Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Парламенттен "ун" чыкты,
деңгээлден куру "тың" чыкты
Азыр КСДПнын парламенттеги фракциясынын жетекчиси эсептелген Чыныбай Турсунбеков деген бар. КМУнун филология факультетин эл катары "эптей" бүтүргөн. Кийин ыр да жазып жүрдү, бирок ал тарапта ага эшик жабык экен кире албады. Талант жок болсо, унуңдун көп экенине карабайт да экен.
Анан бу баланын аялы тың дешет, ошол аялынын тыңдыгынан Турцияга барып, ал жерден бизнеске киришип, кийин "Акун" аттуу фирма ачып, "ун королуна" чейин жетти. Анысын "болсун" дейли.
Ошентип, бу Турсунбеков дегениң акчасынын карандай күчү менен депутат болду окшойт. Өзү идиректүү саясатчы болбосо, же чыгармачыл болбосо, анан калса куулган эки президенттин тушунда элине эмес, бийликке ыктап жүрсө… байлыгына таянат да, байлыгын болсо аялы түзүп бериптир дебедикпи…
Мына ошол депутат саясат талаасында "бум-бум" экендигине карабай фракция башкарып, эки күндүн биринде чогулуш чакырып, депутаттардын көбү тоотпой, барбай жатканын укканыбыз бар эле. Маселен, Исмаил Исаков сыяктуу депутаттар "чилишти" кайдан укмак.
Кечээ жакында кеп кетти: бу Турсунбеков дегениң фракциядагы депутаттарга: "Журналисттерге интервью берсеңер мени менен кеңешкиле, текстти көрсөткүлө" деп талап коюп жатыптыр. Э балээ баскырдыкы, биринчиден, этика деле ага жол бербейт, экинчиден "телпейген" деңгээли менен не бир тың депутаттардын эмне айтканын ревизиялоого дарамети кайдан жетет, Крылов чоң сакалдын бир тамсилин эстесеңер… Деңгээлине жараша демикпеген мындай депутаттардын пайдасынан зыяны көп болот. Бирок ошондой болбойлу деп берки депутаттарды жийирткентсе, ал чоң пайда. Мындан ары аны "пайдалуу депутат" деп "кыйтыр" жылмая айта жүрсөк жарашып кала турган.




Байболов Бекназаровго таш ыргытты…
Башкы прокурор Кубатбек Байболов "Саясат kg" гезитине берген маегинде Азимбек Бекназаров сот, прокуратура иштери боюнча координатор болуп турганда көптөгөн кылмыш иштери 7-апрелден кийин кыскартылганын маалымдады. Буга "жердин баарын сатып жиберген Ысык-Көл облусунун губернатору Кыдыкбек Исаевге козголгон кылмыш ишинин кыскартылышын" мисалга тартты. Мындай мисалдар толтура экенине да токтолду. Муну менен Кубатбек мырза кылмыш иши козголгондордун ишинин кыскартылышынын артында Бекназаровдун карааны бар дегенди ачык эле кыйытты. Башкача айтканда буга чейин "Азимбек Бекназаров 7-апрелден кийин камалган бир нече адамдын үй камагына чыгышына жана айрымдарынын кылмыш ишинин жабылышына тиешеси бар" - делинип эл арасында айтылып жүргөн сөздөрдүн чындыгын бекемдегендей болду. Мындан сырткары Башкы прокурор Курманбек Бакиевдин админстрациясын жетектеген Медет Садыркуловдун өлүмүнө байланыштуу кылмыш ишин ачмайынча, ээлеген кызмат ордунан кетпей турганын билдирди.




Митингдер парады кайрадан башталды
Кечээ Өкмөт үйүнүн алдында "Андаш" кенинин иштетилишине каршы Талас облусунун Көпүрө-Базар айылынын 300дөй тургуну нааразычылык акциясын өткөрүштү. Таластыктардын мындай жүрүшүнө "Андаш Майнинг Компани" кен иштетүүчү ишканасынын "бул кенди иштетүүдө экологияга эч кандай зыян келбейт, уулуу цианид заты колдонулбайт, бузулган жайыттардын акысы акчалай төлөнөт" деген сыяктуу жөө жомоктору түрткү болгон.
Ал ортодо Бишкектин четинде жайгашкан Ак Ордо жаңы конушунун тургундары "жолубуз, светибиз жок, социалдык маселелерибизди чечип бериңиздер"-деп нааразычылык акциясын өткөрүшсө, Баткенде мурунку губернатор Султанбай Айжигитовдун 50дөй жактоочусу облус прокурору Баймурза Жаанбаевдин кызматтан кетишин талап кылып, экс-губернаторго негизсиз кылмыш иши козголгондугун айтып отурушат.


