presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



"ҮЧҮНЧҮ РЕВОЛЮЦИЯ БОЛБОЙТ"
- деп айтып жатышат маселени билгендер, изилдей жүргөндөр. Алар төмөндөгүдөй аргументтерди келитиришет экен: Акаев Конституцияны Баекова айымга тебелетип-тепсетип туруп, үчүнчү шайлоого барган; мамлекетти өзү эмес, дээри өлчөлүү, ою жеңил-желпи көпкөн катыны башкарып калган; уулу Айдар топук кылуу эмне экенин билбей тарбия алган экен, көзүнө көрүнгөндүн баарын өзүнүкү кылып алган; Акаевдин башкаруусунда элдин турмушу оңолмок турсун талканга жетип-жетпей калган ж.б. Ошондон улам Акаев куулган.
Анын ордуна келген Бакиев дегениң Акаевге караганда алтымыш эсе желмогуз экен, элин эл деп санабады, каалаганын кылып турду. Ал айбан мыйзам дегенди такыр эле билбейт экен, аны бузуп гана турбадыбы. Бакиевдин бир туугандары "Итаалынын балдарындай" жутунган немелер экен "кайсап" гана турушпадыбы; кичүү баласы Максим деген жаналгыч кыргызыңды койго теңеп, жалаң еврей менен орустардан дос күттү, ошолорго кыргызыңды тебелеп-тепсетип турду, кыргыздын далай кыздарын "талпак" кылып турушту; бу Максим дегениң башка катын алып алган ата сөрөйүн каакымча көрбөй, мамлекетти башкарууну өз колуна алды, мыйзамда жазылбаган кызматты ойлоп таап мамлекетибиздин бүтүндөй байлыгын астына басты, ал менчиктештирбеген, бирөөнөн тартып албаган көр оокаттан калбады; Жаныш Бакиев дегени адамдыктан куру зөөкүр неме экен, жакпагандарды жайлап турду, бүтүндөй наркотиктин "эсебин алып, эсебин таап" турду; Курманбектин орус катыны кыргыз байлыгын өз жерине ташып турду, каалаганча; бийлик менен криминал бир бүтүнгө айланды ж.б. Ошондон соң Бакиевиң куулду.
Азыркы президентибизде тиги экөөнүкүндөй укугу жок, башкаруубуз парламенттик болуп турат. Экинчиден, президент Отунбаева куулган эки президент жасаган айбандык иштеринин бирин да жасаган жок, жасабайт дагы. Мамлекетти жамандыр-жакшыдыр коллективдүү бийлик-элдик бийлик башкарып жатат, аларды эл массасы колдойт. Анан кайдагы революция?!
Кызмат тийбей калгандар жана бакиевчилер "революция жасайт элек" деп тыйтакташары бар, бирок ал аракетинин оңкодон сайылары турулуу!




Кыргызстандан башталган революция араб өлкөлөрүн аралады…
Өткөн жылдын апрель айында болуп өткөн биздеги революция шамал тийген өрттөй эле дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүн (тактап айтсак, Ыраакы Чыгыш өлкөлөрүн) каптай баштады. Учурда Тунисте, Египетте жана Ливанда бийликке каршы катуу нааразычылык акциялары өтүп, бул өлкөлөрдө мурда болуп көрбөгөн баш аламандыктар өкүм сүрүүдө. Дүйнөгө атагы чыккан саясий талдоочулар, эксперттер мындай революциянын "желаргысы" алыскы Орто Азиядагы Кыргызстандан "согуп" жатканын бир ооздон белгилешүүдө. Демек, кылымдарды карыткан кыргыз эли "демократпыз, баарына теңбиз" деп төш кагышкан дүйнөнүн бир топ өлкөлөрүнүн элине, элди эзген диктатор президенттерди кантип тактан кулатууну, эл үчүн, эркиндик үчүн көкүрөктү кантип окко тосуу керектигин өздөрү үлгү болуу менен, өтө жеткиликтүү үйрөтүп койду десек ашап чапкандык болбос. Албетте, кыргыз эли дүйнө элине абдан таасирин тийгизген, мындай чечкиндүү кадамы менен сыймыктанышы керек. Чынында эле 7-апрелдеги окуя дүйнө элин бир топ таңгалдырып, кыргыз элинин жамгырдай жаап жаткан октон да жалтанбастыгы ашкере суктандырганын эч ким четке кага албайт. Бул окуя тууралуу көп сөздөр, көп пикирлер айтылды. Алдыда да көптөгөн ар тараптуу изилдөөлөр болорлугу күтүлүүдө. Ошону менен бирге тамаша-чыны аралаш сөздөр жаралды. Андай тамашанын бирин мисалга тарта кетсек ашыкча болбос. Өзбекстан менен Казакстандын көрүнүктүү оппозиционерлери Кыргызстанга келишип: "Силер октон да жалтанбайт экенсиңер, өтө баатыр экенсиңер. Бизге жок дегенде эки миңдейиңер барып, элди көтөрүп, диктатор президенттерибизди бийликтен алып түшүп, революция жасап бергилечи" - деп кайрылышса, кыкеңдер кебелбей туруп: "Миңибиз эле барсак жетиштүү болот, эгер эки миңибиз барсак, мародёрство болуп кетет, токтото албай каласыңар"-деген экен.
Бирок "кыйраттык" деп курулай кыйкыра бербей, ошол өткөн жылдагы революциянын кадыр-баркына доо кетирбей, Ата Журт үчүн ажалды көздөй түз басышкан баатырларыбыздын арбагын ыраазы боло тургандай иш жүргүзүп, ири ийгиликтерди аткарышыбыз зарыл. Кыскасы, 7-апрелдеги биздин элдин кадамы дүйнө элине үлгү бойдон калышы абзел.

