presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Баратбай АРАКЕЕВ
Кандуу жылдар
- Базарга экинчи барбагыла.
- Барсакчы.
- Барсаңарбы?.. Барсаңар экинчи ал жактан кайтпай каласыңар деп айттырды Ром.
Ром жөнүндө булар жакшы эле угушкан. Бирок андан коркуп эмне деген ойлору бар эле.
- Ром бизге ата бекен?! - деди Боевик. -Кай жерге барышты же барбашты өзүбүз чечебиз. Мына мен чечем, - ал төшүн кагып койду. - Айтып бар Ромуңа. А сен ушинтип дагы бир келсең, түз эле моргго алып кетишет, жанагы өзүң санагандарга кошулуп силерди кимдер жайлаган деп сурап алганга жакшы болот. Түшүнүктүү айттымбы?!
- Өмүрүңдү бүтүрө айттың, - деди Профессор. -Өз убалың өзүңө!
Боевик ордунан обдулмакчы болгондо кабинанын көшөгөсү шарт ачылып кара көз айнек тагынган, кара шапке, узун чачтуу экөө кирип келип, бел курчоодогу тумшугу узун тапанчалары менен төртөөнү эки сыйрадан басып-басып алып, шашпай чыгып кетишти. Глушителдүү тапанчанын үнү зал жаңырткан бака-шакалуу ырдан угулган да жок. Бир ыргагы менен кошо кетти. Ошондон эки-үч мүнөт өткөндө канга боелгон Чечен полду кызылала кылып сойлоп чыгып, бийлеп жаткандардын жүрөгүн түшүрдү. Дагы он беш мүнөттөн кийин "Тез жардам" менен милийсанын сиреналары эгиз чыгып, бу жерге жетип келишти...
Жанагы атып кеткен экөө кафеден чыгып, түптүз эле нараакта токтоп турган иномаркага барып, экөө эки жактан чыкты, рулда жана жанында отургандар шылк-шылк эте түштү. Булар дал башка бирден эле ок жешти. Профессорду акмалап отурган жигиттери болчу. Узун чач экөө жай басып элге аралашты.
Эртеси милициянын берген кабарлары боюнча эки банда беттешип, үчөө өлүп, үчөө оор жаракат алып ооруканада жатат. Кайсы банда, өлгөндөр менен жарадар болгондор кимдер экени айтылбайт.
Аныгы мындай эле: эч кандай эки банда беттешкен жок, аткандар Макан менен Мирбек, өлгөндөрү Боевиктин жигити - анын эжесинин уулу жана Профессордун эки жигити, жарадарлар Профессор, Чечен жана Боевик болчу - үчөөнүн абалы оор, ок башка, көкүрөккө тийген.
Ром окуяны эртеси укту, укканда да ички иштер министрлигиндеги ишенимдүү адамынан укту. Шашылыш түрдө ишенген беш мыкты жигитин чогултуп кайра эч нерсе айтпастан таратып жиберди. Азырынча дымый туруш керек. Профессор айыгып кетсе баарын айтып берет, чараны ошондо көрбөйбү. Айтып берсе дейт да, эгерде аны катуу суракка алып "мени Ром жиберди эле" деген сөз оозунан чыгып кетсечи. Анда балээ башталганы ошол. Араң эле турган министр "фас" десе оңбой калышы бар... Ром ушуну ойлоп кайра эзилди. Анан бир чечимге келип, кнопка басып, секретарын чакырып,Тайбас деген бир жигитин тез келүүсүн буюрду.
Жарым саат өтпөй Тайбасы анын маңдайында турду.
- Профессордун абалын билдиңби? - деди Ром солдаттай зыңкыя каткан жигитине.
- Абалы оор экен... Буюрса, айыгып кетет го... Азыр эсине келе элек.
Ром жигитти теше тиктеп заардуу, бирок үнүн акырын чыгарып минтти:
- Эсине келбесин! Түшүндүңбү?!
Ромдун жигиттери ал айткан сөздү дароо түшүнөт, кайрылып суроо бербейт. Бу да түшүндү.
Ошол эле түнү Профессордун денесинде калган окту алып чыгуу үчүн операцияга даярдап жаткан врачтын өзү сестрасын бир ишке чегип коюп жарадардын жанында беш мүнөткө турду да, сырткы бөлмөдө операция жасоочу жабдыктарды дайындап жаткан сестрага айтты:
- Болбой калыптыр. Моргго даярдагыла.
Врач жасалма дем алдырчу түтүктү сууруп, Профессордун оозу-мурдун азга кысып, тынчытып, кайра түтүгүн ордуна сайган. Дагы бир тың бандиттин күнү бүттү ошентип...
***
Боевик менен Чечендин абалы оор болчу... Алардын өмүрү үчүн врачтар жакшы аракет кылышты. Бөтөнчө Мясник, Братишка экөө келип, бул оорукананын башкы врачына тутам доллар карматып, аздап коркуткандай сөз айтып кеткенден кийин жанынан врачтар үзүлгөн жок. Эки күн өткөндөн кийин көздөгөн немелер биротоло түбүнө жетпесин дегенди кеч ойлонгон Мясник менен Братишка жарадарлардын жанында кезектешип күнү-түнү болууга укук алышты. Мунун баарын Боевиктин бандасындагы тууганы сырттан көзөмөлдөдү. Өзү ооруканага келген жок..
Бир күнү ооруканага эки чечен келди. Мясникти табышты. Алар бир топ күчтүү жалаң чечендерден турган топтун лидерлери эле. Боевиктин тобу жөнүндө көп угушчу. Бирок аларга тийиштик кылчу эмес, кан тартып, тийишмек турсун, керек болсо жардам беришке даяр эле. Келген экөө Мясниктен сураштырып, буларга ким кол салганын сурашты эле, ал билбестигин айтты. Профессор жөнүндө уккан да эмес. Үч-төрт күндөн кийин Боевик менен Чечен эстерине келе баштаганда милийсадан келип сурагын баштады. Алар оңчулуктуу жооп ала албай бүгүн болду дегендей кылып кетери менен баягы эки чечен Боевикке келишти. Ал Ромдун атынан бирөө келгенин, аны ошол эле жерден атып салайын дегенче болбой эки неме келип эстерине келтирбей атып кеткенин айтып берди.
- Аа, Ром дечи, - деди келген чечендердин бири, - жалгыз падыша болоюн деген экен да, энеңди! Аны өлүк деп кой.
Эки чечен Боевикке коштошуп кеткенде түн кирип калган. Палатадагы экинчи керебетте Мясник жатат. Жанатан бери өзү менен карта ойноп отуруп, эми эле жантайган. Аңгыча палатанын эшиги шарт ачылып, спорттук күрмө кийип бирден сумка асынган экөө кирип келип Боевик менен Мясникти коркконго үлгүртпөй атып салышты. Экөөнүн чекесинен кан жая берди...




