүп иликтөөгө киришти. Мына ушул ажылыктын айланасындагы чыккан чууга байланыштуу айрым жарандарга кайрылып суроо узаттык.


Болот Абдырахманов,
Дин агенттигинин мурунку башчысы:
- Учурдагы айтылып жаткандардын баары калп. Кыргыз жарандарынан 4300 киши виза алып, ажылыкка барып келишти. Чет мамлекеттин 700дөн ашык жараны ажылык сапарга барып келиптир деген сөздөр фактыга дал келбейт. Ойдон чыгарган далилсиз ушактарга эл ишене берет экен. Чет өлкөнүн жарандарын ким алып барыптыр? Ким аларга виза бериптир? Далил жок да. Визалардын баарын тең Сауд Аравиясынын консулдары берет. Алар келип, биз даярдаган паспортторго виза басып беришти. Биз виза бербейбиз. Ошону түшүнүш керек. Ал эми визаларды ким сатканын далилдеш керек да. Оозго келгенди эле айта бергенге болбойт.
Албетте, ажыга барам деген кишилерге "сен мага акча берсең паспортуңа виза чаптап берем" дегендер да бар дейт. Башкача айтканда, өзүбүздүн эле жарандар виза алып, кайра сатып жаткандарын укканбыз. Ошондойлорду уюштурган ажыларды таап, ошолордон сураш керек. Биз бул жылы ажылыкты ачык өткөрүүгө аракет кылдык. Тилекке каршы, бардык нерсеге биз күнөөлүү болуп жатабыз. Каптагаевди да жабыштырып жатат. Анын кандай тиешеси бар экендигин билбейм. Үч айдан бери ушактарды уга берип, жүрөгүм ооруп, ооруп калдым. Ден соолугума байланыштуу отставкага кеттим. Эгер менин күнөөм болсо, соттун алдында жооп бергенге даярмын.

Борончу Кудайбергенов,
куудул, ажы:
- Коррупциянын ажылыкка чейин жетиши, биздин чоңдордун жеп-ичип көнүп калган пендечилиги болууда. Бул жерден миллиондогон акча жеп жатышат. Өзүңөр элестетип көрүңүздөр, Кыргызстанга берилген квота 5600 деп жатышат. Ошонун ичинен ажылыкка эки миң гана кыргызстандыктар барат. Калган 3500и визаны чет өлкөлүк жарандарга сатышып, аны бөлүп алышат экен. Ошондо кыргызстандык жарандар ажылыкка барыш үчүн 2200 доллардан беришсе, Кыргызстанга бөлүнгөн квотанын эсебинен башка өлкөнүн жарандары ар бир визаны официалдуу төлөгөн 2200 доллардан тышкары, бери дегенде 3-4 миң доллардан сатып алышат. Мына канча миллион доллар жеп жатышат. Сөзүм жалган болбос үчүн ачык айтайын, мына биз ажылыкка барып келдик го. Ажыга баргандардын 2 миңдейи гана Кыргызстандын жарандары болсо, калган 3 миңден ашыгы биздин өлкөнүн визаларын паспортторуна чаптап алышкан тажик, иран, казак, өзбек мамлекеттеринин жарандары экен. Биз менен чогуу тейлөө кызматтарын колдонуп эле жүрүштү.
Мамлекет башындагылар ажылыкты уюштуруу боюнча комиссия түзгөндө, андан түшкөн каражатты бөлүштүрүү жагын дагы макулдашып алышат. Болбосо, бир эле киши миллиондогон акчаны жеп алышы мүмкүн эмес. Эми кудай өзү ажылыкты уюштуруучуларга, мамлекет башындагыларга ыйман бербесе, же аталган кызматка кудайдан корккон адамдар барбаса, бул коррупция улана берет. Албетте, Алланын аманатына кыянатчылык кылгандар жакшылык көрбөйт. Аркы дүйнөдө жазасын алышат.