Тунис мамлекети: "Мурда биз баарынан коркчубуз, бири-бирибизге калп айтчубуз…"
Эми жогоруда аталган мамлекеттерде катаал бийликке карапайым эл кантип каршылык көрсөтүп, ал каршылык эмне менен аяктап жатканынан азыноолок кеп кылалы.
Дүйнө элинин көңүлүн бурган революциянын оту алгач Тунисте "Жасмин революциясы" деген ат менен тутанды. Аталган мамлекетти 23 жыл башкарган президент Бен Али нааразычылык акциясына чогулган элден чочулап, Сауд Аравияга качууга аргасыз болду. Эл өлкөдөгү кымбатчылыкка, жумушсуздукка жана коррупцияга чыдамы жетпей калгандыктан улам митингге чыгышкан эле. Президентсиз калган өлкөдө башаламандыктар күчөп, бир катар имараттар өрттөлүп, талап-тоноолор орун алган. Эки түрмөдө тополоң чыгып, айыпкерлердин бир бөлүгү качып кеткен. Мына ошол жактагы алоолоп күйгөн өрттөн 42 киши набыт болгондугу расмий жарыяланды. Башка жерде да орун алган башаламандыктардан да бир топ адам о дүйнөгө узады. Качкын президенттин ордуна парламенттин спикери Фуад Мебазза ант берип, өлкөнүн эки тизгин, бир чылбырын колго алды. Бирок эки айдан кийин бул өлкөдө президенттик шайлоо өтөрү кабарланууда. Тунис элинин массалык митингдердеги башкы лозунгдарынын бири: "Бүгүнкү Тунис биз мурда көрүп жүргөнгө окшош эмес. Мурда биз баарынан коркчубуз, бири-бирибизге калп айтчубуз. Азыр баарыбыз чогуу ийиндешип турабыз. Биз коррупцияга "жок" дедик, ага каршылык көргөзүүнү улантабыз"-деген жалындуу сөздөрдөн куралды. Ошол эле учурда качкын президент Зин эль-Абидин Бен Алини колдоп, анын 15 миңге жакын жактоочусу көчөгө чыгышкан. Жаңы бийлик аларды күч менен таратып, анын ондогон жакындарын камакка алышты. Бул жагынан алганда, тунистиктер бизге салыштырмалуу алдыга озуп, эрктүүлүгүн көрсөтө алышты.

Египетте 100дөн ашуун адам набыт кетип, миңдеген жарандар жаракат алышты…
Ал эми Тунисти каптаган революциянын учкуну көп өтпөй Египетти көздөй учуп жетти. Египет эли өлкөнү 30 жылдан бери башкарып келаткан 82 жаштагы диктатор президент Хосни Мубарактын бийликтен кетишин жана демократиялык реформаларды талап кылышып, бир жумадан бери ири масштабдагы митингдерди өткөзүшүүдө. Митингдин башында оппозициячыл саясатчы, МАГАТЭнин мурдагы жетекчиси, Нобелдин Тынчтык сыйлыгынын ээси Мухаммад Эл-Барадейи турууда. Эркиндикти эңсеп, аябай жаалданган элди Египеттин куралдуу күчтөрү баса албай, айласы кетип жатат. Эч нерсени карабаган эл Каирдин таш-талканын чыгарып, ондогон имараттарды өрттөшүп, талап-тоноону күчөтүп жиберишти. Полиция менен элдин кагылышуусунан улам 100дөн ашуун карапайым адам мерт кетип, миңдеген адамдар ар кандай деңгээлде жаракат алышты. Ошол эле учурда Каирде ондогон имараттар өрттөлүп, талап-тоноо (мародёрство) күч алууда. Хосни Мубарак: өлкөдөгү жумушсуздук, саясий куугунтук, башкаруу мекемелерин чырмаган коррупцияга өкмөт жооптуу деп, өкмөттүн курамын толугу менен отставкага айдады. Бирок өзү кетпей турганын, ишенимдүү түрдө айтууда. Жума күнү үй камагына отургузулган Эл-Барадейи болсо: "Баары бир көчөдөгү элге барып кошулам" деп убада кылды. Учурда Египеттин бийлиги өлкөгө коменданттык саат киргизди.
Тунис менен Египеттеги революциянын таасири: Ливан, Ливия, Йемен, Иордания аттуу араб өлкөлөрүнүн элинин делебесин козгоп жибергендей болду. Аталган мамлекеттерде да байма-бай митингдер өтүп, Тунис менен Египет элине тилектеш экендигин билдиришип, өз президенттерине нааразычылыктарын ачык айтып чыгышты. Кыскасы, араб мамлекеттери учурда жеке кызыкчылыктарын көздөшкөн өжөр президенттерге көргүлүктү көргөзгөнү калышты.
Даярдаган
Айбек Шамшыкеев



кыргыз тилиндеги гезит "Форум"





??.??