presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Шоу маек…

Назира Айтбекова, алпаруучу:
"Өткөнгө өкүнбөйм…"
Белгилүү теле алпаруучу, бир үй-бүлөнүн куту, сүйүктүү жар, мээримдүү эне Назира Айтбекованы кепке тартып, бизди кызыктырган суроолорго жооп алдык. Анда сиздерге Назира менен болгон маекти сунуштайбыз.

- Кандайсың Назира, кайсы бир гезитке берген маегиңде жолдошум ырдайсың деп жатат дедиң эле. Сахнадан чыкканыңа качан күбө болобуз?
- Рахмат, жакшы. Апам музыкант болгондуктан алпаруучулукка чейин фольклордук ансамбль менен ырдап жүрчүмүн. Кийин эле алпаруучулукка ооп кеттим. Ырчылык өнөрүмдү улоо жолдошумдун да, апамдын да кыялы. Бул теманы үй-бүлө ортосуна далай салдык…
Ырчылыкка кайрыламбы, жокпу аны убакыт көргөзсүн. Келечектеги пландарым тууралуу алдын ала кеп козгогум келбейт.
- Сени коомчулук теле алпаруучу катары таанып калбадыбы. Эгер ырдап чыксаң ырчы катары кабыл алат деп ойлойсуңбу?
- Талантым алпаруучулук, ырчылык менен гана чектелбейт. Акопян уюштурган КВНде, Дружба народов, аттуу команда менен орус тилинде ойноп, бир нече ирет мыкты оюнчу болгонум бар. Мындан сырткары комузда кол ойнотуп, далай жолу сахнада ырдап, Балыкчы шаардык маданият үйүнүн артисттери менен облустук, республикалык фестивалдарга катышып, спектаклдерде роль аткарып, алдыңкы орундарды алып жүргөнүмөн кабарыңар жок болсо керек. Андыктан ачылбаган сандыкта бычылбаган кундуз бар, баары алдыда.
- КТРдан саясий телекөрсөтүүлөрдү алпаруу боюнча сунуштар түшүп жатканынан кабардар болдук эле. Бирок сени ал каналдан көрө алган жокпуз…
- Сабырдын түбү сары алтын. Сабыр кылыңыздар. Баары алдыда!
- Саясатка кызыгасыңбы? Кайсы саясатчынын саясий ишмердүүлүгүнө оң бааңды бересиң?
- Саясаткка азыр 9 жаштан 90 жашка чейин баары малынып калышпадыбы. Албетте, өлкөмдүн тагдырына кайдыгер карабайм. Бардык жаңылыктардан кабардармын. Ал эми саясатчылар туурасында айтсам, уучубуз куру эмес. Саясатчыларыбыздын бири эр, бири шер, бири Манас, бири Чубак.
- Улуттук хит-параддан кеткенде катуу өкүнгөн дешет?
- Улуттук хит-парадда сонун күндөр өттү! Бактылуу күндөрдү тартуулаган Динара эжеме, Ассоль айымга, Алексейге жана чыгармачыл топко ырахмат айтам. Менин келечегимди түптөгөндөр, профессионалдык жактан өсүшүмө өбөлгө түзгөндөр да ушул адамдар. Артта калган эч нерсеге өкүнбөйм! Дайыма алдыга умтулам. "Алга!" - деген ураан менен жашайм.
- Чынында эле хит- параддан кетүүңө Нурзат Токтосунова себепкер болду беле?
- Нурзатка да ырахмат! Таарынычым жок.
- Нурзат Токтосунованын акыркы маегинен кабардар болсоң керек. Окусаң сенин жообуң?
- Мындай көрүнүштөр шоу-бизнесте болуп турушу керек. Ансыз шоу-бизнестин кызыгы кайсы? Бул да сонун нерсе!
Жаркынай Кадыркулова



кыргыз тилиндеги гезит "Форум"





??.??