presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



"Орун басардын ою жаман" дечү эле..
Каржы министрибиз Чоробек Имашевдин "кызматтан кеттим" дегени кызыктарды жаратты. "АКИпресс" агенттиги анын кызматтан арыз жазып кеткендигин жазат. Ошондой эле, анын ордуна орун басары Арзыбек Кожошевдин отурганын өкмөт башчынын парламенттеги өкүлү Данияр Нарымбаевдин сөзүнө таянып дагы жазат. Аз өтпөй, өкмөт башчысынын кеңешчиси Фарид Ниязов Имашевдин арызына өкмөт башчыбыз кол койбой койгондугун, ал өз ордунда иштеп жаткандыгын жалпыга "Акипресс" агенттиги аркылуу маалымдайт. Эртеси күнү ажобуз Роза Исаковна Чоробек Имашевди өзүнүн берген арызына ылайык кызматынан бошоткондугу тууралуу кабарды кайрадан "Акипресс" агенттиги айтып чыгат. А бирок, анын ордуна барган адам тууралуу эч маалымат айтылбайт. Айтайын дегенибиз анын кеткен, кетпегенинде эмес, анын ордуна "жеткен" дегенде. Арзыбек Кожошев ал жакка отура электе эле, аябагандай сөздөр кетти. Айрымдары аны азыркы спикер Келдибековдун көздөй көргөн кадры дешсе, кээ бирөөлөрү Жаныш Бакиевга жармаштырып салышты. Анын Ата-Журтка эмес, ушундай аталыштагы партияга гана кызмат кылары арбын айтылып жатат. Эми бул айтылып жаткан ушактар дечи. Бирок, бирөөлөрдүн билип койгону дурус.


Отунбаева мөөнөтүн узартпайт!
Алдыдагы ажолук ат салышка учурдагы президент да катышат экен деп болочок президенттик кызматты эмитеден кызганып атышкан айрым саясатчыларга Роза Отунбаева кечээ күнү президенттик шайлоого катышпастыгын ачык айтты. "Мен Кыргызстанда президент өз мөөнөтү бүткөндөн кийин шайлоодон утуп алган адамга ордун бошотот деген үлгүнү көрсөтөйүн деп жатам"- деген президент айым белчесинен канга батып жатып араң ордун бошотуп берип келишкен мурунку мамлекет башчыларынан айырмаланып, аял да болсо айткан сөзүнө туруп, президенттик мөөнөтүн эч качан узартпастыгын жарыя кылды. Бийлик дегенде энесин сатып ийгенден кайра тартпаган саясатчыларыбыз "президент болот элем" деп "өлө элек аюунун терисин бөлүшө албай", Отунбаева баш болгондорду боктоп, "кара пиарларын" катуу башташты эле, эми демдери бир аз сууп калгандыр. Ал ортодо президент айым Казакстанга расмий иш сапары менен барып, Нурсултан Назарбаев менен өлкөбүз үчүн ыңгайлуу бир топ экономикалык келишимдерге кол коюшту. Алардын маанилүүсү үч жылдан бери Кыргызстандан Казакстанга эт-сүт азыктарын экспорттоого салынган тыюуну алып салуу жөнүндөгү келишим болду.

Бишкек мэриясына көзүн кызартып…
Бакиевдин ишенимдүү кадрларынын бири болгон, 7-апрелден кийин кылмыш иши козголуп, өлкөдөн качып чыгып, кийин ата-журтчулардын жардамы аркылуу депутаттык мандатка жетип, козголгон кылмыш ишин тоготпой отурган Нариман Түлеев Бишкек мэриясында чогуу иштешкен командасын чогултуп алып, "эки-үч ай эптеп чыдасаңар Бишкек мэриясын өз колубузга алабыз. Ар кимиң өз ордуңарга барасыңар" - деп, күпүлдөп жаткан кербези экен. Эмне эле Жогорку Кеңеште бары-жогу билинбей, балык кейпин кийип, креслого чайпалып эки дүйнөң бир тыйын болуп отурат десе… Мэрликке көзүн кызартып, депутаттыктан пайда жок тура деген ойго термелип, ооз ачкандан эринип отурганынын сыры бул жакта жаткан тура. Болбосо, эки-үч айдан бери эң кур дегенде бир жолу ооз ачат эле го… Эмне демекчибиз, кыялданган жакшы, бирок пайдасы жок дечү беле...


