Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

  Кадам ушул…

БАКИЕВЧИ ЖАПАРОВ, ӨКМӨТТҮ ТАРАТЫП ТАШТАЧУ БАБАНОВ ЖАНА ПРЕЗИДЕНТТИ КАРАЛОО АРАКЕТИ

Аз мурун ант берген өкмөттүн курамына курсак тойбогону менен, анын башында турган Атамбаевдин жетекчилигинде туңгуюкта калган экономикабызды "сууруп" чыгуу процесси башталып турат. Ооба, эртең эле экономикабыз бутуна туруп, курсак менен көөн ток болуп калышын күтүүбүз, эгер реалдуулуктан тайбасак, шашкандык болор. Экономикабыздын бутуна туруп, кадимкидей эл кызыкчылыгы үчүн иштеп кетүүсүнө аябагандай көп эмгек талап кылынат, аны коштогон көптөгөн шарт керек болот, кай бир мыйзамдарды түп-тамырынан бери өзгөртүү керектир. Өкмөт башында тургандардын ою таза болсо, баскан жолу таза болсо, кылган иши элиники экенин даана түшүнсө, коррупцияга жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш куру сөз болбосо, ресурстар пайдаланыла баштаса, Бакиев качып жоголгондон кийин мамлекеттин карамагына өткөн ондогон ишканалар сатылып, анын акчасы чыпчыргасы коробой казынага түшсө… анда оңолуп кетүүбүз көп күттүрбөйт. Жаңы өкмөт ишине киришкенден кийин катылып жаткан резервдер биринин артынан экинчиси пайда боло баштады. Мугалимдердин, врачтардын, башка бюджетти карап олтурган адамдардын айлыктарын эселеп көбөйтүү жомок болбой, реалдуулукту такымдап турат. Жазып эле келатабыз, баарыбыз беш колдой билебиз, бизде экономикабыз өнүккөн өлкөлөрдүн деңгээлине чейин жетүүсүн шарттаган ресурстар батпай турат: казып түгөтө алгыс кендерибиз, суу ресурстарыбыз, туризм, көңүл менен өндүрсө, эт, сүт, эгин, жашылча-жемиш ж.б. Буга кошумча Акаев менен Бакиев уурдап кеткен акчаны кайтаруу, налогду толук жыйноо, бажы кирешесинин толук алынышы жана мамлекеттин казынасына түшүшү, министрликтерди, департаменттерди кыскартуу, аны менен бирге президенттик аппараттагы, өкмөттөгү, парламенттеги кыкча иш бүтүрбөй кыргыздын салтын кой, тилин билгенден, сүйлөгөндөн уялып шалактай жүргөн чоңдордун кемакыл уулдары менен кыздарын иштен айдоо… айтор, чогултсаң чогултуп бүтө албас каражаттарыбыз арбын. Арак жана тамеки жагында жүз миллиондогон акчалар "таап алуубузду" талап кылып турбайбы.
Өкмөт болушунча бюджеттик дефицитти кыскартуу жолун издөө түйшүгүндө. Ошол пландын реалдуулукка жакын экенин, болбосо, жүз пайыз реалдуу экенин аргументтештирип, пландарын айтып жатса, Жогорку Кеңештеги бакиевчилердин кээ бири өкмөттүн аракетин "популизм" деп сын берип да жатышат. Бирөөнүн ийгилиги бирөөнө сокку болуп калды деген учур ушундайда айтылат экен. Анан да көралбастыктын мамлекеттик деңгээлге көтөрүлүшү байкалып турат. Унута элекпиз, Бакиев тушунда бир топ кызматтардын "башын жеген" азыркы "ар-намыстуу" депутат Жапаров оозунан эки ооз сөз чыкса анын көбү "Президентибиз Бакиев жанда жок улуу адам, мындай акылман адам жарала элек, анын акылман жетекчилиги менен экономикабыз аябай өнүгүп жатат" деп чарчап жыгылып түшкөнчө айтчу. Уялбай-этпей эле Бакиевине кошоматын кыла берчү. Ошончолук төмөн түшкөн кыргыз жигиттери аз эле болсо керек… Бул жерде биз ага жалаа жаап жаман аттуу кылалы деген аракетибиз жок, болгонун айттык, фактыны кайда катмакпыз, "капка шибегени катса", балким болор, бирок Акылбек Жапаровдун Бакиевге болгон кошоматын эч качан жашыра албаспыз, гезиттерди барактай койсоң эле турбайбы…
