Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

 "Катуудан тиш, жумшактан ич"

БАЙСЫҢБЫ, БЕЧАРАГА БЕРИШ
Бул жигитти көптөн бери билем, мурун угуп жүрсөм кийин жакындан таанышмын, мындан беш-алты жыл мурун "Агым" гезитине чакан макала да жазсам керек эле.
Менин маектешим Сыртбай Турсунбаев Ысык-Көл облустук стамотология бирикмесинин генералдык деректири. Көп жылдан бери облустагы адамдардын тишин дарылатып келет, көп адамдарга бекер жардам берет, үч ирет Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болуп өтпөй калган. Анткени аны колдогон чоң кызматтагылар жок, азыркыча айтканда "крышасы" жок. Анткен менен, өз жеринде депутаттай эле кадыр-баркка ээ. Мамлекеттик деңгээлдеги колдоочулары бар адамдар депутат болуп кетип жатышкандыгын облус эли дурус эле билет.
Бул жигит облустагы колунда бар саналуу айкөл жигиттердин бири.
Эмесе, Сыртбай мырза суроолорубузга жооп берсин.

- Сыртбай мырза, чарбаңыз жөнүндө айтып берсеңиз?
- Облустагы мен жетектеген стамотологиялык бирикмени 1992-жылы уюштургам. Бирикменин карамагында сегиз поликлиника бар: Каракол шаарындагы чоңдордун жана балдардын поликлиникалары, Балыкчыда жана облустун беш районундагы поликлиникалар. Тарыхыбызда калбадыбы, ошол кезде мен бул бирикмени уюштуруп жаткан убакта бардык чарбалар ыдырап, менчиктештирилип, ошонун кесепетинен мыкты ишканалар, завод-фабрикалар таланып, талкаланып жок болду. Колхоз-совхоздордогу сансыз мал-жанчы…
Мен ошол опурталдуу учурда аппаратураларды менчиктештирүүдөн сактап калдым. Эгерде менчиктештирилип кетсе, керекке жарабай жок болмок. Мына ошол 1992-жылдан бери биздин бирикме облустун адамдарына кызмат көрсөтүп келет. Кызмат көрсөтүү акылуу. Бирок, мына, он тогуз жылдан бери кары-картаңдарга, материалдык жактан жетишпегендерге кез-кези менен тиштерин бекер дарылап беребиз. Ал эми 70 жаштан өткөндөр менен 5 жашка чейинки балдарды, кош бойлуу аялдарды ар дайым бекер дарылайбыз. Жылына бир-эки ирет облустун райондорун кыдырып, тээ алыскы Каркырага, жана башка алыскы айылдарга чейин барып, тиштери бузулган, ооруган адамдарды дарылап турабыз. Бул ишти 1992-жылдан бери жүргүзүп келебиз.
- Сиз ишкерсиз, колуңузда бар. Мына ошол өз каражаттарыңыздан да коротосузбу?
- Коротпой анан. Ар дайым өз каражатым менен элге жардам бергенди кандайдыр бир деңгээлде өзүмчө мыйзам ченемдүүлүк кылып алгам. Ошондон улам менден жардам сурап келгендер арбын, колдон келишинче алардын биринин да шагын сындырбай келем, биринчи иретте дары-дармектен жардам берем.
- Азыр бизде байлар менен кедейлердин айырмасы дааналанып турат. Булар качан теңелет деп ойлойсуз?
- Кандайдыр бир мамлекетте бардык адамдар бирдей деңгээлде жашайт деген болбойт экен. Муну адамзат тарыхы тастыктап келет. Башыбыздан өткөрдүк го, Совет доорунда бардык адамдар бирдей жашайт, бай менен кедейи болбойт деген "теңдемечилик" урааныбыз, идеябыз бар эле. Ал эми турмуш чындыгы андай болбой турганын көрсөттү. Ошол эле "элдин баары бирдей" делген Совет доорунда, байлар да, кедейлер да бар эле. Сыртынан караганда баары тең көрүнгөнү менен маңызы башка эле да.
