presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Өмүрбектер парады
Өмүрбек Текебаев
Беттегенин бербеген белгилүү реформатор Өмүрбек Текебаев азыркы парламент депутаттарынын арасындагы ораторлордун оратору экендигин айтсак, "эл өкүлдөрүнүн" эч кимиси капа болбостур. Шалданып калган парламентке шайланып калган депутаттардын арасынан андан аша турган адамды табыш кыйын. Мыйзамдарды жазуу боюнча, мыйзамдарды "казуу" боюнча мыктылардын мыктысы экени кажетсиз. А бирок, Өмүкенин парламенттик башкарууга алып келген Башкы мыйзамы өзүнүн башына тийген гана муш болду. "Ата Мекен" партиясынын аз добуш алып калышы, анын далили боло алат эмеспи. Какаганга муштаган болуп, Өмүке өзү спикерликке өтпөй калса, партиясы коалициядан тыш калбадыбы. Аттиң ай, атактуу саясатчынын бешенесине Алла Таалам оппозициядан башканы жазган жок белем, айтор кетенчиктеп эле кетпей койду. Ал ортодо саясий салмагы дагы азайгандай болду. Анысын калыбына келтириш үчүн Атамбаевдин өкмөтүн сындашы керек, тынбашы керек. Оболу ошого өткөндөй болду. Акыркы күндөрү Атамбаевге акаарат айтып, активдүү аракеттерге өткөндөй. "Путинге кошомат кылганыңды токтот", "Аты жок чокуга "атыңды берем" дегениңди токтот" кыязында тишин кычыратты. "Чоку болот тоолордун бийик жери, чокудай бол кыргыздын жигиттери" деген Байдыкенин ыр саптары делебесин козгоп жибердиби, айтор дечүсүн деп алды. Мекенчил эмеспи, мейли деп коёлу. Бирок Ден Сяопинь деген проспектиси бар, Свердлов, Ленин деген райондору бар Бишкек боюнча дагы бирдемелерди айтып койсо болмок. Дегеле, чоку жөнүндө маселе көтөрүү чоң саясатчынын иши эмес го дейм. Эл жеген эмес, эл деген депутатыбыз эртең "Азаттыктын" интернет эрөөлүнө чыгып, алгачкы коногу болгону турат. Ишкер эмес, ишмер эмеспи, ийгилик каалайлы.





Өмүрбек Субаналиев
Карышкырга аңчылыкка чыккан кадимки "Каттани", акыркы кездерде гезит беттеринен түшпөй калды. Анын мындай "звезда" болуп чыгышына, өлкө башчыбыз менен өкмөт башчыбыздын криминалдык күчтөргө багытталган күрөшү себеп болсо керек. Калп айтканда не, "ОПГга күрөш" дегенде эле кабарчылар Каттанини издеп калат эмеспи. Анын "Дело №" гезитине берген маегин окуган адам, криминалдык күчтөрдүн күнү бүгүнкүдөй сайрандап (тайраңдап) жатканынан кабар алса керек. "Кызылдар" менен "каралардын" кызматташып кеткенин мындай кой, Ак үйгө чейин аралашып кеткенин айтыптыр. Окуган адамдын оозу ачылбаса да, окшотуп сөккөнгө барат. Өкүнүчтүүсү, өкмөт башчыбыз менен өлкө башчыбыз өткүр Өмүрбекти өз назарларына албаганында болуп турат. "Каралардын" катыгын бере турган Каттанинин өңүттө карап турганы, өксүк эмей эмине. Өздөрү билет дечи. Бирок "опгчылардын" Омадан гана коркору ойдон чыгарылган нерсе эмес. Атаңгөрү, ата-журтчулар менен аралашпай, "Содружество" менен шайлоого барбай турганда, балким башкача болмок беле. Айрымдар аны "кризисный генерал" деп тергеп коюшат. Тергегендери тегин жерден чыккан эмес. 2005-жылы бийлик Субаналиевди Бишкек шаарынын милиция башчылыгынан бошотот. Арадан бир ай өтпөй жатып өлкөдө өтө кооптуу кырдаал жаралат. Атактуу Акматбаев Ала-Тоо аянтына митинг уюштуруп, боз үйлөрдү орнотуп салат. "Кулов кетсин" деген чууну салат. Ошондо башы каткан Бакиев, кайрадан Каттанини ордуна коёт. Кризис учурунда келген Өмүке, ордого отурукташып калган "опгчыларды" он эки саатта ордуна коёт. Акматбаевчилердин атакасынан кутулган бийлик, апта айлантпай жатып кайра Каттанини алып салган. Экинчиси эсиңиздерде болсо керек, оппозициянын ноябрь митингдери убагында Ак үйдөгүлөр аны министр кылып дайындоого мажбур болушкан. Демек, Өмүрбек келиш үчүн, дагы бир кризисный учур керек окшойт.




