Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Аваз Акимов,
ырчы:
"Ырчы болбосом,
бизнесмен болмокмун"
Көбүрөөк калп айтып, башың жерге тийгенче ийиле кошоматчылык кылсаң, байлыкка да бийликке да бат жетесиң...

- Кандайсың Аваз, чыгармачылыгыңда кандай жаңылыктарың бар?
- Чыгармачыл адам болгондон кийин чыгармачылык менен тынымсыз алектенүүгө туура келет экен. Учурда жаңы ырларды жаздыруунун үстүндө иштеп жатабыз. Буйруса, жаз келип айлана жашылдана баштаганда, жаңы жаздырган ырларга клип тартуу пландарым бар. Жаз келгенче бош отурбай, элдин жүрөгүнөн орун таба турган сүйүү туурасында жагымдуу ыр даярдап жатам. Мындан сырткары белгилүү бир радио менен биргеликте түркиянын "ТМB" спутник каналына клиптеримди кетирүүгө келишим түздүк. Бул менин эң кубанычтуу жаңылыгым болду десем болот.
- Саясатка кызыгасыңбы? Кайсы саясатчыларды баалайсың?
- Азыркы тапта эс тартып калган баладан баштап улуу аксакалдарыбызга чейин саясатчы болуп кетпедиби. Албетте, бул биздин учурдагы социалдык абалыбызга байланыштуу. "Саясатты биз тандабайбыз саясат бизди тандайт"- дегендей, өлкөбүздө болуп жаткан саясий жаңылыктардан куру калбай, кабардар болуп турам. Анткени жүрөгү Мекен деп соккон ар бир жаран өз мамлекетинде болуп жаткан окуяга кайдыгер карабашы керек. Өз кызыкчылыгын ойлогон адам гана саясатка кызыкпайт жана көңүл бурбайт деп ойлойм. Кыргызстандын келечеги кандай болот деген суроо мени көп түйшөлтөт. Ошол себептен саясат туурасында жакшы эле маалымат алып турам. Бирок саясатчылардын бирөөсүн мактап, экинчисин жамандагым келбейт. Кимиси эл үчүн калыс жана ак иштесе ошону колдойм.
- Эмне жөнүндө көп ойлоносуң?
- "Келечекти алдын ала билип болбойт"- дешет. Бул чындык. Эртеңки күнүбүздү билбеген үчүн биз алсызбыз. Бирок адам алдына бийик максат коюп, ага жетүүгө чын дилинен ниет кылса, ал тилектер ишке ашат деген сөзгө толугу менен кошулам. Көбүнчө жаркыраган келечек, жакшы нерселер туурасында ойлоном.
- Таарынчаксыңбы? Акыркы жолу кимге таарындың эле. Эмне себептен?
- Майда-барат нерселерге таарына бербейм. Эгер намыска тийчү сөздөр айтылса, ошол адамга көпкө чейин капаланам. Анткени ар бир адам өзүнүн ар-намысын, аброюн сактоого акылуу деп эсептейм. Деги эле бирөөнү мазактаган, өзүн кыйын сезген адамдарды жактыра бербейм. Мага жөнөкөй адамдар жагат. Көп учурда таарыныша кеткен адам менен кайра тил табышып, сүйлөшкүм келе берет. Бирөөгө таарынып жүрө албайм. Бушайман боло берем. Негизи эле таарынгандан эч майнап чыкпасына көзүм жетти.
- Кекчилсиңби же кечиримдүүсүңбү?
- Кечиримдүүлүк кудайга жагат дешет. Кечиримдүүмүн.
- Кандай адамдардын катарын толуктайсың? Ыйлаакпы же эрктүүбү?
- Эркектин эрктүү болгону эле жакшы. Бирок ыйлап да алган пайдалуу. Ыйлай турган учурда ыйлап да коем. Чындыгында бир аз бошураакмын.
- Ырчылыкка кандай максат менен келдиң эле?
- Кичинекей Аваз Акимов бир кездерде "элимдин сүйгөн ырчысы болсом"- деп аябай кыялданган. Ошол кыялдарымды ишке ашырууга жана жан дүйнөмдөн оргуштап чыккан талантты элимдин сынагына коюу үчүн ыр дүйнөсүнө келгем десем болот.
- Эгер ырчы болбогондо ким болмоксуң?
- Эгер ырчы болбосом, бизнесмен болмокмун. Бизнес жасаганга аябай кызыгам. Жеке ишкерлик кылуу азыр деле ал оюмда бар.
- Кайсы ойчулдун цитаталарын көп колдоносуң?
- Кыргыздар сөзгө чечен, сөз багып келген улуу калк эмеспи. Мен өз жеримдин патриотумун. Ошол себептен кыргыз элинин акылмандарынын мыкты сөздөрүн көп колдонууга аракет кылам.
- Азыркы заманда байлык менен бийликке кантип бат жетсе болот деп ойлойсуң?
- Көбүрөөк калп айтып, башың жерге тийгенче ийиле кошоматчылык кылсаң, байлыкка да бийликке да бат жетесиң. Эгер жетекчиңдин айтканын угуп, айдаган жагына "кыңк" дебей жөнөсөң, креслодон көпкө чейин түшпөйсүң. Бирок качандыр бир күнү жетекчиңдин күнү бүтүп, ээрден шыпырылганда, сен дагы кошо шыпырыласың. Ошону менен сенин карьераңа чекит коюлат. Анткени сенин анык жүзүңдү карапайым эл билип, сага болгон ишеним жоголот. Менимче, эр жигит үчүн мындан өткөн кордук жок болсо керек
- Бакыт деп эмнени түшүнөсүң?
- Бул дүйнөнүн жарыгын көргөнүңдүн, алты саныңдын, жакындарыңдын амандыгы, мамлекетиңдеги тынччылык, элиңдеги токчулуктун өзү эле чоң бакыт.
Жаркынай Кадыркулова