presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Кадам ушул…

ОТУНБАЕВА ЭМНЕГЕ АЧУУЛАНДЫ? АТАМБАЕВ ӨКМӨТТҮ КРИЗИСТЕН ЧЫГАРАТ… БАЛКЫБЕКОВ БОЛСО ЖЫРГАЙ БЕРЕТ…
Ырасында эле болуп көрбөгөндөй катуу киришти, мамлекет башчыбыз Роза Отунбаева баш болгон бийликтин криминалга каршы ачкан элдешкис, кайра тарткыс катуу башталган күрөшүн айтып жатам. Мурунку бийликтер криминалга каршы мындай масштабдуу күрөштү жүргүзүү жөнүндө ойлоруна да келген эмес, келмек эмес.

Ошентип, Отунбаева менен Атамбаев кримдүйнөнү чөгөлөтүү үчүн баардык күч структураларын "ат-тондоп" күрөшкө аттандырып, алардын иш-аракеттерине күн санап көзөмөл жүргүзүп, кайра-кайра талапты катуулата коюп жаткан кези.
Байкаган чыгарсыздар, Отунбаева кай жерге барбасын криминалга каршы күрөштү күчөтүү жөнүндө айтканы айткан, тиешелүү органдардан күрөштү талап кылганы кылган. Кайра кайта турган түрү жок. Президенттин бул кадамын эл массасы катуу колдоп турат, биринчи иретте криминалдан кордук көргөндөр, көрүп жаткандар.
Өткөндө президент Ысык-Көл облусунун активи менен Чолпон-Ата шаарындагы жолугушуусунда криминалга каршы күрөштү күчөтүү жөнүндө эми бир ирет айтып, ал күрөштө дале болсо, жаза басуулар болуп жатканына токтолду.
Бул жолугушууда Ысык-Көл облусунун ИИБнын начальниги Жалил Илипбаев менен мамлекеттик коопсуздук комитетинин облустук башкармалыгынын начальниги Акылбек Мазариповдор сөз сүйлөштү.
Полковник Илипбаев кылмыштуулукка каршы жана терроризмди алдын алуу боюнча көлдүн милийсасы кандай аракеттерди көрүп жатканы жөнүндө толук айтып берди. Коопсуздук кеңешинин биринчи жыйынында талкууланган кылмыштуулукка жана терроризмге каршы күрөшүү чечимдерине ылайык, президент Отунбаева тарабынан коюлган маселеге ылайык жооп берип, өзүнүн нака профессионал экендигин көрсөттү.
Ал эми коопсуздук кызматынын башчысы Акылбек Мазарипов бир жылдык иштин справкасын окуп берди окшоду, уюшкан кылмыштуулукту мындай таштап, хизбут-тахрирчилерди көп айтып жатып алды. Анан да окуган справкасы орус тилинде экен. Ошондон соң Отунбаева ага ачууланды, "уюшкан кылмышкерлердин атын айткандан коркуп жатасың" деп.
Бүтүндөй облустун, болгондо да криминалы арбын облустун коопсуздук кызмат жетекчиси маселени туура түшүнүп, ошого жараша сөзүн даярдаш керек эмес беле, антүүнүн ордуна президентти ачуулантууга жеткирип олтурат. Ошол жерде Мазариповдун шефи Дүйшөбаев олтурду, кол астындагы кызматкерине айтчу сөзүн айткандыр…
Укук коргоо органдарынын кээ бири жогорудагыдай шалаакылык кылып жатса, кээ бири кримчөйрө менен кадимкидей эле "таяке-жээн, братан-сратан" болуп алышкан. Биринчи иретте мына ошондой кызматкерлерден арылыш керек.
Бийликтин ашынып кеткен криминалга каршы күрөштү баштап турганы, албетте, жакшы дечи, бирок Отунбаева президенттигин өткөрүп берсе, анын артынан Атамбаев премьерлигин өткөрсө, булардын ордуна мамлекетинин тагдырына жүрнары мамиле кылгандар же крималитет менен алакада жүргөндөр келсе, анда башталган "криминалга чабуул" токтоп калбас бекен. Ошондо бийликтин колдоосунан ажыраган укук коргоо органдары кутуруп чыгып кеткен криминал менен жекеме-жеке калбас бекен?! Ушундай коркунучтуу суроо келет да турат.
