presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Үч нерсени бузба:
антты, салтты, никени…

Эзелтен кыргыз элинде жана башка элде да элинин жана жеринин тагдырын чечүү мезгили бир жана бир нече кишиге байланыштуу болгондо, ал кишилер эл алдында чын жүрөктөн, өмүрүн эл-жер үчүн арнап "АНТ" беришкен. "АНТ" аркылуу ал кишиге эл ишеним билдиришкен. Бул жөрөлгө - "АНТ" берүү аземи 90-жылдардан кийин эгемендүү болгон Кыргыз өлкөсүндө аябай өркүндөдү, мындайча айтканда, "тойгончо жеп, өлөрчө каргануу" принциби менен жогорку бийликте иштегендер жана мамлекеттик кызматта иштегендер, генералдар, соттор ж.б. "АНТ" беришсе да коррупционер жана паракор болуу менен өз элин тоношуп, өлкөнүн экономикасы өнүкпөй, эли жарды болуп оокат издешип чет жактарда жүрүүгө мажбур болуу даражасына жеткизишти. Бирок кыраакы Кыргыз эли "АНТ" бергендерге бүгүнкү күндө деле терең ишеним менен жашап келет.
Бийликте иштегендердин "АНТты" бузуп, өз элин каракчыдан бетер тоношсо да катуу жазага тартылбай келиши ар бир кыргыз жаранынын жүрөгүн өйкөбөй койбойт. Өлкөнүн экономикасында эч кандай өзгөрүш же жаңылануу болбосо да четки карыздын суммасы акыркы жылдарда 1,7 миллиард доллардан 2,6 миллиард долларга өсүшү элдин бийликке болгон ишенимин жоготууда. Себеби өлкөнү бийликтегилер эле тонобосо, элибиздин турмушу оңолуп, ишсиз жүргөндөрдүн саны азайып, кыз-келиндерибиз абийирге келип, жогорку квалификациялуу кыргыздар өз мүмкүнчүлүктөрүн бөтөн жерде иштеп башка элге арнабай, өз элине арнаса - чоң өнөр жай ишканалары ишке түшүп, кыргыз өлкөсү четки карызды азайтып, коңшу казактарды артка калтырат элек.
Башкасын коюп, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 45-беренесиндеги Президенттин кызматка киришип жаткандагы "АНТына" көңүл бурсак: "Мен, …, бүткүл эл ишенип мага жүктөгөн Президенттин бийик милдетин ар-намыстуулук менен талыкпастан аткарууга өз элимдин жана Ата Журтумдун алдында ант берем" - деп жазылган жана өз кезегинде алгачкы кыргыз өлкөсүнүн президенттери: А.Акаев, К.Бакиев ушул беренедеги "АНТты" беришкен. "Ар-намыстуулук" деген сөздүн ордуна, "жоопкерчилигин өз мойнума алуу менен"...жана "мыйзамдарды сактай албасам, күнөөмдү мойнума алуу менен элимдин жазасына тартылууга ант беремин" деп жазылса болбойт беле. Алгачкы президенттердин "АНТ" берүү аземин маалымат каражаттары дүйнөгө жар салышты, ал эми А.Акаевдин, К.Бакиевдин "АНТты" бузушканы жөнүндө массалык маалымат каражаттарында жана укук талаасында кеңири сөз болгон жок, түздөн-түз "АНТты" бузду деп. Эмне дегенде, алгачкы президенттер А.Акаев менен К.Бакиев эң жогорку мыйзамдын - Конституциянын 45-беренесинде жазылган "АНТтан" четтеп, ар-намысы жоктугун айгинелеп, аны талыкпай аткарыша албагандыгы менен бузду дейли. Кыргыз өлкөсүндө "АНТтан" четтеп, ар-намысы жоктугуна жана талыкпай аткара албаганына карата түздөн-түз жазага тартууга мыйзам барбы деген ой туулат. Дал ушундай мыйзам өлкөдө жоктугунан, бүгүнкү күндө "АНТты" бузушкан алгачкы президенттер А.