presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Болотканов чоң болду
Бабановдун "Республикасынын" пресс катчысы болуп, буту үзүлгөнчө иштеп келген Кубат Болотканов "Учкунга" башкы директор болуп бекиди. Кубат мырзанын бул "майлуу" мекемеге барары бир топтон бери кеп-сөз болуп келаткан. Акыры Бабановдун "баласы" көздөгөн жерине көп узабай барды. Эми кудуңдаган Кубат мырза ишти эмнеден баштаар экен, байкай туралы. Кыязы, гезиттердин сапатын жакшыртып, кымбаттап кеткен бааларды арзандатып, кардарлардын санын көбөйтөт го.


Санжар Бакиев
кай зонанын абасын жутат?
Жалал-Абад облсоту тарабынан 10 жылга эркинен ажыратылып, аппеляцияга берген Санжар Бакиевди Чүй облсоту 10 жылга айдап, 50миң сом айыпка жыкты. Эми бу бала кай жерде жазасын өтөй тургандыгы каралып жатат экен.
Азыр ал коопсуздук кызматынын камагында жатат, ал жер башка жерлерге караганда "маданияттуу" имиш. Бирок ал жерде сотко чейин гана жатышат.
Санжарды балким, 1-СИЗОго алып барышат. Ал жерде короо шыпырып, тамак ташып, ж.б. жумуштарды жасап жүрө берсе болот экен.
Эми бу баланын укуксуз турмушу кандай уланат ким билет. Ошол жакта жаткан, ошол жерди "тейлегендерге" жараша болот. "Баланча сом алдырат экенсиң" сыяктуу "суроо-талаптар" болот дечи, анысы кай деңгээлге чейин жетет, аны да чечишет. Эмне болсо да аман болсун дейли…

Жабык
эшик артында жайлаштыбы?
"Республика" партиясынын башчысы вице-премьер Өмүрбек Бабановдун "МегаКом" компаниясына болгон кызыгуусу күн санап артып бара жаткандыгы жөнүндө өткөн сандарыбызда жазган элек. Оболу ошондой эле болду окшойт. Мурдагы күнү улутташтырылган ишканалардын арасындагы "МегаКомдун" тагдырын чечебиз деп чогулушкан ЖК депутаттары журналисттерди кубалап чыгып, жабык эшик артында жашыруун чогулуш өткөрүштү. Бирок депутаттардын басымдуу бөлүгү бул ишкананын Бабановчулар тарабынан "басылып алынганына" каршы болушту. Ал гана эмес, Бабанов менен буга чейин ысык мамилеси бар Кулов дагы "алтын жумуртка тууп аткан ишкананы жайына койгулачы"-деп чыкты. Улутташтырылган ишканаларды башкарып аткан Даир Кенекеев "Азамат Мурзалиев "МегаКомду" кайсы мыйзамдын негизинде башкарып атат"-деген депутаттардын суроосуна оңдуу жооп бере албай, жаш балача мукактанып, ойду-тоону сүйлөдү. Акыры айласы алты кетип жаткан партиялаш досторун "республикачы" депутат Исхак Пирматов да коргоп чыкты.
Ошентип, маселенин эң кызык жагына келгенде ММК өкүлдөрүн залдан чыгарып ийишти. Бабановчуларга каршы чыгып атышкандарды алдап-соолап жайгарыштыбы же "МегаКомду" андан ары жайлаштыбы, ал жагы белгисиз бойдон калды.


"Фабула" Тышкы иштер министри менен түз байланыш уюштурат
"Фабула" гезити окурмандары үчүн 18-февраль күнү саат 14.00дө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен менен түз байланыш уюштурат. Анда эмесе Руслан мырзага бере турган суроолоруңуз болсо 0312-46-46-82 сандарын териңиз. Ал эми электрондук почта аркылуу суроо бергиси келгендер forum0312@gmail.com дарегине бүгүндөн баштап жазып жөнөтө берсеңиздер болот. Эске сала кетчү нерсе, Руслан мырза окурмандар каалаган баардык суроолорго, тактап айтканда, ыңгайлуу жана ыңгайсыз (Каптагевдин баласы, Кайыповдун баласы же Жекшенкуловдун баласы тууралуу суроо узатасызбы, айтор чындыктан тартынбаңыз, сурооңуз менен министр мырзаны жарга такаңыз) суроолорго жооп берүүгө даяр. Кызыккандар чамдагыла, курч сурооңорду камдагыла…


Болот бошоткон орунга ким барат?..
Aжылыкты уюштуруудагы коррупциянын айланасындагы ызы-чуу коомчулукта кызуу кептерди жаратты. Ал түгүл Жогорку Кеңеш ажылыктын айланасындагы жемекордукту иликтөө үчүн атайын депутаттык комиссия түзүп, аталган ишти аягына чыгарууга киришти. Ал ортодо Дин агенттигинин жетекчиси Болот Абдырахманов айтылып жаткан кептердин айынан жүрөгү ооруп, өз каалоосу менен кызматтан кеткен арызын жазып, бошоп кеткенине бир жума болуптур. Эми аталган кызматка "Ата-Журт" партиясынын бир өкүлү барганы жатыптыр.


