Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

  Тарых барактарынан...

И.Айдарбеков кыргыздын
тунгуч президентиби?
(Башы өткөн санда)
Токтомдун көмүскөдөгү сыры
Өз учурунда атасынын атын тарыхта түбөлүк калтырууга жасаган Рафа Айдарбекованын аракетинин ишке ашпай, иштин аягына чыкпай калышы тууралуу жыйынтыкты башкача чыгарууга мүмкүн болбой отурат. Аны айрым документтик маалыматтар тастыктап отурат. Бишкек шаардык мамлекеттик акимдик "Бишкекбашкыархитектуранын" начальниги Т.Кеңешов Р.Айдарбековага 1994-жылы 17-январындагы №ТХ 12/118 жооп катында "И.Айдарбековдун ысмын түбөлүккө калтыруу боюнча маселени комиссия 1992-жылы декабрда жана 1993-жылдын 13-октябрында карагандыгын", тарыхый эстеликтерди коргоо коомунун Мамлекеттик шаардык инспекциясы "И.Айдарбеков жашаган үйгө мемориалдык такта орнотконун", "жумушчу комиссия маселени оңунан чечип, бирок "аты коюлган көчөгө сарпталуучу каражаттарды" кызыкдар тарап төлөп берерин белгилептир.
"Эркек болуп кой союп, иттик кылып төш тарттың" дегендей эле кеп экендиги жооптон ачык көрүнүп турбайбы? Ачык эле белгилейли, эсил кайран СССР кулагандан кийин ири суммадагы каражатка ээ болгон олигархтар ошол мезгилдин коррупционерлери, же "көмүскө экономиканы" терең өздөштүргөндөр болгон. Эң кур дегенде алар өлкөбүз эгемендүүлүккө ээ болгон учурда мамлекеттик ири чиновник болуп, мамлекеттик менчикти "прихватташтырууга" үлгүрүшкөндөр экенин тана алабызбы? Ошол мезгилде жогорку окуу жайынын биринде сабак берген профессордун ири суммада каражат табышы мүмкүн эмес эле.
Ушул жерден калкыбыздын көңүлүн өйүгөн күдүк ойго азыркы бийлик ачык-айкын жооп бериши менен гана бийликтин ортосунда биримдикти чыңдоого салым кошмок. Тактап айтканда, инсандардын аты коюлган көчөлөргө сарпталган каражаттардын суммасы так көрсөтүлүп, аты өзгөртүлгөн кайсы көчөлөргө мамлекет канча каражат сарптаганы эл алдында ачыкка чыгышы керек.
Убара болгон убадалар
"Кыргызстанда эмне көп, токтом деген боктон көп" - деп учурунда элибиздин белгилүү бир инсанынын үшкүрүгү катуу чыккан эле. Бүтүндөй келечек тагдырын кыргыз мамлекетин курууга жумшаган, облустун мамлекеттик аппаратын түзүп, борбор шаарыбыздын кайсы шаар экендигин аныктаган, өлкөбүздүн экономикасынын өнүгүшүнө жол салган И.Айдарбековдун атын түбөлүккө калтыруу жана анын 125 жылдык мааракесин өткөрүү жөнүндө КРнын Жогорку Кеңешинин төрагасы А.Тагаев 2008-жылдын 27-июнунда №581 -IV токтомго кол коет. Анда "И.Айдарбековдун элесин түбөлүккө калтыруу", "сиңирген эмгегине жараша тарыхый адилеттүүлүктү калыбына келтирүү" зарылдыгын баса белгилеп, "КРнын Өкмөтүнө Бишкек шаарынын "Эркиндик" сейил багына" "бюст орнотуу" тапшырылат. Ошону менен катар "борбордук көчөлөрдүн бирине" анын атын коюу маселесин кароону сунуштайт. Такталбаган маалыматка караганда Тынчтык проспектиси И.Айдарбеков атындагы көчө болмок экен. Тилекке каршы, Жогорку Кеңеш өз токтомун ишке ашырууну талап кылганды "унутуп", убадалар куру убадага айланат.
Бул маселени Зифаргүл Айдарбекова улам козгоп кайрылып, Жогорку Кеңеш 2009-жылы 30-январда №929-IV катар санындагы экинчи ирет токтомун токуп, ага Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Чолпон Баекова кол коюп, Кыргыз Өкмөтүнө жөнөтөт. Бул токтомдо конкреттүү иш-чаралар белгиленип, уюштуруу комитетин түзүү, юбилейди өткөрүүгө каражаттарды бөлүп берүү милдеттендирилет. КРнын ошол кездеги премьер-министри И.Чудинов 2009-жылдын 30-сентябрындагы № 551-б катар санындагы буйругу менен 7 иш-чараны 400 миң сомду бюджеттик эсебинен бөлүп берүүгө буйрук чыгарат. Ошентип, муз козголот да, 2010-жылы 29-сентябрда илимий-теориялык конференция өткөрүлгөндүгү тууралуу протоколго Конференциянын төрагасы, коомдук илимдердин доктору К.Иманалиев, тең укуктагы төрагасы, тарых илиминин доктору, КРнын Илимдер академиясынын тарых институтунун директору Ж.Жунушалиев кол тамгасын коюшат.
