Кыргыз гезиттери

mainkaptal

п»ї Кыргыз гезиттер

Алкоого татыган жайда
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Бишкек автовокзалы мамлекеттик ишканасынын башкы директору Ырысбек Бариев:

"Маданияттуу тейлөө вокзалдан башталат"

Өткөн жумада Кыргызстандын борбору Бишкек шаарындагы Шанхай Кызматташуу Уюмуна мүчө мамлекеттеринин башчыларынын XIII саммити болуп өттү. Өлкө жетекчилеринин достук кырдаалындагы мамилелери менен эл аралык коопсуздукту чыңдоого жана башка көптөгөн маселелерди чогулуп чечүүгө келишкен президенттерди алгач эл аралык "Манас" аэропортунда мамлекеттик туулар желбиреп, Ардактуу күзөт коюлган чоң даярдык менен жогорку деңгээлдеги кабыл алуу болду.
Ал эми Эл аралык автоунаа каттамдарын тейлеген Бишкек автовокзалынын иш ыргагына таасири болдубу деген өңүттө вокзал башчысына кайрылдык.
Анда автовокзалдын жетекчиси Ырысбек Жантаевич:

- Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев төрагалык кылган саммиттин Бишкекте өтүшү шаардын көркүн чыгарган көрүнүш болду десек болот. Себеби, мамлекетте же үйдө болобу конок күтөөрдө короо-жайды тазалоо, иреттөө иштери ар бир элде болот эмеспи. Анын сыңарындай биздин ишканада дагы иретке келтирүү болду. Актуалдуу маселелерди көтөргөн саммит башталаар алдында шаар мэри Иса Өмүркулов өзү келип, автовокзалдын борбордук эшик алдынын эки тарабындагы жеке адамдар тарабынан курулуп, "антисанитарияны" түзүп келген тамак-аш, ичкилик сатуучу павильондордун алынуусуна түздөн-түз буйрутма берип, алдыртты. Эл аралык стандартка дал келбеген кичи ашканалардын иштөөсүнө бөгөт коюлду - деп айтты.
Элдер эс алып отурууга келишет
Акыркы жылдар ичинде Совет, Москва көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Соода үйү", "Береке" дүкөндөрү менен Жибек-Жолу, Тоголок Молдо көчөлөрүндөгү, ж.б. жерлердеги супермаркеттердин алдыларындагы шаардын көркүн бузуп, чөнтөк уурулар, карактоолор, ичип мас болуп томолонгондор көбөйүп, ичкиликке берилгендердин жайытына айланып, майда криминалдык чөйрөнүн уюгун түзгөн кичи базарлардын жабылышы калаа тургундарынын маданияттуу, таза, көңүлү сергек жашоосуна шарт түздү.
Кудай жалгап, жогорудагыдай көрүнүштөн тазаланган чоң автовокзалдын борбордук автотрасса жолуна караган автовокзалдын бүгүнкү көрүнүшү такыр башка. Автобекеттин айлана-тегерегиндеги 2200 м2 аянтчага жаңы асфальт төшөлүп, территорияларга эл отуруучу ден соолукка пайдалуу жыгач отургучтар коюлуп, тазалыкка өтө көңүл бурулган. Жөө адамдар туш келди тебелей берип, такыр жолго айланган скверлер жашыл түстөгү тосмолор аркылуу тосулгандан кийин шиберлүү жайкалган өңгө өтүп, автобекеттин айланасына көрк кошту. Вокзалдын бетин тосуп, дүңкүйө өскөн эски бактар кыйылып, ордуна жакшынакай көрктү, кооздукту берген балатылар отургузулган. Автовокзалдын алдындагы эки аянтчада бийиктиги 12-13 метр келген кулпуна атырылган фонтандардан таңкы салкын абадагыдай суунун желинен дем калган адамдардын жашоосуна күч-кубат бергендей сезилет. Ал эми кечиндеги кызыл, жашыл түстүү прожектордун арасынан толкундуу атылган суу фонтандар жомоктогудай кооздукту берип, жүргүнчүлөр эле эмес, вокзалдын айлана-тегерегиндеги жашоочулардын дагы кеч курун дем алып отуруусуна шарт түзүп койгондой жагдайды тартуулайт.
Эл аралык автовокзал
Чындыгында алыс менен жакынды байланыштырган өлкөлөр аралык алака-катнаштарды улантууга белсенген автовокзалдын самолёт менен поездден айырмаланып, жүргүнчүлөр үчүн билет баасынын арзандыгы жүргүнчүлөрдүн шартын канааттандырган күнү-түнү жүргөн өзгөчөлүгү жагынан чоң мааниси бар.
Автовокзалдан эл аралык ыңгайлуу багыттар боюнча заманбап тейлөөдөгү автобустар аркылуу төмөнкү шаарларда автотранспорт каттамдарын ишке ашырат: Москва, Томск, Омск, Красноярск, Екатеринбург, Кемерово, Новосибирск, Тюмень, Астана, Алматы, Тараз, Шымкент, Жибек-Жолу, Кашгар, Артуш ж.б.
