presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кызуусунда чабылбай калган темир,
же ырыс алды - ынтымак
Кыргыздар деги кызык жаралган жан экенбиз. Көрүп-билип, башынан бир топ татаал турмуштун ачуу-таттуусун өткөрүп, кимдин ким экенин аңдап-билип турсак деле аргасызданбы, атайылаппы теңирден тескери иш кылат экенбиз. Кечээ эле кырчындай жигиттерибиздин кызылдай каны менен оодарып түшкөн бакиевчилер менен бүгүн кайрадан бир кайыкка отурууга аргасыз болгонубузду айтам. Кайык качан оодарылат, же сууга ыргытып жибереби, ал белгисиз…

Анткени жашоо ошондой. Адамдар өздөрү буга шарт түзүп, баардык кымгуут-чакчалекей жаман-жакшы нерселерге өздөрү жол ачат. Азыр өлкөдө болуп жаткан аягы көрүнбөгөн митингдер, ар кандай деңгээлдеги талап коюулар, кызмат ордун талашмай, кээ бир региондордун жетекчилери борбордук бийликке моюн толгоп баш ийбей, жыландын башын кылтыйтышы, азыркыча айтканда, демократиянын туу чокусу деп билебиз. Ушундай кененчиликке ким алып келди? Албетте, 7-апрелден кийинки келген бийлик, буга миң мертебе ыракмат айтуу да аздык кылат. Себеби өткөн бийликтин тушунда жогорудагыдай көрүнүштөр таптакыр болгон эмес, болгону күрөшчүл элдин таламын талашкан революциячыл оппозиция гана мезгили менен нааразычылык акциясына жана митингдерге чыгып турган. Ошол эле бийлик алмашкандан бир жума өтпөй жатып, айрым укук коргоо кызматкерлери "айлык маянабызды жогорулаткыла" деп иш таштап, митингге чыгышты. Азыркы убактагы жер-жерлердеги мугалимдер иш таштап айлык акыларыбызды көтөргүлө деп атышат. Мунусу эң туура, бирок буга чейин мындай акцияларга, митингдерге эмнеге чыгышпады? Бакиевдин балдары, туугандары эл байлыгын оңду-солду чачып жатышканда азыркыдай ынтымакташып, массалык түрдө иш ташташса, балким айлык акылары учурдагыдан бир топ жогору болмоктур…
Бакиевдик бийлик алмашкандан бери бир топ аянычтуу, кайгылуу окуялар болуп кетти. Эски бийликтин эпчил куйруктары, бийликти кайра басып алганга аракет кылышты, Түштүктө кутурган сепаратист өзбек байларынын айынан кандуу окуялар болду. Бирок бул иштер боюнча күнөөлүүлөр жазасын толук алыша элек. Бийликти кайра басып алмакчы болгон Үсөн Сыдыков менен Масалиевдердин телефондук сүйлөшүүлөрүнө бүтүндөй коомчулук күбө болуп турса да, алар күнөөсүн моюндарына албай келет. Бул эмнени каңкуулайт? Бир гана ачуу чындыкты моюнга алыш керек болуп калды, бул Убактылуу бийликтин алсыздыгын, чабалдыгын билдирет . Кыргызда: "ийлеп, ийлеп итке салды" - деген сөз бар эмеспи. Жаңыдан түзүлгөн коалициялык Өкмөттөн элибиздин көптөн күткөн тилеги, өлкөдөгү болуп жаткан башаламандыкты дароо токтотуп, элибиздин кызыкчылыгын биринчи орунга коюп, туңгуюктан алып чыгып кетишсе, анда тарыхтын барагына алтын сыя менен жазылып калары турган иш. Эгерде андай кылбай ар кандай жолдор менен кулаган бийликтин башында турган кылмышкерлерди жана анын буйругун кыңк этпей аткарып, камчысын чапкандарды актап-жактап, соттолуучуларын бошотуп, экономикалык кылмыш кылгандарын куткарчу болсо, анда мунун кесепети абдан чоң болот. Ошон үчүн бөлүнүп-жарылбай ынтымак болсо ырыс өзү эле келет. Илгеркилер бекер айткан эмес да "ынтымагыңар жок болсо, алдыңан таяр алтын так"-деп. Чындык ар дайым ачуу болот эмеспи, эртеби-кечпи бир жерден калкып чыгат. Дегенибиз, эгерде отко салынып кызарып ийилчээк болуп турган темирди убагында каалагандай чаап ар кандай формага, түзүлүшкө келтирсе болот. Убактысын өткөрүп жиберсе үч-төрт жолудан чапмак турсун миң жолудан чапсаң дагы эч бир каалаган түзүлүшкө алып келе албайсың. Ошонун сыңарындай апрелдеги элдик революциядан кийин башты оорутуп демократия, айкындуулук деп отурбай, бийликти дароо эле бүтүн бойдон колго алганда иштин баарын оң жагына жылмак. Азыркыдай ызы-чуу, өзүм билемдиктин изи калмак эмес. 2007-жылдагы парламенттик шайлоодо жеңип чыккан партиялар: "Ата Мекен", СДПК, "Ак шумкар" ж.б. партиялардын жеңишин таанып, азыркы Жогорку Кеңешти түзүп койсо туура болмок. Андай кылбай канча бир убактан бери даярданып, азап-тозок менен бүтүп калган ишти, мындайча атканда кызарып турган темирди кызуусунда чаппай өткөрүп жиберишти. "Жыгачтын жумшагын курт жейт" болуп, азыркы бийликке эмне деген гана сындар айтылбады, эски бийлик ойронун чыгарып кеткен нерселердин баарына эле учурдагы бийлик күнөөлүү. Буга кошумча адам укугу тим эле болуп көрбөгөндөй бузулуп жатат деп айгай салгандар. Мурун башын катып калчылдап жогорку кызматтарда жүргөн, пивной барларда рахаттанып пиво ичкен генералдарыбызга эркиндик тийип болушунча жамандап киришти. Дагы бир чындык өткөн жылкы президенттик шайлоо, бул деле жогорудагыдай көрүнүш анда А.Атамбаев таптаза жеңип чыккан ошону таанып элдик революциялык бийлик орногондон кийин беш жылга президент кылып шайлап койгондо мыйзам ченемдүү болмок. Бул иштердин баарын, Убактылуу Өкмөттүн он төрт мүчөсү ынтымактуу түрдө чечип коюшса жалпы элибиз колдоп бермек. Батышты туурап, демократия элдин өз каалоосуна коёбуз дешип, революциянын талаптарынын көбү аткарылган жок. Ал жакта демократия жүз жылдап, эки жүз жылдап анан араң орногон. Ошон үчүн ал жактагы жашаган адамдар дароо түшүнөт. Ал жерде жаман да болсо өзүбүздүн бала, кебетеси башка болсо да өз корообуздан чыккан түктүү дебейт, ичип жебеген, былыгы чыкпаган тазаларды шайлайт. Биздин шартта болсо мамлекетти тоногон, элдин ырыскысын чачып сол чөнтөккө сологон өлкөнү сызга отургузган шылуун шумпайларды кайра эле алардын берген күнүмдүк акчасына алданып шайлоодо депутат кылып шайлап тынышпадыбы.
Садыбакас Бакасов,
Панфилов району.




кыргыз тилиндеги гезит "Форум"





??.??