Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

ПРЕЗИДЕНТ, РЫСАЛИЕВ ЖАНА ЧЕТТИН АКЧАСЫНА "ТОМОЛОНГОН" ТОКТАЙЫМ
Эки айбан менен азыркы президентибиздин айырмасы асман менен жердей экендиги күндөн-күнгө дааналанып жатат. Айттырбай билесиңер да, эки айбан ошол силер дароо аттарын атап жиберген Акаев менен Бакиев. Отунбаеваны тигил экөө менен салыштыруунун өзү жөнсүздүр, бирок бу адамзат турмушу жалаң салыштыруудан турат экен, ал жашоо-турмушта сөзсүз керек экен, бу жөнүндө жөнөкөй адамдар араңдан зорго түшүнчү "салыштырмалуу мыйзамы" деген мыйзам да бар эмеспи…

Отунбаева мамлекетибиздин бар-жогу дааналанбай, тагдыры бычактын мизинде, кылдын учунда турган убакта Убактылуу Өкмөттүн башына келди. Эч кимге тартпай, объективдүүлүктөн тайбай ой жүгүртүп көрсөң, ошондо бийлик башына Отунбаеванын келгени жараткандын бизге берген белеги сыяктуу экен. Эгерде анын ордуна берки эркектердин бири келгенде, жанында турган экинчиси "а менин мындан эмнем кем" деп, анан үчүнчүсү, төртүнчүсү… он төртүнчүсү…чыгып теңата оюнун ойноп чакчелекейи чыкмак. Оңдой берди болуп Роза Отунбаевадай инсан болуп калганына, аябагандай коркунучтуу кырдаалда бийлик башына туруп бергенине тобо келтирели.
Роза Отунбаеванын башка оппозиция лидерлеринен кандай артыкчылыгы бар эле? Биринчиден, ал аял киши, а кыргызда болсо, кийинки мезгилде жаман адаттарыбыз пайда болуп жатканы менен, аялдарды сыйлоо салтынын "сыры кетсе да, сыны кете элек", демек берки эркектаналар Отунбаева менен бетме-бет кармашка чыкмак эмес, чыкпады, экинчиден, Отунбаева Бакиев бийлиги оппозиция тарапты кадимкидей эле жок кылуу жолун тандап турганда, коркпой анын башына келди, кээ бир оппозиционерлер, айталы, Бакыт Бешимов, Кубатбек Байболов, Өмүрбек Абдрахманов, Равшан Жээнбеков сыяктуулар Америкага кире качканда, жанын оозуна тиштеп элим деп туруп бергендердин алдыңкы сабында төшүн окко тосуп, апыртма эмес го бир, ушул эле Отунбаева туруп берди, үчүнчүдөн, Отунбаева саясат жаатында аябагандай такшалып бүткөн эле, төртүнчүдөн, аны бир катар чет элдик лидерлер сыйлашат, негизгиси- Отунбаева бийликте кызмат өтөп жүргөндө анын жаман иштерге аралашканы, коррупция менен чырмалышканы жок болчу, болсо, чуулдап жатып калбайт белек…
Бүгүнкү күндө аны көрө албаган Бакиевдин жан-жөкөрлөрү-бул жерде калган куйруктары кай тараптан каралоону билбей, айлалары алты эмес, алтымыш ирет түгөнүп турган кези. Президенттин кенедей эле жаза басканы болсо, чуулдатып жибергенге "арзыматтар" да даяр, кези менен "үрө калып" да жатышат. Далайдан бери эс албай күнү-түнү коогалаң абалда иштеп, анан бир жумадай эс алып келгенине да асылышты. Эпадам иниси Болотко бир иш берип койсо, дүйнөлүк масштабга чейин чуу чыгарышмак экен. А Болот деген эжеси президент болгону үчүн өзү мыкты билген, дасыгып бүткөн дипломаттык кесибин аркалай албай олтурат. Бакиевдин кайсы бир тууганы Болоттун абалында болду эле. Антпей калышсын!
