Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Жоомарт Сапарбаев,
"Ата Мекен" фракциясынын депутаты:
"Биз, депутаттар, эч кимден коркпой, эч кимден уялбай каалашыбызча "оттоп" жатабыз..."
- Жоомарт мырза, Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүнө жалпы элдин ичи чыкпай жаткандыгын жакшы билсеңиз керек. Бул маселеге көз карашыңыз кандай?
- Туура,"калк айтса, калп айтпайт" демекчи, мындай пикирлер жөндүү айтылып жатат. Бул сын-пикирлерге бир тарабынан кошулам. Себеби парламентте алгачкы айларда конструктивдүү иштер болгон жок. Депутаттар трибунага чыгып алышып эле, өзүн өзү мактаган, өзүн өзү актаган жел сөздөр менен алек болуп келгендигине байланыштуу ишибиз алга жылган жок. Бирок менин көз карашым боюнча, акыркы эки жумада андай көрүнүштөрдөн аз болсо да арылып, аз-аздан иш жыла баштады. Эмне себептен парламенттин иши аксап жаткандыгынын негизги себептерин ала турган болсок: биз парламенттик системада жаңы гана жашай баштадык. Мындайча айтканда, мурунку парламент менен азыркы парламенттин айырмасы өтө чоң. Мурун парламент президент тарабынан катуу көзөмөлгө алынып, чектөө менен иш алып барып, чектөө менен сүйлөшчү. Азыр болсо эл өзү күбө болуп көрүп тургандай, биз, депутаттар, эч кимден коркпой, эч кимден уялбай каалашыбызча "оттоп" жатабыз. Кыскасы, беш партия каалашынча чабышып жатат десек болот. Анын үстүнө азыркы парламентке көп жаш депутаттар келди. Алардын ишти толук кандуу үйрөнүүсүнө да бир топ убакытты талап кылат. Ушундай себептерден улам, азыркы парламенттин тажрыйбасы аз экендигин айтсак болот. Дагы бир өкүнүчтүү себеп, көптөгөн депутаттар Жогорку Кеңештин аянтын, трибунасын өзүн өзү мактоо, даңктоо жана актоо үчүн колдонуп жатат. Өтө маанилүү маселелерди карашпай, маанисиз маселелерди козгошуп, бир жээктен экинчи жээкке карай талаш-тартыш күчөп, саясий оюндар болуп жатканын моюнга алышыбыз керек. Мына ушундай көрүнүштөрдөн улам, азыр парламенттин иши анча эффективдүү болбой жаткандыгы чындык. Ошентсе да азыр акырындан бир нукка түшө баштады десек болот.
- Элди жийиркенткен парламенттеги дагы бир көрүнүш, бул депутаттардын ар бир ишке эле комиссия түзүүсү болууда. Же ал саны бар, сапаты жок комиссиялардын ишинин жыйынтыгы көрүнбөйт. Парламент башка кемчиликтерден арылса да, ушу комиссия түзүү "оюнунан" арыла албайт окшойт…
- Тилекке каршы, эмне чыр чыкса эле комиссия түзүү маселеси калкып чыгып жаткандыгы - депутаттардын өнөкөт оорусуна айланып калгандай эле болуп жатат. Же ал комиссиянын кыйраткан бир жыйынтыгы жок. Бир топ депутаттар ушу комиссия түзүү маселесин байма-бай козгошуп, ошол иш аркылуу атын чыгаргысы келип жаткандыгы ачык эле байкалып турат. Комиссиялык иш алар ойлогондой оюнчук эмес да. Түзгөнгө жараша, ал иштен түзүк жыйынтык чыгаруу зарыл. Биз ушул жагын жакшы түшүнбөй жатат окшойбуз. Болбосо, куру сөз менен, жыйынтыксыз иш менен алек болуунун эмне кереги бар? Мунун себеби да жогоруда айтып өткөндөй, парламенттин тажрыйбасыздыгынан улам чыгып жатат. Тажрыйбанын жоктугунан улам, биз ушундай көрүнүштөр менен аша чаап кетип жаткандыгыбызды моюнга алышыбыз кажет.
