Кыргыз гезиттери

mainkaptal

п»ї Кыргыз гезиттер

Академик Абдыганы Эркебаев - 60 жашта
Жылдызы жанган демократ

80-жылдардын экинчи жарымында башталган кайра куруу процесси Кыргызстанды кыйгап өткөндөй болуп, өлкөбүз "унутулган республика" аталып, айкындуулук аксап, коммунисттик бийлик күүсүнөн жанбай, коомду чайпалтпай, бөксөртпөй кармап турган. Жаалы катуу ошол коммунисттик бийликке алгачкылардан болуп, тиш салып сындап чыккандардын бири, кыргыз демократтарынын алгачкы толкунунун өкүлү Абдыганы Эркебаев болгон.

Белгилүү адабий сынчы, таланттуу окумуштуу катары элге аттын кашкасындай таанымал А.Эркебаев Жазуучулар союзунун пленумунда, партиянын жыйындарында мамлекеттик тил, улуттук жумушчу табын өстүрүү, жаштарга жер тилкелерин берүү сыяктуу курч маселелерди бийликтин алдына кабыргасынан коюп, бул маселелердин оң чечилишин талап кылган.
А.Эркебаев коомдук ой-пикир­дин чордону болгон "Кыргызстан маданияты" гезитинде, Илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунда жетекчи болуп иштеп, өндүрүш жаатынан да, саясат жагынан да тажрыйба топтоп, демократиянын желаргысы жүрө баштаган ошол татаал мезгилде ал элдин таламын талашкан мекенчил топтун башында жүрдү.
90-жылдары кайгылуу Ош окуяларына Москванын гезиттери, телеканалдары, ал тургай, ошол кездеги А.Масалиев баш болгон кыргыз бийлиги бир жактуу баа берип жатканда А.Эркебаев депутат катары "күнөөнү кыргыз калкына оодарбагыла, объективдүү карап, адилет баа бергиле," - деп ак сөзүн айткан.
Ош облусуна губернатор болуп эң кыйын учурда барды, бирок бел чечпей иштеп, Алайдын чабандарынын, Кызыл-Кыянын шахтёрлорун, Кара-Суу, Аравандын талаачылыкта иштеген дыйкандардын, жумушчулардын проблемалары менен жакындан таанышып, маселелерин чечип, көмөк көрсөтүүгө умтулду, областтын экономикасын көтөрүүгө күнү-түнү иштеди.
Ошол кезде кыргыздын эң мыкты уулдарынын бири, айыл чарбасында да, саясатта да тажрыйбасы мол Бекмамат Осмоновду ак жеринен күйгүзүп, каралоо иштери уюштурулуп, жергиликтүү эле эмес, "Московские новости" (№10.1994) гезити "Ферганская долина ждет своего Эскобара" аттуу макала жарыяланып турган маалда, А.Эркебаев эч нерсеге карабай Б.Осмоновду губернатордун орун басары кылып дайындаган. "Б.Осмоновдун тегерегинде ызы-чуу болуп жатса, Эркебаев эмнеге ишке алат" дешип, күнөөлөшкөн.
Лейлектен Жогорку Кеңешке депутаттыкка шайланганда облустун жаңы жетекчилери тарабынан ачык бут тосуулар болуп, административдик ресурстарды колдонуп, шайлоочуларга кысым көрсөтүлгөнүнө карабастан, эл Эркебаевге добуш берген.
Экинчи, үчүнчү чакырылыштагы Жогорку Кеңештин төрагасы катары элге, өлкөгө ак кызмат кылды.
Экинин бири болуп, жогорку бийликте турганда башкаларга окшоп өлкө казынасына кол салган жок, завод, фабрикаларды менчиктештирген жок, эл алдында жүзү жарык болуп, таза иштеп, таза жүрдү. Коомдук-саясий окуялар боюнча өз оюн ачык айтып, адилеттүүлүк үчүн күрөштү. Аксы окуясы боюнча коопсуздук кеңешинин жыйынында талкуу болгондо анын принципиалдуу, катуу сын-пикиринен кийин ошол кездеги премьер-министр К.Бакиев баш болгон өкмөт отставкага кеткен.
Ал 2005-жылы Жогорку Кеңешке шайлоодо атаандашын утуп алса да элди көтөргөн жок. Акыйкаттык үчүн мыйзам чегинде күрөштү: "... мүмкүн бул, айрымдар айткандай, менин жумшактыгымдыр, кемчилигимдир. Мейли, саясий мансап, мандат үчүн ар кандай аргасыз деген, элди дүрбөткөн мерездик, ыймансыздыктан көрө - жумшактык, адамдык, адалдык өйдө" - дейт. Кийин да ушул принцибинен жазган жок. К.Бакиевдин үй-бүлөлүк режимине каршы күрөштө "Реформа үчүн" кыймылынын негизги талаптарын колдоду, реформа жүрүш керек экендигин жактады, бирок, радикалдуу талаптардын туура эмес экендигин да айтты. Митинг артынан митинг болуп, эл толкуп, эл чайпалып, радикалдык оппозиция кепке-сөзгө келбей көгөрүп турганда кыйындыктан жол таап, саясий кризистен чыгуунун жолдорун сунуш кылды. Пресс-конференция берип, саясий окуяларга баа берүү менен тирешип жаткан саясий күчтөрдү, бийликти элдин кызыкчылыгы үчүн ынтымакка келүүгө чакырган.
А.Эркебаев - кайра куруу мезгилинде саясий аренага келген демократтардын бири. Отуз жылга жакын мезгилден бери саясат майданында келатат. Бул күрөштө жеңиш менен катар жеңилүү ызасын тарткан учурлар да болду. Саясий оюндар менен оппоненттери четке сүрүп таштоого да аракет кылышты. Бирок өзүнүн туруктуулугу, эркинин күчтүүлүгү менен бардыгын жеңди. Саясий жолунун башталышындагы өйдө-ылдыйлар аны бир калыпта жүрүүгө, элдин, өлкөнүн кызыкчылыгын жеке кызыкчылыгынан жогору коюуга үйрөттү, ачууга, кызуу кандуулукка жол бербөөгө, адилет, ак болууга калыптандырды. "Бирде жигит жөө жүрөт, бирде жигит төө минет" дегендей, жөө жүргөндө - чөкпөдү, төө мингенде - көппөдү, өзүнө таандык жөнөкөйлүгүнөн жазган жок. Өткөн мезгилди кандай атабайлы, баары бир ал мезгил, эгемендүү мамлекеттин пайдубалын түптөө мезгили болду. Анын алгачкы кышын коюшкандардын бири - академик Абдыганы Эркебаев.
2010-жылы апрель революциясынан кийин Убактылуу өкмөттүн курамына кирди, бирок кызмат алган жок. Июнь окуялары боюнча өкмөттүк комиссияны жетектеди. Ал комиссия июнь окуяларын кылдат иликтеп, адилет баа берди.
2012-жылы Улуттук илимдер академиясынын президентинин милдетин аткаруучу болуп дайындалып, 2013-жылы бир добуштан президенттикке шайланды. Бул анын өлкөгө кылган ак кызматына, фундаменталдуу илимий эмгектерди жараткан дасыккан таланттуу окумуштуулугуна, жигердүү уюштургуч, калыс жетекчилигине, бышып жетилген көсөм саясатчылыгына берилген чоң баа болду.

А.Медетов,
филология илимдеринин кандидаты






Пикир:






??.??