Бүгүнкү күнү саясат маселеси экономика маселесине алдырып бараткан сыяктуу, саясатка караганда экономикага көбүрөөк көңүл бурула баштады дегеним. Дурус. Азырынча салыштырмалуу деп туралы…
Бюджет кабыл алуу алдында турганда, быйылкы жылдын бюджетинин дефицити 22 миллиард сомду түзө турган абал жакшы эмес деп бири айтса, экинчи бирөөлөр, Атамбаев башындагы өкмөт тарап дейли, жылды профицит менен аяктайбыз деп оптимист болуп турушат. Кандай болгон күндө да экономикабыздын "өлүү" абалы "тирилүү" абалына өтүп жатканы кадимкидей эле дааналанып баратат.
Туура, пландоо дегениң аткарыла элек аткарылчу иш, андыктан аткарылбай калсачы деген санаркоо да бар. Маселен, бюджеттеги дефицитти жабуу үчүн чет элден келчү жардамдар кошулуп жатат. Эгерде андай жардамдардын кай бири келбей калсачы? Ушундай суроо оптимисттик маанайды басаңдатып коюуга жарап берет.
Күн мурун премьер-министрибиз Алмаз Атамбаев КТРКга интервью берип, экономикабыз жакшыруу жагына баратканын, бюджет профицит менен бүтөрүнө ишенерин, парламент менен кадимкидей эле иштешип жатканын, өкмөттү каралоо компаниясы уланып турганы менен, ал каршылыктарды иш менен жеңерин айтты. Чынында эле Атамбаев дал азыркыдай кырдаалда өкмөт башына келгени жакшы болгону иш менен дааналанып жатат. Буюрсун дейбиз да…
Саясат менен бир топ жыл алышып келдик, эми жалаң гана экономика менен кармашабыз деп турабыз. Ошондо элибиздин адамдык деген сыпаттамага барып такалган нерселери көз жаздымда калбас бекен? Аны менен бирге тилибиз жоголуу жолун улантпас бекен? Мына ушул суроолор саясат менен, экономика менен теңтайлашып турушу шарт. Азыркы бийлик бул маселени кайдан эстен чыгармак дейли…
Жакында эле Турциянын премьер-министри Эрдоган официалдуу визит менен бизге келип кетпедиби. Кенедей Кыргызстаныбызга жүз чамалуу бизнесмендерди ээрчите келиптир. Турция бизге жардам берип жатат, дагы да берет. Атамбаев менен Эрдогандын жолугушуусунда эки өлкөнүн жарандары бири-бирине визасыз эле каттамай укугуна ээ болмой болушту. Андай жагдай килейген Турцияга керек болсо, бизге окшогон чакан, кичинекей мамлекетке анча деле зарылдыгы жоктур. Анткени кыргыздар түрктөргө барып бүтүрчү иши аз, ал эми түрктөр каптап келиши мүмкүн. Тар үйгө толтура мейман чакырып алгандай абалдын бизге кереги жок. Экинчиден, түрк улуту бирөөнө жөндөн-жөн эле бир нерсе бере бербейт, алар үчүн биринчи иретте өз кызыкчылыгы турат. Далай жылдан бери Таластын дыйкандары буурчактан аларга алданып келатпайбы… кыргызды эл деп санабаган түрк бизнесмендери кыргыз жергесинде жетиштүү. Мына ушуларды эске алып, дайны жок эле түрктөрдү "уялаш" кылып алуубуз болбостур. Теңата, сыпаа байланышыбызды жүргүзө бергенибиз дурустур. Дал ушундай мамилени Кытай мамлекети менен да жүргүзүш керек. Дүйнөлүк эксперттердин айтуусунда аз жылдан кийин Кытайда тамак-аш тартыштыгы башталат экен. Мына ошондо өтө эле достошуп кеткен кытайлар келип, кыбыраган жан-жаныбарлардын баарын, курт-кумурскалардын баарын, чөп-чабырыбыздын баарын "ашап" кетиш коркунучун унутпайлы. Эң коркунучтуусу, акылы жок кыздарыбыз көбөйүп турган учурда "кытай жээндерибиз" каптап кетсечи! Кудай андан сактасын! Демек, алар менен да сыга кучакташпай эле мамиле кылганыбыз оңдур. Биз өтө жакын, ишенимдүү партнер кылып орустарды түбөлүк тандашыбыз керек. Анткени орустун "мужук пейили" бизге ылайыктуу, алардын бирөөлөрдү сызга олтургузуп кетүүсү чанда. Чоң-чоң кендерибизди дал ошол орустарга ишенип бергенибиз туура чечим болор, инвестицияларды да ошол тараптан тартканыбыз оңдур…
Көтөрүлүштүн, төңкөрүштүн, революциянын чыгыш себептери бийликтин элине жасаган туура эмес саясаты болуп саналат. Мисалы, элинин укуктарын тебелеп-тепсөө, турмушун оңдоону эске албоо, өз кызыкчылыгын гана көздөө ж.б. Бакиев жасап кеткен кылыктар бул жерге сонун мисал болуп бере алат.
