presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Баратбай АРАКЕЕВ
Кандуу жылдар
- Макан эки жакты карап, огород тарапка басты. Ал жактагы туалетти таап, эшигин ачты. Жыгачтан жасалыптыр, ичи кенен.
Макан короого кайра келип, эмерек койчу чакан үйгө кирип балта, мык суургуч көтөрүп чыкты да эки дунганды айдап, туалетке алпарды.
- Бузгула!
Эки дунган бул эмне дегени деп делдейе калышты эле, Макан "Бузгула дейм!" деп үй ээси дунганды дал табарсыкка тепти эле ал бир бакырып бүк түштү. Берки дунган балтаны алып, жанталаша туалетти талкалап кирди. Берки неме аздан соң ордунан теңселе туруп ишмалдасы чыккан аласын эки колдоп мыкчылайт.
- Ме, буз! - Макан ага мык сууругучту карматты.
Эки дунган туалеттин тамтыгын чыгара бузду, заң түшчү ороонун үстүндөгү тактайлар калды эле аны да алдырды Макан. Сасык жыт каптап кетти. Эми эмне кылар экен деп жүрөктөрү түшкөн эки дунган биринин артынан экинчиси оголе терең казылган аңга чалп-чалп эте учуп түштү. Макан ыргыта-ыргыта койгон. Кудай анын бетин нары кылсын, экөө бирден чумкуп кайра турушту, ийинден келет экен.
Маканды кой дей албай турган берки үчөө кайра ырас болду дегендей ойдо эле.
Макан бурула берип көйнөгүнүн үстүнө спорттук күрмө кийген Нестанды көрдү. Узун чачы кесе берилип, түп жагынан байланган. Тиктеп туруп калган Макандын жанына келип, эч нерсе айтпастан шынаарлап туруп калды. Макан аны колдон алды:
Жүрү, Нестан, кетели...
***
Бу кезде Ром менен чечен тобу бирин-бири жок кылуунун үстүндө эле. Базар башы "Ромуңду жок кылабыз" маанисинде чечендер келип айтып, коркутуп кетти дегенден кийин Ром өзүнө жакын ишенимдүү жигиттерин чакырып, болгон ишти айтып, чечендердин тобун бирин калтырбай эсебин тапкыла деп катуу буйрук берди да, өзү Турцияны көздөй бир фирмасынын иши боюнча кеттим кылып учуп кетти. Кийин бирдеме болсо "мен жок болчумун, эч нерсе билбейм" дегенине жакшы. Экинчиден, иш өтө ырбап баратса ал жактан биротоло келбей коюуга да болот. Бул жактагы бүткүл кримчарбасын - фирмаларын, заправкаларын көзөмөлдөп, "крышалап" тургандардан акчаны убагында алып турчу өтө ишенимдүү жигиттери бар.
Ром учуп кеткенден эки күн өтпөй анын башкы офисинин биринчи кабатындагы эки бөлмө жарылып, өрттөнүп кетти. Бул эки бөлмөнүн биринде коопсуздук кызматынын балдары эс алчу, экинчиси фирмада иштегендер кофе ууртап эс алып, телевизор көрүп, гезит-журнал окучу чоң бөлмө эле. Таңкы төрттөрдө граната ыргытышты, эки бөлмөгө экини. Биринчи бөлмөдө коопсуздук кызматынын эки жигити уктап жаткан. Алар граната жарылганда атып турушту. Өздөрү эч нерсе болгон жок, анткени бөлмөнүн бир жагында ар нерсе салчу ушул шкаф менен килейген эки сейф бар болчу. Бул сейфтер эмне үчүн турганын эч ким билчү эмес. Ошолордун далдасындагы жапыз эки тапчанда укташчу күзөттө кезектешип тургандар. Экөө ыргып туруп, бөлмөнүн бир жагы өрттөнүп жатканын көрүштү. Ал аңгыча дагы жарылуу болду. Бул коңшу эс алчу бөлмөгө ыргытылган граната эле. Тез эле өрт өчүргүчтөр жетип келди. Бирок бөлмөлөрдөгү күйүүгө жарактуунун баары күйүп кетти...
Бул чечендердин биринчи эскертүүсү эле. Ромдун жигиттери аны жакшы түшүнүштү, эскертүүнү кабыл алды. Ошонун эртеси чечен тобунун беш-алты мүчөсү чогулган шаарга жанаша уланган айылдагы бир үйүнө төрт машина менен келген Ромдун ондон ашык жигити кашкарайганда барып чечендердин бирин калтырбай кырып кетти. Эми чечендер өлбөгөн жерде калышмак. Алардын анабашы өзү башында туруп, таламандын тал түшүндө Ромдун башкы офисине кол салышты. Келгендер жыйырмадай эле, үчөө автоматчан, калгандарында бирден-экиден тапанча. Офистегилер сак турушкан. Кырк бешинчи жылы орустар Рейхстагды алгандай алаамат болду. Кыргын кызып калганда милийсанын атайын отряды келип басты. Ана эмесе, кимди ким көрдү! Эки сааттай созулган бул алааматта чечен тараптан бешөө, Ромдукунан сегиз адам окко учту, ончакты милийса жарадар болушту. Ар тараптан үч-төрттөн колго түшүп калгандар качып кетишти.
