Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Баратбай АРАКЕЕВ
Кандуу
жылдар
...Бул кабарды уккан токтоо жигит деген сыпаттамасы бар Макан алеп-жалеп болуп, дароо "кеттик" дегенин айтып шаштырды.
Бекендин машинасына түшүп түз эле шаарга туташ кеткен райборборго - милийсанын начальнигине келишти. Ага токтоосуз кирип, ал-абал сурашкандан кийин, ал бир милийсасын чакыртты. Жаш старшина экен, айтып турду:
- Кулан деген ошол кыздын күйөөсү айткан, талааны аралап батышты көздөй кетиптир деп. Ошол тараптагы бардык айылдарды кыдырдык, талаада иш бүтүп калбадыбы, бирин-серин жүргөндөрдөн сураштырдык. Анан бир алачыкка барсак жалданып иштеген эки неме бар экен. Экөө тең мас. Баары казылып, жыйналып бүтүптүр, бу жерде эмне жатасыңар десек "барар жерибиз жок, кар түшкөнчө ушул жерде жашап турабыз" дейт. Кызды сурадык. "Баягыда бир оорукчан кыз келген, анан аны кожоюн дунган салып кеткен" дейт, "вагону бар анын" дейт. Аны издеп тапсак дунган жок экен, бир кыз бар экен, таптакыр сүйлөбөй койду. Атың Нестанбы деп сурасак да айтпайт. Сөзүбүздү укпагандай... ошол.
Ошол, - деди начальник тигинин сөзүнөн кийин Бекендерге, - дароо эле сага чалбадымбы.
Бекен менен Макан аябай шашты. Вагон кай жерде экенин старшинадан сурап алышып, начальникке чала-була рахматын айтып, Мирбек үчөө жөнөп болбой калышты эле, начальник жанагы старшинасын кошуп берди. Ошондон бир саат өтпөй айткан вагонду табышты. Эшиги ичинен илинүү. Сыртта "Жигули" турат. Демек дунган ичинде экен да. Макандын өңү кумсарып турганын Бекен байкады:
- Маке, ага тийбе, - деди, - бизге Нестандын табылганы эсеп да, уктуңбу?
Макан жооп бербей эшикти дагы какты.
Бир топко барып ичкериден үн чыкты:
- Бу ким?
- Милиция! - деди Макан кыжырдуу.
Эшик ачылып, босогодон дунган көрүндү, спорттук шым кийип, майкечен.
Макан дунганды бийик вагон жерге ыргыта жулкуп, ичкери кирип, төркү бөлмөгө өттү. Дивандагы төшөктө бирөө чүмкөнүп жатат.
Макан төшөк сыртынан анын ийнинен акырын тартты:
- Нестан... биз келдик... Нестан.
Тиги ого бетер чүмкөнөт. Аңгыча беркилер кирди.
- Нестан, тур, турагой. - Бекен акырын төшөк тартты. Жаткандын башы көрүндү. Кызыл-күрөң боелгон чач.
- Силерге эмне керек, - деди тиги неме ары караган боюнча. Бекен аны бери оодарып жиберди, башка неме экен.
Баары шалдая калышты эле, старшина айтты:
- Бу кыз эмес болчу.
Баары сыртка чыгып, жүрөгү түшүп орундукта отурган дунганга барышты. Макан анын маңдайына келип, ээктен мыкчый кармады:
- Нестан кайда?!
Дунган калтырайт, Макан ээгин кое берди эле:
- Ал ким? - деди.
- Сен бул жерде алып жүргөн кыз кайда?! - Макан анын жообун күтпөй тумшуктан ары берип калды эле, ушунчалык күч менен урулган экен дунгандын башы жөлөнүп турган вагонго катуу тийип, шалак этип ошол эле жерге оонап калды. Бекен менен Мирбек Маканды кармап калбаганда дунгандын күнү дал ушул жерде бүтмөк. Бул эки досу кармабай, башка бирөөлөр ажыратканда Макан аларды кошуп жайламак, ачуусу, кыжыры ушунча эле! Аздан соң дунган ордунан оонай туруп, бүжүрөдү:
- Ал кыздын атын билбейм... Айткан эмес... Сүйлөгөн эмес...
- Кайда ал, кайда дейм?! Макан кайра жулунду.
Дунган артка кетенчиктейт:
- Досум алып кеткен... Шаарга алып кеткен.
- Кеттик! - деди Макан.
Дунганды дыргаяктата сүйрөп өз машинасына салышты, рулга старшина отурду.
Эки машина алеки саатта шаар аралап, дунган айткан үйдүн дарбазасын кагышты. Үч-төрт мүнөттөн кийин спорттук күрмө кийген, кырктардан өткөн, эттүү дунган чыгып, тургандарды суроолуу карап, досунун кейпин көрө артка кетенчиктеп, дунганча бирдеме деди эле, мунусу да дунганча жооп кайтарды. Аларды күтпөй беркилер короого киришти. Ошо кезде үй ээси дунган үйүнө чуркай кирип, кайра мылтык сундура чыкты:
- Кеткиле, атып салам баарыңды!
Андан үч-төрт метрче обочо турган Макан илбирстей секирип, дунганды мылтык-сылтыгы менен басып жыгылды. Берки дунган дарбазаны көздөй качмакчы болду эле Мирбектин муштуму аны жерге сулатты. Старшина дарбазаны ичинен беките салды. Макан үй ээсинин мылтыгын бетон төшөлгөн жерге бырын-чырынын чыгара чаап, догурунабы же коркуппу жаткан немени эки ирет өзөртө тээп үйгө кирди. Бекендер короодо эки дунганды акмалап калышты. Укмуштуудай жасалгаланган килейген бөлмөдөгү чоң диванда Нестан отурат, жылаңач. Карп-күрп кирип келген Маканды көрүп делдейе тиктеди, анан одеял тартып кымтыланган болду.
- Нестан, мен келдим... мен сага келдим... - Макандын оозунан мындан ашык сөз чыкпай айласы кетет.
Нестан аны бурулуп карай берди, жылмайгандай болот. Анан ого бетер кымтыланат.
- Ме, кийинчи... - Макан креслодо жаткан анын кийимдерин алып, тигинин төшөгүнө таштады, мен чыгып турайын, кийинип тур...
- Макан сыртка чыгып Бекенге айтты:
- Үйдө экен. Кийинип жатат. - Анан бүрүшүп, чөктүшө отурган эки дунганды көрүп: - Буларды эмне кылабыз? - деп жообун кайра өзү берди: - Эсинен кеткис кылып кетиш керек!
- Жетер, тийбей эле коелу, - деди Бекен.
- Тийбейм...