Өкмөттү "популист" экенин дал ушул Жапаров айткандан тажабай турат. Анын сөзүнүн да жөнү бар: өзү өкмөт курамында иштеп турганда Бакиевинин оозун карап олтура берип, бюджеттен айлык алгандардын айлыгын көбөйтүү үчүн резерв издеген түшүнө да кирбесе керек, анткени патрону жегенге резервдин эмне кереги бар, казынада даяр турбайбы. Бабанов деле ишин оптимисттик маанайда баштады. Бу жигиттин максимум жүрүштөрү уланып турат. Өткөндө айтып жатат: "Өкмөт-биз айткандарыбызды аткарбасак, отставкага кетебиз" деп. Анысы жакшы, сөзгө турат экен, бирок, "отставкага чыгып кетүү" укугун ага ким берди. Премьер-министр Атамбаевдин айтчу сөзүн, же коллегиялуу чыгарчу чечимин Бабанов мырза качан менчиктеп алган?! Ушул Бабанов мырза "арыдан бери болуу" деген туура жолду тандай албай келет… Бакиевинен айрылып калган немелер президент Роза Отунбаевага жасаган чабуулун улам бир ыкма менен улантып турган кези. Алар бир нерсеге көзү жетпей турат: азыр Отунбаеваны кетире алышпайт, анткени аны эл массасы колдойт, экинчиден, аны кетире тургандай орчун себепти кайдан тапты?! Акаев менен Бакиевдин айбандык иштеринин бирин эле жасаса го кеп башка эле…
Отунбаевага каршы иштер күн өткөн сайын күчөгөнсүйт. Өткөндө парламентке барып, керек болсо парламентти таратып жиберүүгө бара турганын айтканда, жүрөгү түшүп калган бир топ депутат Конституцияны таң атканча казып чыгып, "президенттин бизди таратууга укугу жок экен" деп адыраңдай чыгышты, бирок тээ дил түпкүрүндө "кудай бир сактай көр" деп жаратканга жалынып алганы билинип да калды. Анткени эгерде президент чындап киришсе, парламентти таратуу ал үчүн "чыйт түкүрүм" нерсе…
Сегиз-тогуз айдан бери "милдетин аткаруучу" болуп жүргөн Иса Өмүркуловду Бишкек шаарынын мэрлигине толук кандуу олтургузуп коелу деген президенттин аракетин парламентчилер катуу каршылык менен тосуп алышты. Алардын оюнда мэрди шаардыктар шайлайт экен. А бирок, Фаттаховдун айтуусунда мэрди депутаттардын шайлашы мыйзамга каршы келбейт. Парламентте олтурган бакиевчилер шаар мэрлигине баягы эле Түлеевди олтургузмай болушкан. Бул коркунучтуу окуя болмок, анткени бул адам Бакиевге эң берилген, же берилимиш этип кошоматтанган адамы, анан калса "өгөй баласы" да болуп алган, кандай болгондо да Бакиев менен кан- жаны биригип калган неме. Анын мэр болушу - Бакиев бийлигинин жарым-жартылай кайтып келиши деп билишибиз керек. Андай болгон күндө токсонго жакын жигитибиз эмнеге курман болду, миңдеген адам эмнеге майып болушту?!
Ошентип, бакиевчилер кандай да болбосун анын куйругун мэр кылып шайлайбыз деп, аны шаардык депутаттар тымызын колдоп турганда, такталбаган маалыматтарга караганда, ошол шаар депутаттарына "эгерде Иса Өмүркуловду шайлабасаңар, силерди президент таратып таштайт, анткени силер Бакиев убагында шайлоо мыйзамын одоно бузуп туруп шайлангансыңар" деген алар үчүн коркунучтуу ультиматум-кабар жетет. Анан депутаттар "мышык" болуп, кыркынын отуз тогузу Өмүркуловду шайлап беришпедиби. Эми аларды токтоосуз таратып ташташ керек. Анткени жогоруда айтылгандай, алардын көпчүлүгү да Бакиев бийлигинин "көңүлү" менен депутат болушкан, акчасын чачып, шайлоо мыйзамдарын тебелеп-тепсеп туруп шайланышкан. Конституциябызда жазылып турат: башкаруу бийлиги президентте, аткаруу бийлиги премьер-министрде, ал эми парламентте болсо, мыйзам чыгаруу бийлиги бар. Анан эмне эле президент бир чечим чыгарса эле, ал "анын укугу эмес" деп чуу салып жатып калып атышат. Бу маселе элдир-селдир ойлоно билгендин баарына белгилүү болуп бүттү: баарын уюштуруп жаткан бакиевчи-реваншисттер. Отунбаева Назарбаев менен