presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Үшкүрүк…

Назгүл Өзүкова,
7-апрелде ок тийип, курман болгон Чолпонбек Мусаевдин жубайы:
"Автоунаага 37, жолдошума
7 ок тийиптир…"
Мындан ары да "Үшкүрүк" деген рубриканы улантып, 7-апрелде шейит кеткен баатырларды алардын жакындары менен бирге эскерип турууну туура көрдүк. Анткени маркумдарды эстутумга салып, алардын арбагына багыштап куран окуп туруу мусулманчылыктын парзы эмеспи. Убагы келгенде гезит бетине жарык көргөн эскерүүлөр китеп болуп жарык көрө тургандыгын баса белгилеп кетели. Бүгүн биз кыргыз элинин жаркын келечеги үчүн өз өмүрүн Бакиевдердин огуна тосуп, кызыл түстөгү автоунаасы менен Ак үйдүн тосмосун сүзүп кирип, 51 жаш курагында курман болгон Чолпонбек Мусаевди эскерүү ниетинде маркумдун жубайы Назгүл Өзүкованы маекке тарттык…
- Өмүр бою бир чатырда баш калкалап, турмуштун ачуу-таттуусун бирге татып бирге өмүр сүрдүңүздөр. Менимче, ал кишини сизден жакшы билген адам болбосо керек?
- Чолпонбек экөөбүз 22 жыл бирге түтүн булаттык. Бир уул, бир кызыбыз бар. Аны менен бирге өткөргөн 22 жылды менин асылзаттык бактым катары баалайм. Ал артымдагы улар үнүнө толгон таянар тоом болчу. Андан айрылуу мен үчүн чоң трагедия болду. Ансыз күн кечирүү уу ичкендей эле болуп турат. Эптеп кайрат кылып көздүн жашын тыйганым менен, караан издеген каражандын күрөшүн тыя албайт экенмин. Жолдошум 51 жаштын тамагын ичип жаткан кезинде эл-жер үчүн Бакиевдердин огуна төшүн тосуп курман болду. Катуу айтып бирөөнүн назарын сындырбаган, кумурскага да зыяны жок асыл адам болчу. Айыл ичинде, жоро жолдошторунун арасында, кадыр-баркы бар кыргыздын бир атуулу эле. Жакшы адамдын өмүрү кыска болот турбайбы. Айттырбай келген ажал жолдошумду эрте алып кетти. Түшүмө көп кирет. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун, жолдошум жашабаган жашты кудай балдарыма берсе экен. Балдарым эстүү чоңоюп, келечекте өз жолдорун таап жашаса экен деп тилейм (маектеш эжебиз жүз аарчысы менен көз жашын аарчыды).
- Жолдошуңуздун өмүр таржымалына токтоло кетсеңиз.
- Беш бир туугандын кичүүсү болчу. Чолпонбек бир жашка чыкканда атасы каза болуптур. Чиедей беш баласы менен кайын энем Нурила жесир калып, беш баласын канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай багып чоңойткон экен. Азыр апасы 78 жашка чыкты Чолпонбек каза болгону оорукчан болуп калды. Апасынын айтымында, Чолпонбек жерден боорун алганы ар кандай жумуштарда жалданып иштеп, энесине оорчулук тийгизбей өз күнүн өзү көрүп чоңоюптур. Бала кезинен техникага жакын болгондуктан, өмүр бою техника менен иштеп келди. Досторуна кошулуп, Германиядан автоунаа айдап келип сатып жүрдү. Ак үйдүн короосун сүзүп кирген автоунаасын ошондо айдап келген. "Ак жолтой машине, мен бул машинемди эч нерсеге алмаштырбайм"- деп, жадагалса менден да артык көрчү. Рулу тетири жагында болгондуктан, оң жагына алмаштырып жасап алган. Бир жолу сатып жиберип, "бекер сатыптырмын" деп өкүнүп, эки айдан кийин кайра саткан адамынан кымбат баага сатып алган.
- Акыркы убакта кайда иштеп жүрчү эле, каргашалуу 7-апрелге кантип аралашып калыптыр?