Кытайларды кыйратты, арабдарды ыйлатты
Казакстандын ордо калаасы Астана шаарында өтүп жаткан VII Кышкы олимпиадалык оюндарда Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы буга чейин тарыхыбызда болуп көрбөгөндөй ийгилик жаратышууда. Астананын "Балбан Чолок" спорт сарайында өтүп жаткан бул мелдеште өлкөбүздүн курама командасы Тайланддын хоккейчилерин 15:4, Бириккен Араб Эмиратынын оюнчуларын 14:0 эсебинде сызга отургузушуп, кезектеги беттешти монголиялык хоккейчилер менен кечээ өткөрүшмөк. Бул беттештерге Казакстанда расмий иш сапары менен жүргөн Кыргызстандын Президенти Роза Отунбаева да катышып күбө болду.
Эскерте кетсек, өткөн жумада Кочкор районунда хоккей боюнча Кыргызстандын алгачкы чемпионаты өткөн.


"МегаКом" Бабановдун курмандыгына айланабы?...
Апрель окуяларынан кийин Убактылуу Өкмөттүн декрети менен "Альфа Телеком" компаниясынын акцияларынын 49 пайызы мамлекеттин карамагына өткөрүлүп, ага сырткы башкаруу киргизилген. Эми аталган компанияны жүз пайыз улутташтыруу маселеси көтөрүлүп, андан улам Каржы полициясы текшерүүлөрдү жүргүзүү менен алек. Мунун артында Бабановдун кулагы чыгып турганын коомчулук кеп кылышууда. Эл арасындагы айтылып жаткан сөздөргө караганда Каржы полициясы менен Мүлк министрлиги (эки тармакты "Республика" партиясынын кишилери жетектейт) Бабановдун көрсөтмөсү аркылуу иш жүргүзүп жатканы анык дешет. Себеби Өмүрбек мырза "МегаКомдун" жыштыгын швециялык кайсы бир компанияга алып берүү аркылуу, "шапкесине" 10 миллион доллар алууга кызыкдар имиш. Ошол себептен "МегаКом" компаниясын улутташтыруу аркылуу курмандыкка чалуу операциясы жүрүп жатканы туурасында айыңдар арбын айтыла баштады. Мындай кептин чындыгы барбы, жүз пайыз улутташтырууга каршы "МегаКом" компаниясы болгон жабдууларын чыгарып кетүү камылгасын көрүп жатыптыр. Эгер аталган компания мындай кадамга бара турган болсо, жакынкы күндөрү "МегаКомдун" абоненттери уюлдук байланыш кызматынан ажыраса, мамлекеттик бюджет 1 миллиард сом салыктан ажырашы толук мүмкүн.


Кадрдык өзгөрүүлөр орун алды
Өткөн жумада бир топ кадрдык өзгөрүүлөр орун алды. Алсак, Калкты социалдык жактан коргоо боюнча министри Дүйшөнали Мамасалиев өз каалоосу менен кызматынан баш тарткан арызына ылайык Кыргызстандын президентинин жарлыгы менен Кыргызстандын Конституциясынын 87-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык ээлеген кызматынан бошотулду. Президент Роза Отунбаеванын дагы бир жарлыгы менен Кыргызстандын Түркмөнстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Аширов Бөрүбек Чыйбылович ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Украинадагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Мындан сырткары Өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен Мамлекеттик салык кызматын жетектеп келген Адылбек Касымалиев кызматынан бошотулуп, анын ордуна жаңы жетекчи болуп Бактыбек Аширов дайындалды. Мындай чечим Конституциянын 89-беренесинин 6-пунктуна ылайык кабыл алынды.