Өмүрбек Бабанов
Негизи Өмүрбек аттуулардын баарысы өзгөчө адамдардан болушат экен. Текебаев Өмүрбек отуз жашында оозго алынып, оппозициячыл депутат катары таанылып калса, адашы Субаналиев ошондой эле убагында "Комиссар Каттани" аталып калган. Ал эми азыркы кеп кыла турган Өмүрбек Бабанов, отуз жашында "олигарх" деген атка арзыган. Байлыгы аркылуу бийликке "кысым" кылгандарды ушундай аташат экен. Бакиевдин убагында депутаттыкка, биринчи вицеликке жетти, эми дагы депутаттыктан биринчи вицеликке кетти. Бир айда түзгөн партиясын үч ай бою үгүттөп, үчүнчү орун менен келди. "Ак шумкарды" утуп, "Ата Мекенди" жутуп кеткен балага, кантип баа бербей калалы, "баракелде" дешибиз керек. Убада менен уттубу, убара менен уттубу, иши кылса утту. Орустар айтып коюшат экен, "победителей не судят" деп. Ал башка кеп. Бизде андай эмес, айтканыңды аткарышың керек. Ии, баса, бул жигит 2005-жылкы парламенттик шайлоого аттанганда, "Айттым-аткарам" деген ураан менен чыккан экен. Утуп да чыккан экен. Анан айныкейи кармап кеткенби, айтор жердештери жер-жерлерде калган үгүт плакаттарына "кеттим-келбейм" деген сөздөрдү улап кетишиптир. Азыркы шайлоонун астында Өмүрбек мырзанын берген узун-узун убадаларын алакандай таластыктар эмес, бүтүндөй кыргызстандыктар билишет. Бүгүн болбосо да, эртең эле кыйкырып чыгышат, "биз сөзүбүзгө туруп добушубузду бердик, сен сөзүңө туруп айткан кредитиңди бер, электр энергиясын жеңилдетип бер" дешет. Ары айтабызбы, бери айтабызбы, башка Өмүрбектерге караганда Бабанов Өмүрбектин акыбалы оор. Путинди туураганын коюп, иштеши керек, иштеши!




Өмүрбек Абдрахманов
Өмүрбек Абдрахманов адашы Текебаев менен партиялаш болсо, адашы Субаналиев менен "поддельник". Эсиңиздерде болсо керек, 2007-жылдагы апрель митингдеринен кийин экөөнө кылмыш иштери козголуп, УККнын СИЗОсунда отуруп чыгышкан. "Америкага качып кеткен эмесмин, көчүп кеткем" дегенинен тажабаган Өмүке, өзгөчө инсан. Көргөнүн көргөндөй айткан көк жалдыгы бар. Айтканы мурч, жазганы курч. Кулов жөнүндө "кыргыз саясатынын атактуу артисти", Чолпон Баекова менен Апас Жумагулов жөнүндө "дүжүрлөр" деген эмгектерин окусаңар, Өмүкенин өзгөчө адам экенине ишенесиңер. Ачыгын айтышыбыз керек, азыркы депутаттардын алдыңкысы болбосо да, алтынчысы боло алат. Бакиев убагында кордукту болушунча көрдү. Аялы дагы азап тартып, анысы дагы камалып чыккан. Өмүкенин өксүгөнү, өзү жазган "люстрация" мыйзамын өз убагында өткөрбөгөнү. Ичинен Текебаевди иттей эле тилдейт болушу керек, "бардактын баарын сен кылдың" кыязында. Адашы Субаналиевди дагы жаман көрүп калган жайы бар. Анткени аны, Куловду, Эшимкановду, апрель митингдери боюнча күнөөлөп жүрөт. Ачык эле айтып жүрөт, "Ак үй менен сүйлөшүп алышып, оппозицияны талкалаш үчүн жасашыптыр" деп. Эгер эле парламент таркап кетпесе, Абдрахмановдон Дооронбек Садырбаевдей депутат чыгышы мүмкүн.


Даярдаган
Алмамбет
САРАЛАЕВ




кыргыз тилиндеги гезит "Форум"





??.??