Мамлекет болгон соң, андагы жарандар эч качан сыдыргыга салгандай тең деңгээлде жашабайт. Ошол эле өнүккөн Америка, Япония, Швеция, Нидерланды, Дания, Швейцария сыяктуу ондогон мамлекеттердин байлары бар, кедей делгендери бар.
Биздин мамлекет да жогорудагы мамлекеттердей жетиштүү жашап кетет деп толук ишенип турам. Анан да биздеги колунда бар адамдар милдеттүү түрдө жетишпеген бүлөлөргө жардам бергендей болсо деп тилейм. Адам аз гана жашайт, ошол жашоосунда жалаң гана байлык качырып, бир тыйынына чейин эсеп жүргүзүп, дагы да тапсам экен деп жанталашат да анан бир күнү эки кадам жерден түбөлүк орун табат. Байлыгы артында калат, балдарына жукса жукту, болбосо жок болот. Андыктан айкөл болуп жашаган сонун эмеспи…
- Ушул тапта тиш дарылайм, тиш салам дегендер аябагандай эле көп сыяктанат?
- Туура, андайлар толуп кетти. Бирок баары эле сапаттуу иштей албай жатпайбы. Кээ бир үйүнө эле тиш дарылап, тиш салып бизнес жасап жатат. Алардын көбү адамдын ден соолугун биринчи орунга койбой, тапчу акчасын негизги маселе кылат. Иш орундары санитардык нормаларга таптакыр туура келбейт. Аларды көзөмөлдөгөн бирөө жок. Кыргызстанда тиш догдурларды даярдап чыгаруучу орто окуу жайлары Кара-Балтада, Нарында, Токмокто бар. Алар даярдаган тиш догдурлардын профессионалдык деңгээли өтө эле төмөн. Ошондуктан андай пайдасыз, ал гана турсун начар тиш догдурларды даярдаган зыяндуу окуу жайларды жабыш керек. Тиш догдурлардын жогорку билим алуусу ылайыктуу. Медакадемияда, Славян университетинде дурус стамотологдор даярдалат. Тыныстанов атындагы Караколдогу университетте да стамотология факультетин ачып койсо дурус болмок.
"Жумшактан ич, катуудан тиш оорубасын" деген кеп бар. Тиш ооруганды адам баласына бербесин дейсиң, бирок андай оорулар кийинки мезгилде аябагандай көбөйдү. Азык-түлүктөрдүн бүтүндөй химиялаштырылып жатышы ушундай тескери таасирин берип жатат. Адам баласы машине эмес, тетик-петигин бурап-сурап туруп оңдоп салчу, адам баласына башкача мамиле керек. Жанагы орто окуу жайларын бүткөн балдар, кыздарыбыз ошону терең түшүнө албай турушат. Алар туура эмес дарылаган адамдар бизге кайрылып жатат.
- Өзүңүздүн чарбаңыздын иши дурус экен. Мамлекетибиздин чарбасына, келечегине сыпаттама бере аласызбы?
- Элин эл дебеген эки президент куулгандан кийин, накта элдик бийлик келди деп ойлойм. Мына ошол бийликти жакшылап пайдаланса мамлекетибиз бат эле бутуна туруп кетет деп ишенимдүү айта алам. Азырынча болсо, Алмаз Атамбаев башында турган өкмөт менен Парламенттин ортосунда иштиктүү мамиле болбой жаткандай сезилет. Аны менен бирге президентибиз Роза Отунбаевага да "чабуул" жасаган учурлар болуп жатат. Отунбаева да, Атамбаев да дасыккан саясатчылар, алардын ишине тоскоолдук кылгандын ордуна ар тараптан жардамдашуу керек. Ошондо гана мамлекетибиз жакшы жол менен кетет. Кандай болгон күндө да азыр экономикабыз кризис абалынан чыгуу жолунда деп бүтүм чыгарсак туура болот. Жакшылыгыбыз алдыда дейли…
Мен Алмаз Атамбаевди небактан билем, анын тайманбастыгын, иш билгилигин сыйлайм. Өткөн шайлоодо анын партиясын катуу колдодум деп ачык эле айта алам. Азыр бардыгыбыз ак дилден эмгек кылышыбыз керек. Балдарыбыздын жакшы келечеги үчүн кам көрүшүбүз керек.
