presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кара Дуба
Чүйдүн алмасы
Жыты буркурап, Чүйдүн алмасы бир укмуш жыттанат. Карсылдатып тиштесең, даамы шилекейиңди агызып, жегиң эле келет. Чүйдөн, борбор калаабыздан, ал кездеги Фрунзеде окуп жүргөн ага-эжелерибиз айылга каникулга келгенде, базарлык сала келген баштыктарынан Чүйдүн алмасынын жыты буркурап турар эле. Чүйдүн алмасынын сыйкырлуу жыты алма өспөгөн биздин алыскы айылыбызда кичинекейлерге да, чоңдорго да, баардык жыттардан жыттуу болуп сезилет эле. Баланча баланын эжеси же түкүнчө баланын агасы Фрунзеден келет экен деген кабар балдардын арасында желдей тарап, борбордон бир күндө бир ирет келчү автобусту тосуп, кечинде кичинекей киши деле кирбеген автобекеттин жанына балдардын баары чогулчубуз. Борбордон келген автобус чаң баскан автобекеттин жанына келип токтогондо эле, Чүйдүн алмасынын жыты бурр этип мурдубузга кирип, борбордон келген ага-эжелерибиз тосуп чыккан балдарга бирден Чүйдүн алмасын ар биринин колдоруна карматканча, чыдамсыздык менен күтөт элек. Бирден алманы тездик менен карсылдатып жеп бүтүп, агасы же эжеси келген баланы көзүбүздү кызартып, балалык суктануу менен карап, артынан үмүт менен ээрчир элек. Чүйдүн алмасы биз үчүн жыттуу, даамдуу жана өзгөчө эле.
Чүйдүн алмасын канчалык жакшы көрсөм дагы, мен үчүн эң жаман, же мен корккон жаман сөз "чүйлүк" деген сөз эле. Ал кезде балдар "фашист" деген сөздү жаман көрүшчү. Баарыбыздын аталарыбыз же чоң аталарыбыз согушка катышып келген адамдар эле. "Чүйлүк" деген сөздүн маанисин терең түшүнбөсөм дагы, балдар менен чатакташып калганымда "чүйлүк, чүйлүк" деп кыйкырышып, мени шылдыңдап, ардантып, кээ бир учурларда ыйлатып да салышчу. Эмне үчүн мени балдар "чүйлүк" деп шылдыңдашат деп атам менен апамдан сураганга менин ал кезде эрким, кайратым да жеткен эмес. Эмнеси болсо да, "чүйлүк" деген жаман сөздүн жандырмагы биздин үйдө ал кезде жашыруун сыр эле. Бактылуу балалык күндөрүмдүн биринде жаңыдан жайкы каникулга тараганыбызда апам катуу ооруп, атамдын коштоосу менен Чүйгө, борборубуз Фрунзеге дарыланганы кетип, жай бою ооруканада жатып калды. Эң жакыным апамдан биринчи ирет узак убакытка ажыраган балалык жаным, сагыныч кусалыкка эзилип, жетим козудай ар кимге түрткү болуп, катуу жабыркаганым али күнчө эсимде. Чал-кемпирдин эркеси, оюма келгенди, каалаганымды жасап көнүп калган мага оор эле болгон. Эч кимге баш ийбеген кежир мүнөзүмдүн айынан бат эле ар кимге жек көрүндү болуп, менин алгачкы душмандарым пайда болуп, чоң адамдардын канчалык татаал экенин ошондо түшүнүп, бул жашоодо менин алгачкы көз карашымдын түптөлүшүнө түрткү болгон мезгил эле. "Сыргабек аксакалдын жайкалып өсүп турган бедесин тебеледиң" - деп, чоң кылмыш кылган кылмышкердей мени күнөөлөшүп, көчөдө чоң ызы-чуу чыгып, Сыргабектин чоң балдары мени ур-соккуга алышкан. Ыргыткан ташым көчөдө өтүп бара жаткан баланын бутуна тийип, анын ата-энеси да ызы-чуу чыгарып, адашкан "чүйлүк" экенимди көчөгө жар салышып, мени каргап шилешкен. Апамдын