presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Спорт айдыңынан…

Мурат Жакыпов,
Бишкек шаардык Хоккей федерациясынын президенти:
"Бизди кыргыздарда
да хоккей барбы - деп шылдыңдашты"
Мурат Жакыпов, Бишкек шаардык Хоккей федерациясынын президенти:
Кичи мекени: Жумгал району, Кызыл-Жылдыз айылы
Туулган жылы: 1972-жыл, 25-январь
Үй-бүлөлүк абалы: үй-бүлөлүү, эки кыздын атасы


- Мурат мырза, жеңишиңиздер кут болсун! Бизде хоккей оюну качантан бери ойноло баштаган?
- Хоккей оюну Качыке Бейшен уулу жетектеген "Манас мурас" коому тарабынан 1997-жылы негизделип, 1998-жылдан тартып, Жумгал районунда ойноло баштаган. 2000-жылы Эркинбек Матыев атындагы хоккей турнири болуп аталган. Башында эки эле курама команда болгон. Кийин Чолпон-Ата, Нарын, Кара-Балта шаарларынан командалар кошулуп, беш команда куралган. Азыр Алай районунда да, курама команда түзүлдү. Акыркы кезде, борборубузда муз аянтчалары курула баштады. Шаарыбыздын чыгыш тарабында, Асанбай кичи районунда курулду. Кыргыз темир жол ишканасы дагы куруп жатат. 2010-жылдын январь айында дүйнөлүк хоккей оюнчулары Макаров, Лущенко Ляпкиндер келип кетишти. Жакында эле, Жумгал районунда хоккей боюнча, мектеп ачылды. Буга чейин бизге облустук жетекчилер гана көңүл буруп келишкен. Хоккей оюнунун өнүгүшүнө жеке ишкер Нурлан Матыев, Аскар Салымбековдор өзгөчө салым кошту. Мындан аркысын мамлекет колдоого алып, өркүндөтүп кетет го деп ойлойм. Жакында эле, Анвар Оморкановду республикалык Хоккей федерациясынын президенти кылып шайладык. Мен болсо, Бишкек шаардык хоккей федерациясынын жетекчиси болуп шайландым.
- Хоккей оюнун тандап алганыңызга эмне түрткү болду эле?
- Кичи мекеним Жумгал болгондуктан, бала кезимен хоккей дегенде үзүлүп түшүп, ойноор элем. Көбүнчө дарбаза тосчумун. Ошентип, оюнга берилип кеттим. Азыр биз жетпеген ийгиликтерге жаш муундар жетсин деп, жаш муундарды тарбиялап жатабыз. Өкүнүчтүүсү, бүгүнкү күндө жаш улан-кыздарыбыздын баары Батыштын менталитетине сугарылып, ат жалында ойногон, кыргыздын жигиттеринин карааны азайып баратат. Келечекте биз аларды сактап, хоккей өнөрүн өнүктүрүшүбүз керек.
- Аттанып жатканда ийгиликтерге жетишебиз деп ойлодуңуздар беле?
- Аттанып жатканда, өлкөбүздү уят кылбай ийгиликтерге жетишебиз деп ишеничтүү сөз бергенбиз. Жеңишке жетишип жатканда толкундоолор болбой койгон жок. Негизгиси жеңишке жетүү оңой, жеңишти колдон чыгарбай кармап калуу кыйын. Биз, калыстык болбой калат го деп ойлогонбуз, бактыга жараша андай болгон жок. Бардыгы ачык айкын таза, калыстык менен өттү. Хоккей боюнча 44 оюнчу барганбыз. Топ хоккейи боюнча 21 оюнчу Алматы шаарында калдык. Шайба хоккейи боюнча 23 оюнчу Астанага кетишти. Ошентип, топ хоккейинин оюнчулары үчүнчү орунду алып коло медалга ээ болсок, шайба хоккейинин оюнчулары биринчи орунду алып, алтын медалды утушту. Өлкөбүзгө эки медаль алып келип, 2012-жылдагы Алмата шаарында өтө турган дүйнөлүк хоккей оюнуна катышууга мүмкүнчүлүк алдык. Топ хоккейи боюнча биринчи беттешүүбүз Монголия республикасы менен болуп утулуп калдык. Экинчи Казакстан менен беттешип, анда да жеңишти алдырып жибердик. Австралия, Армения, Тажикстандын курама командалары келбей калгандыктан үчүнчү орунга ээ болдук. Биз эч качан акчага талпынбайбыз, биздин жеңишибиз - элдин жеңиши.
- Оюнчулардын бардыгы эле орто жаштагы адамдар экен. Командада жаш оюнчулар жок беле?
- Жаш оюнчулар деле бар, аларды биз 2012-жылдагы дүйнөлүк оюндарга даярдап жатабыз. Быйыл болсо буга чейнин ойноп келген, дасыккан адамдар ойношту. Баардыгы айылдан чыккан оюнчулар, Бишкек шаарынан бир да оюнчу болгон жок. Ошондуктан хоккей оюнун шаарда өнүктүрүп, шаардык балдарды оюнга тартышыбыз керек.
- Орус улутундагы хоккейчилер упай алып берип жатышты деген сөздөр айтылды. Буга кандай карайсыз?
- Орустарды биринчи көрүп жаткансып сөз чыгарышты. Илгертен бери эле орус кыргыз аралашып жеңишке ээ болуп келгенбиз. Алардын улуту орус болгону менен, каны кыргыз. Кыргызстанда төрөлүп-өскөн өз атуулдарыбыз. Учурда Россияда окуп жүрүшөт, келечекте анын баары кыргыз элине кызмат кылышат.
- Башка өлкөлөрдүн спортко болгон мамилесин көрүп, уялуу сезимдер болгон жокпу?
- Биз кыргыздын желегин көтөрүп, гимнин ырдагандан эч качан уялбайбыз. Чынын айтайын, казактар спорт жагынанбы, экономикалык жагынан болобу кыргыздарга караганда ат чабым алдыда. Өкүнүчтүүсү, бизде азыр бардыгы эле саясатчы болуп кетти. Ар бир саясатчы өз айылын эле көтөрмөлөсө, мамлекетибиз кандай өнүгөт эле. Казакстанга көп эле бардым, бул барганымда эмнегедир Казакстан мага жомоктогудай көрүндү.
- Сиздерди Казакстанга баратканда Ак-Жол бажы постунда бир топко өткөрбөй кармап турушту деген маалыматтар айтылды эле. Эмне себептен кармашты?
- Ал чындык, Кыргызстандын бажы кызматкерлери документтерибизди себепсиз текшерүүгө алып, "Эмне себептен Казакстанга баратасыңар?"- деп суракка алышты. "Хоккей боюнча Азия оюндарына катышканы баратабыз" десек, "Кыргыздарда да хоккей оюну барбы?"-деп шылдыңдап жатып, бир топтон кийин өткөрүштү. Ызаланып казактардын чек арасына кирсек, алар бизди кош колдоп тосуп алышып, ийгилик каалап, жакшы маанай менен узатышты.
- Казактар Азия оюндарын өткөрүүгө кандай даярдык көрүшүптүр?
- Абдан жакшы даярданышыптыр. Бизди барганда түз эле мейманканага алпарышты. Ал жерге оозуңан эмне чыкса баарын даярдап турган тыкылдаган волонтёрлорду даярдап коюшуптур. Бош күндөрү алар бизди автобуска салып, шаар аралатып, концертке, киного алпарып турушту. Кыскасы, уюштуруу иштери абдан жакшы деңгээлде өттү.
Мирлан АЛЫМБАЕВ





кыргыз тилиндеги гезит "Форум"





??.??