Конгантиев менен Айтбаев
алтын боюнча жоопко тартылабы?
Кадимки "Ак жолдун" көзгө оголе көрүнүктүү депутаты болгон Кубанычбек Исабеков "Лозунг" гезитине алтын кени тууралуу жүргүзгөн ишмердүүлүгүн кенен айтып берди. Экс-депутат бир ирет "Манас" аба майданынан атайы комиссия мыйзамсыз түрдө, кайсы өлкөгө жана кимге таандык экени белгисиз болгон 27 киллограмм алтын кармаганын жар салды. Бул ишти иликтөө ошол кездеги УКМКнын жетекчиси Таштемир Айтбаевге, Башпрокурор Камбаралы Конгантиевге жана өкмөт башчысы Ф. Куловго жүктөлгөнүн белгиледи. Бирок бул иш али күнчө иликтенбей, жең ичинен бүтүп калганын да кошумчалады. Исабековдун бул билдирүүсүнө азыркы бийлик кандай чара көрөр болду экен? Же тынчыган бойдон эле калабы?


Ипподром элге кайтарылсын
Ушундай талапты Каракол шаарынын, көл өрөөнүнүн жашоочулары бийлик тарапка билдирип жаткан кези. Анткени Каракол шаарындагы ипподромду мурунку губернатор Кыдыкбек Исаевдин жардамы менен Оңгоев Арыпбек деген акчалуу неме менчиктештирип алган. Ипподромдун ичинде 27 гектар сугат жери бар, менчиктештире электе жыйырмага чукул жылкысы бар эле. Анан да Каракол шаарынан жыйырма чакырымдай аралыкта дагы 75 гектар сугат жери бар. Мына ошонун баарын бир эле шылуундун менчиктештирип алганы элге кантип жакмак.
"Ипподром деген элдики болуш керек. Андай жайларды менчиктештирүүгө болбойт" деген адамдар күндөн-күнгө арбып барат дешет.
Баса, кандай текшерүү келсе да Оңгоев дегениң кутулуп, таптаза чыгат экен. Акчанын жардамы менен эмеспи деген да суроо туулат.
Бул жөнүндө губернатор Нурдин Абдылдаевге кайрылып жаткандар бар экен.

Өмүрүнө коркунуч туулган депутаттар, резиденцияга марш!
Коалиция түзүлүп, Жогорку Кеңеш, Өкмөт расмий ишине киришкенине эки-үч күнгө жетпей, жабык эшик артында айрым фракция лидерлери өмүрлөрүнө коркунуч бар экенин айтып, мамлекеттик резиденциядан орун сурап, өздөрүн мамлекеттик кайтарууга алуу тууралуу өтүнүч менен кайрылышканы айтылган эле. Буга депутаттардын көбү нааразы болушуп, мыйзам боюнча мамлекеттин эсебинен президент, премьер-министр, спикер гана мамлекеттик резиденцияда жашоого, мамлекеттик кайтарууга алына тургандыгы белгиленип, калган депутаттардын баарына бирдей мамиле керектигин айтып чыгышкан. Бирок депутаттардын мыйзамга такап келтирген жүйөлөрү эске алынбай, кол ийрисине тартат болуп, Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибеков баардык маселени жыйыштырып туруп, 24-декабрда (№2) Кыргыз Республикасынын Президентине "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен "Ата-Журт" фракциясынын лидери Камчыбек Ташиевге мамлекеттик резиденциядан орун берип, мамлекеттик кайтарууга алуу зарылдыгын белгилеп кат жөнөткөн. Анын себеби катары апрель айындагы жана өлкөнүн түштүгүндөгү окуялар учурунда, ошондой эле парламентти шайлоо убагында терроризмге, экстремизмге, улутчулдукка, криминалга каршы күрөшкө катуу катышып, бекем саясий позициясы болгондугу үчүн Жогорку Кеңештин азыркы депутаттары Ө.Текебаевдин жана К.Ташиевдин өмүрлөрүнө коркунуч туулуп жаткандыгы менен түшүндүргөн.
Ушундан улам, Акматбек Келдибеков көңүлүнө жакын депутаттардын кызыкчылыгын көздөгөн маселелер менен алектенбей, жалпы элдин, мамлекеттин мүдөөсүнө шайкеш иш алып барса дейсиң. Дегенибиз, парламенттеги ар бир депутатка "өмүрүнө коркунуч туулуп калды" деп эле, мамлекеттин эсебинен бага турган болсок, мугалимдер менен догдурлардын айлыгын кантип көбөйтөбүз да, элди кантип багабыз, экономиканы кантип көтөрөбүз деген суроо туулат… Андыктан төрага баш болуп, калган депутаттар төш болуп, жеке кызыкчылыктарын көздөшпөй, эртең эле жасаган иштерине жооп берчү мезгил келерин эске алышып, элдин камын ойлошсо дейбиз.



кыргыз тилиндеги гезит "Форум"





??.??