Кыргыз гезиттери

mainkaptal

п»ї Кыргыз гезиттер

Мен билген Күмөн Булатов жана кегетиликтер
Акыркы учурларда жазгычтар көбөйүп кетти. Бирөөлөр бирөөнү асманга жеткире мактап, болгон да, болбогон да эрдиктерди, жакшы касиеттерди жармаштырып жазганын окуп жүрөгүң айланат, жийиркенесиң. Анткени ал каармандардын "эрдиктерине" күбө болгон учуруң болгон. Тескерисинче жамандаса, болгонду да, болбогонду да жабыштырып, жүрөгүңдү титиретет. Анын үстүнө "жаманды" да жакшы билесиң. Анын жакшы жаманы теңме-тең. Мен бул эскерүүмдө өз кулагым менен уккандарды жана өз көзүм менен көргөндөрдү гана жаздым. Эгемен азыркы эркин заманда өсүп келаткан жаштарга чындыкты болгонун болгондой жеткирсек, эң сонун болбойбу?!. Бул эскерүүнү мурда эмне үчүн жазган жок дегендер да чыгышы мүмкүн. Биринчиден, Күмөн кегетилик болгону үчүн эле эмес, боорукер, камкор жана башка адамдык асыл сапаттарга эгедер экенин энелер дайым айтып келишкендиктен. Экинчиден, апам менен таенем аркылуу мага жакшы мамиле жасагандыгы жүрөктөн кетпейт. Үчүнчүдөн, "профессионал кошоматчы" болгонум үчүн жаздым окшойт. Анткени баласы Аскар академик, Госсекретарь, министр… Неберелери: Бакыт - аким, министрдин орун басары, техника илимдеринин кандидаты, Айгүл - илимдин кандидаты, доцент, Бакир - илимдин доктору. Майрам жеңе, илимдин кандидаты болгон. Неберелери чоңоюп, эрезеге жетсе керек. Үмүт үзүлбөйт да.