Ооба, Бакиев куулгандан кийин мамлекеттүүлүгүбүз хаос абалына жетип бери кайра тартты. Сөзсүз да, ошондой кыйын кырдаалда ар кандай өкүнүчтүү окуялар болот. Анын бири түштүктөгү июнь окуясындагы кыргыз-өзбек кагылышын алалы. Ал кагылыш ошондо болбосо, кийин болмок, дааналасак, сөзсүз болмок. Кай бийлик болбосун болмок. Ыңгайлуу учурду гана күтүп жаткан окуя болчу бул. Өзбек сепаратисттери илгертен самаган тилеги ошол - адегенде автономияга ээ болуп, анан жерди бөлүп, Өзбекстандын жардамы менен Карабах сыяктуу өзү билгендей статуска ээ болуу керек эле. Кудай сактап. алардын тилеги ташка тийди. Бирок бул окуя, сепаратизм идеясы биротоло жабылды деген бүтүм болбошу керек. Бүгүн болбосо, эртең сөзсүз козголчу маселе. Аны болтурбай коюунун, албетте, жолу бар, ал - бийликтин, кыргыз бийлигинин өлжүрөбөй улутту, кыргыз улутунун титулдук улут экендигин башка улуттарга эскертип туруусу, ошого жараша саясат жүргүзүү болсун. Бул, башка улуттарды басынтуу дегенди билдирбейт, кыргыз улутун аларга тебелетпеш керек деген гана саясат. Болбосо, өз үйүбүздө ээн-эркин баса албай калгандай көрүнүштөр жок эмес… Эми бул башка маселе. Буларды айтканыбыз- өзбек-кыргыз кагылышында Отунбаеванын кенедей да күнөөсү жок, болууга тийиш эмес!
Ошентип, Отунбаевага "кара пиар" уюштуруу аракети тымызын, кээде ачыктан-ачык да аракеттер көрүлүп атат. "Манасты" күйүүчү май менен камсыз кылган "Mina group" фирмасы президентти каралоого акча чачып жатат деген да такталбаган маалымат бар. Аталган фирма бакиевчилер менен уюшуп акчага тунуп турган эмеспи, эми анын булганыч жолу буулуп жатат.
Мадумаров өңдөнүп азыркы бийликтин бир жерине илинбей калып, "Отунбаева өзүн-өзү шайлап алган. Мен аны президент катары тааныбайм" дегендер да болуп жатат. Мадумаровдун тааныган-тааныбаганы менен дүйнөлүк мамлекеттер да, БУУ да эсептешпейт экен, баардык мамлекеттер Отунбаеваны Кыргызстандын президенти катары таанып турат.
Парламент трибунасынан "Отунбаева бизге келип отчет берсин" деп аны тоотпогондой сүйлөгөндөр да болду, Отунбаева андан кичирейип калган жок, кезеги келгенде барды. Барды да Өкмөт мүчөлөрүнүн ант берүүсүн кабыл алды. Анан сөзүн айтты. Айтканда да парламентте көпкүлөңкү олтурган Бакиев куйруктарынын жүрөгүн түшүрө айтты, эпадам эл өкүлдөрү криминалга жардам берсе, соттордун ишине тоскоолдук кылса, мыйзам чыгаруу менен алектенүүнүн ордуна ашкере саясатка киришип кетсе, өз кызыкчылыктары үчүн кам көрө берсе, ж.б. өз билгендерин кыла берсе парламентти таратып жиберүүдөн кайра тартпай турганын айтты. Кылактап, кылыктангандар кынына кирди окшоду. Дароо эле "президент кай учурда парламентти тарката алат" дешип ызылдап эле жатып калышты.
Президент ишин баштап-баштай электе эле айткан, "бу парламентте криминалдын өкүлдөрү да бар" деп.
Баарыбызга эле белгилүү эмеспи, Бакиев бийликке келгени бийлик менен кримдүйнө "эгиз козу" абалына келди. Баарын санап олтурбайлы, эки жаналгыч- Максим менен Жаныш кримдүйнөсүнүн анабашылары менен кадимкидей эле алака түзүп, алардын үстүнөн карагандай абалда турушту. Жаныштын баңгизаттарды тескеп турганын айтсак эле баары түшүнүктүү эмеспи.
