presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Жыпар Жекшеев, коомдук ишмер:
"7-апрель күнү Данияр Үсөнов,
Каныбек Жороевдорго жолуккам"
(Башы өткөн санда)
- 1990-жылдагы кандуу Ош окуясынын башталышына Үсөн Сыдыков өңдүү ошол кездеги жергиликтүү атка минерлердин түздөн-түз тиешеси бар дегендей айтылып жүрөт. Бул канчалык деңгээлде чындыкка жакын?
- Өзүңөр жакшы билгендей совет убагында кыргыз жаштары өмүрү квартирага жеткен эмес, көрүнгөн жакта батирлеп, көчөдө калышкан да. Ошондо биз кыргыз жаштарынын Конституциялык укуктарын талап кылып, 1989-жылы "Ашар" коомун түзгөнбүз. Анан Бишкектин тегерегиндеги бош жерлерди алып, аны атайын токтомдун негизинде расмий түрдө бөлүштүрүп алып, мыйзамдаштырганбыз. Ошол кезде Үсөн Сыдыков Айыл чарба министри, ошол эле убакта Министрлер Советинин төрагасынын биринчи орун басары, Бюронун мүчөсү болчу. Жер бөлүштүрүүдөгү ызы-чуулуу иштерде биз менен ошол киши көбүрөөк алпурушуп калды. Экөөбүз бетме-бет катуу айтышып кеткен күндөр болду. Анан кийин Ошко которулганда, ушундай эле жер маселеси келип чыккан. Ал жерде да "Ош аймагы" деп аталган жаштардын коому жер бөлүп бергиле деп талап коюп чыкканда Бишкектеги ызы-чуудан кийин жалкып калган неме улуттук баатыр көрүнгүсү келдиби "алгыла мобу жерди" деп чечим чыгарып ийген экен. Көрсө, ал жерлер негизинен өзбектердин жерлери экен. Мындай одоно чечим чыгарбаш керек эле, Ош деген Бишкек эмес да. Бишкекте биз бирөөнүн жерин басып алган эмеспиз, бош жаткан жерлерди бийликтен талап кылып, анан атайын токтомдун негизинде мыйзамдуу түрдө бөлүштүргөнбүз. Анын үсүтүнө Оштогу улуттар аралык мамилени эске алыш керек болчу. Бул жерде саясий кыраакылык кыла алган эмес да.
- 2010-жылдын 7-апрелинде Ак үйдүн алдында сиз да жүрдүңүз эле. Кийин ошол күнү премьер-министр Данияр Үсөнов менен жолукканыңызды айткан элеңиз. Бул тууралуу толугураак айтып бербейсизби?
- 7-апрель күнү 11лер чамасында оппозиция лидерлеринин баары камалыптыр, "Медиа Форумдун" алдына элдер чогулуп, Ала-Тоо аянтына жөнөптүр дегенди угуп алып, "эмнеси болсо дагы эл менен болоюн, үйдө жатып алганым болбойт"-деп мен дагы жөнөдүм. Барсам, аянт жаштарга толуп, кандуу кагылыш күчөп аткан экен, менин жанымдан эле бир канча жаш балдар окко учту. Анан топтун арасынан аттуу-баштуу коомдук ишмер, саясатчымын дегендерди издей баштадым, "чогулуп алып, Ак үйгө кирелик, өлкө башчыларына ок атууну токтоткула деп айталык"-деп. Лидерлердин баары камакта отурса, бийлик менен сүйлөшкөн киши жок болсо, жаштарды жетимсиретпей баш-көз бололу дедик да. Тилинен чаң чыккан, жайнаган саясатчы, коомдук ишмер дегенден бирөө да жок.