- 7-апрелден кийин кайра эле эски бийликтин эрендери бийлик башына келишти. Алдыңкы партия деп эсептелген "Ата-Мекен" партиясы шайлоодо арткы орундуу камсыз кылды. Эл өзгөчө ушул эки көрүнүштү күткөн эмес эле го, бул маселерге сиздин көз карашыңыз кандай?
- Чынын айтсам: "эски бийликтин көрүнүктүү өкүлдөрү кайрадан бийликке келип калат"- деп күткөн да, ойлогон да эмесмин. Мындай жыйынтыкты күткөн эмесмин, ичим да күйдү, кыжырым да келди. Эркиндик үчүн биз аянтта канча жүрдүк, теңдик заманды эңсеген канчалаган бейкүнөө жаштарыбыздын каны төгүлүп кетти. Ошончо опол-тоодой эмгекти, кырчын өмүрлөрдү алган оор окуялардан кийин, мындан кийинкиси жакшы болоруна жан дилиң менен ишенгиң келет экен. Тилекке каршы, азырынча андай болбой турат. Жакшыруунун, жетишкендиктин белгиси кечигип бараткандай сезилет.
Ал эми биздин партиянын шайлоонун жыйынтыгы боюнча бешинчи болуп калышына да бир топ себептер бар. Өзүбүздөн да тактикалык каталар кетти. Ошондой эле биздин партиянын финансылык абалы да, башка партияларга салыштырмалуу анча жакшы болгон жок. Бул жагын жалпы эл жакшы билсе керек. Биздин атаандаштарыбыз шайлоо башталганга чейин да, үгүт учурунда да, өзгөчө Ош, Жалал-Абад, Баткен тараптарда биздин партияны колдон келишинче шыбап, мындайча айтканда, элге мокочо көргөзүп коюшту. Ал эми дагы бир чоң себептеринин бири - биз тарапка Орусиядан ачык, болгондо да борбордук телеканалдар аркылуу каралоо жүрдү. Ушунун баары тескери таасирин тийгизди. Бирок элдик шайлоо баарын чечип койду. Бул шайлоо мурунку шайлоолорго караганда, ачык-айкын болду. Болгону элдин тилегени ушул болду окшойт.
- "Ата Мекен" партиясынын шайлоодогу башкы лозунгу өлкөнү криминалдан арылтуу эле. Бул боюнча силердин фракция кандай аракеттерди көрүп жатат?
- Тилекке каршы, биздин күч тармактарына "мындай кылгыла, тигиндей кылгыла" деп түздөн-түз көрсөтмө бергенге укугубуз жок. Бирок ошентсе да өлкөнү криминалдан арылтуу боюнча мыйзам жазуунун үстүндө иштеп жатабыз. Бул мыйзам ишке кирсе, буйруса өз жыйынтыгын берет деген ойдомун. Себеп дегенде, ал мыйзамга биз айрым өлкөлөрдүн ушул маселе боюнча натыйжалуу иштеген мыйзамдарынын негизинен да коштук. Криминалдар менен күрөшүү үчүн бир гана чечкиндүүлүк жана саясий эрк керек. Биздин криминалдарга салыштырмалуу Грузиянын криминалдары алда канча күчтүү, алда канча бай да, тажрыйбалуу экени белгилүү. Мына ошол Грузиянын бийлиги алты айдын ичинде эле өз өлкөсүн криминалдардан тазалап койду. Экономикасында да чоң жетишкендиктер болуп жатат дегендей… Демек, бийликте саясий эрк болсо, биз да криминалдардан арыла алабыз.
- Өкмөттүн курамына көз карашыңыз кандай? Натыйжалуу иштеп кетишине көзүңүз жетеби?
- Чынын айтсам, мен өкмөттүн айрым бир мүчөлөрүнөн анчалык жакшы нерселерди күтпөйм. Ошол эле Энергетика министри Шадиев, бул адам менен эч кандай жеке байланышым жок. Ошентсе да мен анын ишмердүүлүгүнө ичим чыкпайт. Кечээ-жакында Калкты социалдык жактан камсыздоо министрлигине дайындалган Рыскулованы да айтат элем. Мүмкүн, ал адис катары тажрыйбалуудур. Бирок бул адамдар өз кезегинде элге ким экенин көрсөтүп бүтүшкөн адамдар. Бул адамдар да, башка да көп эле адамдар бар. Тилекке каршы, биз чыгарган люстрация мыйзамы өтпөй калды. Өткөндө, балким, башкача болмок.
