Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

  Төрмаек...

Темир САРИЕВ, "Ак шумкар" партиясынын лидери:
"Мадумаров менен жашыруун
жолугушуп, экөөбүз..."
- Темир Аргенбаевич, айтсаңыз, өткөн жумаларда президент Роза Исаковна "парламент саясий оюндар менен алектене берсе, катаал чара колдонуп, таратып жиберүүгө мажбур болом" дегенине кандай карайсыз?
- Парламентти таратуу Конституцияда так, ачык жазылган. Парламентти таратуунун үч учуру бар: 1) Парламент өзүн-өзү тарата алат; 2) коалиция чектелген мөөнөттө өкмөттү түзө албаса; 3) өкмөткө ишеним көрсөтүү маселеси парламент тарабынан колдоого алынбаса. Конституцияда башка жолу каралган эмес. Президент аны башка жагдайда айтса керек.
Эгерде ушундай ахыбал улана турган болсо, анда эл парламентти таркатуу маселесин көтөрүп чыкса, мен бул демилгени колдой алам дегендей айтты. Мен ушундай түшүндүм. Күн өткөн сайын элдин өкмөткө, Парламентке нааразычылыгы күчөп келе жатат. Жазда саясий абал курчуп кетиши толук мүмкүн.
- Азыркы парламентке купулуңуз толобу?
- "Акшумкар" партиясы биринчилерден болуп шайлоонун жыйынтыгын таанып, билдирүү менен чыккан. Биздин тарыхыбызда биринчи болуп жеңишке жетпеген партия катары шайлоонун жыйынтыгын таанып, утуп келген партиялар өздөрүнүн убадасын аткарып, иштесин деп айттык. Биз шайлоо саясатында кандайдыр бир эрежелерди, маданиятты киргизели деген аракетибиз болгон. Ошол эле учурда парламент да элдин үмүтүн үзбөй, натыйжалуу иш жүргүзүп, бийликтин тазалыгын көрсөтүп, ачык, күчтүү саясат жүргүзүшү керек эле. Азырынча андай иш боло элек. Элдин нааразычылыгы ошондон улам чыгып жатат.
- Апрель окуясындагы миллиондордун тегерегинде сиз берген отчет боюнча ар түрдүү пикирлер арбын айтылып келет. Алсак, Азимбек Анаркулович эч кандай акча алган эмесмин деп билдирди. Буга эмне дейсиз?
- Мен Жогорку Кеңештин сессиясында баардык документтер, фактылар аркылуу Убактылуу Өкмөттүн чечими менен кайсыл мамлекеттик органдар, кайсыл мекемелер канча акча алганын айтып бердим. Ошонун ичинде Азимбек Анаркуловичтин жардамчысы алган 120 миң доллар да бар. Аны Бекназаров өзү берген интервьюсунда 20 миң - Нарын обласына, 100 миң доллар Жалал-Абад губернаторуна бергенин айткан. Жалал-Абад губернатору да бул акчаны алганын тастыктады. Буга чейин Сариевди каралайбыз деген ар түрдүү ушак сөздөр айтылды. Баардыгы чындыкка жатпаган жалган сөз экенин эл түшүндү.
- Сизди "Адахан Мадумаров менен бийликке оппозиция болуу максатында сүйлөшүү жүргүзүп жатыптыр" - деген сөздүн чын-төгүнүн аныктап берсеңиз?
- Азыр саясатчылардын арасында бир топ сүйлөшүүлөр, жолугушуулар жүрүп жатат. Кандайдыр бир жаңы топторду түзүүнүн тегерегинде сөз болуп, кээ бир саясатчылар аракет кылып жатышат. "Акшумкар" саясий партиясы ачык айтканда күчтүү партиялардын бири. Биздин артыбызда ишенген адамдарыбыз, мүчөлөрүбүз, активисттерибиз бар. Айылдык, райондук, облустук партиялык уюмдарыбыз иштейт. Ошон үчүн "Акшумкар" партиясы саясий талаада активдүүлүгүн жогото элек. Албетте, саясий партия болгондон кийин биз баардык шайлоолорго, анын ичинде президенттик шайлоого да катышабыз. Ушул маселенин тегерегинде бир топ саясатчылар, партиянын лидерлери менен жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Анын ичинде мен А.Мадумаров менен да жолугушуп сүйлөштүм. Экөөбүз бири-бирибизди көп жылдан бери тааныйбыз, бирок бул жолку жолугушуу жөнөкөй эле саламдашуу болгон жок. Келечектеги саясий ахыбалды, келечекти талкууладык. Мындай жолугушуулар дагы боло берет. Мен бир эле Мадумаров менен эмес, башка саясатчылар, башка партия лидерлери менен да жолугушуп жатам. Ким-ким менен биригерин, абал кандай болорун, кандай топтор түзүлүп, кандай жүрүштөр болуп кетерин мезгил аныктайт.