Кубат Кожоналиев,
укук жаатындагы эксперт, ажы:
- Кээ бир диний тармактагы ишмерлер, айрым депутаттар Э. Каптагаевдин баласынын көмүскөдөгү штабдын башында турган деген пикирлерин айтып чыгышпадыбы. Кубанычбек Каптагаевге 2-3 статья боюнча кылмыш иши козголуп жатыптыр. Эгер чынында эле Эмил Каптагаев менен баласынын аталган ишке тийиштиги жок болсо, айыптап жаткан адамдарды сотко берип, өзүнүн ак экендигин коомчулукка ачыктап берүүсү зарыл. Бирок алар тараптан эч кандай пикирлер айтыла элек. Бул шектенүүнү жаратат.
Ал эми ажылык сапардагы коррупция боюнча айтсак, мамлекет ибадат маселелерине аралашпайт деп башында эле айтылган болчу. Бирок ага карабай, биздин айрым чиновниктер аралашып, натыйжада ушундай чуу келип чыкты. Негизи эле бул дин багытында жүргөн адамдардын жеке иши. Мамлекет визаларды алууга көмөктөшүп, шарт түзүп бергенге гана мүмкүнчүлүгү бар. Уюштуруу иштерине киришпеши керек. Аны аткара турган тиешелүү кызматтар бар.

Турсунбек Акун,
КРнын Акыйкатчысы:
- Ажылык сапарга коррупция аралашып кетти деген далилдүү факты жок болгондон кийин, мен ажылык сапар коррупциялашып кетти деген сөзгө толугу менен кошула албайм. Биз бул боюнча азыр мониторинг өткөрө элекпиз. Бирок ажылык сапарга мамлекеттин түздөн-түз кийлигишкенинин өзү туура эмес деп эсептейм. Муну ажыга бара турган адамдар өздөрү чечиши керек. Мамлекет аралашты дегенче коррупция башталат. Бул жерде көп адамдар киришип, ортодон эле акча жасап жатышпайбы. Ажылык боюнча иш алып барган дин башкармалыгы бар. Демек, аларга мамлекет башындагылар аралашпашы керек.


Дүйшөн Абдылдаев,
ажы:
- Мындай жагдай биздин мамлекет башындагылардын коррупцияга белчесинен батканын далилдейт. Бул диний ибадат. Демек, 100 пайыз диний ишмердүүлүк болуп саналат. Ошондуктан бул ишти өкмөттүн эмес, диний кишилердин аткарганы туура. Себеп дегенде, өкмөттүн кишилери киришкенде коррупция аралашып кетип жатат. Анткени алар дин багытындагы иштерди билбейт. Анын кесепетинен аябай көп суммадагы каражаттардын жыл сайын жок болуп келет. Мунун бирден-бир себеби ислам жөнүндө түшүнүгү жок адамдардын дин ишмердүүлүгүнө аралашып жаткандыгынан чыгып жатат.


Турсунбай Бакир уулу,
Жогорку Кеңештин депутаты:
- Ажылык сапардагы коррупциялык иштерди текшерүү үчүн Жогорку Кеңеште депутаттык комиссия түзүлүп, иш алып бара баштады. Түшкөн бүт арыз, даттануулардын баарын карап чыгабыз. Эмил Каптагаев жана анын баласы күнөөлүү болсо, биз коомчулукка ачык айтып, алардын күнөөлөрүн териштирүү үчүн тиешелүү органдарга беребиз.


Бакытбек Нурдинов,
Кыргызстан жана Орто Азия мусулмандар конгрессинин жетекчиси:
- Ушул маселе өткөн жумада Жогорку Кеңеште каралбадыбы. Ошондо трибунага чыгып, Эмил Каптагаев жана анын уулунун катыштыгы бар экендиги туурасында айткам. Муну танбайм. Азыр парламентте 10 кишиден турган депутаттык комиссия түзүлдү. Мен айткан сөздүн канчалык чындыгы бар экендигин ошол комиссия изилдеп чыгат. Ажылык иш сапарда коррупция эки багыт менен жүргүзүлгөн. Биринчиси, калькуляция, экинчиси визаларды сатуу боюнча коррупция болгон. Мына ушул көмүскө штабдын башында Эмил Каптагаевдин уулу турган. Бул далилдүү фактынын негизинде айтылып жатат. Визалардын сатылышына да Каптагаевдин уулу жетекчилик кылган. Ал эми баласынын жүргүзгөн иштерин Эмил Каптагаев өзү жаап-жашырып турган. Жакын арада биз мунун аныктыгын коомчулукка чыгарабыз. Ал эми визаларды алып берүүдөгү аткаруучулар дин комиссиясынын жетекчилери болгон.


Даярдаган Жаркынай Кадыркулова






кыргыз тилиндеги гезит "Форум"





??.??