Акаев менен К.Бакиев ж.б. чет өлкөдө элди тоноп алган байлыктары менен жашоосун улантышууда. Ал эми бүгүнкү күндө тонолгон кыргыз элинин жашоо турмушу оордогондон оордоп, кыйынчылыктарды баштан кечирүүгө туура келүүдө. Кыргыз өлкөсүндө жазага тартууга мыйзамдар жетишерлик, бирок "АНТты" бузгандарга кылмыш жазасы түз колдонулбаса, эмне үчүн бийликте иштеген жарандар жана мамлекеттик кызматтагылар "АНТ" беришет, элди алдабай ант бербей эле койсо деген ой. Мындай жагдайда алар "АНТ" бербей, эл ишенимине кирбей, элди алагды кылбаганда, эл өз байлыгын көздүн карегиндей сактаганга аракет жасашат эле жана байлыктарын сактап калышат болчу. Эгерде эл алдында "АНТ" берип, эл ишенимине кирип, кийин белгисиз себептер менен "АНТтан" четтеп, эл тагдырын орто жолго таштап, чет өлкөгө качып кеткен бийликте иштегендерге Убактылуу Өкмөт өз Декрети менен атууга - өлүм жазасына буйруса оң болмок. Мындай жөрөлгө Кыргыз өлкөсүндө элдин байлыгын талап-тоноону токтотуп, элдин жашоо турмушун оңойт деген сөз.
Бийликте иштеп, "АНТты" бузгандарга азыркы бийлик атуу-өлүм жазасын колдонбосо, бул өз кезегинде кайталана берет, кыргыз элинин адатына айланат жана кыргыз элинин ата-бабадан калган адаты бузулса, өлкөнүн ыдырашына алып келет да, кыргыз эли жоголот. Ал эми "АНТ" бузгандар кыргыз элинин душманына айланып, кыргыз элине душмандык аракетин жасабай койбойт. Бул жагдайда кыргыз элинин пейили да оңолбойт. Натыйжада Кыргыз өлкөсү ар тараптан өнүкпөй, элдин жашоо турмушу оордойт. Элдин турмушунун оңолбосуна четтен алган карыздын суммасы жылдан жылга көбөйүшүн да далил катары караса болот.
Бул көрүнүш мыйзам ченемдүү экенине ишенбесеңер, кытай философу Конфуцийдин сөзүнө кулак салгыла: "Бир жолку жасаганыңды дагы кайталасаң, аның бара-бара көнүмүшкө айланат. Көнүмүштү көбөйтсөң, аның адатка айланат. Адаттан мүнөз жаралат. Мүнөздөн тагдыр түптөлөт".
Окурман көңүл буруңузчу! Уктуңуз беле? Дүйнөдө кайсы өлкөдө 5 жыл ичинде бир жерден эки президент өз элин, өз өлкөсүн таштап качканын?
Бүгүнкү күндө кыргыз эли ант бузуучулардан тез арада арылбаса, эл өз оорусун өзү дарылабаса, элибиз кылымдап ата-бабадан калган нарк-насилдерден, үрп-адат, каада-салттан, эл-жерден айрылышы мыйзам ченемдүү көрүнүш болуп калды.
А.Абдыкадыров,
Көз карандысыз байкоочу бирикмесинин демилгечиси, юрист




Үчүнчү революция болот дегендердин оозуна таш!
Жаз алды менен үчүнчү революция болот деп олуялык кылып карапайым элдин жүрөгүнүн үшүн алып калкты дүрбөтүп гезиттерге күн сайын жазып жаткан эл бузар кутумчулар "менин оозума таш деди, сотко берем" - деп, ал эми депутаттар - парламенттик комиссия түзөбүз, бул адам укугубузду тебелеп салды - деп жүрбөгүлө. "Оозуңа таш!" - деген - кыргыздын эле сөзү. Ал бир эси жок дардес адам ойлонбой эл үчүн жаман сөз айтса же атайылап элди дүрбөтүш үчүн өзүнүн кызыкчылыгын ишке ашырыш максатында ушак таратса "оозуңа таш", "оозуңа кара балакет" - деп коюшат.
