presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Саясий
анекдоттор
Сизден
үйрөнүп жүрбөймүнбү…
Биринчи вице-премьер-министр өкмөт башчысынын иш бөлмөсүнө келип:
- Сизден бир кеңеш сурайын эле - дейт.
- Ии, - деп компоё түшөт премьер-министр.
- Шайлоодо элге чачкан миллиондорубузду кантип чогултуп алабыз? - дептир биринчи вице-премьер-министр.
- Ушуну биттин ичегисине кан куйган сиз билсеңиз керек, сизден үйрөнөйүн деп жүрбөймбү - деген имиш премьер-министр.
Эл жыйнайбыз…
Премьер-министр биринчи вице-премьер-министрден сурап калат:
- Жазында го үрөн себет экенбиз, күзүндө эмне жыйнайбыз?- деп.
- Күзүндө президенттик шайлоого эл жыйнайбыз. - дептир шар эле биринчи вице-премьер-министр.
Кантип эле презерватив деген партия болбосун...
Премьер-министр Москвага визит менен барып калат. Внуково аэропортунан Кыргызстанга жөнөп кетип баратса, бир бизнесмен чуркап келип, кыргыз элине белек катары бир партия презерватив ала кетүүсүн өтүнөт.
- Эмне үчүн?-дейт премьер-министр.- Бир партия презервативдин бизге эмне кереги бар. Биздеги жүздөгөн партиянын ичинде кантип эле презерватив деген партия болбосун.
Ондон бири эле иштейт
Президент аппарат жетекчисин чакырып:
- Биздин аппаратта канча киши иштейт? - деп сурап калат.
- Ондон бири эле иштейт, калгандары тааныш аркылуу кызматка алынгандар.-дептир аппарат жетекчиси.
Жакшы идея…
- Урматтуу Кырманбек Салиевич! Биздин өлкөдөгү тооктор кырыла баштады -дейт айыл чарба министри.
- Эч нерсе эмес ар бир тооктун алдына буудайдын сүрөтүн тартып коюп койгула - дейт.
Бир жумадан кийин айыл чарба министри кайра келет:
- Урматтуу президент! Тооктор дагы эле кырылып атат, эмне кылабыз?- дейт.
- Буудайдын жанына арпанын сүрөтүн тартып койгула - дейт.
Дагы бир жумадан кийин айыл чарба министри кайра келет:
- Урматтуу өкмөт башчысы, баары бир тооктор өлүп атышат - дейт.
- Буудай менен арпанын сүрөтүн алып жүгөрүнүн сүрөтүн тартып койгула - дейт анысы.
Бир жумадан кийин айыл чарба министри келип:
- Урматтуу өлкө башчысы! Бүттү, тооктун баары кырылып бүттү -дейт.
- Ка-ап!- деп премьер-министр аябай өкүнгөн экен - Менде дагы жакшы идеялар бар эмес беле.
Психиатрга кайрыл…
Президент Бакиев иш бөлмөсүндө өтө капалуу отурат. Тыякка тартса тыякка жетпейт, быякка тартса быякка жетпейт. Анысы аз келгенсип, жазында калайык-калк кайрадан көтөрүлөбүз деп турат. Аябай ачуусу келип отурса, иш бөлмөсүнүн эшигин тыкылдатып, кимдир бирөө кирип келип:
- Урматтуу премьер-министр, мен өкмөттө иштейин дедим эле, кимге кайрылсам болот?- деп калат.
- Психиатрга!!!- дептир премьер-министр ачуусу менен.
Албетте, шайлоону…
Премьер-министрден журналисттер сурап калышат:
- Сиз жаңы жылды жакшы көрөсүзбү же шайлоону жакшы көрөсүзбү - деп.
- Албетте, шайлоону -дептир премьер-министр.
- Эмнеге?- деген суроого:
- Бизде жаңы жылга караганда шайлоолор тез-тез болуп турат эмеспи -дептир компоө.
Демократиянын сыры…
- Демократия деген эмне? - деп спикерден сурап калышат.
- Бакиевди кубалап, ордуна бакиевчилерди алып келсек демократия деген мына ушул - дептир спикер.
Азизбек Келдибеков







кыргыз тилиндеги гезит "Форум"





??.??