жакшы санаалашы, бизге көз салып турчу кошуна эжекебиз мени өз балдарына кошуп тамактандырып жатып, "тамакка тойбогон бала экенсиң" деген жекирген сөзү мени акыркы чечимге түрткөн. Үйдөн качып түнкүсүн жашынып келип, короодогу үйүлгөн чөпкө түнөп, балалык кежирлигим менен менин айланамдагы чоңдор менен өз алдымча багынбас күрөш жүргүзгөм. Эч кимге көрүнбөй жашынып алып, апамды эстеп буркурап ыйлап-ыйлап алчу да болгонмун. Асманым бүркөлүп кыйналып турганымда, жарк этип күн чыккандай болуп, Чүйдөн апам менен атам кайтып келип калышты. Менин кубанычымдын чеги жок. Атам менен апамдан сагынычым тарабай, кудуңдап үйгө улам кирип-чыгып базарлыкка алып келишкен Чүйдүн алмасынан улам бирди колума кармап, душмандарымдын көзүн кызартып, алардын шилекейин агызып, карсылдатып тиштеп көчөнүн боюна туруп алам. Атам менен апам жокто кандай запкы көргөнүмдү аларга айткан жокмун. Ал кезде ата-энеге арыздануу деген менде түшүнүк жок эле. Мени капа кылгандар менен "Чүйдүн" алмасынын жытын, даамын пайдаланып, ушундай жол менен өч ала баштадым. Кыргыздын жакшы салтыбы, же жаман салтыбы, мен али күнчө ажыратып биле элекмин. Кыргыздар өз балдарынан тамак-ашын аяп, конок келгенде дасторконго коёбуз деп, жакшы тамагын бекем катып коёт. Апам да учурашып келгендерге ооз тийгизем деп, Чүйдүн алмасын бир баштык кылып бекем катып койду. Апам менен атама учурашабыз деп, алар жокто менин ал-акыбалымды сурап койбогон туугандарыбыз, "чүйлүк" деп мени балдарына сабаткан Сыргабек аксакал, мени үйүнө батырбаган кошуна эжеке, баласына болушуп көчөгө жар салып "чүйлүк" деп кыйкырган аял, баары биздин үйгө чогулуп, дасторконго отурушуп, эч нерсе болбогонсуп жаркылдашып, Чүйдүн алмасынан балдарына карматышып, менин балалык чындыгыма туура келбеген иштерин башташты. Менин эң жакыным апам да, атам да булардын эки жүздүүлүгүн байкашкан жок. Мындай көрүнүшкө чыдабаган жаным, апамдын бекем каткан акыркы бир баштык "Чүйдүн" алмасын алып чыгып, көчөдөгү балдарга таратып жибердим. Мындай кылыгыма апамдан жеме уктум. Калыстык бузулуп, чындык чыркырап кетти. Мага болушкандын ордуна мени жемеледи деген апама биринчи таарынычым пайда болуп, дубалдын кырына чыгып алып, апамдын атасын да, энесин да келиштирип туруп "жакшы" сөздөр менен айда-а ашаттым. Ачуусу келген апам чоң балдарга мени карматып алып, атама айда-а сабатканы эсимде. Апам азыр 90 жашта. Атамдын оо дүйнөгө сапар тартып кеткенине 20 жылдан ашты. Азыр биздин үйдөгү "чүйлүк" деген жашыруун сыр - сыр деле болбой калган. Апам менен атам менин таята таенем экен. Апама жумасына бир баштык алма сатып келем, тишке жумшак дейт, бирок оозунда тиши деле калган эмес. Бирок мен сатып алган алмалардын ичинде Чүйдүн алмасы жок. Биз бала кезде Чүйдүн алмасынын жыты, даамы бир укмуш болот эле. Азыркы Чүйдүн алмасы кор болуп курт жеп, даамы менен буркурган жытын жоготуп койгондой. Чүйдүн кутман эли менен, алмасынын тагдыры бирдей сезилет мага. Чүйдүн алмасы барктуу, нарктуу, даражалуу, баалуу, мээримдүү бойдон менин эсимде калды.