Эми үчүнчү революция (төңкөрүш) болот деген сөздү кимдер таратып жатат, эмне максат менен деген суроого саресеп салып көрөлүчү.
Ал сөздү баягы эле кызмат жетпей калган шордуулар, күнүнө миңдеген доллар жеген азыр ал жашылбайларга жетпей калган акчасын-долларларын наркомандарга таратып жатат. Наркозаттарды күнүгө соргон адамдарды наркоман деп коюшат го млн. долларларды күн сайын жеп-жуткан адамдарды "долкаман" деп атадым. Ал сөздү ошол эле "долкамандар"таратып жатат. Ал эргулдардын атын деле атап коөлу, таарынышпасын. Алар биринчи революцияга катышып майлуу орун ээлеп, андан ажырагандан кийин экинчи тополоңдун чыгарына жанталашкан экинчи революциядан кийин мурункудан да май-талканга малынган сол чөнтөккө бир нерсе түшсө өтө боорукер болуп калган чоң ууруларды үй түрмөгө бошотуп турган адвокат, ал эми оозун майлабагандарды пачкасы менен кызматтан кубалаган өтө каардуу прокурор кадимки Азимбек Бекназаров жана өмүрү кызматка тойбогон, чыкпаган бийлик сереси калбаган, же ал кызматты тартып кете албаган оозу менен орок оргон куу тапан Адахан Мадумаров сыяктуулар.
"Революцияны эл жасайт, убайын бир ууч адамдар көрөт" - деп бир акылман айткан экен. Мындай болгондо төңкөрүштөр кайталана бериши мүмкүн. Мурунку эки революция эмне себептен чыкканын иликтеп көрөлү. Биринчи революция Акаевдин, анын үй-бүлөсүнүн ач көздүгүн, нысапсыздыгынан, бийликти колдон чыгаргысы келбей 15 жыл президент болуп иштеп, "Мен бир эле мөөнөт иштедим. Экинчи мөөнөткө президенттикке барам" деп жар салып өзүнүн чөнтөк соту консоттун төрагасы деп аталган жылмаңдаган, жыландай сойлогон сулуу айым Баекованын чыгарган токтому, парламентке уул-кызын, катын-балдыздарын, ага-инилерин киргизгени анын чексиз бийликти мурастоого кылган аракетинен чыккандыгын элдин баары эле билет.
Экинчи революциянын чыгуу себеби деле жогоркуга окшош. Акаев бийликке келип 15 жыл иштегенден кийин жогоркудай кадамга барса, Бакиев бийликке келгенде "мен бир туугандарымды үй-бүлөмдү бийликке аралаштырбайм эл үчүн ак иштейм" деген убадасын бузуп бир-эки жылда эле Акаевден өтүп жайнаган бир туугандарынын (иттин күчүгүнөн да көп экен) баарын мамлекеттик орундарына коюп, убагынан мурун президенттик шайлоо өткөзүп өзү шайланат, ага чыдабай ашказаны долларга тойбой, ооруса бөйрөгү кайда экенин билбей бөйрөгүм ооруп жатат өлүп кетсем президенттикке башка бирөө шайланып калат деп коркуп, ордуна "президент болуп баласы Максим шайлансын" деп өзүнүн "Ак жол" - деп аталган жөжө партиясынан түзүлгөн парламентине мыйзам токутканы чоң түрткү болгон. Андан дагы эл айткандай, дардаңдаган Данчикке социалдык тармактагы электр энергияны сууга бааны чексиз көтөрүп, андан түшкөн акчаны өзүлөрү бөлүп алганы элдин жинин кайнаткан. Кымбаттагандан түшкөн каражат мамлекеттин муктаждыгына жумшаса эл нааразы болбойт эле. Мына ошондой толгон токой мыйзамга жана адамгерчиликке сыйбаган аракеттер экинчи революцияны даярдаган. Революцияны ишке ашырууда тоодой салым кошкон кыргыздын чыгаан патриот уулдары Ысмайыл Исаков, Эмилбек Каптагаев, Болот Шерниязов, Алмазбек Атамбаев, тубаса демократ Өмүрбек Текебаев, Темир Сариевдердин бир түндө камалышы кандуу террордун жакындан келатканынан кабар берип, жалпы эл же өсөлү же бакиевчилерди кууп жоготолу деп көтөрүлүп революциячга чыккан.