- Акыркы убакта Кант шаарында автоунаа оңдоочу жай (СТО) ачып иштетип жаткан. 2005-жылдагы революцияга да активдүү катышкан. Кийин Бакиевдин убагында жашоо эл ойлогондой болбой, кескин өзгөрүп, элдин жашоо-турмушу оорлогондо карапайым адам катары оппозиция лидерлерин колдоого өткөн. Оппозициянын курултайларына катышып, "Атамбаев, Текебаев Сариевдер бийликке келсе мамлекетибиз гүлдөп өнүгөт"- деп калчу. Каргашалуу 7-апрель күнү жумушунан түшкө маал чогуу иштеген эки баланы салып алып, Бишкекке келген экен. Жолдон келатып автоунаасынын ремени үзүлүп жүрбөй калганда оңдоп, айдап келиптир. Пикет болсо эле кетип каларын билип, 6-апрель күнү кечинде телефон чалып: "Пикет болот экен, барба - десем, - барбайм, Бакиев пикетке чыккан элди атып салам деген, атылып өлгүдөй алым жок"- деген. Биздин акыркы сүйлөшүүбүз ошол болду. Андан кийин телефонун алган жок. Барбайт деген ой менен үйдө тынч эле отургам. Эмнегедир жүрөгүм опкоолжуп, жамандык болорун сезгенсип жаттым. Кечки саат сегиздерде сыналгыдан Ак үйдүн короосуна кирип кеткен автоунааны көрүп, дароо эле балама: "Атаңдын автоунаасы окшойт, карачы" - десем, ал тааныды. Туугандарыбызга телефон чалып айтсак, "ал эмес"- деп жооткотуп коюшкан. Көрсө, "Ак үйдүн алдында пикет болуп жатат, бийлик элге ок чыгарып аөосуз карапайым элди кырып жатат"- дегенди угуп, Ак үйгө барган экен. Аянтка жеткенде эле мерт болуп жаткан адамдарды көрүп кармана албай, жанындагы эки баланы түртүп түшүрүп, "Акшумкар" партиясынын желегин автоунаасынын үстүнө байлап туруп элдин кой дегенине карабай, короону сүзүп кириптир. Автоунаа 10 метрдей жүрүп эле токтоптур. Кийин анын баарын атайын тартылып алынган уюлдук телефондон көрдүм. Канкорлор чил аткандай эле бытыратып аткылашыптыр. Автоунаага калибр үлгүсүндөгү 37, жолдошума 7 ок тийиптир. Айтууга ооз барбайт, башын тешип кетиптир, жүрөгүнө тийип далысынан чыгыптыр, тизесинен ылдый бутун жулуп кетиптир. Айтор, денесинде ок тийбеген жери калбаптыр. Сөөктү 8-апрель күнү моргдон алып, атасынын жанынан жай алсын деп айылга алпарып жерге бердик. Ысык-Ата районунан 3 адам каза болуптур, алардын бири менин жолдошум.
- Өкмөттөн кандай жардамдар болду, нааразычылыгыңыз жокпу?
- Нааразычылыгым деле жок. Бир гана соттук процесстер адилеттүү жүрбөй, күнөөлүүлөр өз жазасын албай тайраңдап качып жүрүшкөнү өкүндүрөт. Аткандар күнөөлүү эмес, буйрукту берген адамдар күнөөлүү деп жатышат. Буйрукту бергендер да, аткандар да күнөөлүү. Айыптуулар, күнөөлүүлөр өз жазасын алуулары тийиш. Кудайга шүгүр, берилген бир миллион сомго Чыгыш-5 кичи районунан бир бөлмөлүү үй сатып алдык. Ысык-Ата районунун акими Кант шаарынан бир бөлмөлүү үй берди. 17 жаштагы уулума 3000 сом компенсация төлөнүп жатат. Кызымды Медициналык академияга өткөрүштү.
- Мындан аркы жашоо турмушуңуздарды кандай элестетесиз?
- Мындан 10 жыл мурун зоб деген айыкпас дартка чалдыккам. Жолдошум барда шаардагы онкологиялык ооруканага көрсөтүп турчу. Бир жылдан бери акча жок ооруканага көрүнө элекмин. Күндөн-күнгө оорум күчөп, ахыбалым оорлошуп жатат. Жардам берип каралашкан деле киши жок. Кыскасы, оорум айыга турган эмес, эгер көзүм өтүп кетсе, кызым менен балама ага туугандары жардам берип кор болушпаса эле болду.
Даярдаган
Мирлан Алымбаев





кыргыз тилиндеги гезит "Форум"





??.??