presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Ачылбаган сандыкта катылып жаткан кассета бар…
Эсиңиздерде болсо керек, Убактылуу Өкмөттүн айрым өкүлдөрү Кадыржан Батыровдун дачасында жолугушуп, өзбек лидери атыккан Кадыржан Батыров өзбек автономиясы тууралуу сөз козгоп, жолугушууга барган бийлик өкүлдөрү ага макул болушкан деген айың кептер тарабады беле. Ал түгүл мына ошол жолугушууда кимдин эмне деп сүйлөгөнүн чагылдырган видео кассета бар экени айтылган. Такталбаган маалыматтарга таянсак, ошол кассета бүгүнкү күндө Акматбек Келдибековдун колунда экен. Ал кассетаны Акмат мырза 600 миң долларга сатып алган имиш. Парламенттик шайлоо учурунда кылмыш иши козголду делген А.Келдибеков, К.Ташиевдерге ошол кездеги бийликтин унчуга албай калганы ошондон дешет. Ошол кассетаны (көзүрдү) пайдаланып, 7-апрелге карата Ташиевдер реванш кылып, бийликтин үч бутагын тең өз колубузга алабыз деген максаттары бар экени эл арасында кеп болуп жатат. Бизге жеткен каңшаарга караганда Убактылуу Өкмөт мүчөлөрүнүн Кадыржан Батыров менен жолугушкан видео кассетада эмне деп сүйлөгөндөрүн, Ош, Жалал-Абад коогалаңын изилдеген депутаттык комиссия иликтөөнүн жыйынтыгы бүткөндө (7-апрелге чейин) президент, премьер-министр баш болгон өкмөт мүчөлөрү чогулган Жогорку Кеңештин кеңейтилген жыйынынын жабык эшик артында талкууга алып чыгышы мүмкүн экен. Ошондон кийин коалиция ыдырап, кадрдык революция жүрүп, керек болсо президентти дагы отставкага кетирүү маселеси козголушу ыктымал дешет. Эл арасындагы үчүнчү революция болот деген сөздөрдүн бирден-бир себеби ушундан улам айтылып жатыптыр. Учурда ошол жолугушууга барышкан Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү "Ата-Журт" партиясынын ана башчылары менен соодалашууларды жүргүзүп, кассетаны миллиондогон долларга сатып алууга аракет көрүп, чуркап жүрүшүптүр. Ал ортодо ата-журтчулардын дагы бир топ кыңыр иштерин чагылдарган фактылар топтолуп, "силер минтсеңер, биз минтебиз" дегендер чыгып, маалымат согушу жүрүп жаткан учур экен. Тирешүүлөрдүн жыйынтыгы кандай аяктаары, тараза ташы кимге оору азырынча белгисиз…





Кеп атасы өлбөсүн...
Ачуу чындыктан чыккан сыр
"Ач айкырык, куу сүрөөндөн" качан кутулабыз?
"Ар-Намыс" партиясынан депутаттык мандат алган, учурунда вице-премьер-министр, Каржы жана экономиканы тескөө министрликтеринде министр кызматын аркалаган Акылбек Жапаровдун "бензин бизнеси" тууралуу "Азаттыктан" берген маеги көптөн бери көңүл өйүгөн ойду ачыкка чыгарууга аргасыз кылып отурат. Анын маалыматына караганда азыркы күндө "Газпром Нефть Азия" ишканасы гана 2 млрд. 600 млн сом сатыктан салык төлөп жаткандыгын, булар күйүүчү майдын олуттуу бөлүгүн түзгөн 475 миң тоннаны өлкөбүзгө алып келип жаткандыгына басым жасап отурат.
Белгилей кетели, бул тармакта үчтөн эки бөлүгү коррупциялык жол менен же жеңилчилик алганын, болбосо салык төлөбөй, "ишмердүүлүк" жүргүзүп жаткандыгы А.Жапаров айтпаса да, калкыбызга мурдагы бийлик мунарасы тарабынан калкаланып келгенин жакшы билишет. Башкасын айтпайлы, А.Жапаров азыр ачыкка чыгарган ушул "бармак басты, көз кысты" иш-аракеттерин вице-премьер, Каржы жана экономикалык тескөө министрлигинде иштеп жаткан учурда доолбас каккан эмес? Ошол эле учурда 5 млрд сом шамалга чачылып, кимдир-бирөөнүн "чөнтөгүнө" кызмат кылгандыгын убагында неге көрбөй калганына конкреттүү жооп бере алабы? Ушул маселени мамлекеттик деңгээлде көтөрүп чыгып, кызмат даражасына жараша өлкөнүн экономикалык абалын көтөрүү анын бирден-бир милдети эмес беле? Эми депутат болгондо ушул маселени козгоп чыгышы ич күптүүлүк, болбосо бул адамдык кезектеги уюштурган интригалык оюну десек деле жарашарын ачык айтсак күнөө болбос.