Улуу инсандын бири И.Айдарбековдун юбилейин өткөрүү - бул иш-чаранын бир гана бөлүгү, ал эми тунгуч президенттин бюсту "Эркиндик" гүлзарына (сейил багына) качан орнотулары, борбордук көчөгө аты качан берилери Жогорку Кеңештин токтомунунда, КРнын Өкмөтүнүн буйругунда так көрсөтүлбөгөндүктөн, анык аткарылышы да күмөн деген пикир пайда болот.
Армансыз дүйнө болбойт тура! Өкмөттүк жана Бишкек калаасынын мэриясы ушул күнгө чейин каражаттын жоктугуна шылтоолоп келишкен. Борбор калаабыздын мурдагы мэри Нариман Түлеев биринчи президенттин бюстун орнотууга каражат таппаса, кыргызды кыргынга учураткан Шыпшайдар, Жолойлордун (аны жактоочулар буларды чыгарманын каарманы деп акташат эмеспи), аны жактагандардын айтканына ишенсек, чыгарманын каармандарынын таш тулгасына каражатты кайдан тапканына жооп бере алабы? Ал эми И.Айдарбеков аларга караганда кыргыз элине ак эмгегин жасаган тарыхый инсан эмес беле?
"Керегем сага айтам, келиним сен ук" демекчи, революциялык жол менен келген азыркы жаңы бийлик алгачкы ревкомдун төрагасы И.Айдарбековго мамлекеттен каражат таба албаса, алгачкылардан болуп демөөрчүлүк милдетти аткара алышабы? Алар кыргыздын чыныгы патриоттору болушса, алгачкы Өкмөт башчысы жана спикери болгон Иманалы Айдарбековдун эстелигин орнотууга анын аты коюлган көчөгө кетүүчү чыгымдарды жабууга премьер-министрибиз Алмазбек Атамбаев, спикер Акматбек Келдибеков өз чөнтөктөрүнөн каражат бөлүп, башка ири чиновниктерге жана олигархтарга үлгү болуп бере алабы? Же элибиз айткан "мамлекеттик чиновниктер берип көрбөгөн, алып көнгөн" деген кебинин чын экендигин тастыктап беришеби? Күтө туралы!
Калдайган калкыбызга кайрылабыз, Иманалы Айдарбековдун ысымын түбөлүк калтырууга коомдук фонд түзүлүп, атайын банктык эсеп ачылган. Каалоочулар төмөнкү дарекке кошумчаларын которсо болот: "ОФ имени Айдарбекова Иманалы", ЗАО "БТА Банк", Бишкек, Кыргызстан, Москва көчөсү 118, БИК 119001 АСС 119001 100 024382.
Эртабылды Аттокуров




  Көйгөй…

"Овка" жана "евка" деген "ыйыктардан"
тазаланчу мезгил келди
Кыргызстандын президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы Кыргызстандын калкына, президент Р.Отунбаевага, Жогорку Кеңешке, жергиликтүү мамлекеттик акимчиликтерге, Өз алдынча башкаруу органдарына кайрылуу жөнөттү. Кайрылууда тез арада айыл-кыштактардын абалкы, тарыхый аттарын кайтарып берүү демилгеси көтөрүлүп, аты-жытын кыргыз баласы эгерим билбеген Васильевка, Константиновка, Лебединовка, Малиновка, Алексеевка, ж.б. толуп жаткан "овка" жана "евка" деген козголгус "ыйыктардан тазаланчу мезгил мезгил келгени айтылат.
Кайрылуунун тексти:
СССР тарап, эгемендикке ээ болгонубузга жыйырма жылча болду. 80 жыл ичинде кашыктап жыйналган калк байлыгы таланып-тонолду. Эгемен болдук деп төшүбүздү койгулаганыбыз менен, Балтика боюндагы жана Кавказдагы мурунку "боордошторду" айтпай эле коелу, жаныбыздагы эле туугандарыбыз тарыхын, тилин, маданиятын тартипке келтирип, жер-суу аттарын эл аралык жол-жоболорго, улуттун уңгу салттарына ылайыкташтырып, кадыресе калыбына келтирип алышты. Казактар айыл-кыштактарын эчак эле эски аттарына которуп бүтүп, эми орус менен орток чек арадагы Петропавловск деген шаарын чочуркабай эле өз тилинде атаганы жатышкандыгын жакында жар салды. Ал эми өзбек, түркмөн туугандарыбыз географиялык картасын, администрациялык-аймактык, айыл-кыштак аталыштарын качан эле тартипке келтиришкен. Тажик коңшуларыбыз тилге тийишкендерге кылмыш ишин козгогонун угуп, көрүп жатабыз. Ал эми бизде бул жагынан дың козголо элек. Эң чоң эрдигибиз эле Фрунзени Бишкекке которгонубуз болду. Бирин-серин айылдарга, мектептерге, мечиттерге, көчөлөргө акчалуу азаматтарыбыз эл тааныбаган "баатыр" аталарынын атын койдурду.