- Балдар демекчи, өзүңүздүн балдарыңыз жөнүндө айтсаңыз?
- Эки уул, эки кызым бар. Улуу уулум Улан менин жолумду жолдоп стамотолог, стамотология поликлиникасынын башкы врачы, Каракол шаарынын депутаты. Бул уулум окуусун мыкты бүттү, аспирантурадан да окуду. Арменияда, Францияда өткөн стамотологдордун жыйындарына катышып келди. Саламаттыкты сактоонун отличниги. Буюрса, мамлекетибизге белгилүү стамотолог болуу жолунда деп атасы катары айтып койсом ашыкча болбос. Экинчи уулум Нурлан, милийсанын подполковниги, Ысык-Көл ИИБда иштейт. Ал дагы тапшырылган ишин жакшы аткарган, адамдар менен мамиле жасай билген милийса болду окшойт.
Кызым Гүлмира экономисттин окуусун мыкты баалар менен аяктаган. Кичүү кызым Назира Славян университетинин юридика факультетинин 4-курсунда окуп жатат, жалаң "беш" деген баада окуйт. Мактанганым жок, бирок биз, жолдошум Света экөөбүз, балдарыбыз менен сыймыктанабыз, аман жүрүшсө экен деп кудайдан тилегенибиз эле ошол. Анан элимдин аманчылыгын тилейм.
Маектешкен
Баратбай АРАКЕЕВ




Дуңган
(Аңегеме)

Үч бир тууган бир көчөдө жашайбыз. Мен бай жашайм, эки агам жарды жашайт. Айылда менин заңгыраган эки кабат үйүм бар. Бир короо коюм, бир үйүр жылкым, катар катар байланган букаларым, тракторум, жүк ташуучу автоунаам, жеңил автоунаам, айтор, турмушум жакшы. Айылдын астымын. Айылдаштарымдан мени өзгөчөлөнткөн өзгөчөлүгүм катыным дунган. Көзүм жокто айылдаштарым мени өз атымдан атабай, дунган деп коюшат. Өзгөчө айылдагы менин элдешкис душмандарым, эки бир тууган агам аракка тоюп алганда "Энеңди.... дуңган" деп көчөнүн боюна туруп алышып, ашатып эле сөгө беришет. Аларга мен көңүл бурбайм, ал экөөнүн арамдыгына айылдаштарым да көнүп калган. Эки бир тууганымдын мындай кылыгына жалгыз гана энем көнө албады. "Оо арам өлгөн акмактар, мунун энеси ким? Силердин энеңер ким? Деги экөөң оңолбодуңарго, атасын тарткан арамдар"-деп, апам агаларымды тилдейт. Энемдин айтымында мен таякемди тарткам, эки агам атамды тарткан. Кыргызда мындай сөз бар: "Жаман атасын тартат, эр тайын тартат". Айылдаштарымдын айтымында, атам абдан жакшы киши болуптур, энемдин айтымында, баары башкача. Билбейм, айылдаштарым чындыкты айтабы, же энем чындыкты айтабы. Мага айырмасы деле жок, атамды көргөн эмесмин. Мен энемдин боюнда барда атамды көчкү алып өлүптүр. Үч бир тууган, бир эле эненин курсагында жатып, бир эле эненин эмчегин эмгенбиз. Эки агам менен ынтымагым жок. Жолуккан жерден экөө мага салам да айтпайт, салам айтсам унчукпай өтүп кетишет. Эки агамдын мага душман болушканына байлыгым деле себеп эмес, дунган катынымдын деле күнөөсү жок. Баарын энем билет. Бекеринен улуу агамды "өлүгүңдү көрөйүн атасын тарткан жукпас" деп тилдейт, ал