Испаниянын Королу Таалайбек Бапановду Крест офицер ордени менен сыйлады
Испаниянын Королу Дон Хуан Карлос I Испаниянын Кыргызстандагы Ардактуу консулу Таалайбек Бапановду Крест офицер ордени менен сыйлады. Бул туурасындагы катты Испаниянын элчиси Альберто Антон Кортес 26-январда Бапановдун атына жөнөткөн. Аталган катта Таалайбек Бапановдун Испания менен Кыргызстандын кызыкчылыктарын эске алуу менен жүргүзгөн татыктуу кызматы, кошкон салымы жана өткөн жылдагы Ош коогалаңында Ош шаарындагы испаниялык жарандарды өз өлкөсүнө жөнөтүүдөгү жардамы үчүн Испаниянын Королу Дон Хуан Карлос Iдин атынан ыраазычылык билдирилип, Крест офицер ордени менен сыйланары айтылган. Сыйлыкты тапшыруу Испаниянын элчиси Альберто Антон Кортестин жакынкы аралыкта Кыргызстанга жасоочу иш сапарынын алкагында болмокчу.


Сын айтсак сынбагыла, чын айтсак чыдагыла
Өткөн аптада парламенттин басма сөз кызматы "Форум" гезити боюнча билдирүү жасап, анысын Кыргызстанда кыймылдап жаткан баардык гезиттерге тараткан. Бирок бири дагы баспай коюп, ит талаган дудуктай кылышыптыр. Бизге почта аркылуу жөнөтүптүр, окуп алып, оозубузду кургак чөп менен аарчыгандай болдук. Алардын айтымында, "Форум" гезити мамлекеттик бийлик жетекчилерин кайраштырып жаткан имиш. Акыркы сандарыбыздагы макалалар, мамлекеттик жетекчилерибизди кагыштырганы калыптыр. Кайсы лингвист-эксперт бүтүм чыгарганын, кайсы сот аныктаганын айтпаптыр. Спикердин эмес, парламенттин басма сөз кызматы билдирип жаткандан кийин, баардык депутаттар макулдук берген окшойт. Балакет басып, баарысынын ар-намысын алсыратып алган окшойбуз. Болушунча "боктошуптур" бизди. Депутаттардын дегенин, деңгээлине жарашадыр деп коёлу. Бирок билдирүүнүн артында бир эле адам тургансыйт. Комиссия түзүүнү адатка айлантып алышты, бизге дагы жетпес бекен. Сын артында чын болот, сын артында чыр болот эмеспи, биз сынтага берели, алар чын таба берсин.

Мотуев гана таза кандуу кыргызбы?..
Оозун ачты дегиче, айткан сөздөрүнө ээ боло албай калчу айтылуу Нурлан Мотуев "Оңол инфо" аттуу диний, коомдук-саясий гезит чыгарыптыр. Чү дегенде эле "Акаев казак, Бакиев дунган, Кулов калмак, Бабановдун энеси түрк, Атамбаевдин аялы татар, өзү да татарга окшоп кетет. Шору арылбаган кыргызым! Таза кандуу кыргыз башчыга чукак болдуңар го" - деп, катуу кейиптир. Муну менен кайран Мотуевдин таза кандуу менмин, мен гана президенттик шайлоого барсам болот дегенди каңкуулаганын баамдоого болот. Өлкө жетекчилеринин, коомдун оңолуусуна салым кошмокчу болгон неменин ою ушундай экен. Образдуу айтканда "эчки тууй албай жатып, койго аначы болот" дегендей эле кеп...


Таарынсаң Таласка бар, же …
Элдик курултайдын эпкини Таласка жетиптир. Жекшемби күнү Талас шаарында курултай өткөрүлүп, ага 500дөн ашуун жергиликтүү делегаттар катышкан. Ушул жылдын апрель айында Бишкек шаарында өткөрүлө турган Элдик курултайга 9 делегат шайланган. Курултай алкагында азыркы саясий кырдаал талкууланып, азыркы бийликке аябагандай ачуу сөздөр айтылыптыр. Катышкан адамдардын кабарына ишенсек, аймактык курултайга "Акыйкат" партиясынын төрагасы Аликбек Жекшенкулов, Кыргыз эл артисти Түгөлбай Казаков баштаган бир топ саясатчылар барышкан экен. Түкөңдүн барганы жаңылык эмес, анткени ал башынан эле ушул иш-чаранын демилгечилеринин бири болуп жүрөт. Жекшенкуловдун жете барганы кызык болуп жатат. Кыязы, ойлогон окшобойбу, "катышпасам как талаада кала берет экем" деп. Былтыркы жылы оппозициянын Элдик курултайына катышпай койгонуна, азыркыга чейин өкүнүп жүрсө керек да. "Чакырганда келбеген, ымдаганга зар болот" дегениң ушул болуп жүрбөсүн. Талас болк эткенде, Кыргызстан солк этчү эле, эми эмне болор экен.


Сабиржан Сабырдын орун басары болду
Коалиция түзүлгөндө Саламаттыкты сактоо министри кызматынан кол жууган экс-министр Сабиржан Абдикаримов премьер-министр Алмазбек Атамбаевдин буйругуна ылайык, Саламаттыкты сактоо министринин орун басары - КРнын башкы санитардык врачы болуп дайындалды.





кыргыз тилиндеги гезит "Форум"





??.??