Суусар тебетей
Менин бала кезимдеги эң жакын, жаны бирге сырдаш жакын досторумдун бири, менин апам, тагыраак айтканда таенем. Экинчиси таенемдин өзүнө окшогон мээримдүү, майпаңдап баскан анын кара ую, же таенем экөөбүздүн эрмегибиз кара уй. Турмуш жолумду да таенем, кара уй үчөөбүз чогуу баштагандайбыз. Менин эки энем бар эле, бири мээримин төккөн таенем, экинчиси ак сүтүн берип, каймак, чөбөгө, сүзмө, айран кылып курсагымды тойгузган кара уй. Экөөнүн мүнөзү да окшош эле. Таенем кара уйга сиңдисине же кызына кылган мамиледей эле мамиле кылчу. Кара уй менен таенем сүйлөшөт, экөөнүн биз билбеген өздөрүнчө тилдери бар эле. Кечинде айылга бада келгенде жүздөн ашык уйдун ичинен биздин кара уй өзгөчөлөнүп, бөлүнүп көрүнүп, жаныбар уй эмес эле, тирүү адамдай сезилип мени мээримдүү көздөрү менен карап алат эле. Эмнеси болсо да "Зеңги бабанын тукуму". Ал эми таенем болсо райондогу эң мыкты ууздардын бири эле. Таенемдин колунан далай илбирс ичиктер, суусар тебетейлер, мыкты жасалгалуу кыргыздын кийимдери жаралчу. Бир күнү кечте, айылдын бадасы кайтып келгенде, биздин кара уй баданын ичинде көрүнгөн жок. Бадачы "силердин уйду колхоздун корукчусу камап салды, барып чыгарып алгыла" деп койду. Апам экөөбүз кара уйдун эркиндиги, боштондугу үчүн күрөшкөнү корукчунун үйүнө жөнөдүк. Апамды көрүп корукчу: "Эже, сиздин уй беле? Бирок мен чыгара албайм, колхоздун бедесине силердин уй кирип кетиптир, башкарма көрүп калып каматып салды. Башкарманын уруксаты жок мен чыгара албайм" - деп болбой койду. Ал кезде колхоздо бир сөз бар эле: "Асманда бир Кудай, жерде башкарма деген Кудай бар" - деген. Ал түнү камалып калган кара уй түшүмө кирип, балалык коркунуч ичиме батпай кыйналып чыктым. Эмчегине сүтү толгон кара уйду, эртеси таятам барып башкарманын астынан өтүп, куткарып келди. Таятам бир да адамды жаман дебеген киши эле, Буденныйдыкына окшогон муруту салаңдап калыптыр, муруту тик турса жакшы көргөн киши менен сүйлөшкөнү байкалмак. Муруту түшүп калганынан таятам айтпаса деле башкарманын кандай киши экенин таенем экөөбүз түшүндүк. Уйдун эмчегин ушалап, апам бир далайга жаны кейип, кара уйду саап кобуранып отурду. Кара уйду каматкан башкарманы мен көрбөсөм да, жек көрүп калдым, мен үчүн ал жаман киши. Ушул окуядан кийин кара уйду бадага жибербей калдык. Апам экөөбүз кезек менен кара уйду аркандап, айыл ичине кайтарып калдык. Оюнга алаксып, аркандалган кара уйду карабай калыптырмын, казыгын сууруп кара уй бак-шактуу заврайононун короосуна кирип кетиптир. Заврайононун баласы уйду камап алып, таяк менен сабап жатканда мен үстүнөн чыктым. Ал экөөбүз кызыл чеке болуп мушташып жатып калдык. Мага таякем жардамга келди, ал баланы келиштирип төпөштөп койдук. Баласына болушуп энеси чыкты, айыл ызы-чуу болуп эле жатып калдык. Кара уйдун айынан мектептин директорунан, мугалимдерден жаман сөз уктум, түз эле тентек, тарбиясы начар окуучулардын катарына кошулуп калдым. Кара уй экөөбүз турмуштун кыйынчылыгын башыбыздан өткөрүп жүргөндө жашообузда бир укмуштай өзгөрүүлөр башталды.
Кандайдыр бир себептер менен коркунучтуу башкарма, аялы экөө апамды эжекелеп, ар жак бержагына чыгып биздин үйгө тез-тез каттай башташты. Айылдагылар менен араң учурашкан заврайоно албуут аялы экөө да үйгө тез-тез каттап, мага мопосуйдан ала келип, чачымдан сылап эркелеткенге чейин барышты. Душмандарыбыздын мындай өзгөргөнүн кара уй экөөбүз алгач түшүнө албадык. Эс тартканы кийин билсем, ошондо районго, райкомдун биринчи секретары болуп кайсыл бир учурда бай-манап болуп жүргөн адамдын небереси келген экен. Ал илбирс ичик, суусар тебетей кийгенди жакшы көрөт экен, бай-манаптын тукуму да. Башкарма, заврайоно жана райондун башка чоңдору апама кезекке туруп, суусар тебетей тиктире башташты. Мен ошондо апама экинчи ирет катуу таарынгамын. Апам, кара уй, мен үчөөбүз бир команда элек, азыркыча айтканда, бир фракция бир партия болчубуз. Кыргызда: "Жээн эл болбойт, желке тон болбойт" - деген сөз бар, мен ошондо өзүмчө эч кимге айтпай жаңы макал чыгаргам: "Таене эне болбойт, тон дене болбойт" - деп.
Апам бизди унутуп, эки жүздүү кошоматчылардын суусар тебетейи менен алаксып кетти. Кара уй убактысында саалбай жатып бат эле байыды. Ал эми мен болсо жалгыздыкка батып, көчөдөгү тентектерге кошулуп, ашынган тентек болуп айылга бат эле атым чыкты.