Ошентип жүрүп, көп жыл жооптуу кызматтарда иштеп жүргөн Жеңиш деген бир жигитке жолугуп калдым, "белгилүүлөрдөн кимдер бар, кимди көрдүң"-деп сурасам, "азыр Кыргыздрамтеатрдын алдына генералдар келгени жатышат"-дейт, "кайсы генералдар"-десем, "Мирослав Ниязовдор"-деди, "аа жакшы болуптур, чал, эртерээк келишсин"-деп күтүп калдык. Эми өзүм жалгыз барганда болбой калат го, жок дегенде эки-үчөөбүз болсок, жакшы болмок деп ойлогом да. Бирок бир сааттан ашык убакыт өтүп кетти, келишкен жок, анан чыдамым түгөнүп, өзүм жөнөдүм. Биринин артынан бири окко учуп аткан жаштарды көрүп, кандай болгон күндө да кириш керек деген ой менен тарых музейи тараптан Ак үйдү көздөй акырын жылып бардым. Эки колумду көтөрүп, "мен Жыпар Жекшеев болом, ким бар Ак үйдө, ким ок аттырып жатат, чакыргыла сүйлөшөйүн"-деп чыгыш тарабындагы эшигине жакындадым. Жаныма эки жигит келип кошулуп калышты. Алардын бири Патриоттор партиясынын төрагасы Алмаз деген жигит экен. Бирөөсүнүн атын унутуп койдум. Үчөөбүз чогуу колубузду өйдө көтөрүп "атпагыла" деп ичкери көздөй жакындап бардык. Чоңдору менен макулдашыштыбы, айтор, Панфилов тарабындагы дарбазасын ачып үчөөбүздү киргизишти. Биринчи кабаттагы фоесинде журналдык стол бар экен ошол жерде күтүп калдык. Анан Данияр Үсөнов, Каныбек Жороевдер келишти. Үсөнов эч нерсе болбогонсуп, "Жыпар байке, кандайсыз" - деп кучакташып учурашып атпайбы. "Данияр ушунчаңарда токтоткула, канчалаган жигиттер өлүп кетти, тез арада оппозиция лидерлерин бошоткула"-десем, "анда биздин да талаптар бар. Конгантиевди өлтүртпөй аман алып калгыла, анан Ак үйдү көздөй ок атып аткандарды токтоткула"-деди. "Мени эч ким сүйлөшүп кел деп шайлаган жок"-деп, анын талаптарын аткарууга кепилдик бере албасымды айттым. Аңгыча эле Элмурза Сатыбалдиев Темир Сариев, Иса Өмүркуловдор менен кирип келип калды. Учурашып сүйлөшкөн соң, аларды кабинетине алып кирип кетишти. Биз бир сааттан кийин кайра жолукмай болдук. Алар ок атканын токтотобуз дешип, убадалашып биз элге кайттык. Бирок арадан эки сааттай өтүп, мен көргөндөн эле дагы төрт бала окко учту. Айла жок аскер, милиция кызматкерлерине "балдар атпагыла, силер ким үчүн өз бир туугандарыңардын өмүрүн кыйганы атасыңар, кечинде үйүңөргө барып, үй-бүлөңөрдүн бетин кантип карайсыңар, каргышка каласыңар, акырын чыгып алып тарагыла үйүңөргө"-деп кайрылдым. Анан шаабайым сууп, Кыргыз драмтеатрды көздөй кеткен тротуар менен кетип баратсам, Ак үйдүн Панфилов парк жагында дарбазалар кыйчылдап ачыла баштады. "А атаң гөрү, дагы аскер алып келгени жатабы"-деп ойлонгуча болбой эле Ак үйдүн жер төлөсүнөн терезелери капкара болуп чүмбөттөлгөн үч Жип атырылып чыкты. Чыгып баратканда айнектерин жарымына түшүрүп алып, тим эле немистердин курчоосунан чыгып баратышкансып автомат менен чайкап өтүштү. Ал жерде деле бирин серин басып жүргөндөр эле бар болчу. Эки үчөө сулап жыгылды. Көрсө ошол Жиптер менен Бакиевдер качып чыгышкан турбайбы.
Маектешкен
Эрнис БАЛБАКОВ







кыргыз тилиндеги гезит "Форум"





??.??