presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Үчүнчү күчтөрдүн үгүтү жана үчүнчү ыңкылаптын үмүтү
Өкмөт башчыбыз Алмазбек Шаршеновичтин шаршенби күнү кечинде улуттук каналдан берген маегин уккандар, ушу тушта ушунчалык ыраазы болуп жатышса керек. Элүү күндө эмне иштерди бүтүргөнүн, эртеңдери эмнелерди бүтүрөрүн бүт айтты. Беттегенин бербеген инсан эмеспи, "кагылайын калкым, мен сиздерден беш жылды эмес, беш айды гана сурап турам. Сабырдуулук кылып саал чыдап тургула, саздан чыгарам, айткан сөзүмдү аткара албасам отставкага суранам" маанисинде кеп айтты. Алты ай аралыгында айлык маяналардын көтөрүлөрүн, көтөрүңкү үнү менен айтты. Маектешкен Шайырбек Абдрахмановдун үчүнчү революция тууралуу суроосуна, "Кыргызстан үчүнчү революцияны көтөрө албайт, андай үндөрдү, үгүттөрдү билем, үстүртөн иштеп жаткан үчүнчү күчтөрдү билем. Ачыгын айтып коёюн, кандай аракет кылышпасын, кайыгыбызды калчылдата алышпайт, андайларга жол бербейбиз" деп, үчүнчү революцияга үгүттөп жүргөндөрдүн үмүтүнө суу сепкендей болду. Ошондой эле, Акүйгө чейин кирип кеткен криминалдар менен аларды тымызын колдоп(коргоп) жаткан айрым саясатчылардын андай арам ойлору бар экенин, күч органдарына күчөп кеткен криминалдык топторду ордуларына коюуга команда бергенин, ал ишти этегине чейин жеткирерин айтты. Кыскасы, коомдогу козголуп жаткан суроолордун барысына конкреттүү жоопторду берди. Көргөндөр арманда калбаганы менен, "көр албагандар" арманда калды го дейм. Сөз тийсе мейли, көз тийбесин дейли.


Чет өлкөнүн өкүлдөрү, парламенттин өкүлдөрү
Азыркы парламентте криминалдык күчтөрдүн өкүлдөрү бар экенин, бадачы Балтабайдан башкасынын баары эле айтса керек. БШК төрагасы Акылбек Сариев жаңылык айттыбы же жаңылып айттыбы, минтип айтты, "Бизге Башкы прокуратурадан депутаттар Улан Чолпонбаев менен Игорь Гусаровдун чет мамлекеттердин ардактуу консулдары экендигин далилдеген кат келди. Вена Конвенциясынын 1963-жылы кабыл алган талаптарына ылайык, аталган экөө ардактуу консулдардан болгондуктан, депутаттык кызматты аркалаганга акылары жок экен" - деген мааниде. Ошондой эле, эки депутаттын ээлеген кызматтарын иликтөө үчүн БШКнын жыйынына Коопсуздук кызматтын, Кадрдык кызматтын, Адилет министрлиги менен Тышкы иштер министрлигинин, Башкы прокуратуранын өкүлдөрүн чакырганын, БП менен УККдан эч ким келбегенин, ТИМдин өкүлү маалымат мамлекеттик жашыруун сырларга кирерин белгилеп, болгону алардын эки кызматта отурууга мыйзам жол бербесин эскертиптир. Анткени депутаттардын мамлекеттик жашыруун сырларга укугу болгондуктан, "шпиондык" кылып жибериши дагы мүмкүн экен. Мына сага! Парламентке криминалдар эле эмес, "шпиондор" дагы кирип кеткен тура! "Ардактуу консулдуктан кетүү боюнча арызымды апта мурун жазгам" - деп актанган Улан Чолпонбаевдин, криминалдык дүйнө менен байланышы бар экенин кадимки Каттани какшап айтты го, анан кантип талапкерликке катталып калганына таң каласың. Ким билет, мүмкүн эми мандатынан ажыратканы чыгар. Акылбек да айтып калбадыбы, "кийин биз крайний болуп чыкпайлы" деп.