- Ушундай өкмөт менен, ушундай парламент менен өлкөдө коррупция кыскарарына ишенесизби?
- Чынын айтсам, ишене албайм. Себеби азыр коалицияга бириккен үч партия мамлекетти, өкмөттү үчкө бөлүп алды. Министрликтерден баштап, спирт заводдоруна чейин, айтор бөлө турган нерселердин баарын бөлүп алышты. Коалициянын максаты - болгон акчаларды топтоп, болгон ресурстарды жыйнап - өзүнүн кызыкчылыгына иштетүү. Ушундан улам, мындай жагдайда коррупция кыскарат дегенден өтө эле алысмын. Ушундай уюшкан саясий топтордун кадамы кандай болот? Көп нерсе ушуга байланыштуу. Жакшы болсо, элге жакшы. Эгер жаман болсо, элдин шору.
- Жаз алды менен өлкөдө чоң митинг-пикеттер күч алат деп байма-бай айтылууда. Буга көз карашыңыз кандай? Андай көрүнүштөрдү реалдуу деп эсептейсизби?
- Биздин өлкөдө митинг-пикеттерди өткөрүүгө ар дайым себептер бар. Буга биринчиден, өлкөдөгү социалдык, экономикалык, саясий кризистер негиз болсо, айрым бир убактарда кайсы бир саясатчынын жеке кызыкчылыгына байланыштуу да болот. Биздин өлкөдө бир нерсени алдын ала болжолдоп айтуу кыйын. Эгер кайсы бир саясатчы жеке кызыкчылыктарын көздөп, элди көтөрө турган болсо, аны да көрө жатарбыз. Себеби, биз андай митингдердин далайын көрүп келбедикпи…
- Эми бийликтеги жаштардын өкүлү катары айтсаңыз, 7-апрелден кийин жаңы бийлик жаштарга өзгөчө көңүл бура тургандыгына бек убада берди эле. Сиздин көз карашыңызда бул маселе азыр кандай деңгээлде болуп жатат?
- Азыр мамлекетте жаштарга гана эмес, Кыргызстандын бүткүл жаранына жетишерлик көңүл буруу боло элек. Жаштар менен карыларды бөлүп кереги жок. Бизде азыр коомдук кризис болуп жатат. Бирок ошентсе да жаштарды колдоо боюнча мүмкүнчүлүк түзүлүшү зарыл. Маселен, биз жаштарды кайсы бир министрликке жумушка орноштуруу үчүн, биз ал жаштарды даярдашыбыз керек. Акыркы жыйырма жылда бир да жолу кадрларды даярдоо болгон жок. Болушунча башаламандык өкүм сүрүп келди. Баштарын көтөргөн тыңдарды чалгы менен чаап олтурушту. Кыскасы, кадрдык резерв даярдалган жок. Ошондуктан жаштарды даярдыксыз эле маанилүү жумуштарга орноштуруу туура эмес. Биринчи иретте жаштарды жумушка даярдоо иштери колго алынышы зарыл.
- Сиз депутаттардын ичинен алгачкылардан болуп депутаттарга үй, кызматтык автоунаа берилишине каршы болуп чыктыңыз эле. Тилекке каршы, бул маселе колдоого алынбай калды. Ушул маселе тууралуу учкай пикириңизди уксак…
- Тилекке каршы, бул маселе колдоого алынган жок. Азыр үй, кызматтык автоунаа берилип жатат. Мен өзүм башында эле үй да, автоунаа да албайм деп айтып чыккан элем, алган жокмун. Менин билишимче, үй менен кызматтык автоунааны азырынча биздин партиядан үч, төрт депутат алды. Жеке менин оюм, үй менен автоунаага короткон каражатты жакшы жардамчыга жана кеңешчиге короткон алда канча пайдалуу болот эле. Себеп дегенде, көпчүлүк депутаттар үйгө деле, автоунаага деле муктаж эмес. Азыр менин жардамчым менен кеңешчим бар. Башка эч нерсенин кереги жок. Мен жаш депутат катары жакшы жардамчы жана жакшы кеңешчиге муктажмын, муну моюнга алышым керек.
Мектешкен
Айбек Шамшыкеев