жолугушуусунда "эч качан бийлигин узартпай тургандыгын" айтты. Ошондуктан, бакиевчилер, азга чыдап турсаңар Отунбаева президенттигинен кетет. Көпчүлүк үчүн бул жаман окуя болсо да кетет. Анан да "эмне үчүн Отунбаева президенттик шайлоого бара албайт, шашылып жазылып калган нерсени оңдоп койсо болбойбу" деген орундуу суроо коюла берет. Парламенттик башкаруу деп Текебаев түптөгөн Конституциябызда бийлик бутактарынын ыйгарым укуктары так, даана белгиленбей, талашка себеп болчу жылчык-пылчык калгандай да таасир калтырып жатат. Же Конституциябызда жазылгандар ошол турушунда аткарылбай жатабы? Өткөндө спикер Келдибеков "парламент жемиштүү иштеп жатат" дегендей айтты. А биз болсок анын "жемиштүү иштеп жатканын" даана байкай албай турабыз. Мыйзам чыгаруунун ордуна бири-бири менен кармашуулар, "комиссия түзүш керек" деген аягы жок талкуулар, жеке кызыкчылыктан келип чыккан маселелер, популисттик кыйкырыктар, ар кандай деңгээлдеги амбициялык жүрүштөр ж.б. парламентке толуп кетти. Анан да саясий оюндардан кутулайын деген ой жок, ошол оюндардын кызуусунда турушат… Ушунун баарын көргөндөн кийин мурунку бийликтин реваншисттик саясаты парламентке жол көрсөтүп жаткан жокпу деген суроо өзүнөн өзү келет экен. Президентке чабуул койгондор президент администрациясынын аппарат башчысы Эмилбек Каптагаевди да унутта калтырышпады. Оппозиция кыймылына кийинчерээк кошулганы менен, Каптагаев ал кыймылдын барандуу саясатчыларынан болуп, Бакиевдин куулушуна чоң салымын кошту. Бакиев кутуруп турганда, анын бийлигине каршы коркпостон туруп берген саналуу оппозиция лидерлеринин бири да ушул Каптагаев болчу. Каптагаев бакиевчилерге оңой эле алдырып койчу жигит эмес. Көрүп жатабыз, угуп жатабыз, эл аралык аренада президентибиз Отунбаева менен эсептешип жатышат, анын Медведев, Назарбаев, Клинтон, Эрдоган ж.б. менен болгон жолугушуусу, дүйнөлүк саммиттерге катышуусу, бул жерде ар кандай деңгээлдеги чет элдик делегацияларды кабыл алышы анын далили эмеспи. Премьер-министр Атамбаев да өз милдетин аткарып, ал дагы эл аралык аренага чыга баштады: Россияга расмий визит менен барышы, Казакстанга да ошондой барып Назарбаев, Масимовдор менен сүйлөшүп келиши, Эрдоган менен сүйлөшүүлөрү ж.б. иш-аракеттери жогорудагы бүтүмдү бышыктап турат. Жогорудагы эки лидердин эл аралык деңгээлдеги жолугушуулары, эки тараптын комплимент айтуусу менен бүтпөй, ал жолугушууларда элибиздин экономикасын "жөлөп-таячу" материалдык жардамдар, инвестициялар ж.б. маселелер такталып жатат жана да жемишин берип жаткан учуру, бензиндин арзандай баштаганын мисалдатсак болот, жазгы айдам-себүүдө Россия менен Казакстан чоң жардам бермей болду. Келдибеков болсо расмий визит менен эч кайда бара элек, чакыруу ала элек, бул жерде деле эл аралык кадырын көрсөткөн жери жок. Анткени эл аралык аренада анын кенедей да кабыр-баркы жок, протоколдордон эле окушпаса, Келдибеков деген ысым белгисиз. Өткөндө ал айтты эле: "Мен парламентте алып баруучумун" - деп, ошол милдетин да так аткара албай жаткандай. А балким, бара-бара Конституциябыздагы "парламенттик башкаруу" дегенди практика жүзүндө алып кетеби, ким билди. Азыр болсо "үйдө баатыр" болуп, "баланча деген комиссия түзүү керек" деп элди тажатып турганы чындык.
Ооба, бийлик бутактары эриш-аркак иштеше албай жатат, "парламенттик башкаруу" келсе эле баары сонун болчудай элестеттик эле, бул башкаруунун азабы президенттик башкаруудан ашып түшпөс бекен…
Баратбай АРАКЕЕВ