- Демек, президенттик шайлоого барасызбы?
- "Акшумкар" саясий партиясы сөзсүз түрдө президенттик шайлоого катышат. Ал кандай формада болорун убакыт көрсөтөт, ал партиянын чечими менен болот.
- Сиз парламенттик шайлоодо "200 миң мүчөбүз бар" деген элеңиз. Бирок парламентке өтпөй калдыңыз. Мунун себеби эмнеде деп ойлойсуз?
- Биз былтыр партиянын баштапкы уюмдарын кеңейтип, уюштуруу иштери менен алек болуп, бир топ мүчөлөрдү кабыл алдык. Бизге жазган арыз боюнча мүчөлөрүбүз 200 миңге жетти. Ооба, биз бир топ добуштарыбызды уурдатып жибердик. Мен муну жашырбайм. Убакыт өткөн сайын ал ачык, даана айтылып, такталууда. Тилекке каршы, кээ бир мүчөлөрүбүз башка партияларга добуш беришти. Бизде пендечилик деген бар да. Бир үй-бүлө 3-4 партияга да бөлүнгөн учурлар арбын. Бул бир гана "Акшумкардын" мүчөлөрүнүн эмес, элибиздин чоң кемчилиги, шайлоо маданиятынын жетишсиздиги болду. Бир топ адамдар өзү партияга мүчө болуп туруп, башка партияга добуш беришип, өздөрүнүн добуштарын саткандар да болду.
- Эл арасындагы бийликке бакиевчилер кайрадан келип алышты деген сөздөргө кошуласызбы?
- Азыркы Аткаруу бийлигинде министр болуп отурган адамдарды карасак, Бакиевдин жанында жүргөн, алар менен чогуу иштеген бир топ адамдар кайра бийликке кайрылып келишти. Эгерде ал өзүн таза алып жүрүп, таза, туура иштеген болсо мамлекеттик кызматта иштей берсе болот. Бирок көп учурларда кошоматчы болуп, өзүнүн атаандаштарына туура эмес мамиле кылып, аларды куугунтукка алып, ар түрдүү чакырыктарды жүргүзүп, каршы сүйлөп койгондорду кызматтан кетирип, адамдын аброюна шек келтире турган сөздөрдү айтып, ошол эле учурда мурдагы президентке кошоматчы болуп жүгүнүп, сөз ташып жүргөндөрдүн келип калганы аянычтуу болду. Элдин кыжыры келип жатканы да ушунда. Парламент шайлоонун негизинде келсе, кээ бир атка минерлер бийлик бөлүштүрүүнүн, интриганын негизинде келип калышты.
- Жаз чыкса президент менен өкмөт башчысын кетиребиз деген күчтөр даярдык көрүп жатышат деген кооптонуулар айтылып жатат. Сиз мындай аракеттерге каршы чыга аласызбы?
- Акыркы учурларда бизде гана эмес, башка мамлекеттерде болуп жаткан конфликттер да көрсөтүп жатат, эгерде эл чыкса ага эч ким каршы чыга албайт. Армиянын да, милициянын да күчү жетпейт. Билесиздер, убагында К.Бакиев: "Эгерде Ак үйгө келсеңер, колума курал алып коргоном"-деген. Ал эмнеге алып келгенин өзүңөр көрдүңөр. Акыры аны эл Кыргызстандан кууп жиберди. Бийликтин бир эле куралы болот. Ал элдин ишеними. Бийлик качан күчтүү болот? Качан элдин ишеними күчтүү болгондо, бийликке эл ишенип турганда. Бийлик ачык, таза иштеп, күчтүү саясат жүргүзүп, элдин турмушун оңдоп кеткенде күчтүү болот. Мындан ашкан курал жок. Эл каршы чыгып, нааразы болуп жатса, демек, эл канааттанбай жатат. Анда бийлик мындан да жакшыраак иштейин деп жыйынтык чыгарыш керек. Колуна курал алып, элди басам деген бул саясий тайкылык. Бүгүн элдин, саясатчылардын, саясий күчтөрдүн арасында нааразычылык бар. Муну эске албаган бийлик өзүнүн саясаты менен алыска бара албайт.
Маектешкен
Алмаз ТЕМИРБЕК уулу