Жаңы парламенттин жаңы методу
Азыркы парламент депутаттары журналисттерден "жийиркенип" калышканбы, же журналисттер аларды иштетпей салышканбы, айтор, жаңы парламент "жабык эшик" деген жаңы методго өтүштү. Ушул жумада ЖоКенин жоруктарын жазган кесиптештерибиз, удаасы менен үч жолу "жабык эшикке" кептелишти. Алгач ажылык сапардын "арам иштери" боюнча жыйынга "шлагбаум" коюшса, кийин "МегаКомдун" ишин карап жатканда ичкери кийирбей коюшкан. Макул, "мамлекеттик жашыруун сырлардын жайылтылышынан коркконго" дейин десек, эртеси ата-журтчулардын фракция жыйынына дагы эшиктерин жабышып, жашыл жарыкты жалп өчүрүшкөн. Ушунча болгондон кийин, курч калемдин кумарына баткандарды кубалап эле салышса болмок. Жабык эшик артына жашынган депутаттын, жаш катынга жашынган эркектен эмне айырмасы бар, ыя? Жаманатты боло бергенден жадашкан окшобойбу, болбосо эмнеге жабышат? Же ушулардын "дей" турган деңгээли болсочу? "Кыз бозуса, энесин коркутат" демекчи, жаман жерден айрылган этекти, жамаганда не пайда десеңчи. Элди күлдүрө турган эрмек таппай, эми эмне кылар экенбиз?


Жазганы үчүн жазалаштыбы, же…
Ажылык сапар менен алектенген адамдардын арам иштерге аралашканы тууралуу маалыматтар майдаланып отуруп, акыры ажобузга чейин жеткен экен. Жетпей коймок беле, аппарат жетекчисин да, анын уулун да "ууру" кылып жатышса. Анан калса, парламент депутаттары жабык эшик артында жыйын өткөрүп, 10 миллион евро жөнүндө ооз көптүрүп, адаттарынча "комиссия түзүш керек" дегенге чейин барышпадыбы. Ак-карасын аныктабай аралашып, Каптагаевди каралашып, айтор, аптанын актуалдуу маселесине айлантып жиберишти. Аксакал Кулов баш болгон "ар-намысчылардын" атакасы себеп болсо керек, алеки заматта "Рахис" фирмасына кылмыш иши козголуп, салыкка салгысы келбеген 3 миллион сомдун үстүнөн түшүштү. Ал ортодо ажобуз аппарат жетекчисин жемелегенби, анын Кубанычбек аттуу уулу маалымат жыйынын өткөрүп, "мени каралаган компаниянын артында менин атамдын душмандары турат" кыязында актанып өттү. А бирок, ажо менен аппарат жетекчисинин ортосуна от жагуунун артында ажылык сапардын арам акчалары эмес, ажобуздун "парламентти таркатам" деген сөзү турса керек го дейм. Ал тексттин автору Каптагаев экени ошондо эле айтылган. Кандай болгон күндө деле, Каптагаевдин үстүндөгү кара булут жакын арада агара тургандай эмес.


Оторбаевдин ордуна Абдрахманов барабы?
Бизге жеткен маалыматка караганда азыркы Улуттук каналдын башкы директору Кубат Оторбаевди ордунан алып түшүүгө ата-журтчулар аябагандай аракет көрүп жатышыптыр. Буга Кубат мырзанын шайлоо убагында "Ата-Журт" партиясынын ана башчыларын сындаганы себеп болуп жатабы, айтор КТРКга Оторбаевдин ордуна ЭлТРдин жетекчиси Шайырбек Абдрахмановду алып барганы жатканы туурасында сөздөр тарады. Өкмөт башчысынын КТРКга берген маегин ЭлТРдин жетекчиси Шайырбек Абдрахмановдун алып барышы да ошондон дешет.


Максим там алды, калганын ким алды?
Бир жыл мурун жагынып, бир жылдан кийин кагынып сүйлөп калган Акылбек Жапаровду, азыркы парламенттин активдүү депутаты десек, аша чапкандык болбос. Бакиевдин каржы министри болуп тургандыктанбы, ал тармакты жадыбалдай жатка билет. Кече быйылкы жылдын бюджетин карап жатканда капысынан суроо берип жиберди, "Орусиянын Мамлекеттик Думасы сурап жатат, 2009-жылы биз силерге берген 300 миллион долларлык кредитти кайда жумшадыңыр деп". Байкасаңар, Бакиевдин өкмөтү алган акчаны Атамбаевдин өкмөтүнөн сурап жатат! Башкача айтканда, өзү аралашып, өзү адашып калган каражаттын, кайда экенин сурап жатат! Таң калганыбыздан такалып, талкан жуткандай какалып калдык. Анысы менен бүтүп калбай, "эгер аны Максим жеген болсо, ошентип айткыла. Кайда жумшалганы тууралуу кабар бергиле" - десе болобу. Аз күн мурун өзү айткан экен, Максим Бакиев Англиядан 9.3 миллион долларга там сатып алганын. Эмнеге мынча эпилдеп кеткенине, эмдигиче түшүнбөй турабыз. "Түшүнөн чоочуганбы" дейин десек, андай деле түрү жок. Акыры Акылбекке: "2009-жылы кайсы кызматта элеңиз?"- деген суроо узаткыбыз келди.




кыргыз тилиндеги гезит "Форум"





??.??