Эми үчүнчү революциянын чыгышы жөнүндө келсек, анын чыгышына эч негиз жок. Убактылуу Өкмөт колунан келишинче иштеп, башы-көзү жок мамлекетти жетектеп жаңы Конституцияны кабыл алып президентти шайладык. Парламенттик шайлоону жамандыр-жакшыдыр өткөзүп өкмөттүү болдук. Мамлекет мыйзам талаасына кирип, дүйнөлүк мамлекеттер таанып, алака жүргүзө баштады. 2010-жыл коогалаңдуу жыл болуп, бакиевчилер чоң каражат жумшап, бийликти кайра алуу аракети таш капты. Жаңы шайланган коалициялык Өкмөттүн иш-аракет кылганы көрүнө баштады. Азырынча Өкмөт башчы Алмазбек Атамбаевдин иш-аракети мактоого арзырлык. Күнү-түнү иштеп каражат таап жаткандай. Күйүүчү-майларга болгон баа арзандай баштады. Мугалим-врач маданият кызматкерлеринин айлыктары көтөрүлгөнү турат. Эң башкысы, уюшкан кылмыштуулукка аөосуз күрөш башталды. Кудай буюрса, мунун баары ишке ашат. Ал эми ушунун баарына көз салып, багыт берип турган Роза Отунбаевага рахмат айтып коюшубуз керек. Аял башы менен эркекпиз деп кыйынсынып жүргөн эркектаналарыбыздын жасай албаган ишти аткарып, жоопкерчиликтин баарын өз мойнуна алып отурат. Чыгаан дипломатиялык таланты эл аралык мамилелерде өлкөбүздүн аброюна бир топ эле упай топтоп берди. Дагы бир артыкчылыгы Орто Азия мамлекеттеринин арасында эң алгачкы аял-президент катары тарыхта аты калды. Ал кишини кошуна мамлекеттердин жетекчилери сыйлайт, урматтайт. Ошондуктан Роза Отунбаева экинчи мөөнөткө калса деле жарашчудай. Анын эл үчүн жасай турган иштери али алдыда. Быйыл өтүүчү президенттик шайлоого Мадумаровдорго окшогон эски бийликтин ат кошчулары да аттанабыз деп эмитеден катуу кам көрүп жатышкандай. Үч ай жүгүрүп депутат боло албаган неме президенттик шайлоодо утуп чыгам деп жатканы өтө эле арсар маселе. Андан көрө, Адахан мырза эс алып, күйүккөнүн бассын. Саяпкерлер деле күлүгүн бир жылда эки жолу ат жарышка кошпойт эмеспи. Мына ушул сыяктуу маселелерден улам, жазында үчүнчү революция болбойт деп так-кесе айтып койсок болот. Революцияны эл жасайт. Элдин бийликке болгон нааразычылыгы Бакиевдин учурундагыдай эмес. 2005-жылы да, 2010-жылы да өлкөдөгү кырдаал таптакыр башкача эле. Революция деген - тополоң, кан төгүү, мародөрчулук. Ал эми эл кээ бир саясатчы сөрөйлөр кызматсыз калыптыр, депутаттыкка өтпөй калыптыр деп чолпондой балдарын ажалга салып бербейт. Ылайым үчүнчү тополоңду кудай биздин өлкөдөн алыс кылсын. Үчүнчү революция, үчүнчү кан төгүү деп элди дүрбөтүп жүргөндөрдүн оозуна таш тыгылсын!
Төлөн Касиев,
Ысык-Көл районунун ардактуу атуулу, Сары-Ой айылы.



кыргыз тилиндеги гезит "Форум"





??.??