Кыргыз элинин кылымдар бою жашоо тиричилигине жайы-кышы дебей кызмат көрсөтүп, автотрасса жолунда үзгүлтүксүз ишти уланткан бул ишкананын штаттык курамын 129 адам түзөт. Элдин камылгасын көрүп, эңсеген жерине эсен-аман баруусуна көңүл коюп, айдоочулар сапарга чыгаар алдында автомеханиктер унаалардын техникалык жагын көзөмөлдөн өткөрүшсө, медициналык кызматкерлер айдоочулардын кан басымын текшерип, алкоголдук жактан тазалыгын карап, жолго чыгууга уруксат беришет. Эки кабаттан турган бул мекеменин алдыңкы кабатында күтүү залы, аманат бөлмөсү, эне-бала үчүн эс алуу комнатасы бар. Андан тышкары, автоунааларды оңдоочу, жуучу жайлар жана айдоочулар мейманканасы, кардарлар үчүн жуунуп-чайынуучу душ бөлмөлөрү эл үчүн кызмат көрсөтүүдө.
Бишкек автовокзалынын каттамындагы Бишкек-Ош, Кара-Кулжа, Алай, Өзгөн, Жалал-Абад, Баткен, Лейлек, Нарын, Кочкор, Балыкчы, Талас жана башка шаар аралык жүргүнчүлөргө ылайыкташтырылып түзүлгөн, ыңгайлуу багыттагы заманбап тейлөөгө аракеттер көрүлгөн. Ал эми Бишкек-Каракол, Түп, Ананьево, Балыкчы, Бозучук, Барскон, Нарын, Ат-Башы, Баетов, Чаек, Өзгөрүш, Талас, Покровка, Арал ж.б. аймактарга жол жүрүүчүлөрдү жеткирүүнү камсыздоодо автобекеттин кассасында билеттер ар күнү сатылат. Тейлөөнүн сапаттуулугун арттырып, кардарлардын ар кандай көйгөйлөрүн чечүү иш-чаралары максатында, күнү-түнү мөөнөттүк начальниктер менен билеттер сатылгандан кийин айдоочунун рейске чыгуусуна жолдомо берүүнү ишке ашыруучу нөөмөттүк диспетчерлер эл кызматында турат. Эгерде жол жүрүүчүлөр арасында кандайдыр бир түшүнбөстүктөр тууралуу суроолор пайда болсо, жогорудагы нөөмөттүк кызматчыларга кайрылышса, маселелерин оң жагына чечип берет.
Салык төлөмдөрү убагында төгүлөт
Автовокзалга бараткан адамдын көңүлүн өзүнө буруп, алыстан эле көзгө урунган ар кыл моделдеги автотранспорттун жакшынакай сүрөтү, кооз форматта чоң тамгалар менен бадырайта даана жазылып илинген багыттамалар, жол жүргүнчүлөрдү кайсы шаарлар менен кандай убакта жолго чыгуу графиктери тууралуу кабарлап турат. Мындай көрүнүштү жетекчиликтин ишиндеги, автоунаалар менен жүргүнчүлөрдү тейлөөдөгү маданияттуулуктун бир өзгөчөлүгү десек болот.
Бишкек автовокзалы мамлекеттик ишканасынын эмгек жамаатынын элге кызмат көрсөтүүсү мурунку жылдын алты айында 100,4 пайыз болсо, өткөн жылдагыга караганда 2013-жылдын жарым жылдыгында 108,2 пайыздагы өсүштү көрсөткөн. Алдыга жылуу кимди болбосун кубантаары турган иш.
Борбор Азия өлкөлөрүнөн башка дагы чет мамлекеттердин автожол стратегиялык байланыштарын ишке ашырып жаткан бул мекеме Кыргызстандын бюджеттик казынасына түшүүчү Соцфонд, салык ж.б.у.с. төлөмдөрдү эч кечиктирүүсүз төлөп келет.
Алдыдагы пландар
Кыргызстан менен дүйнө элдеринин биримдигин бирдиктүү автожол коридорунда тейлөөгө негизделген бул ишкана жамаатынын алдында 2013-2015-жылдар аралыгында аткара турган келечектүү иш пландары иштелип чыккан.
Кыргызстандын аймагындагы курорттук, санатория ж.б. эс алуучу жайлар менен катар адам баласынын ден соолугуна шыпаасы бар, касиеттүү Ысык-Көлдөгү пансионаттардын жетекчиликтери аркылуу келишим түзүп, Кыргызстанга чет элден келген туристтерди, эс алуучуларды автовокзалдан түз жеткирүүнү колго алууну көздөйт. Мындан тышкары, жүргүнчүлөрдүн саат убактыларын, багыттарын айтып, электрондук табло көрсөтмөлөрү коюлмакчы.
Кыргызстандын жүзүн көрсөтүүчү эл аралык байланыштагы каттамдарды жүзөгө ашырган автовокзал болгондуктан, сапарда жүрүүчүлөрдүн жүктөрүнө, сумкаларына жылы, күнү жазылган заманбап үлгүдөгү багаждык билеттерди илүү дагы келечек пландарынын бири.
Келечекте жол жүрүп, чарчап-чаалыккандар убактылуу болсо дагы эс алууга ылайыкташкан бардык шарттары бар, жагымдуу маанайдагы автобекеттен эл үзүлбөй, өркөнү өсүшүн ата мекендик ар бир жаран каалайт.

Шайгүл Урматова







Пикир:






??.??