Таламандын талтүшүндө шаардын борбордук жеринде болгон бул кандуу согуш элдин үрөйүн учурду.
Бул ишти тескөөнү генпрокурор менен милийса министри өз колдоруна алышты...
Ром болсо Турциянын бир курортунда бул жерден ала кеткен чүрөгүнүн койнунда жатып баарынан кабар алып турду. Бул кезде милийса министри атышкандардын алгачкы сурагы менен таанышып, Ромду жердин түбүнөн болсо да табууга буйрук берген.
Милийсанын бу жаңы министри ишинде таза жүргөн, курч жигит эле. Кээде оголе чоң кызматтагы адамдардын айткандарын айласыз жасаган кездери да болгон. Эми ал министр болгондон кийин ага чоңдордон эч ким кайрыла элек. Анын кежир экенин, башкаларга салыштырмалуу түз жүрөрүн баары билишет. Эпадам Акүйдөгү мен дегендердин иши чыкса баары бир кайрылмак, а азырынча болсо алардын иши чыга элек көрүнөт.
Ромдун Ак үйдө өтө чоң кызматтардагы тааныштары бар экени, Ром аларга тутам доллар берип турарын министр жакшы билет. Ромдо болсо кандай гана чоң болбосун укум-тукуму менен сатып алууга кудурети жетчү акчасы бар. Мына ошондой адамдар өлкөдө каалаганын жасап жатканына министрдин кыжыры келет. Мындан беш жыл мурун Ромду кармап, жоопко тартарда мурунку министр ишти жаптырып салган. А кезде бул министр жаңы эле полковниктин погонун тагынып, шаардык милийса начальнигинин орун басары эле. Андан бери дагы эки кызматтын тузун татып...




УЛУУ ЭМИР ТИМУРДУН ИМПЕРИЯСЫ
Белгилүү коомдук ишмер, жазуучу Асыкбек Оморовдун "Темирлан" аттуу илимий-популярдуу чыгармасын окурмандарыбызга тартуулайбыз. Буга чейин 2008-жылы окурмандарга анын "Чыңгызхан" аттуу чыгармасынын бет ачары тааныштырылган. "Чынгызхан" аттуу чыгармасы эл аралык илим жана маданият багытындагы "Мустафа Кемаль АтаТүрк" атындагы фонду тарабынан тарых боюнча Азиядагы мыкты китеп деп табылып, алтын медаль менен сыйланган. Чагатайдын бийлик аймактарынын тарыхый окуясынын уландысы катары "Темирлан" деген чыгармасын сиздердин назарыңыздарга тартуулайбыз.

I БАП. ЧАГАТАЙ УЛУСУ
Дүйнөнү дүңгүрөткөн атактуу Чыңгызхандын экинчи уулу Чагатай жана анын заманы тарыхчылар тарабынан талаптагыдай деңгээлде жазыла элек. Анын хандык жана инсандык чыныгы бейнесин тарыхчылар да, жазуучулар да жеткиликтүү жазып бере алышпады. Асыресе, кыргызча жазылган эмгектер жокко эсе.
Чагатай (монголго - Чаатай, кыргызча Жаадай) улусу деп аталган тарыхый аймак 1224-Маймыл жылында Чынгызхандын (Жеңгизхан) уулу Чагатайга энчиге тийген Борбордук Азиянын бир бөлүгү. Тагыраак айтканда, бул аймакка Мавераннахр, Жети-Суу жана Кашгар жерлери кирген. Чынгызхандын бул аймактарды Чагатайга бөлүп бергенинин да негиздүү жөнү болгон. Көчмөндөр балдарына жайыт жерлерди бөлүштүргөндө улуу баласына эң алыскы жайытты, андан кийинки кичүү балдарына улам жакын жайыттарды берип, акырында эң кенже баласына өзү туруктаган журтту энчилеп берген жалпы улуттук салт болуп калган. Ошол себептен, Чынгызхан биринчи уулу Жоочуга, анын балдарына Чыгыш Европаны, экинчи баласы Чагатайга - Орто Азияны, кичүү баласы Төлөйгө бүт Монголиянын аймагын жана Шибер токоюндагы кыргыздарды мурастап бергени бизге "Чынгызхан" деген китептен маалым.