Революция болгондон кийин мурунку бийиктеги бийлик өкүлдөрү кийинки бийликке тартылбайт, тартылмак турсун жоопко тартылат эмеспи. Бул тууралуу Эл аралык кандайдыр бир мыйзамдар же токтомдор, келишимдер жок, жазылбаган мыйзамдардын катарына кирет.
Ошентип, Бакиев бийлигинин ойрону чыккандан кийин, Бакиев баш болуп, анын бир туугандары, балдары, жакын адамдары чет жерлерге качып кутулушту. Алар жөн эле качкан жок, күнөөлөрүн сезип, жооп берерин сезип, а балким, өмүрүнө коркунуч келип жаткандай болуп качкан эмеспи. Ал ал болуп, анан Убактылуу Өкмөт бул жерде калган бакиевчилерди камап, Бекназарову кайра чыгарып, чет өлкөгө качкандарды издемиш болуп… айтор, Бакиев менен кошо элин эзишип келгендерге жумшак мамиленин негизинде аларың адегенде аман калганына сүйүнүп, мышык кейпинде азга жүрдү да, анан кийинки бийликтин ылжырактыгын билген соң баш көтөрүп, акыр-аягы бийлик бутактарына четинен келе баштады. Азыр аларын кадимкидей эле, Бакиеви бардагыдай эле бийликте отуруп чалчактап турган кези.
Небак абактарда олтурчу бакиевчилердин бири дагы жоопко тартыла элек, тартыларына күмөн туудуруп турат. Чет элге кире качкандарды чын дилден издөө иши жүрбөй эле, издемиш деңгээлинде тургандай.
Бакиевди Лукашенко эч качан бербейм деп койду. Жаныш Бакиев, Суталинов, Максим Бакиев, Марат Бакиев сыяктууларды укук коргоо органдары кайсы мамлекеттен сурарын да билбей турат. Ал аңгыча Жаныш Бакиев Кыргызстанга коркпой-үркпөй эле келип-кетип жатат дешет.
Кечээ жакында Бакиевдердин ишенимдүү "акча тапкыч куурчактарынын" бири, шылуундугу жагынан жөөттөрдү жөө калтырып сызга олтургузуп койчу Балкыбеков дегени Ирландиянын борбору Дублинде карындашынын үйүндө жашап жаткан жеринен Интерпол тарабынан кармалды деген кабар келген. Ошондо ак дил адамдар аябай сүйүнгөн. Анткени бул шылуун бир миллион доллар уурдаган экен, кармалса ал акча мамлекетке өтсө… дегендей ой да. Тилекке каршы, Балкыбековду Ирландия Кыргызстанга берүүдөн баш тартыптыр. Анткени Британиянын мыйзамдарында эгерде кандайдыр бир четтен келген адам өлкөгө белгилүү суммадагы инвестиция салса, анда ал адамды коргоп алат экен, маселен, 450 миң доллардан көп инвестиция алып келсе. А Балкыбеков деген шылуун ошол жөнүндө небак ойлонуштуруп койгон турбайбы.
Ошентип, Бакиев куулганы менен, алардын жасаган кылмыш иштери жазасыз калганы турат. Бакиевчилердин бир катары Түлеев, Сулайманов, Келдибеков, Султанов, Ташбаев, Осмоналиев, Жунусов Ташиев сыяктуулар депутат болуп, министр болуп олтурушат. Алар эч качан Бакиевин кыйбайт. Күндөрдүн бир күндөрүндө булар Бакиевди бийликке кайра алып келебиз деп аракетин баштабайт деп айтууга да болбойт…
Сак жүрүү керек!
Баратбай АРАКЕЕВ



кыргыз тилиндеги гезит "Форум"





??.??