Алыс барбай эле саясий жана маданий ордобуз Бишкек орун алган Сары-Өзөн Чүйдүн аймагынан эле 150дөн ашык айыл-кыштактын аты бурмаланып, бузулганын айтсак жетишер. Аты-жытын кыргыз баласы эгерим тааныбаган Васильевка, Константиновка, Лебединовка, Малиновка, Алексеевка, Ново-Николаевка, Ново-Павловка, Ново-Покровка, Ново-Михайловка, Петропавловка, Федоровка, Александровка, Вознесеновка, Военно-Антоновка, Петровка, Гавриловка, Ивановка, Юрьевка, Серафимовка, Сазановка, Григорьевка, Семеновка, Богатыровка, Ново-Константиновка ж.б. толуп жаткан "овка" жана "евка" деген козголгус "ыйыктардан тазаланчу мезгил небак келди деп эсептейбиз. Бул тили буруу аталыштарды Манастын жерине түбөлүк калтыргыдай алар кыргызга эмне кызматы өтүп, эмгек сиңиришкендиги белгисиз. Ат түгөнүп калгансып, бир эле райондо (мисалы, Ысык-Атада) эки Ново-Покровка (биринчиси Логвиненко айыл өкмөтүндө, экинчиси Ново-Покровка айыл өкмөтүндө), экиден Дружба (Узун-Кыр айыл өкмөтү, Кең-Булуң айыл өкмөтү) бар.
Россиянын чалгынчы-"саякатчыларынын" же, ак падыша отурган Петербургдагы саясатчыларынын кеңеши мененби, кыргыз кыштактарын орусташтырууда калька ыкмасы да кеңири колдонулган. Ошондо, Бүркүт-Уя деген жерибиз Орловка, Карагайлуу деген аймагыбыз Сосновка, Таштак-Каменка, Ичке-Суу - Маловодное, Ак-Суу - Беловодск, Кызыл-Суу - Красная Речка ж.б. болуп оңдолуп аталган. Азыр алты-жети муун өткөндөн кийин кыргыз ага эчак көнүп бүтүп, мурунку ата-бабалар айтып келген атын эстегиси да келбейт. Ал эми, учу кыйырсыз Россияда - түрк элдери мекендеген Кызыл-Жар, Сары-Тоо, Орол-Тоо, Жал-Тоо өңдүү толуп жаткан топонимдер Красноярск, Саратов, Урал, Ялта деп бурмаланып, бардык документтерге, карталарга түшүрүлүп, өздөрүнүкү кылып алышкан. Биз болсо Россиянын көзөмөлүнөн чыкканыбызды унутуп, дагы эле баягы эски журтта отурабыз.
Ашыбызды ичип, арабызда жүргөн, ушул жерде туулуп, билим алып, Кыргызстандын жараны аталган айрым журналист, жазмакер сөрөйлөр кыргыз жерин башкаларга ыроолоп, "...цыганга окшоп, көчүп-конуп жүргөн бул элди 1924-жылы Сталин күч менен эле мамлекет кылып койгон" дегенге чейин жетти. Ошондуктан тез арада айыл-кыштактарыбызга абалкы, тарыхый аттарын кайтарып бербесек бирөөлөр эртең эле "Орлов, Васильев, Константинов, Алексеев, Александров, Николаев, Михайлов, Федоров, Павлов, Серафимов деген ата-бабаларыбыз жашап өткөн биздин мекенибиз" - деп талаш чыгарары күмөн туудурбай калды. Ал эми түрдүү эл түнөк тапкан түштүктөгү Голбо, Говсувар, Согмент, Халмион, Бувакол, Гүмкана, Дүкүр ж.б. өңдүү кыргыз жыттанбаган кыштактарыбыздын аты ортодо автономия тууралуу талашка дагы жем таштабайт деп ким кепилдик берет. Мындан 20 жыл мурун, анан кечээ жайында Ош, Жалал-Абадда жазыксыз адамдардын төгүлгөн каны жер тууралуу да келип чыкканын унутпайлы.
Андыктан, ардактуу мекендештер, биздин үндөө, демилгеге кайдыгер калбай, тарыхый чындыкты тактоо үчүн салым кошууга жана эпсиз орусташтырылган жер-суу аталыштарына тарыхый аттарын кайтарып берүү боюнча даректүү сунуштарды берүүгө чакырабыз. Бул олуттуу маселени ордунан жылдырууга айыл округдары, жергиликтүү кеңештердин депутаттары, райондук жана областык мамлекеттик бийлик жигердүү аралашат деп ишенебиз. Коюлган маселе боюнча сунуш-пикирлерди Мамлекеттик тил комиссиянын дарегине жөнөтүүнү өтүнөбүз:
Кыргыз Республикасынын
Президентине караштуу
Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы
Биздин дарек: Бишкек ш., Киев көч., 96-Б,
3-кабат, 310-бөлмө; тел.: 0(312) 90-03-89, 62-11-25