Орто Азияда, анын ичинде Теңир-Тоодо да жаңы этностук топтор (монгол жана чыгыш түрктөрү) агылып келип, жергиликтүү элдерге жуурулушуп, XIII кылымдын ичинде бул аймактардын этностук картасы бир кыйла татаалдашкан. Мындай жагдай кийинки XIV - XV кылымдар үчүн өзгөчө мааниге ээ болуп, жаңы тарыхый окуялардын чыгышына себепкер болгон. Бул аймактарда саясий жана этностук өнүгүү түзүлүшүндө да, ошондой эле маданий этностук алакаларында XIII кылымдын тарыхый окуялары кийинки кылымдарга да сөзсүз таасирин тийгизип турган.
Эми Чагатай улусунун жаралышы жана негизделиши жөнүндө айрым бир саясий окуяларга кыскача токтолуп кетели. Тарыхта белгилүү болгондой, 1302-Жолборс жылында Өгөдөй хандын небереси Хайду хан каза болгондон кийин анын мураскорлорунун ортосунда да узакка созулган күрөш башталган. Хайдунун кызы Кутлан Шага (Марко Поло боюнча Ангиарн, кыргызча - Жарык Ай) атасынын ордун басып, бийликти өз колуна алууну көздөгөн. Тилекке каршы, анын бир туугандары Шапар менен Дуба Кутлан Шагага: "Ийне-жибиң менен казан-аягыңды билип ал, мамлекеттик иш боюнча эмнени түшүнөсүң" - дешип анын мамлекеттик бийликке келишине каршы чыгышкан.
Бирок Марко Поло менен Рашид ад-Диндин жазган маалыматтарына караганда, Кутлан-Шага мамлекет башчысы болууга толук жөндөмү бар, идиректүү, ички, тышкы саясатты түшүнгөн акылдуу аял заты болгон. Ал эрки күчтүү, сергек, кыраакы жана жортуулдарда бир кыйла эрдиктерди көрсөткөн эр жүрөк, анча-мынча баатыр эркектерден калышпаган кыз болгон. Өзүнүн аракетинен натыйжа чыкпасын түшүнгөн Кутлан Шага бир тууганы Орусуттуну хан тактыга отургузууга аракет кылган, бирок бул аракеттер да оң натыйжа берген эмес. Акырында бир туугандар арасында узакка созулган кармашуулардан кийин 1303-Коен жылында Эмил өрөөнүндө Дуба хандык бийликке отурган.
Шапардын мамлекетти башкарууга жөндөмү жок болгондугуна байланыштуу Дуба бийлик башына келген. Дуба келгенден баштап аймактардагы бийлик төбөлдөрүнүн ич ара араздашууларынан мамлекетте саясий абал өтө начардаган. Мына ушундай абалдан пайдаланган Токтохан эзелки душманы болуп эсептелген Кублукту колуна салып беришин Шапардан талап кылган.
Кийин Дуба (Туба) менен Шапар Кублукту Ордо улусундагы башкаруучу бийликтердин бирине олтургузуп, Төлөйдүн үчүнчү баласын Монгол империясынын Багдаддагы сол канатын башкарган Хулагуга каршы согушта өздөрүнө шериктеш кылып алууну көздөшкөн.
1304-Балык жылында Багдадда Орто Азия жана Моголстан аймактарын ээлеген хандар ортосунда жарашык келишими түзүлгөн. Бул келишим боюнча бардыгы тең Темирландын бийлигин таанууга макул болушкан. Бирок Орто Азия чөлкөмүндө болуп өткөн бир катар саясий окуяларга байланыштуу келишимдин негиздери иш жүзүнө ашкан эмес. 1305-Жылан жылында Шапар менен Чагатай балдарынын ортосунда өз ара кагылышуулардын чоо жайы тарыхта белгисиз бойдон калган. Бул согушта жоолашкандар тарабынан Дуба ортомчулукка чакырылган. Дуба касташкан тараптарга Ташкенге чогулууну сунуш кылган. Бирок сүйлөшүүлөр башталганга чейин эле Талас өрөөнүндөгү Чоң-Балык деген жайда Чагатай хандарынын аскерлери Шапардын иниси Шахка кол салышкан. Шах аман калып, өзүнүн санаалаш адамдары менен агасы Шапарга качууга аргасыз болгон. Бул учурда Шапар Эртыш жана Алтай аймактарында жортуулда жүргөн эле. Ошол мезгилде Шапардын аскерлеринин ичинде да нааразылыктар пайда болгон. Бартольддун пикири боюнча Дуба хандын аскер башчыларын Шапарга каршы аттанууга үгүттөгөн. Бул маалыматка караганда, Дуба бийликке жетүү максатында Шапар аскерлеринин ичиндеги келишпестиктерди жашыруун уюштуруусу толук ыктымал деген бүтүмгө келебиз. Натыйжада Шапар аскерлери менен Дубанын алдына келүүгө аргасыз болгон.
Чыгарма боюнча
кызыккан суроолорго:
0772-411-357 байланыш телефону аркылуу автор жооп берет










кыргыз тилиндеги гезит "Форум"





??.??