агам соодагер. Экинчи агамды "атасын тарткан зөөкүр" деп тилдейт, ал агам чоң муштум. Ал эми айылдаштарымдын айтымында атам берекелүү, сыпаа адам болуптур. Мен билбейм, атамды көргөн эмесмин. Баарын апам билет. Мен таякемди тарткам, мен апамдын баласымын. Жеке мен эле эмес, эки агам да бир кезде апамдын балдары болчу. Үчөөбүздү апам жалгыз багып чоңойткон. Алгач улуу агам казактан катын алды. Өзү бала кезинен базарга жакын өсүп, бирди эки кылып соода кылганды жакшы көрөт. Базарда жүрүп, дарбыз саткан соодагер казактын кызын жактырып, ала качып келген. Анан ошол казак кайын журтунда жүрүп, дарбыз айдаганды соодагер кайынатасынан үйрөнүп келет. Апамдын "болбогон жоругуңду койсоңчу, кыргыз дарбыз айдап көргөн эмес, элге уят болосуң. Ата-бабаң мал баккан, беде айдаган. Кыргыздын колунан бедеден башка эч нерсе өспөйт" деген каршылыгына агам макул болбой, дарбыз айдаганга киришти. Анда биз үч бир тууган ынтымактуу элек. Дунгандар пияз айдаган талаага барып, беш гектар жерге дарбыз айдап эле жатып калдык. Кичүүсү мен болгондуктан, жумуштун көбүн мен аткарам. Улуу агам эс алдырбай жер чукутса, экинчи зөөкүр агам, айылга аракка жумшайт. Талаага тиккен чатырга кечинде бутумду араң сүйрөп келип, сулк жыгылып уйкуга кетем. Таң атпай эки агам уктап жатканда суу жыгып келем. Жайдын ысык күнүнө карарып күйүп, арыктап да кеттим. Бир аз бош боло калганда жаныбызда пияз айдаган Аюп деген дуңган жигиттин жанына отуруп, бир аз кобураша калам. Эс алдырбай улам бир агам кыйкырып, кайра эле жумушка салат. Кеч киргенде эки агам чатырга жатып алып, кыялданып "дарбыз жакшы бышса, Сибирге алып барып сатып, бири заңгыраган үй салып, бир жапжаңы жигули минебиз" деп быша элек дарбыздарды пулдап башташат. Эр эмгегин жер жебейт дейт эмеспи. Учу-кыйыры жок беш гектар талаабызда дарбыздар барбайып - барбайып көзгө көрүнө баштады. Дарбыздар семирген сайын, менин алым кетип арыктай бердим. Бир күнү зөөкүр агам аракка тоюп алып, мени жумуштан алаксыттың деп, коңшубуз Аюп дуңганды төпөштөп талаадан кууп жиберди. Аюпка арачы болом деп, менин дагы мурдум канап, көзүм көгөрдү. Эртеси таңда эки агам уктап жатканда суу жыгып келем деп чоң каналдын жээгине барып, тосмо шлюзду бир аз ачып коюп, уктап калыптырмын. Күн чыкканда ойгондум. Чоң каналдын шлюз тосмосу бүт ачылып, каналдын күркүрөгөн суусу биздин талааны көздөй күрүлдөп агып жатыптыр. Алачыкка келсем, эки агам жер муштап боздоп жатышыптыр. Жай бою кылган эмгегибизди каналдын күркүрөгөн суусу агызып кетиптир. Ачуусу келген эки агам мени кезектешип айда төпөштөштү. Эсимден танып, алачыкка жатып калдым. Ачуусу келген улуу агам, казак катынын алып кайын журтуна кетиптир. Зөөкүр агам арак ичип