presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Саясий оюндардан арыла албаган парламент президентти акыркы чекке жеткиреби?
27-январь күнү Аткаруу бийлигиндеги атка минерлер Жогорку Кеңеште ант бергенде президент Роза Отунбаева да катышып, мамлекетибиздин азыркы кейиштүү абалына сереп салбай, элге берген убадаларын эстеринен чыгарып, эки экиден кармашып, мышык-чычкан ойноп атышкан эл өкүлдөрүбүзгө "Эгер парламент өздөрүнө тиешелүү милдетти аткаргандын ордуна саясий оюндарга аралаша берсе, эл таркатуу талабын коюшу мүмкүн. Анда мен президент катары чечкиндүү чекке барууга даяр экенимди эскертем" - деп эскертүү берди. Президент Роза Отунбаеванын бул пикирине жана азыркы парламентибиздин ишмердүүлүгүнө кандай баа бересиз деген суроонун тегерегинде белгилүү коомдук-саясий ишмерлердин пикирин окурмандарыбызга тартуулоону эп көрдүк.


Ишенбай Абдуразаков,
коомдук ишмер:
- Президент парламентти өзүнүн ыктыяры, өзүнүн каалоосу менен таратып жибергенге укугу жок. Бирок парламент жакшы иштебесе, зарыл мыйзамдарды өз убагында кабыл албаса, анда парламентке элдин нааразычылыгы күчөйт. Президент мындай учурда мыйзамда көрсөтүлгөн өз укугун пайдаланат. Азыр биз чындыкты айтышыбыз керек. Парламенттин иши жакшы жүрүшпөй жатканын элдин баары билип, көрүп турат. Парламентте өлкөнү башка жакка тартып, оюн баштап жаткандар бар экени ачык эле байкалууда. Парламент минтип эт менен челдин ортосунда болуп, жакшы иштей албаса, өкмөттө да саясий кризис түзүлөт. Мына ушундай учурда президентке парламентти таратууга шарт түзүлөт. Кыскасы, президентке мындай жолду парламент өзү ачып берип коюшу мүмкүн. Айтор, парламент өзүнүн, өкмөт өзүнүн ордун билиши керек.


Орозбек Молдалиев,
саясий серепчи:
- Президент парламентти таратуу демилгесин көтөрө алат. Конституцияда 86-берене бар. Президент деген ким? Мамлекеттин башчысы деп турбайбы. 60-берененин 2-бөлүмүндө "президент элдин жана мамлекеттик бийликтин биримдигин көрсөтүп турат" деп жазылган. Эл менен мамлекеттик бийликтин жүзүн чагылдырып атпайбы. Мындан артык жогору бийлик болобу мамлекетте? Президенттин артында чоң күч бар, анын артында эл турат, эл шайлаган.
Ал эми "президент таратканга укугу жок"-деп айтып жатышпайбы, бул тууралуу Конституциянын 76-беренесинде жазылган. Бирок мыйзамдарды кабыл алышпай, өкмөт менен парламент иштеше албай калса, күнөө кимисинен кетип жатат, муну президент салмактап көрүп, популисттик кадам кимисинен кетип жатканын ачыктайт. Мына ошондо гана президент өкмөт күнөөлүү болсо өкмөттү, парламент күнөөлүү болсо парламентти таратат. Муну биз президент өзүнүн арбитрдык милдетин аткарып жатат деп түшүнүшүбүз керек. Азыр парламент абдан жай иштеп жатат. Керектүү мыйзамдарды кабыл албай, кечеңдетип жиберишти. Маселен, депутаттар "чу" дегенде эле Ош окуясы боюнча комиссия түзгөндөн башташты, бирок мына азыр февраль болду бир жыйынтыгын, бир кагазын көрсөтүшө элек. Парламент керектүү мыйзамдарды кабыл алгандын ордуна, өкмөттү таратууга кызыкдар болуп жатышканы байкалууда. Өздөрү алып келген өкмөттү ушундай оор учурда колдоп, талап кылып иштеткендин ордуна, жанталышып таратууга бел байлап жатышканы кызык эле көрүнүш. Чынын айтканда, азыр парламентке караганда, өкмөттү эл көбүрөөк колдоп жатат.