Биздин көчөнүн жашоочулары өтө ынтымактуу эле, жамандык, жакшылыктарда "бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып" алардын башын кошуп, ынтымакташтырган аксакалдар: Алымкул, Молдогазы, Жумалы, Абдылда - менин экинчи атам (Абдылда аттуулар айылда көп болгонунан айырмалаш үчүн Сары Абдылда дешчү), Жолдош (кээде Жокой жомокчу дешчү), Молдокул, Мамбеткул жана башкалар, байбичелер Эркебүбү (кээде Эрке апа дешчү), Батма (менин таенем - С.М), Калича, Шайылда (кээде теңтуштары "Шаңкылдак Шайылда" дешчү, сүйлөгөндө жаактууга жай бербеген киши болчу). Сайра, Дүрдүкан, Батина апалар ж.б. болчу. Ошол учурда жигиттерине караганда келиндери ыймандуудай сезилчү. Келиндер: Сабыркүл (менин апам - С.М,) Канышбүбү, Турду, Турдукан, Айнек (Айнектей сулуу, созулган, адамгерчиликтүү, анан дагы колунан баары келген иштерман аял эле)… Улуулардын алдында бейчеки иш кылгандарын, дайны жок сүйлөгөнүн байкаган жокмун. Аларды көрүп, алардай болууга арекет кылып жүрдүк.
Байбичелердин ичинен менин таенем Батма менен Батина апа экөөнүн мамилелери башкачараак ысык экени байкалчу. Көп учурда таенем мени чуркатып, Батина апаны чайга чакыртчу. Экөө отуруп алып, бир чоң сары самоордун чайы түгөнгөнгө чейин чай ичишип, баарлашчу. Алардын сөзүн бузбай, апам Сабыркүл чай куюп берип отурчу. Мен кирип-чыгып жүргөндө Күмөн, Гүлша деген сөздөр кулагыма көп илинчү. Таенем Батма Кичи-Кеминде жашап турганда Күмөн тайкенин иши, элге кылган мамилеси айтылчу. Эже деп алардыкында жүргөнүн, анын аялы Гүлшанын ыймандуулугун кеп салар эле. Ал эми Батина апа болсо, Күмөндүн апасы жөнүндө, анын ата-энеси өлгөндөн кийин, ар кайсынын үйүндө жүрүп, мал багып, жан бакканын айтышчу. Анан бир киши Батина апанын чалы Сасыкулга Күмөн бирөөлөрдүн үйүндө жүдөп-какап жүргөнүн, кор турмушта экенин айтып келиптир. Ал жөнүндө Сасыкул Батина апанын бир тууганы Чүкөгө айтканын сөз кылышчу. Чүкө аксакал колунда бар, бардар турмушта жашаган киши болсо керек. Күмөндү интернатка алып келип, анан орунборго (байбичелердин айтканындай) чоң окууга жөнөткөнүн, аны бүтүп келгенден кийин чоң жерлерде иштегендерин эскеришчү. Анда Күмөн тайке түрмөдө болчу. Көрсө, Чүкө аксакал, Батина апа, Күмөндүн апасы бир ата-эненин, Какенин балдары экен. Батина апам - менин Батма таенем бир, эки ата өтүшкөн туугандардын кызы болуптур. Ошон үчүн эже-сиңди болуп, айылдагы байбичелерге караганда, жакын мамиледе болуп жүрүптүр. Батина апа менин улуу устатым Мукай Сасыкуловдун апасы, эки байбиченин эже-сиңди ысык мамилеси, эки үй-бүлөнүн ымаласын жакын кылганы да ошондон окшойт. Менин турмушумда үч атам болду деп жүрөм. Биринчиси, тапкан атам - Мамбеткалый. Ал киши ооруп жатып, маңдайымдан сылап жатканын элес-булас билем. Атам мен үчтө, иним Марат бешикте экенинде, 27-28 жашында Фин согушунан алган жаратынан каза болуптур. Экинчи баккан атам - Абдылда (Сары Абдылда). Андан апам 9 бала төрөптүр. 56 жашында кайтыш болду. Үчүнчүсү, таалим-тарбия берип, турмушта туура жолго салган атам - Мукай.
Ошентип, Күмөн менен Мукай бир тууган, ал эми менин апам Сабыркүл жакын бөлө болуп жатпайбы. Күмөн тайке Кичи-Кеминде иштеп жүргөндө, көп катышып, жакшы мамиледе, агасындай болгондуктан, апамдын Күмөн байке деп атап калганы да ошондон окшойт. Баарыңардын арбагыңар ыраазы болсун! Аркы дүйнө болсо, баарыңар чогуу болсоңор керек. Өткөн кылымдын алтымышынчы жылдарынын аягында Күмөн таяке түрмөдөн акталыптыр, бошонуптур дегенди угушуп, биздин көчөдө, айрыкча Батина апа менен Батма таенем жашаган эки үй-бүлөдө майрам сыяктуу көтөрүңкү маанай өкүм сүргөн. Эки байбиче кудуңдашып, кудайга жалына, өздөрүнчө эле канаты жок учуп жүрүштү. Аларды көргөн көчө жашоочулары, бала-бакыра эки байбичени куттуктап жатышты. Байбичелер чыдамсыздык менен күттү, көчө эли да күтүштү. Анткени