Жакында бир досум мага суусар тебетей кийгизди, досумдун бул белегин таарынба деп, өзүнө кайтардым. Мен ага бала кезимден тартып суусар тебетейге таарынычым бар экенин айта албадым.
Талаадагы тегирмен
Апам экөөбүз жазында талаага кой-козу кайтарып барып калдык. Ошондогу жазгы талаанын шыбагынын жыты, торгойлордун кубулжуп сайраган үндөрү, козулардын оюн салып жарышып ойногону көз алдыма кереметтүү картинадай тартылып кетет. Апам мага көп жомок, аңгемелерди айтып берчү. Өзгөчө башынан өткөн күлкүлүү окуяларды айтканды жакшы көрөр эле. Жаздын кереметтүү ошол күнүндө апам сайдын жээгинде эски урандылар калган бир жерди көрсөтүп, ушул жерде илгери тегирмен бар болчу деди. Апамдын эске тутуму абдан күчтүү, бул жагынан мен апамды тартсам керек. Апам экөөбүз көтөрө келген кичинекей көлдөлөңдү салып коюп, ала келген айранга нанды малып жеп тамактанып отурдук. Тегирменде эл көп болчу дейт, күнү-түнү кезекте туруп, өгүзгө, төөгө артып келген буудайды тегирменден өткөзүп ун кылып алар элек деп, таенем башынан өткөн күндөрдүн бир үзүмүн айта баштады. Тегирменчини да таенем эсине жакшы сактап калыптыр. Бою узун, аксакалдуу, шамдагай кыймылдаган, качан болсо кийими ун болуп, агала болуп жүргөн киши эле дейт. Ошол күндөрдүн биринде таенем өз энеси, менин чоң таенем экөө тегирменге ун салдырганы келишет. Баягы аксакалдуу тегирменчи абышканын жинди улактай болгон бир тентек эрке кызы бар экен дейт. Тегирменчинин эрке тентек кызы бир орунга тынч тура албай, ары кетип бери кетип чаң ызгытып жүрүп көлөкөдө жуушап жаткан торпокту барып мине калды дейт. Чочуп кеткен торпок үркүп, мөңкүп барып үстүнө минип алган кызды чаңга тоголотуп кетиптир. Кыз чарылдап эле жатып калды дейт таенем. Көрсө, кыздын колу сынып калыптыр. Аксакалдуу тегирменчи: "Атаны катыгүн, дагы эмне болуп кетти, тынч эле чикиңди чаап ойной бербейсиңби" - дептир (Чики чапмай деген оюн бар экен, кандай оюн экенин мен азыр деле жакшы билбейм). Кыздын колуна баягы тегирменчи шак-шак тагып, тилдеп жатып калат. Апам менен апасы кечкурун тегирменден өткөн унун төөгө артып үйүнө кайтып баратып, апам апасына кобурап сөз кылат: "Тегирменчинин кызы аябай тентек экен, жаткан торпокту да мине калган" - деп. Анда апамдын апасы: "Ал тегирменчинин кызы эмес, тегирменчинин токолу" - дейт. Ушул жерине келгенде таенем мени карап борсулдап күлүп алды. Көрсө, тегирменчи карыганга чейин бала көрбөй, төрөп береби деген үмүт менен бир тентек кызды эки төөгө жүктөлгөн унду калыңга берип, токол кылып алган экен. Ал тегирменчинин артында бала калдыбы, калбадыбы, мен билбейм. Бирок эски тегирмендин урандысы жана тегирменчини көргөн менин таенем, таенемден бул окуяны уккан мен бармын. Менин жазганымды окуган окурман сиз барсыз. Тегирмендер, тегирменчилер көп эле болгон. Тегирменчилер менин көз карашымда оокатчыл, бай адамдар болушат. Өздөрү дыйканчылык кылып эгин айдабаган, маңдай терин агызып дыйкан бечара өстүргөн дандан ортомчу болуп пайда көргөн адамдар. Тегирменчинин мээсинде, тегирмендин жаргылчак ташы күркүрөп айланып тургандай сезиле берет мага. Тегирменчи өз тегирменинин деңгээлинде гана ойлоно алат. Андан ашыкка жарабайт. Талаада тегирмендин урандысы жатат. Биз бала кезде:
Талаадагы тегирмен,
Чычкан ойноп семирген. -деп ырдачу элек. Тегирменчи менен чычкандын ырыскысын Кудай бир жараткан экен.
(Уландысы бар)
Мелис Карыбеков Асан теги



кыргыз тилиндеги гезит "Форум"





??.??