Өмүрбек Текебаев,
ЖКнын экс-төрагасы:
- Юридикалык жактан алганда президент парламентти каалаган учурда тарата албайт. Башкы мыйзамда парламент үч учурда гана таратууга мүмкүн экендиги көрсөтүлгөн. Биринчиси парламент өзүн өзү таратат. Экинчиси, өкмөт белгиленген мөөнөттө өкмөттү түзө албаса, үчүнчүсү өкмөт башчысына ишеним көрсөтүлбөгөн учурда, президент өкмөттү отставкага кетириши мүмкүн, же жаңы шайлоо жарыялашы мүмкүн.
Роза Исаковна парламентте: "Убактылуу Өкмөттүн декретин улам текшерип, аны жокко чыгарам деген аракетиңерди койбосоңор, алды-артыңарды карап иш кылбасаңар, кандай кырдаалда келгениңерди, деги эле силерди ким жаратканын ойлонбосоңор - ойрон болосуңар. Мурунку заманды, "оңдоп-түзөп" алып келебиз деп ашыксаңар, элди нааразы кылсаңар, эл силерди да, бизди да жок кылат. Ошол учурда мен бүткүл куралдуу күчтөрдү, атайы кызматтарды жетектеген адам катары эл тарапта болом" - деп, баса белгилеп ачык айтпаса да ушундай мааниде жетишерлик ачык айтты.

Бегалы Наргозуев,
экс-депутат:
- Президенттин парламентти таратууга укугу бар. Бирок менин оюмча, эми гана стабилдүүлүк орноп келатканда, андай кадамдардан абайлашыбыз зарыл. Эми Роза Исаковна чоң саясатчы, чоң дипломат. Минтип айтардын алдында да кандайдыр бир терең ойлордо болуп, негиздүү себептер менен айтса керек. Негизи азыр мындай оор учурда ар бир саясатчы стабилдүүлүккө шек келтире турган билдирүүлөрдүү таратуудан алыс болсо жакшы болот эле. Ал эми азыркы парламенттин зарыл мыйзамдарды кабыл албай, иши солгун болуп, көп учурда талашып-тартышып жатканы элди нааразы кылууда. Парламенттик өлкөлөрдө деле дал ушундай көрүнүштөр бар. Европа мамлекеттеринде деле бир жылдын ичинде бир нече жолу шайлоо өтүп, бир нече жолу коалиция түзүлүп, бир нече жолу өкмөт кулаган учурлар болуп эле келатат. Негизинен парламенттин табияты ушундай. Бирок булардын талашып-тартышканы майнаптуу болбой жатканынан уламбы, айтор биздин элге анчейин жакпай турат.


Абдыганы Эркебаев,
ЖКнын экс-төрагасы:
- Мурдагы Конституцияда президент парламентти таркатуу укугуна ээ болчу. Азыркы Башкы мыйзам боюнча президенттин андай укугу жок. Ал эми парламенттин азыркы ишмердүүлүгүнө баа бере турган болсок, чынында анча эмес. Чарбачылык иштерин Аткаруу бийлигине коюп, мыйзам чыгаруу иштерин мыктылап алып кетишсе болмок.


Мукар Чолпонбаев,
ЖКнын экс-төрагасы:
- Эгер Роза Отунбаева бул пикирин Кыргызстандын жөнөкөй жараны катары айтса, анда туура деп эсептемекмин. Ал эми мамлекеттин башчысы, Конституциянын кепили катары мындай сөздөрдү айтып жатканы туура эмес, себеби азыркы Башкы мыйзам боюнча Президент Жогорку Кеңешти тарката албайт. Азыркы парламентибиздин деле кейпи анча эмес. Элге керектүү иштерди жасагандын ордуна ич ара ыркырашып атышат.


Тайырбек Сарпашев,
экс-депутат:
- Азыркы парламентибиздин курамы коомчулуктун купулуна толбой турат. Аларды элдин ишенимине ээ болуп, таза, акыйкат жол менен келди деп айтышка болбойт. Албетте, баары эмес, бирок араларындагы айрым депутаттар акчанын күчү менен келгендиги эч кимге деле жашыруун эмес. Депутаттарыбыздын деле ишмердүүлүгүнө эки айдан бери күбө болуп атабыз. Коомчулукту бөлүп-жаруу, популисттик ач айкырыктары, айтканы менен жасаган иши төп келбеген кадамдарынан башка мамлекет, эл үчүн пайдалуу, көзгө көрүнгөн иш жасаша элек деп ачык эле айтып койсок болот. Эгер парламентибиз эффективдүү иштебесе, таркатып, жаңы шайлоолорду жарыялоодон биз эч кандай трагедия жасабашыбыз керек.


Ишенбай Кадырбеков,
ЖКнын экс-төрагасы:
- Президенттин мындай пикирине кошула албайм. Себеби президент бул кадамга өтө эле эрте бараткандай элес калтырууда. Парламент кыска убакыттын ичинде эле баарын мыкты кылып жибере албайт. Иштегенге убакыт беришибиз керек. Таратуу керектиги же таратпоо керектиги ошо ишине жараша болот.


Даярдаган Айбек ШАМШЫКЕЕВ







кыргыз тилиндеги гезит "Форум"





??.??