Отунбаеванын колуна криминал менен чырмалышып калган бийлик тийип турганынын айынан, президент болуп шайланары менен эле аталган маселеге көңүл буруп, баардык укук коргоо органдарынан криминал менен аёосуз күрөш жүргүзүүгө чакырып келет, талап кылып келет. Аттиң дейли, Отунбаеванын президенттик мөөнөтү бүтөрүнө бир жылга жетпеген убакыт калды. А эмне үчүн кийинки шайлоого барууга укугу жок, шартка жараша "эмдиги президенттик шайлоого барбайм" дегени ант берүү эмес го, мыйзамды бузуу эмес го. Отунбаеванын эми бир мөөнөт президент болуп иштеп бериши абалга да куп келмек, көпчүлүк элдин суроо-талабына да төп келмек, дүйнөлүк аренада Кыргызстан кадыр-баркын өстүрүп алмак… Розабыз элине жыпар жытын чачып, дили караларга тикенегин көрсөтүп дагы да беш жыл туруп берсе эмне!
Эстеп көргүлөчү, Акаев менен Бакиев качан эле криминалга каршы катуу күрөш жүргүзүүнү талап кылышкан эле? Сөз арасында айтса айткандыр, бирок атайын маселе кылып, артынан түшүп криминал жөнүндө кеп кылышкан эмес.
Уюшкан кылмыштуу топ менен күрөшүү ИИМдин бирден-бир милдети. Анын ана башы генерал Рысалиев да тың жигиттерден болуп чыкты, ишинин накта профессионалы экендиги дааналанып жатат. Мурун бир дагы министр айтпачу "кримтоптордун сазайын окутам" деп айтып турат, берери да чын окшоп атат. Эми ошол тың генералыбызга да туш тараптан жактырбаган, алып түшөбүз деген чабуулдар болуп жатат. "Үрө бергиле, үргүчтөр" деп Рысалиев өз милдетин аткара берерине журту ишенет!
Бүгүнкү күндө бүт дүйнө жүзү терроризмге чулганып баратат. Анын кесепетин кубаттуу держава болуп саналган Россия да тартып жатат жана аны токтотууга азыр чарк-чамасы жетпей да турат.
Мурун "баланча деген мамлекетте террористтик акт болду" деп угуп келдик эле, эми терроризм бизде да катталып жатат. Аны алдын алуу чаралары коопсуздук кызматы тарабынан жүргүзүлүп жатканы менен, ал иш жетишсиз экендиги байкалып жатат. Биздеги автовокзалдар, базарлар, спорт сарайы менен филармония, театрлар эч кандай кайтарууга алынган жери жок, кайтаруу болбосо да көзөмөлгө алынганы билинбейт, каалаган адам жардыргычын сумкесине салып барып таштап коюп баса берсе эч ким деле байкагыдай эмес. Кудай анын бетин нары кылсын дегенден башка нени айттык?! Бул жагын тиешелүү органдар ойлонушу керек.
Террористтер кармалып, кылган кылмыштарын моюндарына алып жатса да жанагы чет элдин акчасына "тоголонгон" Токтайым Үмөталиева деген неме ошол террористтерди коргоп, "алар исламга чексиз ишенген момундар" деп популисттигин арбытып жатат. "Сен эмне кылмыш иликтөө ишине кийлигишесиң, кандай акың бар" деп аны какыс-кукус кылып, жаагын жаптырып коюуга неге болбойт, түшүнбөй турбуз. Бул айым жалаң гана бийликти каралоо менен алек, чет элдин акчасы дайым эле аш боло бербейт, урматтуу Токтайым айым… сымал.
Азыркы бийликке, биринчи иретте Отунбаева менен Атамбаевге оңой эмес абал болуп турат. Аларга каршы биринчи иретте Бакиевдер, алардын азыркы бийликке аралашып калгандары жана кызмат тийбей калган желдеттери, диний экстремизм, терроризм, өзбек сепаратизми, эки президент эсебин таап кеткен экономика, дегеле жоголгустай болгон коррупция, уюшкан кылмыштуулук ж.б. Мына ушулардын баарына Отунбаева башында турган бийлик бутактары күрөш жүргүзүүсү керек.
Азыркы Өкмөттү бир бүтүн кылып кароого да болбой турат. Анткени анын курамында бакиевчилер да бар, парламент тарапты алсак, ал жакта бакиевчилер бир топ. Демек, аларга сак мамиле жасашыбыз керек. Алар Бакиевин "сагынганын" эч качан токтотушпайт. Үчүнчү революцияны жасайбыз дегендердин көпчүлүгү да "чала өлүк" болуп соймоңдоп жаткан ушул эле бакиевчилер. Аларга каршы эл массасы турат деп ишенебиз жана бул бийликти жалпылап коргоп алабыз деп ниетибизди буруп туралы, даяр туралы.
Баратбай АРАКЕЕВ