Менимче, А.Жапаровдун бул көтөргөн "демилгеси" кечээги жоготкон "кадыр-баркын" калкына келтирүүгө жасаган жеке амбициясы катары да кароого болот! Күйүүчү май ташыгандардан кошумча 5 млрд сом кошумча салык алуу мүмкүнчүлүгү дагы 2 млрд сом салып казынага түшпөй келгени эми "эсине келгени" көптөгөн шектенүүнү пайда кылат. Вице-премьер-министр, Каржы жана экономикалык тескөө министри болуп иштеп жатканда казынага кайрылбаган ушул каражаттардын канча пайызы анын "капчыгын тултуйтканын" тескөөчү мекеме-уюмдар чыгабы? - деген суроо пайда болот. Кантсе да К.Бакиевдин сүймөнчүгү болуу үчүн үй-бүлөлүк жана кландык бийликке ак кызматын көргөзгөн А.Жапаровдун бүгүн элге жана мамлекетке ак ниети менен кызмат кылары күмөн ойду жаратарын, "ач айкырык, куу сүрөөн" аркылуу мансабын сактоо негизги максаты болуп калган - деген жыйынтыкка аргасыз келесиң. Башкача пикир айтууга мүмкүн эместиги жогорудагылардан ачык көрүнөт.
Акыл үйрөткөнчө, милдетин аткарса…
Мамлекеттик ири чиновник кезинде келбеген "акылдын" эми пайда болгону карапайым калкты бир чети таң калтырса, бир чети "эси болсо да, акылы жок" - деген кер какшык ушундай кырдаалдан улам чыккан көрүнбөйбү деген пикирди жаратат. "Көмүскө жаткан салыктардын көлөмүн" көбөйтүү менен "революция бекер болбогонун аныктай" аларыбызга көрөгөчтүк кылышы суу кечер бекен? Парламенттеги жана өкмөттөгү олигархтарды ооздуктоого А.Жапаровдун эрки жетеби, же бул дагы катардагы популизмби?
Өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө зор салым кошуп, коррупцияга каршы күрөштө чечкиндүү аракет жасайт деген ишенимде А.Жапаровду экономикалык тескөө министри да кылдык. Ошол учурда көмүскөдөгү нефттрайлерди ооздуктап, эмне үчүн 7,5 млрд. сомдун агымын мамлекеттик казынага бурган жок? Ири ресторандардан кафелерге чейин таза кирешелерин тактап, ушуга ылайык 10-20 миң сомдук акча каражаттарын бюджетке кайрыган эмес? Алардын ит бекер бир айлык патенттерин (патентке 3 миң, же 2 миң сом төлөнөрүн белгилептир) ошол кызматта турганда көтөрбөдү?
"Жоругуң жолдо калсын!"- дейт элибиз. Өлкөдө экономикалык кризис башталганда, карапайым калктын жок терисин тирүүлөй сыйруу үчүн "малды паспорттоштуруудан" мурда, неге жогорудагы маселелерди козгоп чыкпады? Азыркы сунуш-пикирлерин мындан 5 жыл мурда баштап, эми акыл үйрөткөнчө, ошол кезде өзүнүн милдеттүү кызматын так аткарса, мамлекетибиз каражаттан азыркыдай каржалмак эмес. Эң кур дегенде элибиздин жашоо деңгээли бир кыйла оңолуп, бул күндөгү кыйынчылыктарга дуушар болбойт беле?
Эл эсинен чыгара элек чыгар, үй-бүлөлүк жана кландык бийликтин калкка каржы саясатын кызуу колдогон Акылбек Жапаровду учурунда таластык туугандар "эмдеп-домдогонун" көбүбүз жактырган эмеспиз. Учурда анын "дүйнөдө акылман бирөө болсо, өзү, экөө болсо, анын бири мен" деп чыга калганы бир икаяны эске салат.