СЕН ЧЫНДЫКТЫ ИЗДЕДИҢ БЕЛЕ?
Сиз чындыкты айткыңыз келдиби? Чындык чыркырап асманда, боосу сиздин жүрөк түпкүрүңүздө тынчтык бербей жатабы? Коомдогу адилетсиздиктерден чарчадыңызбы? Көзүңүз менен көргөндү айтууга кудуретиңиз жетпей турабы? Төрт тарабыңызды алдамчылык менен уурулук, ач көздүк менен шылуундук, кара ниеттик каптап, мунун баары сиз үчүн өтө оор болуудабы?

АНДА:
Мындан ары "Фабула" гезити сизге жардам берет. Сиздин үнүңүздү алыска жеткирүүгө, жан дүйнөңүздөгү бугуп жаткан арманды, кусалыкты, көксөөнү жеңилдетүүгө кепилдик берет. Сиздин үнүңүздү коомчулукка ачык жарыялайбыз. Эгерде кимдир бирөөгө муң-зарыңыз жетпей жатса, кимгедир айтчу кебиңиз, пикириңиз, сунушуңуз болсо "Фабула" редакциясынын1032 кыска номерине SMS жибериңиз. Ал үчүн "FORUM" сөзүн жазып, аралык калтырып жибере аласыз. Баса, жарнама, куттуктоо, каалоо-тилектерге да орун бар. Анда эмесе чамдагыла.
Бир билдирүү баасы салыктардын баарын эске алганда 15 эле сом.

Эскертүү: Бирөөнү ак жерден каралаган, тиш кайраган, адамдык ар-намыска шек келтирген, одоно, улуттар аралык араздашууну жараткан SMS билдирүүлөрдү редакция чыгарбай коюуга укуктуу.