КСДП жаштары конкурс жарыялайт!

Курманжан датка жылынын урматына КСДП жаштар канаты студенттердин арасында "Кыргызстандын келечегин кандай элестетесиң" деген темада эң мыкты эссеге конкурс жарыялайт.
Эссени жазуунун талаптары:
Эссенин айкындуулугу жана жаңычылдыгы;
Кыргызстандын келечегин так, даана чагылдыруу;
Басылманын көлөмү: эссенин көлөмү 2 беттен ашпашы керек (формат: А4, шрифттин көлөмү 12, шрифт Times New Roman)
Эссе кыргыз, орус жана англис тилдеринде кабыл алынат;
Автордун Ф.А.А.; байланыш телефону; электрондук почтасынын дареги.
Конкурстун жыйынтыгын чыгаруу: эссе конкурстук комиссия тарабынан каралат.
Конкурстук комиссиянын курамы:
Ирина Юрьевна Карамушкина - КР ЖК депутаты, КРнын Билим берүү министринин экс-орун басары.
Болот Исакович Отунбаев - Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу элчиси.
Ренат Маратович Самудинов - КСДП жаштар канатынын лидери.
Эрнис Балбаков - "Фабула" гезитинин башкы редактору.
Талант Азимович Шамов - КСДП жаштар канатынын басма-сөз катчысы.
Сыйлык тапшыруу: жеңүүчүлөр грамота жана акчалай сыйлык менен сыйланат. Эң мыкты эсселер маалымат сайттарында жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарык көрөт.
Биринчи орун - 3000 (үч миң) сом.
Экинчи орун - 2000 (эки миң) сом.
Үчүнчү орун - 1000 (миң) сом.
Эсселерди кабыл алуу: 2011-жылдын 15-февралына чейин.
Конкурстун жыйынтыгы: 2011-жылдын 25-февралында жарыяланат.
Биздин дарек: электрондук дарек rensm.kg@gmail.com
"Конкурс-эссе" деп жибериңиз же Бишкек шаарынын Шабдан Баатыр көчөсү 4б (мурдагы Алматы көчөсү) КСДП кеңсесине алып келиңиз.
Сурап билүү телефондору: 0312 53 33 23, 53 00 01.
Электрондук дарек: urmat7@gmail.com





СЕН ЧЫНДЫКТЫ
ИЗДЕДИҢ БЕЛЕ?
Сиз чындыкты айткыңыз келдиби? Чындык чыркырап асманда, боосу сиздин жүрөк түпкүрүңүздө тынчтык бербей жатабы? Коомдогу адилетсиздиктерден чарчадыңызбы? Көзүңүз менен көргөндү айтууга кудуретиңиз жетпей турабы? Төрт тарабыңызды алдамчылык менен уурулук, ач көздүк менен шылуундук, кара ниеттик каптап, мунун баары сиз үчүн өтө оор болуудабы?

АНДА:
Мындан ары "Фабула" гезити сизге жардам берет. Сиздин үнүңүздү алыска жеткирүүгө, жан дүйнөңүздөгү бугуп жаткан арманды, кусалыкты, көксөөнү жеңилдетүүгө кепилдик берет. Сиздин үнүңүздү коомчулукка ачык жарыялайбыз. Эгерде кимдир бирөөгө муң-зарыңыз жетпей жатса, кимгедир айтчу кебиңиз, пикириңиз, сунушуңуз болсо "Фабула" редакциясынын1032 кыска номерине SMS жибериңиз. Ал үчүн "FORUM" сөзүн жазып, аралык калтырып жибере аласыз. Баса, жарнама, куттуктоо, каалоо-тилектерге да орун бар. Анда эмесе чамдагыла.
Бир билдирүү баасы салыктардын баарын эске алганда 15 эле сом.
Эскертүү: Бирөөнү ак жерден каралаган, тиш кайраган, адамдык ар-намыска шек келтирген, одоно, улуттар аралык араздашууну жараткан SMS билдирүүлөрдү редакция чыгарбай коюуга укуктуу.




Жарыя! Жарыя! Жарыя!
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Дархан Саалиев атындагы орто мектебин 2003-жылы аяктаган Акунов Данияр Орозбековичке берилген аттестат жоголуп кеткендигине байланыштуу жараксыз деп табылсын.


И. Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин ЭТС- 1-95 группасында окуп бүтүргөн Жумагулов Бактыбек Смагуловичтин 2001-жылы алган диплому жоголгонуна байланыштуу жараксыз деп табылсын.






кыргыз тилиндеги гезит "Форум"





??.??