Икаяда бир орчундуу маселени аксакалдар акылга калчап чечүүгө чогулушат. Маселени калыстык менен чечүүгө талаш-тартыштар башталат. Ошол учурда акылдуусунган бир жигит келип, улам алардын кеп-сөзүнө кийлигишип, карылардын мазесин алат. Буга күбө болгон бир канча жигит аны сүйрөп алып чыгышат, жазасын беришет. Алар жыйынга кайрылып келгенде, аксакалдардын бири:
- Эмне кылдыңар? - деп сураса, жигиттер:
- Чарасын көрүп, жазасын берип, жамбашын ийледик, - десе, анда аксакал:
- Ка-ап, анын күнөөсү жамбашында эмес, акылы бөксө башында болчу, - деген имиш.
Ошол сыяктуу эле таластык туугандар А.Жапаровдун айыбы каерде экенин билбей калган көрүнбөйбү? Талас синдромунан сабак албай калганы жогорудагылардын улам ачык көрүнүп жаткан жокпу?
Ич күптүүлүктөн чыккан ой
"Мансаптын түбү кор, артында ич күптүүлүк зор"- дейт элибиз. "Азаттыкка" берген А.Жапаровдун маегинде азыркы Өкмөттүн курамын сынга алып, "салык төлөбөгөн май бекеттерин мамлекеттик атка минерлер калкалап жаткандыгын" жар салып, алардын маянасына чейин сөз кылат, ушунчага барган соң ошол адамдардын кимдер экенин так айтуудан тайсалдаганы А.Жапаровдун нукура жүзүн эл алдына айгинелеп отургансыйт.
Жашыруун эмес, ал айтпаса деле коррупциянын башында парламент, же өкмөт курамына кирген олигархтар турары белгилүү. Канчалык "өз мээнети" менен ири бизнеске ээ болгонун эл өзү эле аныктап аларын унутуп актангандарга ким ишенет? Алардын ичинде да "өз мээнети" менен "бутуна турганына" менин деле күмөнүм бар. Орус акыны Некрасов "Руста кимге жашоо керемет?"- деген чыгармасындагы суроо, бул күндө бизге таандык болуп калган. Биздин өлкөдө коррупциянын башында турган бийлик мунарасындагылар, депутат-жепжутарлар деген ири бизнестин ээси болору анык. Карапайым калктын бирди-жарымы гана мындай ийгиликке ээ болбосо, аны мансабы бийик "акулалар" жутуп коөру белгилүү.
Аргументтерди келтирели, А.Жапаровдун маяна боюнча маалыматына карасак, ЖКнын төрагасы 25 миң, президент 30 миң сом айлык алат. Алардын эмгек акысын териштирип, ЖКнын спикери менен президенттик маянасын теңдөө маселесин козгоо көшөкөрлүк болбос бекен? Алып көрөлү, депутаттар бир партиядан көргөзүлүп, жалпы элдин кандайдыр бир деңгээлде пайызына колдоого ээ. Ал эми президент кайсы партияда болсо да салыштырмалуу түрдө жалпы элдик добушка ээ болушуна жараша аныкталат. Президент мамлекеттик башчысы даражасында. Демек, маяна да ушуга жараша коюлушу керек эмеспи. Ошол эле учурда депутаттар "бар болгону" 18 миң сом айлык алат деп каңырыгын түтөткөнү, А.Жапаровдун элге камкордук эмес, өз чөнтөгүнө кам көргөндүк болбос бекен? Мына ушунун өзү ич күптүүлүктөн чыккан А.Жапаровдун ою болуп жүрбөсүн?
Акырында айтарыбыз, депутат-жепжутарлардын маяналарын нааразылык билдиришкен мугалимдердин эмгек акысына теңдештирсек калыстык болмок. Андан депутаттардын эч нерсеси кемибейт, алар жок дегенде тиги же бу бизнесмендерденби, же ишкерлер уюмдарын "лоббировать" эткенде коррупциялык жол менен тапкан каражаттары деле ачка калтырмак эмес. Ачуу сөз катуу тийсе, кечирим сурайм, бирок ушул сөздү айтууга аргасыз кылган себептерди алдын ала айтууга туура келди…
Эртабылды Аттокуров



кыргыз тилиндеги гезит "Форум"





??.??