кетет. Эсиме келгенче, бир жума мени Аюп дуңган алачыкта багып жатты. Бир жумада сакайып кеттим. Айылга баргандан корком. Эки агамдын колуна тийсем соо койбойт. Окуянын чоо - жайын уккан апам издеп келип "үйгө жүрү" десе да барбай койдум. Апамды алдап, суу жеп кеткен беш гектар талаага пияз айдайм деп калып калдым. Аюп дуңгандын зөөкүр агамдын айынан себилбей ашып калган пияздын уругун алып, беш гектар талаага сээп салдым. Мындай кылыгыма Аюп дуңган "хивази, хивази" деп күлүп калат. Дуңганча кыргыз дегенди "хивази" деп коет. Мага эрмек керек. Пияздын уругун туш келди сээп салдым. Үйгө баргандан корком. Жайдын ортосунда ойлонбой ойноп сепкен Аюп дуңгандын жарабай калган пиязынын уругу, күзүндө укмуштуу жомокко айланды. Тегеректеги дуңгандын баары чогулуп келип менин пиязыма таң калып карашат. Пияздарым барсайып - барсайып бир укмуштуудай берекелүү өсүп, мол түшүм берди. Мындай түшүмдү өмүр бою жер тыткан, пияздын сырын жатка билген дуңгандар да өстүрө албаптыр. Дуңгандын аксакалдары чогулуп келип, дуба окуп бата кылышып, кужулдашып, эмне себептен мен мындай түшүм алганымды себебин изилдешип, талаш - тартышка түшүштү. Менден сурашат. Мен эмне айтарымды билбейм. Канча ирээт сугардың дешет. Мен бир ирет да сугарган жокмун десем ишенишпейт. Акыры коңушу дуңган айылдан көптү көрүп көптү билген, жашы бир далайга барып калган дуңган карыяны алып келишти. Дуңган карыя Аюп дуңгандан окуянын чоо - жайын ийне - жибине чейин сурап билип, мындай жыйынтыкты айтты. "Асманда кайсыл бир жылдыздар тогошуп, ай жаңырып дал учуру келгенде, мен тим эле жылдыздар менен кеңешип алгансып убакты - саатында пияздын уругун сепкен экенмин" менин болуп көрбөгөндөй берекелүү мол түшүмүмдүн себеби ушунда экен. Бир да дуңган буга чейин көрбөгөн мол түшүмдү кыргыз, мен, алдым. Аюп дуңган экөөбүз менин пиязымды вагонго жүктөп, темир жол аркылуу Сибирге жеткизип пулдап байып кайттым. Эки агамдан коркуп айылга барбай Аюптун үйүндө жүрдүм. Аюп дуңган менин пулумду айлантып, ал да байыды. Акыры Аюптун карындашына үйлөнүп, айылыма келип заңгыратып эки кабат үй салдым, той бердим. Эки агамды коркуп, тойго чакырбадым. Ал эми эки агам менин дарбыздарды сууга агызганымды ушул күнгө чейин кечирбеди. Мал топтодум, дүнүйө чогулттум, айылдын байы болуп жатып калдым. Айылдаштарым менин атымдан атабай дуңган дешет. Апам эки агамды таштап мени менен жашап калды. Апамдын айтуусунда мен таякемди тартып акыл - эстүү бай чыгыпмын. Эки агам атасын тартып арам болуп калыптыр. Ал эми айылдаштарымдын айтуусунда атам акыл - эстүү, айылдагылардан бай турчу экен. Мен билбейм, атамды көргөн эмесмин. Баарын апам билет.
Мелис КАРЫБЕКОВ АСАН теги,
Түгөлбай ата сыйлыгынын лауреаты