эки байбиче көчөнүн эң кадыр-барктуу, эл өтө сыйлаган тургундары болчу. Ошентип жүрүп, бир күнү Күмөн таяке да айылыбызга келип калды. Батина апа, Батма таянем баш болгон аксакалдар, байбичелер карбаластап, Мукай Сасыкуловдун үйүнүн жанында топурап басып жүрүшөт. Аксакалдар биринен сала бири үйгө кирип, учурашып чыгып жатышты. Сыртта турган жигиттер Күмөндүн "Советтер Союзунун баатыры болуптур" деген айың сөздөрдү көп угушкан. Айрымдары Жоомарт Бөкөнбаевдин "Ажал менен ар-намыс" поэмасы менен Кубанычбек Маликовдун поэмасынан үзүндү айтышып, өздөрүнчө Күмөн таяке жөнүндө кобурашып жатышты. Анткени поэмаларды мектептен окушкан экен. Кезеги келгенде кадырлуу конокко учурашып чыгышты. Келиндер ары-бери чуркашып, чай даярдап, күйпөлөктөп жүрүштү. Баарынын эле оозунда Күмөн таяке. Ар кимиси учурашкандан кийин сыртта кобурашып жатышты:
- Ой - ий, өтө эле арык киши экен. Териси менен эле сөөгү…
- Ой, немистин концлагеринде жатса, андан качып чыгып, партизандык согуштарга катышкандыгы эске алынбай, биздин түрмөдө да жатса, анан кандай болмок эле.
- Ой, мындай турмушту пендеге бергилик кылбасын. Согуш деген согуш экен да. Канчаларды какшатты, башын жутту…
- Согушка чейин кандай чыкыйган жигит эле...
- Кандай гана чоң кызматтарда иштеген…
- Ой, ал убакта элдин баары Күмөнгө жолугууга, сүйлөшүүгө куштар эле…
- Аткаминер активдерди айтпайсыңбы? Күмөн айылга келип калганда жөөлөшүп, жанынан чыгышчу эмес…
- Андан да биринен бири кызганышып, биринен бири "жакын тууган" болуп чыкканычы…
- Кийин пленге түшкөндө, ошол "жакын туугандар" биринчи айгак болгонун айтпайсыңбы…Укум-тукумуна чейин териштиргеничи…
- Баарын кой ай, балдарын да жөн койбой артынан түшкөнүн айтпайсыңарбы…
- Эми ошол жүзү кара "Жакын туугандар" кайда жүрөт болду экен?…
- Акталып го келиптир. Эми кайра чоң кызматтардын бирине отуруп калса, ошолор эмне болоор экен?.. Балдарын контурдун баласы дешпедиби… Зыяны тиет дешип, үйлөрүнө киргизишпей да калышкан…
Ушундай каңшаар кептер көпкө созулду. Биз улам биринин оозун тиктеп, театрда отургандай эле болдук. Ошол күнкү окуя кинодон бир үзүндүдөй азыр да көз алдыма тартылат. "Эл оозунда элек жок" дегендей, көптөгөн купуя сырлар сыртка чыкты. Далай "жакын туугандардын", айгактардын аты аталды. Наалат айтылды. Адамдардын акмакчылыгына да, адамгерчилигине да чек жок экени билингенден кийин далайлардын көзү ачылды окшойт.
Ошентип, күндөр өтө берди. Күмөн таяке Батина эжесиникине ат тезегин кургатпай келип турду. Батина апа үйүндө жок болсо, Батма таенеме келчү. Чай ичишчү. Оо, бир оокумга чейин кобурашып, өткөндөрдү эскеришчү. Күмөн таякем майдан жөнүндө, концлагерде, түрмөдө жатканы жөнүндө сөз кылчу эмес. Сурашса "Алардын жүзү курусун" деп гана койчу. Эгер, эки байбиче тең үйүндө болбосо, Күмөн Сабыркүл апамдын чайын иччү. Кээде апам аны эс алдырып жаткырып коюп, чый-пый жасай койчу. Эс алып жатканда, апам тайкенин кийим-кечегин жууп, тазалап коёр эле. Апамды алкап, "убара болбой эле койсоң болмок экен, өзүң оорукчан болсоң, тогуз баланын түйшүгү канча" деп, бир чети ыраазы болсо, бир чети апамды аячу. Анын апама жасаган мамилесинен агалык, улуулук камкордугу көрүнүп турчу. Күмөн таякем келгенде апам да көңүлү көтөрүлүп, арка-бели келгендей боло түшчү. Анткени апамдын эркек төркүнү жок, болгону эки эле кыз бир тууган болчу. Таяке кеткенден кийин, кошуналарды чакырып чай берчү. "Күмөн байкем келип кетти, ошол киши ооз тийген тамак-аштан даам сызгыла" деп, көпкө чейин жобурап кеп кылчу. Бир окуя дайыма эсимден кетпейт. Күмөн таякенин дагы келишинде апам менин улуу баламды багып жүргөн. Балам 4 - 5 айлык эле.
- Аа, кокуй, өзүң оорукчан болсоң муну эмне багып алдың. Ооруп жатып калсаң эмне болот. Бер, ата-энесине, өзүлөрү баксын - деп, күйүп-бышып, агасы катары апама боору ооруду. Апам:
- Келиним университеттин акыркы курсунда окуйт. Эптеп окуусун аяктап алсын. Анан берээрмин. Анын үстүнө биринчи неберем болгондуктан кыйналбайм деле. Балдарым, кыздарым да чоңоюп калышты. Алар жерге отургузбай, дайым эле колдон талашып, көтөрүп жүрүшөт. Кичинекей бала кызык болуп калган бейм, - деди. Баланы болбой жатып 6 жашка чейин бакты.
- Анда окуусун бүтүрүп алсын. Кийин жашаганына жеңил болот. Сага да жардам берип турушат. Бирок балдарыңа көбүрөөк бактырсаң. Өзүң ооруп каласың. Балдар, апаңарга жакшы карагыла. Оорутуп алсаңар, өзүңөргө түйшүк көп болот - деп, улуулук, агалык камкордугун көрсөтүп, бизге да акылын, кеп-кеңешин айтты. Апамдын Күмөндү эмне үчүн мени "таяке" дедирип койгонун ошондо түшүнбөдүмбү. Апам ал кишини агасындай, төркүнүндөй сезчү тура. Күмөн таяке да ошого татыктуу, адамдык сапаттары жана акыл парасаты жогору киши турбайбы! Апам аны тымызын сезчү турбайбы. Бизге да өзүндөй мамиле кылууга, таякедей сезүүгө үйрөтүп, тарбиялап жүргөн турбайбы. Аскар байке канчалык мени көп жолотпой, алысыраак кармаса да, апамдын, Күмөн тайкенин мага жасаган мамилесинен улам аны жакын көрүп калганым да ошондон болсо керек. Күмөн тайке да сыртынан тоңдоосундай көрүнгөнү менен, апама кылган мамилесин көрүп, угуп жүрүп, накта боорукер, сезимтал киши катары эсимде калды.
Менин бир туугандарым: Марат, Турат, Эркин, Мыскал, Болоталы, Ракыя, Айнагүлдөр дагы ушундай эле пикирде болсо керек. Ал эми эң кичүү карындашым Майрамкүл кичине болчу. Анын эсинде калбаса керек. Арбагың ыраазы болсун тайке! Апам тирүү болгондо ал деле эскерип, багыштап куран окуп, ушуну айтмак болуш керек деп ойлойм. Күмөн тайке Кегетиге дагы бир келгенде апам карбаластап, сүйүнүп тосуп алыптыр. Тайке өңүнөн азып, чарчаңкы көрүнгөн окшойт. Төшөк салып, эс алып алыңыз деп жаткырып коюптур. Чоң казанга суу жылытып, жуундурганга даярдаптыр. Анан жолдон өтүп бараткан Канимет деген байкени чакырып:
- Күмөн байкем келиптир. Бир аз чарчаңкы, өңү кубарып, бир жери ооруп турат окшойт. Жуундуруп кой, суу даярдап койдум. Сообу тиет. Ал көрбөгөн азап калбаган окшойт. Ден соолугу такыр талкаланыптыр,- дептир.
- Мейли, жеңе. Ал киши ойгонгончо бир жумушка бараттым эле. Бүтүрүп келе коёюн,- деп чуркап кетет. Канимет байке кайра келип, ойгонгон Күмөн тайкени жуундуруп бүткөнчө, апам тайкенин кийим кечегин тазалап, көйнөктөрүн жууп коюптур. Аңгыча чай да даяр болуп, шашпай чай ичишип, өткөн-кеткенди сөз кылышыптыр. Бирок мурдагыдай эле согуш, партизан болгону, концлагер жөнүндө, кийин Советтик түрмөдө жатканы тууралуу бир да сөз кылып бербептир. Канимет байке ары аласалдырып, бери аласалдырып сураса да, адатынча "Алардын жүзү курусун!" дегенин Канимет байке айтып берген. Ал кишиге Күмөн тайке абдан жагып, жуунганга жардам бергенине ыраазычылыгын билдирип, ак батасын бериптир. Канимет байке да билимдүү, тамашакөй киши болчу. Бекеринен айылдагы келиндер "От жаккыч аке" дебесе керек. Кээде аша чаап, тамашага салып отуруп, чычалаактарын уруштуруп жибермейи да бар эле. Канимет байке кийин мага жолугуп, "Күмөн байке акылдуу, терең билимдүү, сыртынан комсоо көрүнгөнү менен сезимтал, назик адам экен", - деген.
"Аккан арыктан суу агат" демекчи, баласы Аскар да бийиктиктерди багынтып, жогорку деңгээлге жетип отурат. Ал эми Сабыркүл жеңеге өзүнүн бир тууган карындашындай үзүлүп-түшүп мамиле кылат экен. Жеңем ошон үчүн байкем деп, төркүн катары көрүп жүргөнү бекеринен эмес экен. Кегетилик, улуу муундар азыр деле Күмөн тайкени эстеринен чыгарбай, айтып калышат. Адамдын адамгерчилик сапаттары жогору болсо, аны эл унутпайт турбайбы. Арбагыңыз ыраазы болсун, тайке! Өзүм көрүп-билгенди оңдобой, түздөбөй эскерип жаздым.

Жээниңиз,
Кыргыз Республикасынын
Эл мугалими Султан Мамбеткалиев







Пикир:






??.??